ЖЕТЕКЧИЛЕРДИ ШЫКТАНДЫРГАН ЖОЛУГУШУУЛАР

  • 08.07.2016
  • 0

 «Роза Отунбаева демилгеси» эл аралык коомдук фондусунун колдоосу менен Ош облусунун Чоӊ-Алай районунун  мектеп жетекчилери Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы алдыӊкы беш мектептин иш тажрыйбалары жана Каракол шаарындагы Т.Сатылганов атындагы жатак-мектеп-лицейинин электрондук мугалим долбоору менен таанышышты. Тажрыйба алмашуу сапарынын жыйынтыгында Бишкек шаарына келип, экс-президент Роза Отунбаева менен жолугуп, өздөрүнүн ой-толгоолору менен бөлүштү. Анда эмесе сөз башынан болсун.

Чоӊалайлык агартуучуларды Чоӊ-Жаргылчак айылынын кире беришинде Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Саадат Чекирова, Чоӊ-Жаргылчак орто мектебинин директору Замир Байтиков, Кичи-Жаргылчак мектебинин директору Рапиза Акунова, Жапар Жунушев атындагы мектептин директору Канатбек Тогузаков,   Кичи-Жаргылчактагы Табылды Мырзабеков атындагы мектептин директору Эсен Конокбаевдер кучак жайып тосуп алышты. Барган күнү Кичи-Жаргылчак орто мектебинин директору Рапиза Акунова дасторконун кенен жайып, чоӊалайлыктарды коноктоду. Дасторкон үстүндө бул иш сапар эки аймактын биримдигин, достугун, ынтымагын чыӊдаары айтылды.  Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Саадат Чекирова райондогу мыкты мектептер тууралуу чакан маалымат берди.

— Жети-Өгүз районундагы 41 мектептин ичинен Жаргылчак айыл өкмөтүндө  сөзгө алаарлык беш мектеп бар. Булар көлдүн жээгинде жайгашкан. Окуу-тарбия процессинде көп жакшы ийгиликтер бар экенине күбө болосуздар. Маселен, Ак-Терек айылынын Жапар Жунушев атындагы мектеп 2013-жылы республикалык сынакта «Мыкты айылдык мектеп» номинациясын жеӊип алган. Мындан сырткары ал «100 инновациялык мектеп» долбооруна да кирген. Мектеп үч интерактивдүү такта менен камсыз болгондон баштап окутуунун жаӊы технологиялары аркылуу сабактар өтүлөт.

Тарбиялык иштерибизде, олимпиадаларда бир топ ийгиликтер бар. «Билим берүү ийне менен кудук казгандай» дегендей, билим сапатына жетишели деп мектеп директорлору ата-энелер, коомчулук менен бирдикте аракет жасап жатышат. Район боюнча быйыл 946 бүтүрүүчү аяктады, анын ичинен алтын тамгага жети окуучу барып, бир кызыбыз гана билимин далилдей алды, 2-3 балабыз ЖРТдан 200дөн ашык балл топтошту.  Кичи-Жаргылчактагы Табылды Мырзабеков атындагы мектеп бир нече жылдары алдыӊкы орунду бербей келатат. Мектеп былтыр Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн үч млн. ашык  каражатка эшик, терезелерин бүт алмаштырды. Бул жерде көмөкчү чарбасы да абдан жакшы, андан мектепке жакшы эле киреше кирип турат. Бул мектепте билим сапаты жогору. Бир сөз менен айтканда, «миӊ уккандан бир көргөн» демекчи, эртеӊөз көзүӊүздөр менен көргөнүӊүздөр жакшы, — деди билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

Ошентип, экинчи күнү таӊ эрте мектептерди кыдырып, ички жасалгалары, иш документтери менен таанышып, тажрыйба топтогону келген чоӊалайлык мектеп директорлору өзүнө керектүү нерселерди жазып, телефонго тартып да жатты. Мектеп директорлорунун башын бириктирип, Чоӊ-Алай районундагы  билим берүүнүн сапатын жогорулатып, алдыӊкы катарга киргизүү максатын көздөгөн акылгөй жетекчи Имарбай Бакиров өзү да жетиөгүздүк мектеп жетекчилеринин айткан  сөздөрүн кулак сыртынан кетирбестен жазып да, угуп да, сүрөткө тартып да жатканы сырт жактан байкап тургандарды таӊ калтырды. Анткени бир дагы район башчысы өз мойнуна жоопкерчиликти жүктөп алып ондон ашык мектеп директорлорун аймак кыдыртып, тажрыйба алгандарды азырынча көрө элекпиз. Бул жагынан алганда Имарбай Бакировдун демилгеси мактоого арзыйт. Ал Чоӊ-Алайдагы мектептер да республикага таанылып, окуучулары чет өлкөгө чейин чыгып, кыргыздын чыкмалары даярдалса дегенде «ак эткенде так этет» экен. Дегеле иш дегенде ичип жаткан чайын да жерге коюп, биринчи кезекти ишке берерин кесиптештери айтып отурушту. Эгерде  Имарбай агайдай 5-6 адам болгондо эбак эле  кыргыз билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар алдыга жылып, Pisa сыяктуу уюмдар изилдөөгө алганда окуучулардын билим деӊгээли алдыӊкы катарга чыкпаса да артта  калмак эмес. Имарбай  Бакировдун айтымында, мектептеги билим берүүнүн сапатынын жогорулашы мектеп директорунун ишине байланыштуу. Мектеп директорлору «завхоздун» ишин аткарбастан, биринчи кезекте билим жана тарбияга маани бурушу зарыл экени ушул тажрыйба топтоо сапарынан көрүнүп турду. Же болбосо айыл жеринде деле, шаарда деле мектеп жетекчилери чын эле завхоздун ишин аткарып калышпадыбы?!

Төрт күн ичинде мектеп директорлору иш менен кошо эс алганды да унутушпады. Ушул учурда бир дагы жетекчи «жинди сууну» ичип шапар тепкен жок, маданияттуу эс алып, ден соолуктарын чыӊдап, Ысык-Көлдүн ыйыктыгын, тазалыгын, кенендигин, тереӊдигин, элинин меймандостугун айтып, дембе дем таза абасынан жутуп, Ак-Суудагы ысык булактан чыккан родон суусуна түшүп, массаж алып, Караколдогу «Асфандияр» теплоходуна түшүп, Х.Карасаевдин жана Н.Пржевальскийдин музейлерине кирип, ОшМУнун пансионатында бир күн эс алып, Рух Ордону кыдырып чыгышты, кыскасы, иш сапар менен катар маданияттуу эс алганга да жетишишти.

Каракол шаарындагы Т.Сатылганов атындагы жатак-мектеп-лицейинин ишмердүүлүгү боюнча тажрыйба алмашуу семинары тууралуу гезитибиздин кийинки санында беребиз. Анткени бул төрт күндүк иш сапарды бир эле жолу гезит бетине берүү мүмкүн эмес.

Сөз кезеги директорлордо

Эсен Конокбаев,

 Кичи-Жаргылчактагы Табылды Мырзабеков

 атындагы мектептин директору:

 —  Мектеп 1974-жылы салынган. Ошондон бери капиталдык ремонттон өткөн эмес. Быйыл болгону чатырын гана алмаштырдык. 1974-жылдан бери мен үчүнчү директормун. Былтыр район боюнча бир кызыбыз кызыл аттестатка ээ болду. 2010-жылдан баштап мектеп экиге бөлүндүк, болбосо окуучулар батпай калган. Учурда 460 окуучуга 40 мугалим билим берип келатат. Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө 24 окуучу катышып, анын ичинен  бир балабыз 181 балл алса, он экиси 120-160 баллга чейин алышты. Көмөкчү чарбабыз бар. Жалаӊөрүктөр, табигый кырсыктан тышкары болгондо бери дегенде жылына 50-60 миӊ сом каражат мектепке түшөт. Ал мектеп ичиндеги ар кандай сынактарга, иш кагаздарына, окуучуларды сыйлоого жумшалат. Бюджеттен ремонтко болгону 40 миӊ сом бөлүнөт.

Абдыманап Орозалиев,

Ынанбай уулу Келдибек атындагы орто мектебинин директору,

Чоӊ-Алай району:

 —  Чоӊ-Алай району борбордон алыс жайгашкан. Ошондуктан биздин келген максатыбыз —  цивилизацияны жакындатуу, билим берүүдөгү жаӊычылдыктарды тоолуу райондогу мектептерге жайылтууну көздөйт. Эӊ башкысы, эки аймактын элинин ынтымагын чыӊдоо, биримдикте жашоону үндөө. Ошону менен бирге азыркы заманбап шарттагы мектептердин акыркы муундагы технологияларды кимиси кандай ырааттуу пайдаланып жатканын көрүү. Мага таасир калтырганы Кичи-Жаргылчактагы Табылды Мырзабеков атындагы мектеп 1974-жылы курулган болсо да  анын кармалып турушу, ахывалы 2000-жылы салынган мектептен жакшы экен. Мейли сапаты жагынан болсун, мейли кармалышы болсун. Албетте, бул жетекчиге байланыштуу.

Разипа Акунова,

С.Мендебаев жалпы билим берүү мектебинин директору,

 Кичи-Жаргылчак айылы:

 — 2010-жылы директор болуп бекигем.  «Мегабилим» долбоорунан компьютерлерди утуп алдык. Үч миллион сомго кичи футбол аянтчасын салганга жетиштик. 1-4-класска чейинки окуучулар ысык тамак менен камсыз болууда. Бул долбоордун уландысы бар экен, ал проектке катышып беш бодо мал сатып алдык. Төрт гектар жерибиз бар. 30-40 сотых жерге өрүк отургуздук. 1-4-класска ысык тамактын кириши балдардын сабакка катышуусун жакшыртты, сабакты кабыл алуусун өстүрдү. Ушул долбоор киргенден баштап бир дагы окуучу сабактан калбайт. Кошумча сабакка да кызыгуу менен катышат. Тамак берүү долбоору 8-класска чейин камтылса билим берүүнүн сапаты жогоруламак. Биз мамлекеттин көзүн карап отура бербейбиз. 2017-жылы ысык тамак боюнча долбоор токтотулат, ошондо ата-энени мектепке тартып, кошумча чарбаны иштетип өзүбүз аракет кылабыз. Мектепте акча чогултулбайт, бирок быйыл Камкорчулар кеӊешин түзүү боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу келди. Бул боюнча ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Өрүктүн сезонунда ата-энелер өздөрүнүн көӊүлдөрүнөн чыккан каражатты банктан эсеп ачып туруп салганы жатышат.

Мектептик, райондук, облустук олимпиадаларда балдарыбыз тарых, химия, биология сабактарынан 1-2-орундарды алып келишет. Жалпы республикалык тестирлөөгө тогуз окуучубуз катышкан, анын 50% 114 баллдан жогору алышты. Үч окуучубуз 155-160 балл алганга жетишкен. Менимче, айылдык мектеп үчүн бул жаман эмес көрсөткүч. Билим берүүнүн сапатын жогорулатууга бардык аракеттерди көрүп жатабыз. Быйыл сентябрь айынан баштап эле окуучуларды ЖРТга даярдай баштайбыз. Мектепте 248 окуучу бар. 18 бүтүрүүчү мектепти аяктады.

Орозбай Абдилазизов,

Кыргызстан орто мектебинин директору, Чоӊ-Алай району:

 — С.Мендебаев атындагы мектептен жакшы таасир алдым. Мамлекет тарабынан курулган мектеп экен. Ичи-сырты педагогикалык жамааттын күчү менен жасалгаланыптыр. Мындай мектепте окуган балдар Кыргызстандын желегин бийик желбиретет деген ишеничтемин. Биздин техника менен камсыздоо жагыбыз начар. Башталгыч класстын окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо боюнча БУУга долбоор жазгам. Бул мектептин тажрыйбасын көргөндөн кийин ысык тамак боюнча койгон максатымды ишке ашырам. Андан сырткары иш пландары менен тааныштым. Иш пландарды өзүбүзгө ылайыктап жазсак болот  экен.

Замир Байтиков, 

Чоӊ-Жаргылчак жалпы билим берүү орто мектебинин директору:

 — Мектепке 2010-жылы киргенбиз. 216 орундук, учурда 197 окуучу билим алат. Быйыл 13 окуучу ЖРТга катышып, беш окуучу бюджетке өттү десек болот.  20 мугалим бар, анын ичинен он экиси жаш адистер. 20 жылдыкка келген бүтүрүүчүлөр жыл сайын мектепке салым кошуп жатышат. Маселен, 20 жылдыкка келгендер мугалимдердин бөлмөсүнө диван алып келип беришти. Быйыл он жылдыктар 20 жомок китебин, үч шахмат беришти. Бул дагы биз үчүн жардам. Мектепти өзүбүз каржылаш үчүн мектептин артында азыраак жерибиз бар. Ошол жерге 40 түп өрүк айдадык, буюрса жакында жемишин алабыз. Кумтөр айылга социалдык маселелерди чечүүүчүн каражат бөлөт, айыл өкмөткө кайрылып 50 миӊ сомдук  компьютер, принтери менен кошо алдык.

Айша Койчубаева,

Чоӊ-Алай районундагы Кабык орто мектебинин директору:

 — Жолдун алыстыгына карабай тажрыйба алмашуу үчүн келдик. «Эшигин көрүп төрүнөөт» дегендей, Чоӊ-Жаргылчак орто мектебинин кире беришинен баштап жакты. Директордун эмгеги менен жасалган мектеп экени көрүнүп турат. Эӊ биринчи санитардык-гигиеналык тазалык, эстетикалык жактан мектептин ар бир бурчунун жасалгаланышы, иш кагаздары адамды өзүнө тартып турат. Каникул учуру болгондуктан окуу процесси менен тааныша алган жокпуз, бирок мектептин балага болгон камкордугу мектепке киргенден баштап жасалгалангандан эле көрүнүп турат. Окуучуларга таандык эрежелер, акыл эмгегинин эрежеси, китеп менен иштөөнүн эрежеси ж.б.у.с. бакыйып залда илинип турат.

Мен жетектеген мектеп кичинекей айылда жайгашкан. 146 окуучу билим алат. Мектеп эски типте, ашар жолу менен 1988-жылы салынган. Ремонт жасайын деп чуркап жаткан кезим.  Ушул Чоӊ-Жаргылчак мектебинин жасалгаланышына жетсем деп тилек кылып жатам.

 (Уландысы кийинки санда)

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»,

Бишкек — Жети-Өгүз — Каракол — Бишкек.

Поделиться

Комментарии