ЖЕКЕ МЕНЧИК МЕКТЕП 1-АПРЕЛДЕН БАШТАП ЭЛЕКТРОНДУК САБАККА ӨТӨТ

  • 31.03.2020
  • 0

Бишкек шаарындагы «Абитуриент» жеке менчик мектеби 1-апрелден тарта онлайн режимге өтөт.

Мектеп директору Венера Нааматованын берген маалыматына таянсак, 1-апрелден баштап окуучуларга аралыкта сабак бере башташат.

— Көбүнчө орус тили, англис тили, математика сабактарын өткөрөбүз. Онлайн сабакты кантип өтүү керектигин программист келип, баарыбызга үйрөттү. Ар бир мугалимдин ноутбугуна программист программаны коюп берди. Скайп менен иштейбиз, болгону кыргыз тил сабагы WhatsApp аркылуу жөнөтүлөт, — дейт мектеп директору.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии