ЖАЗ МАЙРАМЫНА ЖАӉЫ ИЙГИЛИКТЕР

  • 04.03.2016
  • 0

Билим берүү системасындагы бийиктиктерди жаратуу, инновациялык табылгаларды окуу-тарбиялоо процесстеринде таратуу — агартуу кызматкерлеринин ыйык парзы, милдети экендиги талашсыз. Мындай жооптуу, ары ардактуу жумуштарды жүрөгүнө тумардай түйүшүп, кут сымал түнөтүшкөн Чүй облусунун Сокулук районундагы окуу-тарбиялоо мекемелеринин кызматкерлери жылдан-жылга жогорулатылган жетишкендиктерди жаратып келишет. Мындан агартуу тармагында да жаӊы идеялар жаратылып, педагогикалык, методикалык жактан тереӊ изилденип иштелип, билим сапатын көтөрүүдөөз натыйжасын берип турганын төмөндөгү жагдайлардан байкоого болот.

      Окуучу – мугалимдин күзгүсү

 Жакында өткөрүлгөн облустук олимпиадага кыргыз тили жана адабияты, мамлекеттик тил сабактарынан Сокулук районунан 6 окуучу катышышкан. Өздөрүнүн билимге болгон тыкан ынтызарлыгын, дасыккан даярдыктарын көрсөтүшүп, мектептин, райондун туусун көкөлөтүшүп, намысын коргошуп, алтоо теӊ байгелүү орундарды ээлешти.

Атап айтсак,  Кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча:

1-орун Атаяр кызы Манзура, Новопавловка гимназия орто мектебинин 11-классынын окуучусу (муг. Т. Сатарбаева)

2-орунЖолдошбек кызы Дильшат, Шопоков шаарындагы №1 гимназия орто мектебинин 10-классынын окуучусу (муг. С. Бердалиева)

3-орунШабданова Гулайым, Шопоков шаарындагы №2 гимназия орто мектебинин 11-классынын окуучусу (муг. Т. Токтоналиева).

Мамлекеттик тил боюнча:

1-орунТаалайбек кызы Гулира, Новопавловка гимназия орто мектебинин 11-классынын окуучусу (муг. Б. Жусупбекова)

2-орундардаКанатбек кызы Алтынай, Р. Мамыралиев атындагы гимназия орто мектебинин 11-классынын окуучусу (муг. Ч. Абейльдиева) жана Максатбек кызы Гульнура, Төмөнкү-Чүй №1 орто мектебинин 10-классынын окуучусу (муг. Г. Ураимбекова) ээ болушту.

 Жогорудагы сыймыктануу менен аты аталган окуучулар, байгелүү орундардын ээлери – мугалимдердин сыймыгы, билимдеги баалуу сыйлыгы  болуп калышты.

Албетте, ийгилик изденүүдөн, жаӊылык жаӊылануудан жаралат эмеспи. Бардык окуучуларыбыздын бактысына төп келген билимдеги жеӊиштери келечек муундарыбыздын жаркын жашоосунун ачкычы болсун. Окуучу – мугалимдин күзгүсү дешет сыймыктануу сезимдерин, канаттуу ойлорун ортого салган мугалимдер.

 Тил – улут бактысы,дил – жүрөк ачкычы

 Арийне, ар кандай ийгиликтин ачкычы, башаты – ишти туура уюштура билүүдөн, пландаштыруудан эмеспи. Окуучуларды олимпиадаларга катыштыруу, натыйжалуулугун жогорулатуу, дыкат даярдыктарды көрүү максатында райБББнын адистери Абыканова Зейнебүбү Турумбековна жана Молдалиева Максат Усенбаевналардын жетекчилигинде уюштуруу тобу түзүлгөн. Аталган топ иш-чараларды белгилешип, билим алуунун бардык баалуу булактарын билгичтик менен колдонушуп, зор жетишкендиктерди жаратышты.

— Ырас, «тарых жана маданият жылы» жөнүндөгү Жарлык ишибизди жандантты. Олимпиададагы ийгилигибизди  даӊктуу жылга аз болсо да билим берүүдөгү салымыбыз деп билебиз. Жарлыкта көрсөтүлгөн бардык иш-чаралар боюнча даярдыктар тереӊ жана кенен жүргүзүлүүдө. Өзгөчө, залкар ойчул, караханиддер доорунун залкар акыны Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөөдө, анын «Кут алчу билим» чыгармасын окутууда, баатырлар баяндарын балдарга үйрөтүүдө,  эгемендүү элибиздин 25 жыл ичиндеги тарыхый таржымалын ж.б. жаш муундарга сиӊирүүдө,  алар боюнча адабий-музыкалык композицияларды түзүүдө, кечелерди өткөрүүдө жана Чүй облусунун 90 жылдыгына карата даярдыктарды көрүүдө мугалимдер негизги фигура болуп саналат.

— «Бүгүн сен басып жаткан жолду башкалар салган»  дешет байыркы ойчулдар. Туура. А сен өзүӊдүн жолуӊду кантип, кайдан баштайсыӊ деген соболдорго окуучуларды түйшөлтүп, жандырмагын билим аркылуу гана ачууга боло тургандыгын турмуштук далилдер менен ынандыруубуз зарыл, — дешет райондук кыргыз тили, адабияты жана мамлекеттик тил боюнча усулдук бирикменин жетекчилери Алтын Орозалиева жана Кенже Жаманкуловалар.

 

Сиздерди жаркыраган 8-март жаз майрамыӊыздар менен куттуктап, төмөндөгү ыр саптарын сунабыз.

 Секин сүйлөп, дайым ачык кабагыӊ,

Сылап коюп, чачтарынан баланын.

Дил азыгын жан дүйнөӊө ширелтип,

Дептерлердин толтурасыӊ барагын.

Бүтпөс дастан, өмүр жолуӊ баяныӊ,

Кармабадыӊ көрүнгөндүн таягын.

Учуп кетет байлык, бийлик дегениӊ,

Унутулбайт сенин ар бир сабагыӊ.

Ибраим Чотов, «КБнын» өз кабарчысы

Поделиться

Комментарии