ЖАЙЛООДОГУ БАКЧАЛАРГА ЖАРДАМ

  • 08.07.2016
  • 0

Түркиянын ТИКА уюму  “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун “Жайлоодогу өнүгүү борборлоруна” китептерди жана кеӊсе буюмдарды сатып алууга 1 674 805 сомдук жардам көрсөтөт.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун пресс-катчысы Т.Шайдуллаеванын берген маалыматына таянсак, бул каражатка сатып алынган китеп жана кеӊсе буюмдар республиканын аймактарында жайгашкан 55 борборго 30-июнда расмий тапшырылды. Бул иш-чарага Кыргызстандагы ТИКА программаларын координациялоо кеӊсесинин координаторунун орун басары Хатидже Метин КУШЧУ жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору  Кендирбаева Догдургүл,  долбоордун координатору  Асылбек Жоодонбеков, тийиштүү адистер катышты.

Июнь-август айларында Кыргызстандын бардык областтарынын тоолуу аймактарында 120  жайлоодогу өнүгүү борборлору ачылууда.  Бул борборлордо тоолуу аймактарда жашаган мекендештерибиздин балдары үч ай бою күнүгөүч сааттан окуп, бири-бири менен эриш-аркак иштеп, ар тараптан өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алат.

— Көк шиберден орун алган бул боз үйлөрдү жайлоо шартында жашаган балдарды өнүктүрүү борбору деп түшүнсөк болот. Бул жакка 3 жаштан 12 жашка чейинки балдар келип, ар күнүүч саат чогуу өткөрүшөт. Ар кыл курактарга арналган атайын программа иштелип чыккан. Бул борборлорго бекитилген педагогдордон тышкары, сүрөтчүлөр, шахматисттер, окумуштуулар, инженерлер, тренерлер, искусство чеберлери, белгилүү адамдар, чет өлкөлүк өнөктөштөр келип, мастер-класстарды мезгил-мезгили менен көрсөтүп турушат. Балдарга өнөр үйрөтүшөт. Андан тышкары ата-энелер, жайыт колдонуучулар үчүн балдарды туура тарбиялоо, курактык психология, үй-бүлөлүк тарбияда атанын орду сыяктуу тренингдер, мастер-класстар болот, — дейт Т.Шайдуллаева.

  Жайлоодогу өнүгүү борборлорун ачуу  “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун демилгеси менен  жогорку окуу жайлары, балдар чыгармачыл борборлору, райондук билим берүү мекемелери, жергиликтүүөзүн-өзү башкаруу органдары менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашат.  Бул долбоор малчылардын балдарын камтууга мүмкүндүк берет. «Жайлоодогу өнүгүү борборлору» модели мектепке чейинки билимдин жеткиликтүүлүгүн камсыздап,  айылдык жана шаардык райондордун ортосундагы ажырымды кыскартууга көмөктөшөт.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии