Жайлоодо бала бакча уюштурулду

  • 12.07.2013
  • 0

Ош облусунун Алай районунда «Жайлоо шартында улуттук каада-салтты жана билим берүүнүөнүктүрүүнү колдоо» долбоорунун алкагында төрт боз үйдө бала бакча түзүлүп, ал жерде 3 жаштан 6 жашка чейинки балдар тарбияланышууда.

«MSDPKD» коомдук фондунун кенже курактагы балдарды өнүктүрүү долбоорунун координатору Д. Жумабаеванын айтымында, боз үйдөгү бала бакча жана кичи китепка­наны уюштуруунун негизги максаты — жайлоо учурунда да билим берүүнү жана бакчада тарбиялоону үзгүлтүксүз улантуу.

— Айыл жеринде элдер эртелеп эле жайлоого чыгып кетишет, бирок билим берүүнү жана бакчада тарбиялоону үзгүлтүккө учуротпоо керек, — дейт Д.Жумабаева.

Поделиться

Комментарии