ЖАЙЛОО ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУНДАГЫ БАЛДАРДЫН, АТА-ЭНЕЛЕРДИН ДЕН СООЛУГУНА КАМ КӨРҮҮ

  • 21.07.2016
  • 0

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жергиликтүү мамлекеттик органдар, өз алдынча башкаруу органдары  жана башка уюштуруучулар менен бирдикте быйылкы жайда жети облуста 117  Жайлоо өнүгүү борборлорун ачты.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун пресс-катчысы Топчугүл Шайдуллаеванын берген маалыматына таянсак, балдарды окутуу, ар тараптуу өнүгүүсү, ата-энелер менен бирге окутуу, билим-тарбия боюнча, саламаттыкты сактоо боюнча маалыматтуулугун арттыруу, агартуу, инсандык калыптануу боюнча   аракеттерге басым жасалууда.

— Жайлоо өнүгүү борборлорундагы балдарга, ата-энелерине медициналык кызмат көрсөтүү, ден соолукту сактоо жана ооруларды алдын-алуу боюнча кеңеш берүү-быйылкы жылдагы иштин негизги өзгөчөлүгү. Борбордогу  негизги  медициналык институттардын катышуусу менен бир нече медициналык экспедициялар республиканын региондорунда уюштурулууда:

  1.   Ошол себептен, бул  жылы  Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 31-майда Жайлоо Өнүгүү борборлорундагы  малчылардын, балдардын ден соолугун текшерүү, ар түрдүү ооруларды алдын алуу боюнча атайын № 346 буйругу менен райондук медициналык-профилактикалык жардам көрсөтүү боюнча УБМДБна тапшырма берилген.

2. 24-июль-5-августтун аралыгында

Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Славян университети, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирдикте Суусамыр жайлоосундагы Жайлоо өнүгүү борборлорундагы балдардын, ата-энелердин ден соолугун текшерүү, кооптуу учурларын аныктоо боюнча медициналык экспедиция жүргүзүүдө. Экспедиция Суусамырда калктын жайгашуусуна ылайык эки жерде: 1) 154 км., Жайыл райондук бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун Тез жардам берүү бөлүмүнүн “Токойлуу” пунктунда, медициналык жабдуулар (УЗИ, электрокардиограф, медкресло ж.б.) менен он адис дарыгерлер изилдөөлөрдү  жүргүзүшөт. 2) 198 км., Өтмөк участкасында “Асан-Үсөн” кафесинин имаратында алты адис элди кабыл алышат.

Суусамыр жайлоосунда Талас жана Чүй облустарынын малчылары, балдар жыл сайын барышат, жалпы быйылкы жылы сегиз  Жайлоо өнүгүү борбору иш алып барууда.

  1. 14-17-июль -Талас, 20-26-июль — Каракол, 1-10-август — Жалал-Абад — Тогуз-Торо.

Республикалык Жүрөк хирургия жана органдарды алмаштыруу боюнча Илим изилдөө институту  Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас облустарындагы Жайлоо өнүгүү борборлорунда медициналык текшерүү жүргүзөт. Өзгөчө басым эне-баланын саламаттыгына жасалат.

  1. 25-июль — 8-август аралыгында

Кыргызстан Эл аралык университети, Улуттук илимдер академиясынын Бийик тоо физиологиялык институту, Эл аралык тоо институту жана Эл аралык жогорку медицина мектеби менен биргеликте Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Жайлоодогу өнүгүү борборлорунун балдары, ата-энелери үчүн медициналык экспедиция уюштурат. Балдардын нейрофизиологиялык, психофизиологиялык абалына  медициналык текшерүү жүргүзүлөт.

  1. Конфуций институту менен иштешкен Кытай медиктери Жайлоо өнүгүү борборлорундагы балдардын дартын аныктоо, медициналык кеңеш берүү боюнча Талас, Чүй, Ысык-Көл, Ош, Баткен, Нарын  облустарында иш алып барышууда, — дейт Т.Шайдуллаева.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Кошумча маалымат алуу үчүн (0312) 62 16 03, (0556) 54 91 54, 0779003309 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.

Поделиться

Комментарии