ЖАЙЛОО БАЛА БАКЧАЛАРЫН ЖАЙЫЛТУУ ЗАРЫЛ

  • 11.04.2014
  • 0
ЖАЙЛОО БАЛА БАКЧАЛАРЫН ЖАЙЫЛТУУ ЗАРЫЛ

2

 

Эмне үчүн жайлоодо балдар бакчаларын ачуу маанилүү?

 

Расмий статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстанда мектеп жашына чейинки 800 миӊге жакын бала катталган. Алардын 15 пайызы гана бала бакчаларга баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул көрсөткүч айыл жеринде 4-7% пайызды гана түзөт. Натыйжада балдар мектептерге даярдыксыз барып, окуу жетишкендиктери төмөн. Бул маселени четтетүү максатында үстүбүздөгү жылдын жай айларында Кыргызстандын бардык областарынын тоолуу аймактарында 100 жайлоо бала бакча ачуу пландалып жатат.

Жайлоо бала бакчаларында тоолуу аймактарда жашаган мекендештерибиздин балдары үч ай бою күнүгө үч сааттан окуп, бири-бири менен эриш-аркак иштеп, ар тараптан өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Жайлоо бала бакчаларын ачуу Билим берүү жана илим министрлиги,  Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Жайлоо комитеттери жана айыл өкмөттөрү менен кызматташтыкта ишке ашат.  Азыркы күндө ар бир облус боюнча жайлоо бала бакчалардын орду аныкталып, тарбиячылардын тизмеси такталууда. 2014-жылы Кыргызстанда 100 бала бакча ачуу пландалууда.

2012-жылы уюшулган “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду келечек муунга инвестициялоо демилгесинин алкагында, “Бала бакчага барбаган балдарды мектепке даярдоо”, “Балалык мектеби”, “Ачык китеп”, “Билим фестивалы”, “Эне бала”, “Кыргызстан мектептериндеги окуучулардын тамактарын жакшыртуу”, “Гений радио берүүсү” сыяктуу ар кыл долбоорлорду ишке ашырып келүүдө. Бул долбоор малчылардын эӊ кедей үй-бүлөлөрүндөгү балдарды камтууга мүмкүндүк берет. «Жайлоодогу балдар бакчалары» модели мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүк жагынан айылдык жана шаардык райондордун ортосундагы ажырымды кыскартууга көмөктөшөт.

Кыргызстандын аймагынын төрттөн үчтөн ашык бөлүгүн деӊиз деӊгээлинен 1,5 миӊ метрден 4 миӊ метрге чейинки бийиктикте турган тоолор жана бийик тоолуу жайыттар түзөөрү маалым, ал эми калктын 65 пайызы айыл тургундарынан турат. Айыл чарба багытындагы жерлердин 86 пайызы– жайыттар, аларда жайыттарды пайдалануучулар – малчылар өз үй-бүлөлөрү менен иштейт. Чабандардын үй-бүлөлөрү өздөрүнүн кичинекей балдары менен бирге жылына үч айдан беш айга чейин көбүн эсе майдан тартып октябрга чейин жайыттарда болот. Көпчүлүк чабандардын мектепке чейинки курактагы балдары мектепке даярдана алышпайт, ал эми мектеп курагындагы балдар алган билимдерин жана жөндөмдөрүн бул убакыттын ичинде унутуп коюшат, анткени аларды жайында бекемдөөгө мүмкүнчүлүгү жок.

«Биз жайкы мезгилге карата жайлоодо 100 балдар бакчасын түзүүгө умтулуп жатабыз. Балдар бакчаларын чабандардын үй-бүлөлөрүнүн, жайыт комитеттеринин күчү менен түзүү пландаштырылып жатат, алар тарбиячыларга жана педагогдорго эмгек акы төлөй алат», — дейт фонддун өкүлү Асылбек Жоодонбеков.

 

Кыргызстанда жайлоодо бакчаларды ачуу тажрыйбасы

 

Ош облусунун Алай жана Кара-Суу райондорунда, ошондой эле Баткен жана Нарын облустарында Ага-Хан Фондунун жана БУУнун Балдар фондунун колдоосу менен мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин альтернативдүү моделдери – жайлоодогу балдар бакчалары киргизилген.

Боз үйлөр окуу классы катары колдонулат, боз үйдүн бир бурчу чакан китепканага арналган. Бир боз үйдө бир же эки окутуучу иштейт. Окутуу күнүнө 2,5-4 сааттан. Жаш курагы ар кандай балдар чогуу иштейт, жашы чоӊураактар кичинекей балдарга жардам беришет, бирок окутуучулар окуучуларга жаш курактарына жараша тапшырмаларды өзүнчө бөлүп беришет.

Жайлоодогу балдар бакчалары балдарга кыска мөөнөттүн ичинде окуганды жана жазганды үйрөнүүгө, ошондой эле мектеп программасынын экология жана башка табигый илимдерди,  музыка, чет тилдер сыяктуу жактарынан билим алууга мүмкүндүк берет. Спорт жана дене тарбия сабактардын негизги бөлүгү болуп саналат, балдарды спорт оюндардын эрежелери менен тааныштыруу кажет.

Педагогдор жергиликтүү мектептерден чакырылат, аларда педагогикалык билими жана тиешелүү диплому болот жана мамлекеттик стандарттар боюнча сабак өтөт. Мында эмгек акыны айыл өкмөтү, ата-энелер финансылык түрдө, ошондой эле нагыз продуктулар менен төлөй алат.

 

Башка өлкөлөрдүн мисалында жайлоодогу балдар бакчалары

 

Монголия:

Монголияда Билим берүү жөнүндө мыйзамда (2012) альтернативдүү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө жобо колдонулат. Мектепке чейинки билим берүү секторун өнүктүрүү саясатын негизги жөнгө салуу болуп «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө» Мыйзам саналат, ал 2008-жылы кабыл алынган. Мыйзам мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү үчүн альтернативдүү окуу программаларын мыйзамдаштырат, ар бир бала эртелеп билим берүүгө тартылышын талап кылат жана тамак-аш үчүн чыгымдар мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла тургандыгын билдирет. Бул мыйзам айылдык аймактарда, жайсыз үй-бүлөдөгү балдарга мектепке чейинки билим берүү боюнча альтернативдүү окуу программалары үчүн укуктук чөйрөнү түздү.

 

Иштеп жаткан программалар:

 

Балдар бакчасы: эртеӊ мененки саат 9дан кечки саат 5ке чейин, 1-июнь – 1-сентябрь,190 күн.

Мобилдүү балдар бакчалары малчылардын 10-15 үй-бүлөсүнүн аймагында жай бою иштейт. Эки окутуучу, тейлөө чөйрөсүнүн бир кызматкери, эки боз үй иштейт – бирөө окуу үчүн, ал эми экинчиси тамак жасоо жана уктоо үчүн. Бир эле учурда 12-15 бала тартылган, 3-4 жума бою, мугалимдердин эмгек акысы, тамак-аш жана калган чыгымдар мамлекет тарабынан төлөнөт.

 

Артыкчылыктар

 

Кедей үй-бүлөлөрдөгү балдар жана малчылардын балдары камтылган.

Окутуунун бул тиби капиталдык салымдарды талап кылбайт.

Окутуунун бул тиби көчмөн жашоо ыӊгайы үчүн ылайыктуу жана мектепке чейинки билим берүүчү кызмат көрсөтүүлөр жагынан айылдык жана шаардык райондордун ортосундагы ажырымды кыскартууга көмөктөшөт. 2013-жылы Монголияда 160 мобилдүү балдар бакчасы ачылган.

 

Россия:

 

Ростов-на-Донуда ачылган биринчи мобилдүү балдар бакчасы сэндвич-панелденжана жыгач конструкциялардан турган, аянты 140 чарчы метр болгон жеӊил курулушту билдирет. Ага пайдубал талап кылынбайт. Кышкысын үйдө жылытуу системаларынын, панелдердеги жылуу катмардын жана «жылуу полдун» аркасында суук болбойт.

Үйдү монтаждоого эки жарым ай кетет. Бул жерде тамак-аш блогу жана уктоочу жай жок. Эки чечинүүчү жай, эки санитардык түйүн жана эки оюн бөлмөсү, аларда бүткүл зарыл эмеректер, оюнчуктар жана интерактивдүү оюн комплекстери бар.

Мобилдүү балдар бакчасына ар бири 20 адамдан турган кыска мөөнөттө болуучу эки топ алмашып бара алат. Ошентип, күн сайын мектепке чейинки мекеме 80ге чейинки баланы кабыл алууга кудуреттүү. Эгерде аймак мүмкүндүк берсе, анда балдар бакчасынын имаратына жаӊы модулдарды эч кыйналбастан кошуп курууга болот, ал эми кааласа конструкцияны тез эле бириндетүүгө жана башка жерге орнотууга болот.

Айнагүл Кашыбаева

Поделиться

Комментарии