ЖАЙ САРАТАН БАШТАЛДЫ: ОКУУЧУЛАРДЫН ЭС АЛУУСУ КАНДАЙ?

  • 01.07.2013
  • 0

Бишкек шаарындагы №21 мектептин алдында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн эс алуу лагери уюштурулган. Учурда 90 окуучу эс алып жатат.

ЖАЙ  САРАТАН БАШТАЛДЫ: ОКУУЧУЛАРДЫН ЭС АЛУУСУ КАНДАЙ?

Бул жакшы жөрөлгө 1995-жылдан бери келатат. Кээ бир мектептер мындай эс алуу лагерлеринен баш тартышкан. Анткени каникул  учурунда уюшулган бул иш-чаранын иши өтө эле көп.

ЖАЙ  САРАТАН БАШТАЛДЫ: ОКУУЧУЛАРДЫН ЭС АЛУУСУ КАНДАЙ?

— Биринчиден, эс алууга чыккан мугалимдерди ишке тартыш  керек. Экинчиден,   ар бир отрядга тарбиячыларды бекитип, ар бир күн үчүн иш-чараларды иштеп чыгыш керек. Анан мээ кайнаткан ысык аптада мектептин ичинде  балдарды кармап олтура албайсыӊ, аларды экскурсияларга, музейлерге, бассейндерге  алып чыгуу зарыл. Ошонун баары тиешелүү жетекчилер менен сүйлөшүүнүн, келишим түзүүнүн негизинде уюштурулат. Кийинки жылы да балдар лагерден качпай келгендей кылып  уюштуруу керек. Биз мектептин алдындагы эс алуу лагерин  1995-жылдан бери ачып келатабыз. Ушуну менен балдарды бири-бирине жакындатып жатабыз. Тамак-ашка бөлүнгөн каражат боюнча  Шаардык билим берүү  департаментинин алдында уюштурулган социалдык тамактандыруу бөлүмү жооп берет. Биз болгону  тамактын тазалыгын, сапаттуулугун  текшерип, көзөмөлгө алабыз, — дейт мектеп директору Гүлжан Жантаева.

№21 мектепте 1-4-класска чейин 540 окуучу бар, анын ичинен  90 окуучу жыл сайын эс алуу лагеринде эс алышат. Окуучуларга үч  жолу  тамак берилет: эртеӊ мененки,  түшкү тамак жана үйгө кетээр алдында чай, булочка же йогурт берилет. Ар бир окуучуга 44 сомдон каралган, жалпысынан бир эле №21 мектепке  Бишкек шаардык мэриясынан 88 миӊ сом бөлүнгөн.

—  Быйыл эс алуу лагери 10-июндан башталды. Анткени ага чейин аба-ырайы  салкын болду. Ата-энелер балдарынын ыӊгайлуу  эс алып укташы  үчүн төшөк, жаздык, шейшептери менен алып беришти. Ар бир отрядга окуганга, эс алганга бөлмөлөр бөлүнгөн. Үч отряд бар. Ар бир отряд ар кандай оюн-зоокторду уюштуруп, сынактарга катышып, сүрөт тартып, ар бир минутасын текке кетирбей эс алып жатышат. Жакында циркке алып бардык,  ата-энелер жол киресин төлөшөт. Жумасына эки жолу бассейнге, музейге, экскурсияга алып чыгабыз. Бир күндүк эс алууну айтсам, маселен, окуучулар саат 8.00 -8.55 чейин дене тарбия көнүгүүлөрдү аткарышат, андан соӊ саат 9.00 эртеӊ мененки тамакка киришет. Тамактангандан кийин ошол күнкү программанын алкагында же сүрөт тартышат, же сынакка даярданышат.  Саат 13.00 түшкү тамак берилет. Андан кийин саат үчкө чейин укташат, үч жарымда туруп, полдник ичип алып, саат  төрттө  мектептен чыгып кетишет, — дейт эс алуу лагеринин жетекчиси Кыял Жумакадырова.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии