ЖАШТЫК ДЕМ – ЖАШОО КУБАТЫ

  • 01.07.2013
  • 0
ЖАШТЫК ДЕМ – ЖАШОО КУБАТЫ

Май айында Каракол шаарында болуп өткөн «Адамдын туруктуу өнүгүшү – өлкөнү өнүктүрүүнүн максаты жана майнабы» аттуу республикалык 6-илимий симпозиумга өлкөнүн туш тарабынан түркүн көз караштагы, жаш курагы, кесиби да өтө айырмаланган өкүлдөр келип, көкүрөгүндөгү ойлорун, табылгаларын ортого салышты.

ЖАШТЫК ДЕМ – ЖАШОО КУБАТЫ

Айтматовдун атын туу кылып, Манастап ураан чакырган кыргыздын уул-кыздарын рухий бийиктиктерге умтулуу менен азыркы оомал-төкмөл заманда улут көчүн буюктурбай алып кетүү мүдөөсү касиеттүү Ысык-Көл жээгине чогултту. Сабыр Иптаров, Абдыкерим Муратов, Ысламидин Ташполотов, Гапыр Мадаминов сыяктуу таанымал педагогдор, Борбордук Азиядагы Америка университетинин ректору Эндрю Вахтель мырзадай профессорлор, окутуучулар, мугалимдер, айрыкча К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жамааты абдан мазмундуу баяндамалар менен чыгып сүйлөштү. «Кутбилимден» гезиттин бөлүм редактору Ж.Турдубаев катышып, «Ааламдашуу алкагындагы улут маселеси: Чыӊгыз Айтматов жана кыргыздар» деген темада баяндама жасады (булардын айрымдарын күздөн баштап гезитке жарыяламакчыбыз).

Ушундай зор жыйынды жыл сайын ар кайсы аймактарда жогорку деӊгээлде уюштуруп келаткан “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду экендиги айрыкча кубантат. Фонддун мүчөлөрү баары тегиз илбериӊки, дилгир жаштар экен. Жыйынга келгендерди тосуп алып, жаткан-турганына, тамак-ашына, маалымат-маданий иш-чаралардын (мисалы, Караколдогу негизги музейлерди кыдыруу, Жети-Өгүз эс алуу аймагына чыгууну, Ысык-Көлгө теплоход менен сейилдөө) баарына жумшалган чыгымдарды жаш ишкерлер көтөрүштү. Албетте, облустук мамлекеттик администрациянын, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колдоосу зор болгондугун да айта кетүү керек. Өкүнүчтүүсү, уюштуруучулардын катарында саналган Билим берүү жана илим министрлигинен бул жыйынга өкүл катышкан жок…

«Жаштык» жана «жашоо» — уӊгулаш сөздөр. Көкүрөгүндө жаштыктын өжөр жалыны өчпөгөн, «заманаӊ бөрү болсо бөрүдөй улуп, чөөдөй жорт» деген карамүртөздүккө жеӊдирбеген, элибиздин эртеӊине кайдигер карабаган, келечек үчүн ар бирибиз жоопкербиз деген инсандар көп экен. Жаӊы доордо улуттун жаӊы дем менен өсүп-өнүгүшү жаштардын дареметин ачууга жараша болот окшойт.

Төмөндө ушул илимий-практикалык жыйындын катышуучулары кабыл алган резолюциянын текстине назарыӊыздарды бурабыз.

«Адамдын туруктуу өнүгүшү – өлкөнү өнүктүрүүнүн максаты жана майнабы» аттуу республикалык 6-илимий симпозиумдун резолюциясы

 

Симпозиумдун катышуучулары 2013-жылдын 14-15-майында Каракол шаарында “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду, КР Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети биргелешип, дүйнөлүк улуу жазуучу Ч.Т.Айтматовдун 85 жылдыгына арналган «Адамдын туруктуу өнүгүшү – өлкөнү өнүктүрүүнүн максаты жана майнабы» аттуу республикалык 6-илимий симпозиумду илимий жана уюштуруучулук жактан жогорку деӊгээлде өткөргөндүгүн белгилейт.

Симпозиумдун ишине Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясынын, Каракол шаарынын мэриясынын, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жетекчилери, бир катар жогорку окуу жайлардын, чыгармачыл жана өкмөттүк эмес уюмдардын, бизнес чөйрөсүнүн, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Катышуучулар симпозиумдун темасы жана негизги максаты «2013-2017-жылдарда өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында», «Өлкөдө этностор аралык мамилелерди жөнгө салуу боюнча Концепцияда» жана “Билим берүү тармагын 2020-жылга чейин өнүктүрүү Концепциясында” коюлган талаптарга толук шайкеш келе тургандыгын белгилешет.

Симпозиумдун дарегине 150дөн ашык доклад келип түшүп, анын 53 тандалып алынып, пленардык жыйында 5 доклад, ал эми секцияларда 47 билдирүү угулду. Катышуучулардын курамы республиканын бардык аймагын, Бишкек жана Ош шаарларын, мектепке чейинки мекемелерден тартып жогорку окуу жайларына чейинки мекемелердин адистерин камтыды.

Симпозиумда “Канткенде Адам уулу Адам болот”, “Адамдын Адамдыгы — Ыйманы”, “Адам болуу аста-аста”, “Адамды Адам кылган — Адам” деген 4 тематикалык секция иштеп, аларда атактуу жазуучубуз уюштурган “Ысык-Көл Форумунун” өрнөктүү салты уланып, 21-кылымдын глобалдуу, улуттук, инсандык көйгөйлөрүн кантип өз ара шайкештикте үзүрлүү чечүүгө болот? Илимий, диний, руханий окуулардагы, көркөм дөөлөттөрдөгү Адам концепциясынан кандай рухий, ыймандык, тарыхий сабак алуу керек? Адамды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган улуттук билим берүү концепциясы кандай болууга тийиш? Аалымдар, таанымдар, маданияттар диалогу канткенде өлкөнүн ички, тышкы саясатынын туруктуу дөөлөтү боло алат дегендей заманбап, чалкеш суроолордун тегерегинде олуттуу сөз болуп, кызуу талкуу жүрдү.

Симпозиумдун катышуучулары анда көтөрүлгөн маселелер жана айтылган ойлор заманбап илимий-иликтөө темаларын жана багыттарын аныктоодо, улуттук жана мамлекеттик маанидеги чечимдерди кабыл алууда, граждандык жана социалдык багыттагы мыйзам актыларын иштеп чыгууда, билим берүү, илим изилдөө, маданият, саламаттык сактоо, социалдык коргоо ж.б. тармактарда ишти уюштурууда жана алып барууда тийиштүү органдар жана кызмат адамдары эске алуулары зарыл экендигин белгилөө менен, төмөндөгүдөй сунуштарды киргизишет:

— өлкөнүн келечеги экономикалык факторго гана эмес, биринчи иретте, адам байманасына (капиталына), б.а. атуулдардын жан дүйнөсүнө жана ден соолугуна, адеп-ыймандуулугуна жана акыл-эстүүлүгүнө, адистик билгилигине жана чыгармачылык эркиндигине көз каранды экендигин тереӊ аӊдап-түшүнүү;

— Кыргызстан – адам парасатын аздектеген өлкө болушуна жетишүү үчүн кыргыз элинин жана Кыргызстанды мекендеген калктардын жалпы адамзаттык, улуттук жана жеке инсандык дөөлөттөрдү даӊазалаган акыл-ой казынасын тереӊ иликтеп-изилдөө, окуп-үйрөнүү жана кеӊири жайылтуу;

— адамды туруктуу өнүктүрүү проблемаларына арналган эл аралык уюмдардын, форумдардын жана жыйындардын материалдарын, чечимдерин тереӊ иликтеп-үйрөнүү жана коомчулукка кеӊири жеткирүү, алардын негиздүү жоболорун жана талаптарын улуттук жана тармактык программаларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда эске алуу;

— адамды туруктуу өнүктүрүү маселесин өлкөнү өнүктүрүүнүн максаты жана майнабы катары аныктаган Улуттук программа кабыл алуу, адам таламдуу өндүрүштүн, жашоо-турмуш ыӊгайынын тийиштүү индикаторлорун жана көрсөткүчтөрүн, талаптарын жана критерийлерин иштеп чыгуу, анын абалына туруктуу мониторинг жана баалоо жүргүзүп туруу;

— эгемендүү Кыргызстан калкынын улуттук нарк-насилине, этикалык-педагогикалык дүйнө таанымына, моралдык-психологиялык маанайына шайкеш келген, адам таламдуу улуттук мектептин, заманбап мектеп мугалиминин, мектеп бүтүрүүчүсүнүн моделин иштеп чыгуу; билимге багыттап окутуу концепциясынан адамга багыттап окутуу концепциясына өтүү;

— мектептеги окуу предметтеринин мазмунун адам таануу багытындагы баалуулуктар менен байытуу, окутуу-тарбиялоону, билимди баалоону адамдын инсандык парасатын аздектөөгө негизденген, адамдын ички байманасын жана мүмкүнчүлүктөрүн ачууга багытталган ыкмалар жана методдор менен жүргүзүү, бардык жагдайда “адам – коом – табият” шайкештигин түзүүгө жетишүү;

— жалпы билим берүүчү мектептин Базистик окуу планындагы «социалдык» билим тарамына бөлүнгөн жумалык окуу жүктөмүн 2 эсеге көбөйтүү, б.а. адеп, тарых, жаран таануу предметтеринин ар биринин жумалык окуу жүктөмүн 2 сааттан кем кылбоо; “адам таануу” курсунун мазмунун жана методикасын байытуу, адеп сабагын класстык журналга киргизүү, жаӊы муундагы билим стандарттарын, окуу программаларын, окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуу, адеп мугалимдерин, тарбия ишин жүргүзүүчү адистерди максаттуу даярдоо;

— «Манас» жомогун кыргыз элинин адам таануу маданиятынын парадигмасы, көчмөн маданияттын көөнөрбөс этикалык-педагогикалык эстелиги катары тереӊ иликтеп-изилдөө; элдик дастандардын, жомоктордун, макал-ылакаптардын ж.б. адам таануу багытындагы маани-маӊызын тереӊ изилдөө жана окуп-үйрөнүү; элдик мурастарды жеке адамдын эрдиктерин даӊазалоо үчүн эмес, алардагы жалпы адамзаттык жана улуттук идеалдар менен ой-мүдөөлөрдүн диалектикасын, маданий жана инсандык стереотиптер менен моделдердин үлгүлөрүн таанып-билүү максатында окуп-үйрөнүү;

— Ч.Айтматов, Ф.Гюлен сыяктуу улуу гуманист-ойчулдардын адамды тарбиялоо жагындагы этикалык, педагогикалык ойлорунун антологиясын түзүү; ата мекендик жана дүйнөлүк белгилүү окумуштуулардын, маданият ишмерлеринин, диний аалымдардын эмгектериндеги адам жана адамзаттын келечеги тууралуу насааттуу ойлорун, баалуу сунуштарын топтоо жана жарыялоо;

— балдар бакчалардын тарбиячылары, предметтик мугалимдер, ата-энелер үчүн инновациялык жана салттуу окутуу-тарбиялоо технологиясын айкалыштырган “Адам жана адеп” илимий-педагогикалык, окуу-методикалык журнал чыгаруу; адам таануу багытындагы окуу китептерин, энциклопедияларды, сөздүктөрдү, колдонмолорду кеӊири иштеп чыгуу жана жарыкка чыгаруу;

— адам таануу багытындагы санат-насыят ырларды, айтымдарды, обондуу ырларды, термелерди, макал-ылакаптарды, жомокторду жыйноо, иликтеп-изилдөө, окуп-үйрөнүү, мезгил сынынан өткөн адамгөй элдик фольклордун, салт-санаа, үрп-адат, каада-жөрөлгөлөрдүн заманбап көрүнүштөрүн, советтик педагогиканын өрнөктүү дөөлөттөрүн тарыхый таберик катары сактоо жана колдонуу;

— көп улуттуу, көп конфессиялуу, көп маданияттуу өлкө катары Кыргызстан өзүнүн адам капиталын, илимий-интеллектуалдык жана көркөм-чыгармачылык ресурсун, ички рухий байманасын болушунча максималдуу толук пайдалануусуна жетишүү; чет жерде жашаган улутташтарыбыздын адам таануу боюнча элдик дөөлөт-мурастарын тереӊ иликтеп-изилдөө, аларды калайык калкка кеӊири жеткирүү;

— адам табиятындагы артыкча касиеттердин (жомокчулук (манасчылык), төкмөлүк, көсөмдүк, даанышмандык ж.б.) купуя сырын, түпкү төркүнүн тереӊ таанып-билүү, комплекстүү иликтеп-изилдөө максатында “Адам таануу” илимий багытын негиздөө жана өнүктүрүү; уникалдуу адамдардын жана кубулуштардын улуттук банкын түзүү;

— ааламды, адамды, акыйкатты аӊдап-таануу жагындагы илимий, маданий, диний ж.б. окуулардын диалогуна жетишүү; диндин, салттын, укуктун адамгөй асыл жоболорун кеӊири жана өз ара айкалышта жардоо; аларды тереӊ билимдүү, акыл чабыты кенен, жашоо өрнөгү таалимдүү аалымдардын жайылтуусуна жетишүү; дүйнөлүк диндер тууралуу, алардын генезиси, социалдык жана гносеологиялык тамыры, руханий, маданий, адептик-ыймандык маӊызы, белгилүү дин аалымдарынын өмүрү-чыгармачылыгы тууралуу кеӊири жана тереӊ таанытуу;

— теле-радио каналдарда, массалык маалымат каражаттарында, басылмаларда жаш жеткинчектерди улуттук нарк-насилге, адамдык асыл сапаттарга тарбиялоо боюнча максаттуу иштерди алып баруу; адамдын адамдык нарк-беделин, эркиндигин, укугун жана милдетин даӊазалаган адабий-көркөм, даректүү чыгармаларга, тасмаларга, спектаклдерге конкурс жарыялоо; адам беделин кемсинтүүчү, мазактоочу көрүнүштөргө бөгөт коюу; зордук-зомбулукту, ташбоордукту, наадандыкты жайылткан чыгармаларга терс иммунитетти калыптандыруу;

— мугалимдерге, тарбиячыларга, социалдык педагогдорго, саламаттык сактоо кызматкерлерине, жалпы эле адам менен иштеген кызмат адамдарына моралдык жана материалдык жактан кам көрүп, алардын коомдук жана кесиптик статусун көтөрүү; жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү үчүн жаӊыча этикалык-педагогикалык, социалдык-психологиялык квалификациялык талаптарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;

— жалпы, атайын жана жогорку билимдин мазмунун гуманизациялоо жана гуманитаризациялоо, окуу жайлардын педагогикалык бөлүмдөрүнө кабыл алууда мектептин педагогикалык кеӊеши тарабынан берилген сунуш-мүнөздөмөнүн болушуна жетишүү; педагогикалык жана методикалык жаӊычыл ойлорго кенен жол ачуу, чыгармачылык менен иштеп келе жаткан мугалимдерге, тарбиячыларга, социалдык кызматкерлерге ж.б. мамлекеттик жардам көрсөтүп, каржылык жана моралдык жактан колдоого алуу.

Алтынчы ирет өткөрүлгөн республикалык илимий симпозиумда окулган докладдардын жана билдирүүлөрдүн топтому өзүнчө китеп болуп чыгарылып, авторлорго жана тиешелүү мекеме-уюмдарга таркатылат.

Бул чаралар өлкөнүн ар бир атуулунун билими менен ишеними, ыйманы менен ынанымы бир бүтүндүккө ширелишип, ата-бабалардан калган адамдык асыл нарктарды аздектеп сактап, күндөлүк жашоо-турмушунда туу тутуп колдоно билген айкөл, адилеттүү, адамгерчиликтүү, акыйкатчыл, ар-намыстуу жарандардан болуусуна жардам берип, Ыйык ата журтубуз – Кыргызстандын өнүгүшүнө жана анын Адам казынасын байытууга өзүнүн белгилүү салымын кошот деп эсептешет.

Поделиться

Комментарии