ЖАНГОРОЗ КАНИМЕТОВ – БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЫЙЗАМ-ЧЕНЕМДИК АКТЫЛАРЫ БОЮНЧА ДАСЫККАН АДИС

  • 27.03.2015
  • 0

Жылдар жылышат, айлар алмашат. Бир гана илим-билим адамды алга сүрөгөн тизгин болот. Илимге баш коюп кирген адам, аны эч качан таштап кете албайт. Илимдин бай-калбай тынымсыз иштеле бериши адамдын улам андан ары өсүп жети-лишине алып келет. Анткени изденүү – ийгиликтин жолу. Изилдегенге ар нерсенин жолу өзү табылат эмеспи. Кезегинде адамдар ар түрдүү жолдор аркылуу илимге келип калганы менен улам жылдар өткөн сайын ал өзү тапкан илимдин өтөөсүнө чындап чыгуу үчүн байкатпай талыкпастан аракет кылып жүрүп отурат.

Биз билгенден, Жангороз мырзанын да илим жолунун башталышы дал ушундай башталып, бүгүнкү күндө өзү баштаган илимий иштин өтөөсүнө чыгып, аны уламдан-улам тереӊдетип казып келе жатат. Ж.Каниметовдун саясий же башкаруу жамаатынан чыныгы илимий чөйрөгө кошулганы анын оюна ой, башкаруу тажрыйбасына теориялык билимдери кошулуп, инсандык өсүүнүн гана жолунда болду.

Тээ алыскы Каркыра айылында 1971-жылы мугалимдик эмгек жолун баштагандан эле айылындагы башка адистер анын жасаган ишине суктанып, анын тажрыйбасын үйрөнсөк дегенге ынтызар болушкан. Физика өзү жаратылышты үйрөнүүгө багытталган предмет. Дегеле, мектепте сабак берүүдө табигый предметтерди карандай эле оозеки өтүүгө болбойт. Аны абдан кызыктуу, балдарга жугумдуу кылып өтүү пайдалуу болорун туу тутуп, анын аракетин көрүп, физика кабинетин жасап, өзгөчө чыгармачыл сабактарды өтүп көзгө көрүнө баштайт. Ошентип, анын эмгек жолу уламдан-улам кийинки баскычтарга көтөрүлө берди. Өзүнүн мектепте иштеген тажрыйбасын пайдаланып, ар бир иштеген жеринде өзүнүн аябай жакшы уюштургуч жөндөмүн көрсөтө алды. Жетекчилик кызматтарда көп жылдар бою иштеди.

Азыр Жангороз Каниметов Кыргызстандын билим берүү системасын жана анын ченемдик-укуктук актыларын ийне-жибине чейин жакшы билген, дасыккан, мыкты адистердин бири болуп калды. Себеби жогоруда айтып өткөндөй, ал билим берүү системасын башкаруу жаатында бардык тепкичтерди басып өттү. Адегенде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн жетекчиси, областтык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, андан кийин республикалык масштабда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Билим берүү жана илим комитетинин төрагасы сыяктуу жетекчилик кызматтардын бардыгын катары менен аркалап келди. Азыркы күндүн тили менен айтканда, билим берүүнүн менеджменти жаатында толук билими жана такшалган тажрыйбасы бар адис болду.

Жалаӊ эле билим берүү сферасында эмес, республиканын башка тармактарында да иши боюнча таанылып, үч жолу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты болду. Мурда мектептерде, Ак-Суу райондук, Ысык-Көл областтык билим берүү бөлүмдөрүндө, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде мектептер башкармалыгын жетектеп турганда көйгөйлөрдү өзү сезип эсепке алып жүргөн. Мына ошондон улам депутат кезинде “Мугалимдин статусу” деген документти даярдады. Аны даярдап эле жөн койбостон, Жогорку Кеӊештин кароосуна киргизип, өзүкоргоп бекиттирди да, мамлекеттин бардык тийиштүү мекемелеринде пайдаланууга сунуш кылды. Бул документке мугалимдин милдети, укугу, ким экендиги, кандай адис мугалимдик милдетти аркалай ала тургандыгы сыяктуу, айтор, мугалимдин статусу эмне деген маселелер киргизилген. Бул укуктук-ченемдик акт жакшы иштелип чыккандыктан, ушу күнгө чейин жакшы документ бойдон калууда. Тилекке каршы, бул документке жетекчилер анча көӊүл бурбай, анын маанисин түшүнбөөчүлүккө салып келатат. Ал эми Жангороз Каниметов колунан келген аракеттердин баарын жасады…

Ошентсе  да  Ж.Каниметов  башында туруп иштелип чыккан билим берүү тармагындагы укуктук-ченемдик актылар өз убагында ар түрдүү себептерден улам ар башкача бааланып келгени менен, бул документтер өзүнүн  жаӊычылдыгы  менен  улам кийинки муундун өкүлдөрү үчүн да жаӊылыктардын жарчысы болуп келатат.

Ал депутаттык милдетин өтөө менен эле чектелбестен, чыгармачыл ишке көп берилди. Түрдүү закондордун талкууланышы, ошонун иштелип чыгышына активдүү катышып жүрүп, билим берүү системасын уюштурууга байланышкан проблемалар боюнча керектүү  материалдарды  жыйнап жүрүптүр. Мына ушул мээнетинин аркасынан педагогика адистиги боюнча кандидаттыгын (1999), докторлугун (2009) ийгиликтүү жактап алды.

Сөзүмдүн башындагы ойду улантуу менен, биз Жангороз Каниметовдун Кыргызстандын аттуу-баштуу жогорку окуу жайларында билим берүүнү башкаруу дисциплиналары боюнча сабак берип келиши, анын өзүнүн илимий кандидаттык жана докторлук иштеринде калып кеткен жерлеринин бардыгын өз ордуна коюп толуктап, улам бийиктеп өсүп келе жаткандыгын көрүп жатабыз. Азыр,  чындыгында,  Жангороз илимдин традициялык нугуна түшүп калды. Анын өз алдынча изденүүлөрү машыгуу тажрыйбаларына жана эстетикалык кабылдоо дараметине жараша жаӊыбийиктикке карай жасаган чабуулу жемиштүү болду. Ал педагогика илимдеринин доктору катары изденүүчүлөрү менен биргелешип өзү баштаган илимий агымды улантып иликтөөгө алып, өзүнүн илимий багыты бар илимпоздордун катарына кирди. Бул жол барып-барып өзүнчө агымга, илимий багытка айланарынан шек жок.

Анткени  Жангороз  Каниметовдун илимий жана саясий багыттагы эмгектеринин ар түрдүүлүгү илимий-педагогикалык эмгектеринин негизги мотивинин укуктук-ченемдик актыларга айкалышып турушу менен дайыма кошо жүрүп, булардын ортосундагы бүтүндүк жана биримдик сезилип турат.

Ж.Каниметов  мектептик  билим берүүдө мугалимдин статусун көтөрүүгө  карата  жаӊы  мазмунду таап чыгууда советтик тажрыйбадан, дүйнөлүк жаӊылыктардан жана улуттук салттуулуктан таасирдүү каражаттарды издеп табууга көп аракеттерди жасап келет. Анын билим берүүнүн башкаруу системасын илимий-педагогикалык жактан иликтөө иштерине активдүү киришүү менен ар бир жаӊы эмгегинин ийгиликтүү болушуна тереӊ кунт коюп карай баштагандыгы бай-калат. Сөзүмдүн  акырында  адамдык сапаты боюнча айтар бир сөзүм — Ч.Айтматовдун сөзү менен айтканда, Жангороз Каниметов ар бир күнү адам болууга аракет кылган инсан. Айрыкча белгилеп кетчү анын өзгөчө сапаты – билбеген нерсесин эч тартынбай келип, кеӊеш алып турганы, “мен депутат” же “начальник элем” дебестен, билбегенин ачык айтып сурап турганы. Мунун өзү эӊ жакшы сапат. Бардык эле атка минерлер мындай кылбайт. Билбегенин сурап албай, азабын кийин өздөрү тартышат да, акырында маӊкурт болуп чыгышат.

Жангороз  Каниметов  элине алымдуу, адамга жугумдуу, жумшак мүнөздүү, талыкпас изденгич, мыкты уюштургуч, иштерман саясатчы жана илимпоз инсан. Кыргыз элинде айтылган “Билимдин күчтүүсү – адамгерчилик” деген макалдай, Жангороз абдан бийик адамгерчиликтүү жигит.

Исак БЕКБОЕВ,

педагогика илимдеринин доктору, профессор, КУИАнын мүчө-корреспонденти, КР Эл мугалими, Ж.Каниметовдун  устаты.

Фото Ш.Өмүралиевдики

Поделиться

Комментарии