ЖАН-БУЛАКТАГЫ ЖАӉЫ БАЛА БАКЧА

  • 27.11.2015
  • 0

Нарын районундагы Жан-Булак айылында 50 орундуу жаӊы бала бакча пайдаланууга берилди. Анын ачылыш аземине премьер-министр   Темир Сариев өзү барып катышты.

Бул бала бакча Жогорку Кеӊештин депутаты Чыныбай Турсунбековдун демилгеси менен жана анын өзүнүн каражатына курулду.

Темир Сариев аталган айылда бала бакчанын ачылышы абдан маанилүү окуя экенин белгилеп, дал ушул демилгени көтөрүп, өз каражатына бала бакча курдурган Жогорку Кеӊештин депутаты Чыныбай Турсунбековго ыраазылык билдирди.

«Келечек муунду туура тарбиялоо, сапаттуу билим алышына шарт түзүүӨкмөттүн негизги милдеттеринин бири. Биз бул багытта өзгөчө көӊүл буруп, бир катар иштерди аткарып жатабыз. Бул жаатта мамлекетке көмөк көрсөтүп жаткан Чыныбай Турсунбековдун демилгеси башкаларга үлгү болушу керек», – деди Темир Сариев.

Жаӊы бала бакча Чыныбай Турсунбеков өзү туулуп өскөн, ата-энеси жашаган үйдүн ордунда курулду. Бул жөнүндө депутат Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына жазган маалыматында белгилей кетиптир.

«Көптөн бери көӊүлдүөйүгөн иш бүттү. Жан-Булак айылындагы ата-энемдин үйүнүн ордуна бала бакча куруп, айыл өкмөтүнө тапшырдым. Буюрса, балдар заманбап жайда тарбия алышат. Он бала өсүп чоӊойгон короодон балдардын күлкүсүн, үнүн угушуп ата-энемдин арбактары ыраазы болсун!», — деп жазды Чыныбай Турсунбеков.

К. Чекиров, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии