ЖАКЫНКЫ ЖАНА АЛЫСКЫ ИНДИЯ

  • 18.05.2016
  • 0

«Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук  фондунун колдоосу менен жети күндүк сапар менен респуликабыздын агартуу майданынын ар түрдүү баскычтарында иштеген жети адам “жетинин бири Кыдыр” дегендей, Р.Отунбаева демилгеси фондунун аткаруучу директору Д.Кендирбаева, Ош МУнун проректору О.Шаимкулов, Талас  унверситетинин ректору А.Упенов, Караколдогу мектеп-интернатынын директору А.Жапаров, Ошбинин директору А.Муратов, Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы И.Бакиров, КАОнун лаборатория башчысы Ибрайым кызы Айжан Индия мамлекетинин Дели, Жайпур, Агро штаттарындагы бала бакча, мектеп, университеттериндеги окуу процесстерин көрүп, тажрыйба алмашып келишти.

                                                                         САПАР  КҮНДӨЛҮГҮНӨН

                                                                                        Абдыкерим Муратов, Ош билим берүү институтунун директору 

Маалыматтык технологиянын дүркүрөп өсүп, замандан озуп бараткан учурунда мугалимдерибиздин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу бул багыттагы жогорку даярдыксыз эффективдүү натыйжа бербей тургандыгын дайыма айтып келебиз. Бүгүнкү күндө бышып жетилип турган мындай маселелерди чечүүнүн ар кандай аракеттерин көрүп келебиз. Экс-Президентибиз, урматтуу Роза Исаковнанын өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсү үчүн ар кандай көйгөйлүү маселелерди көрө билгендигин жана аларды жөнгө салууга маанилүү кол-кабыш кылып, келечек үчүн камкордук кылып келе жаткандыгын кубануу менен белгилегим келет.

Билим берүү мекемелеринде жаңы технологияларды колдонуу канчалык мааниге ээ экендигин, ал үчүн мугалимдердин да даярдыктары ошончолук зарыл экендигин терең түшүнүп билген, Эл аралык «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунун башкы директору Кендирбаева Догдургүл Шаршеевна жетектеген топтун ичинде менин да болушум, өзүм жетектеген жумушумда дал ушул багытта көптөгөн пикирлерди жаратуу менен алдыга жаңы-жаңы пландарды пайда кылууга өбөлгө түздү. Биз, Догдургүл Шаршеевна жетектеген педагогдор тобу жакында Индия өлкөсүнүн бир канча штаттарынын ири шаарларындагы билим берүү мекемелеринде жана окуу жайларында болуп кайттык. Бир жарым миллиардга жакын калкы бар мындай өтө үлкөн өлкөдө билим берүү системасы түзүм жагынан провинциалдык-штаттык өзгөчөлүктөргө ээ болсо да, дүйнөлүк технологиялык өнүгүү программаларынын алкагында, көп тилдүү калкынын билим алуу шарттарын жөнгө салып турган билим берүү идеологиясын жаратып келе жаткандыгы таң калыштуу. Албетте, калк ичиндеги билимге болгон өз алдынча умтулууну, ар түрдүү тармактарды билимдүү профессионалдар аркылуу гана алга жылдырууга, өнүктүрүүгө боло тургандыгын элге терең ынандыра алган штаттарындагы министрлердин, адам ресурстарын өнүктүрүү департаменттеринин бирдиктүү, бирдей шарттарда иш алып баруусу кызыгаарлык көрүнүш.

Чындыгында биздин ишибизде көп жумуштарды биргеликте ишке ашырууну, Талас жана Ош мамлекеттик университеттеринин өкүлдөрү Индия университеттери, окуу жайлары, ресурстук борборлору жана департаменттери, министрликтери жана жалпы билим берүүчү мекемелери менен өз ара карым-катнаштарды, келишимдерди түзүү, Ош билим берүү институту, Ысык-Көл, Нарын облустарынын билим берүү мекемелери университеттерибиз түзгөн келечектик келишимдеринин алкагында бир топ алгылыктуу иштерди алып барууну пландап кайттык.

Ош билим берүү институтунда мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курстарынын программасына олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү пландаштыруудабыз. Анткени, буга чейин курска келген мугалимдерге негизги багыт катары өз предметтери боюнча гана окутуунун ык-машыгуулары, ар кандай усулдарды колдонуулар, жаңылыктар берилип келген болсо, эми мындан ары ар бир курсантка жаңы технологияларды колдонууну, интернет булактары, электрондук почталар, ар түрдүү сайттар менен иштөөнү, скайп, онлайн байланыштарын түзүүнү, компьютердик ар түрдүү режимдерде эркин иш алып барууларды үйрөтүүчү жаңы курстук программаны практикалай баштайбыз.

Институтта «Ар бир мугалим электрондук коммуникациялык технологиялардын шарттарында иштөөгө укуктуу жана милдеттүү» деген девиздин астында «Билим берүү үчүн технология» деп аталган маалыматтык технологиялар программаларын иштеп чыгуучу, лекцияларды жана практикалык машыгууларды уюштуруучу лабораторияны түзүү максат кылынууда. Азырынча бул багыттагы алгачкы кадамдарыбызды ОшМУнун, ОшМСУнун, ОшТУнун, ОГПИнин жана райондордогу айрым мектептердин шарты түзүлгөн кабинеттерин пайдалануу аркылуу ишке ашыруу аракеттери башталды. Мындай шартта жаңы программа менен курстан өткөн мугалимдерибиз мектептерге келтирилген жаңы техниканы өз алдынча эркин, чыгармачылык менен башкарууга мүмкүнчүлүк алышат. Мындай мүмкүнчүлүктү мектеп коомчулугу тарабынан көпчүлүк учурда информатика мугалиминин гана инструменти катары карап келгени төгүн эмес.

Максатка жетүү үчүн алдыда көптөгөн иш-чараларды аткаруу турат. Маселен, жаңы технологияларды башкаруу боюнча окуу-усулдук колдонмолорду иштеп чыгуу, окуу кабинеттерин жана лабораторияларды заманбап технологиялар менен жабдуу, мугалимдердин суроо талаптарын канааттандыра алаарлык денгээлдеги кадрларды даярдоо жана жумушка тартуу зарыл. Булар тез арада ишке ашырууга зарыл болгон эң негизги максаттар деп эсептеймин.

Албетте, биздин Индия жергесиндеги күндөрүбүз тапшырылган жумуш маселелери менен эле алектенип өткөн жок. Өз элиңе, жериңе болгон жеке сезимдердин жашооңдогу ордун сезесиң.  Өз өлкөңдүн сүйүктүү келбетин, айрыкча, сыртта жүргөндө көбүрөөк ойлойсуң дешчү. Бир аз эле убакытта Мекенге болгон ыйык сезимдерибиз өтө бийик, кубаттуу толкунга оролуп, ар бир күн өз өлкөбүздү сүйөөрүбүздү күчөтүп тургансыды. Биз өзүбүздү ушундай сездик. Ал эми Мекен тапшырмасы менен, Кыргыз элинин улуу жүзүн бөтөн элде бийик көтөрүп, туусун көкөлөтүп, тагдырын өз элине арнап, ишеним жүгүн артынып келаткан Кыргыз Республикасынын Индия өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу Элчиси Адамкулова Самаргүл Эркиновна, жана анын көп тилде булбулдай сайраган, жүзү жайдары, адамгерчилиги менен маданияты чыныгы кыргыз кыздарынын аруу үлгүсүн бере алган жардамчысы Аселдин жүрөктөрүндө эмнелер бар экендигин сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес эле. Алар биз аркылуу өз элине кербен-кербен баалуулуктарды, улуулуктарды, асыл ниеттерди жөнөтүп жатышкандай сезилди бизге. Алар элибиздин бакубат болушун тилеп, тынчтыктын, эмгектин, бакыттын гүлдөп турушун каалап, өздөрү мындан ары да, алыста жүрүшсө да элибизге эбегейсиз эмгек көрсөтүү үчүн учак жайда кол булгалап кала беришти. Биз алыстагы элчибиз Самаргүл Эркиновнанын, кызыбыз Аселдин, насаатчы жетекчибиз Догдургүл Шаршеевнанын, ошондой эле Эл аралык «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунун, Билим берүү жана илим министрлигинин, өз кызматтык милдеттерибиздин алдында ойлорубузду мүмкүнчүлүгүбүздүн, билимибиздин, күч-кубатыбыздын жетишинче ишке ашырууну ички туюмубузда убада кылып кайттык. Карапайым, эмгекчил, бир тууган Индия элине тынчтыкты, достукту, өсүп-өнүгүүнү кааладык.

IMG-20160411-WA0010

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бакиров Имарбай,Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы,

                                            Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы

 «Акылдуудан башчың болсо адашпайсың» деп кыргыз эли бекер айтпаган  чыгар.     Индия өлкөсүндөгү билим берүүнүн өнүгүп жаткандыгын өз көзүбүз менен көрүп келүү максатында «Роза Отунбаева демилгеси фондунун» колдоосу менен  Индия мамлекетинин Дели, Жайпур, Агро штаттарындагы бала бакча, мектеп, университеттериндеги окуу процесстерин көрүп, тажрыйба алмашуу үчүн сапар тарттык.

Индияда 1 млрд. 300 миллиондон ашык калк жашайт. Анда 22 тил  мамлекеттик тил болуп саналат. Негизинен англис тилинде эркин сүйлөшөт. Элинин 78% сабаттуу, 22% сабатсыз. Билим берүү тармагы боюнча 161 мамлекет менен байланышат. Билим берүүсүндө Индия бирдей өнүгүү үчүн бир программа түзүшкөн. Ал программа ар бир штатта, айылда бирдей иштейт экен. Программаны жеткирүү электрондук, онлайн режиминде, мобилдик телефондор аркылуу жеткирилет. Индияда окуу имараттары, материалдык-техникалык базасы учур талабына ылайык түзүлгөн. «Aptech» окуу борборлору Делиде уюштурулган. Борбор аркылуу Индиянын билим берүү мекемелерине бир убакта сабактар, тренинг, маалыматтар берилет. Кагазсыз мектеп, электрондук мугалим иштейт. Акылдуу доскалар бар. Компьютерлер менен камсыз болгон, ар эки жылда учур талабына жооп берген компьютерлер менен жаңыланат.  Ата-энелер мектеп менен тыгыз байланышта болот, окула турган программаны билишет. Балдары жөнүндө маалыматты атайын сайттан алып турушат. Бир класстан экинчи класска киргенде окуучу кечиксе, ошол замат ата-энесине билдирилет. Окуучуларды баалоонун эки формасы бар. Күн сайын алган баасы күн сайын ата-энесине кабарланат. Жыйынтыктоочу баа, жыл аягында жыйынтыктоочу китеп болуп чыгып, ата-энесине берилет.

Компьютерлерди Америкадан гана алышат. Индияда киши көп, жашоо кыйын. Андыктан билим алуу керек. Индия дүйнөдөгү эң акыркы технологияны кабыл алып жашайт. Жаңы технологияны пайдаланбаса өнүгүү кыйын. Класстык доскалары айнектен, бордун ордуна фломастер пайдаланылат, анткени арзан, экологиялык таза, ыңгайлуу.

400 млн. адам компьютер, 1 млрд. адам мобилдик телефонду пайдаланышат. Индиянын Кытайда, Нигерияда, Россияда 2000 ашуун окутуу борборлору бар. Элдери өтө илбериңки, жашы да, карысы да жардам бергенге даяр. Көчөлөрүнүн көпчүлүк жерлеринде   жол чырагы (светофор) жок. Айдоочулар бири бирин  түшүнүүчүлүк, урматтоо менен жол эрежелерин сакташат. Светофор шаардын так борборунда гана орнотулган. Компьютерлери электр энергияны аз сарптайт, экологияга, адамга зыяны жок. Көп маалымат жүктөлгөн.  Электрондук китепкана бардык билим берүү мекемелеринде бар. Окуу программалары порталга жүктөлөт. Андан мугалимдер баарын табат. Мугалимдерге борбор аркылуу тренингдер өтүп турат. Мугалимдер жыл аягында  аттестациядан өтөт. Электрондук мугалим, Делиден туруп эле бир мугалим сабак өтөт. Ал сабак Индиянын штаттарына электрондук жол менен жөнөтүлөт. Штаттан ар бир мектепке, класска жөнөтүлөт, ошентип ар бир класста акылдуу досканын жардамы менен мугалим жок эле сабак өтүлөт. Бул электрондук мугалим деп аталат. Алар мугалимдер тарабынан бааланып окуучулар өзгөчө көзөмөлгө алынат. Окуучуларды эки топко бөлөт:

1)      Өз алдынча окуган.

2)      Жардамга муктаж окуучулар болуп.

Окуучулар ата-энелердин такай  көзөмөлүндө болот. Кошумча сабактарды беришет. Мектеп мугалимдери ата-эне менен тыгыз байланышта. Жетишүүсү, катышуу боюнча маалымат такай берилип турат. Индияда чет өлкөлүк студенттер окушпайт. Анын себеби климаты ысык, жашоого ыңгайсыз, башка жактан келгендер чыдабайт. Климатка көнүү кыйынга турат. Индиядагы ар бир өскөн дарак эсепке алынып номер берилип, ал номер дарактын өзүнө оюлуп жазылат. Азыркы учурда түшүмдөрүн жыйнап, экинчи эгинин эгип жатышат. Негизинен күрүч эгишет. Суу жок болгондуктан сууну жер астынан алып чыгышат. Ичүүчү сууну да, сугат сууну да.

Окуу китептерин 15-20 адамдан турган топ жазышат. Алар жазган окуу китебинин  долбоору мектептерге таркатылып, бир жылдан кийин чоң талкуу уюштурулуп, сын-сунуштар, ой-пикирлер айтылып  бир пикирге келип, басмадан жетиштүү санда чыгарылат. Окуу китептери 5 жылдык мөөнөткө берилет. Аны чыгарууга эч кимге жол берилбейт. Китептин баалары бар сатылат. Курикулум боюнча жазылат. Китепти мазмунун өзгөртүү министрликтин макулдугу менен гана ишке ашат. Китеп мезгилине   жараша өзгөрүлүп кайра жазылып турат. Инклюзивдүү билим берүү колго алынган. Бир учурда алар үчүн да окуу китептери чыгарылат. (Көзү азиздер, кулагы укпагандар, мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн) өзүнчө китептер чыгарылат. Мугалимдер жетишпейт, бирок жетишпеген мугалимдер боюнча атайын сайтка чыгарылат. Сайт аркылуу маалымат алган мугалимдер мектепке барып аттестациядан өтүшөт. Андан кийин гана  кийин жумушка алынат.  Чет тил мугалимдерин чет өлкөдөн контракт менен алып  келип иштетишет. Анткени, балдар тилди так, туура үйрөнүүсү керек деп эсептешет. Сабактардан кийин лабораториялык иштерге басым жасалат. Айрыкча, физика, химия, биология жана башка предметтер боюнча. Теориялык билимин практика жүзүндө бекемдешет. Практикага өзгөчө маани беришет. Бала бакчаларга 2 жаштан 6 жашка чейин балдар тартылат. Алар  компьютерде олтуруп үйрөнүшөт. Адегенде сүрөттү табат, андан тамганы үйрөнөт. Жомоктор, оюндар аркылуу кызыктырып үйрөтүүгө басым жасашат. Ошентип өзүнүн программасына ылайык окутуу үзгүлтүксүз жүргүзүлө берет.

Индияда технология өтө өнүгүп жаткан мезгили.  М: Компьютер чайдын зыяндуулугун, пайдалуулугун, курамын аз эле убакта аныктай турган,  чөйрөдөгү үндөрдү, шумдарды жок кылып, керектүү үндү гана бере турган техникаларды ойлоп табышкан.  Саламаттыкты сактоодо баары электрондук формага өткөн. М: адамдын ким экендиги, жетишкендиктери, өзгөчөлүктөрү, билими, ден соолугу сыяктуу маалыматтар бар. Компьютер аркылуу теле консультация, суроо-жоопторду алышат. Ар бир адам талыкпай, тырышып, бир жыйынтык үчүн иштейт, эптеп күн өткөрүү деген жок. Курска билимдүү, кыйын, кызыккан адамдарды алат. Индияда  окуу жайын бүткөн адис атайын сынактан өтөт, сынактан өткөн адам гана жумушка алынат. Адистерди атайын окуулардан өткөрүп турушат. Билимин өркүндөтөм деген адистен  атайын тесттерди алышат, анын ошол кесипке кызыгуусун, чыгармачылыгын  аныктайт. Курстан өткөрүүнү атайын билимин өркүндөтүү борбору жүргүзөт. Баарына акча төлөнөт.  Онлайн режиминде туруп эле, окушат, экзамен тапшырат.  Курс өтө чоң натыйжа берет. Учур талабына ылайык программаларды берет.

Индияда дүйнөдөгү кереметтердин бири болгон Тадж Макал бар. Бул мавзолейди курууга 20000 адам 22 жыл иштеген. Мавзолей өтө кооз, кымбат таштардан жасалган. Тадж Макалга   туристтер тынбай агылып турат. Анын кирүү  билетинин баасы 750 рупий же 1000 сом.

Окуу жайлар, административдик имараттар, элчиликтер атайын кызматтын толук куралданган аскерлери менен корголот. Көчөлөрдө уйлар көп. 5-6 дан болуп тура беришет. Уйларга эч ким тийишпейт. Уйлар биздин уйларга окшобойт. Бугу сыяктуу, өркөчтөрү бар.

Индиянын атактуу университеттери болуп  Раджистан, Дели, Индира Ганди атындагы университеттер, технология институттары саналат. Индира Ганди унверситетинде үч миллион студент окуйт. Индияга болгон чыгармачылык иш сапар мени ар тараптуу өзгөрттү. Индиядан көрүп келген бардык табылгаларыбызды окуу-тарбия процессине пайдаланабыз. Окуу жайлардын окутуучулары менен  таанышып электрондук даректерин алып келдик. Алар менен тыгыз байланышта болуп  чыгармачылыгыбызды арттырабыз. Биз авасы таза, суусу таза, азык -түлүгү таза, кооз мамлекетте жашаганыбыга, бактылуу эл экенибизге ыраазы болуп кайттык. Индия мамлекетине алып барып көргөзгөн “Роза Отунбаева демилгеси” фондуна, кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын Индиядагы элчилигине, ар тараптуу колдоолорду көрсөткөн  доктор Фаниге ыраазычылык билдирем.

   Айжан Ибирайым кызы, Кыргыз билим берүү академиясынын Технология жана искусство лабораториясынын  башчысы, п.и.к.

Оптимист ар бир кыйынчылыктан мүмкүнчүлүктү көрөт; пессимист ар бир мүмкүнчүлүктөн кыйынчылыкты көрөт”

                                                                                                                                                                            Уинстон Черчилль

Иш сапардын максаты – билим берүү системаларында (жалпы билим берүүдө, кесиптик билим берүүдө, жогорку окуу жайларда) Информациялык-коммуникациялык технологиянын (ИКТ) мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу, окуу процессин уюштуруу, ИКТ компетенттүүлүктөрдү баалоо менен алгылыктуу ишмердүүлүктөрдү көрүү, окуу-методикалык комплекстерин даярдоо боюнча иш тажрыйбаларды үйрөнүү болуп эсептелди.

Аталган иш сапар “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулду.

Индияга болгон иш сапардын алгачкы күнү Дели шаарындагы “Индиянын Дели Технологиялык институтунда” болдук. Институт жана анын тарыхы, түзүмү, иш пландары тууралуу профессор Tara C.Kandpal презентация жасап, делегацияны аталган окуу жай менен тааныштырып чыкты.

Аталган институт Джавахарлал Неру тарабынан түптөлүп, 50 жылдан ашык иш тажрыйбага ээ. Анда 8000ден ашык студент билим алып, институт жетиштүү деңгээлдеги электрондук китепкана, лабораториялар, электрондук доскалар менен жабдылган. Эл аралык деңгээлдеги окутуучулар келип лекцияларды окуу шарттары каралган. Андан сырткары, дистанциялык билим берүү системасы жолго коюлган.

Акырында, бул окуу жай Кыргызстандын окуу жайлары менен кызматташууга даяр экендиктерин билдирип, жылуу мамиле менен узатышты.

Андан соң делегация Эл аралык медицина мектебинде болуп, мектептин вице-президенти Sanjeev Saxena аталган мектеп менен тааныштырды. Мектеп 10 жыл бою базалык жактан түптөлүп, 20 жылдан бери иш жүргүзүп келе жаткандыгы маалым болду. Бул мектептеги билим берүүнүн негизги өзгөчөлүгү болуп, эң сапаттуу электрондук окуу китептери менен жабдылгандыгы жана электрондук ачык лекциялардын окулушу, лекциялардын сапатын Индия медициналык Кеңеши тарабынан каралып тураары, электрондук иштелмелер аттестацияланаары, компетенттүү адистерди даярдоого басым жасалаары ж.у.с. эсептелди.

Бул окуу жай менен биз тыгыз кызматташа турган жагдай – бул электрондук иштелмелердин даярдалуу системасын үлгү катары алуу керек экендигин белгиледим.

Андан кийинки биз багыт алган окуу жай – бул Aptech программасы боюнча англис тили жана IT адистигиндеги адистердин билимин жогорулатуучу жеке борбор болуп эсептелди. Аталган борборду борбордун вице-президенти Sania Narula  тааныштырды. Бул борбор 1986-жылдан бери иш жүргүзүп келе жаткандыгы малым болду. Бул программа аркылуу Индияда 290, ал эми башка 20 өлкө борборлор иштеп, дүйнөнүн 168 өлкөсүнөн барган адистер билим алышаары белгилүү болду.

Биздин делегация барган учурда Кыргызстандан барган төрт кыргыз кыздардын окуп жатышкандыгына күбө болдук. Бул программа аркылуу Кыргызстанда да борбор ачууга меморандум түзүү керектиги боюнча план менен демилгелүү кайттык.

Делегация барган кийинки иш сапар Информациялык-коммуникациялык министрлигинде болуп, Электроникалык-информациялык технологиялар бөлүмү боюнча министри, доктор A.K.Garg жана Abhinav Dixit аталган министрликтин ишине токтолуп өтүштү.

Министрлик өзүнүн ишин 1988-жылдан баштап жүргүзө баштаган. Билим берүүдөгү жана билим берүүгө коммуникациялык технологияны жайылтуудагы негизги багыт болуп Индияны 2020-жылга чейин өнүктүрүү Стратегиясында IT технологияны бардык тармактарга жайылтуу жана колдонуу эффективдүүлүгүн жаратуу пландалгандыгын маалымдап өттү. Ал план 3 баскычтан тураары белгиленди: 1) Индияны алдыңкы санариптик өлкө катары таанытуу (Digital India); 2) Индиянын 35 штатын бирдиктүү максатта жана бирдиктүү программа менен өнүктүрүү; 3) Сабаттуулукту көтөрүү жана социалдык медианын кайтарым байланышын түзүү. Негизинен санариптик Индия үч баскыч менен өнүгүп жүрүп отурганын айтып өттү: 80-жылдардагы алгачкы компьютердик колдонуу; 1. 90-жылдардагы компьютердик технологияны колдонуу тармагынын кеңири жайылтуу; 2. 2006-жылдагы Индиянын улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен деңгээлин көтөрүү; 3. 2014-жылдагы сапатка басым жасалган программаларды кабыл алуу.

Ал эми учурда бул министрлик тарабынан коммуникациялык технологиянын мүмкүнчүлүктөрү изилдөөгө алынып, ар түрдүү изилдөөлөр жүргүзүлүп, анын негизинде Индиянын бир нече ишмердүүлүк чөйрөлөрүндө IT технологиясынын мүмкүнчүлүктөрү колдонулуп жаткандыгын көрсөтүштү. Алар:

  • медициналык ишмердүүлүктөрдөгү ар түрдүү изилдөөлөрдө;
  • 24 расмий котормолорду синхрондуу которууда;
  • Чайдын сапатын тесттен өткөрүү тармагында;
  • Угуусу начар адамга үндү тууралап уктурууда;
  • Электрондук окуу колдонмолорду иштеп чыгууда;
  • On-line экзамендерди тапшырууда;
  • Бала-бакчаларда, балдар үйүндө окутуучу куралдар катары колдонууда;
  • Коопсуздук программаларды иштеп чыгып, пайдаланууга;
  • Бизнес программаларын колдонууга;
  • Электрондук китепканаларды түзүүгө ж.б.у.с. программалардын технологиялары мамлекеттин заказы менен иштелип чыгып, учурда пайдаланып жаткандыгы белгилүү болду.

Бул министрлик менен байланыша турган жагдай – бул Кыргызстандын билим берүүсүнө зарыл болуп турган электрондук колдонмолорду, IT технологиясын жайылтуу боюнча так стратегияларды иштеп чыгуу зарыл экендигин эске алдым.

Биздин иш сапар Индиянын Жайпур шаарындагы Раджастан университетинде, Раджастан колледжинде жана кыздардын политехникалык колледжинде уланды. Аталган университеттин жана колледждердин базасын, окуу процессин кыдырып көрүп чыгып, Кыргызстанда дистанциялык окутууда бул университеттин, колледждердин тажрыйбасын эске алуу керектигин белгиледим.

Делегация андан соң Lancers жеке менчик мектебинде болду. Аталган мектепти мектептин директору Yogesh Sindhwani тааныштырды. Бул мектеп материалдык-техникалык жактан өтө мыкты камсыз болгондугу жана кадрлык жактан камсыздалышы мыкты экендиги көрүнүп турду.

Бул мектептен кийин Индира Ганди университетинде болуп кайттык. Бул университетте 3 млн. студент билим алып, дистанциялык окутуу мыкты деңгээлде уюштурулгандыгы менен эске алынды.

Сапарыбыздын аягында Индиянын Билим берүүнү изилдөөнүн жана үйрөтүүнүн Улуттук борборунда болдук.

Аталган борбор 50 жылдан ашык убакыттан бери Индиянын жалпы билим берүүдөгү маселелерин чечүү менен алектенип келээри маалымдалды. Бул борбордо Мамлекеттик заказ менен жалпы билим берүү маселелери изилденип, андан соң окуу-нормативдик документтери иштелип чыгып, бекитилет. Жалпы билим берүүнүн куррикулуму менен биргеликте окуу-методикалык комплекси электрондук варианты менен параллелдүү түрдө жаңыланып, 1 жыл апробациядан өтүп, апробациянын жыйынтыгы Индия билим берүү Кеңеши тарабынан каралып, ОМКлардын сапаты жана алгылыктуулугу боюнча бүтүм чыгарылаары маалым болду.

Окуу-методикалык комплексин түзүүчү автордук курам 15-20 кишиден туруп, эл аралык талаптарды эске алуу менен иштеп чыгышаары белгиленди.

Ал эми илимий кызматкерлердин, алдыңкы педагогдордун иш тажрыйбалары эл аралык Web of Science, Scopus системасына кирген басылмаларга чагылдыруу талабы бар экендиги айтылды. Бул борбордо инклюзивдик билим берүү да эске алынаарын кабардар кылышты. Индиянын бул борборунун иши Кыргыз билим берүү академиясынын жүргүзүп жаткан иши менен айкалышып тургандыгын байкоого болот.

Жыйынтыгында, дегеле Индиянын билим берүүсү 8 билим берүү тармактан турааары жана ушул 8 билим берүү тармагында тең англис тили жана ИКТ компетенттүүлүктөргө ээ болуу талабы коюлгандыгын билдик.

Ал эми  мугалимдердин кесипчилигин жогорулатуу маселесине токтоло турган болсок, ар бир кызматкер өзүнүн иш тажрыйбасына, ишмердүүлүгүнө зарыл болгон билимди жеке менчик борборлорго, ар түрдүү эл аралык семинарларга, тренингдерге, стажировкаларга ж.б. барып окуп келүү кызыкчылыгы жогору экендигин көрдүк.

Акырында, Индия өлкөсү экономика, бизнес, өндүрүш, билим берүү жаатында өнүгүү жолуна түшкөн өлкө экендигине жеринде барып күбө болуп кайттык.

Мен өзүмө ИКТ компетенттүүлүк боюнча мугалимдердин билимин аныктоочу стандартты, аны ишке ашыруунун программасын түзүү жана жаш адистерди Индия өлкөсүнүн жогорудагыдай билим берүү мекемелери менен кызматташууга тартуу сыяктуу зарылчылыктарды чечүүнү пландадым.

Айбек Упенов, Талас Мамлекеттик университетинин ректору

Индия мамлекетине кирүүгө толтурулуучу миграция баракчасы, чек арачыларынын кабыл алуудагы тили башкача айтканда бардык мекемелерде иш англис тилинде жүрөт экен. Ошондуктан Индия мындай дүйнөлүк маалымат талаасында өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүү менен бирге өнүгүүсүнө чоң шарт түзүлсө керек.

Алгачкы жолугушуубуз Дели Индия технология институтунда болду. Алгачкы таанышканыбызда институттун окуу жана илимий изилдөө иштеринде дүйнөдөгү көптөгөн өнүккөн мамлекеттер менен көптөгөн ири долбоорлор алкагында кызматташуусу болду. Ошондой эле бул институтта китепкананын тейлөө иштеринде маалымат технологиясын колдонуусу жана окурмандарды тейлөө кызматкерисиз эле китептер аппараттардын жардамы менен өзүн тейлөө алуу мүмкүнчүлүктөрү жана ошондой эле интернет класстын 24 саат бою иштеши көңүлдү болду.

Өзгөчө бизге таасир бергендерден Индияда гана эмес көптөгөн мамлекеттерде 1200 ар кандай багыттардагы курстарды уюштурган “Aptech” мекемеси дагы көңүлүбүздү бурду. Бул мекеменин өзгөчөлүгү дүйнөлүк сапатта курстарды уюштуруу менен бирге адистер квалификациясын жогорулата алышат жана курстун түрүнө жараша окууларын Англиядагы университетинде улантуу менен бирге бакалавр деңгээлинде билимге ээ болуу менен бирге диплом алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Кандай гана деңгээлдеги билим берүү тармагында болбойлу бардык мекемелерде компьютерлер менен бирге адам баласынын катышуусуз иш алып барган сервердин болуусу жогорку жетишкендик катары бааласак болот.

Жыйынтыктап айтканда, Индия мамлекетинде билим берүү тармагында гана эмес, бардык бийлик бутактарында, мекемелеринде англис тили жана маалыматтык технология колдонуу өнүккөн экен. Менин дагы жекече оюм, бул өз кезегинде кайсын гана тармак болбосун дүйнөлүк аренада өнүгүүгө алып келет деп ойлоймун.

Олжобай Шаимкулов, Ош Мамлекеттик университетинин проректору

Ар бир элдин акылман, келечекти көрө билген, дүйнөлүк өнүгүү кайсыл багытка карай баратканын  өзүнүн билими, акыл-эси, парасаты менен баамдай билген адамдары болот. Элди ойготуп, элдин, мамлекеттин тагдырына жан ачып күйүп, жакшысына кубанып, жаманына өкүнүп, бүт жанын үрөп, элим деп күйгөн, өзүнүн жеке кызыкчылыгынан эчак бийик көтөрүлүп, масштабдуу ой жүгүрткөн инсандар гана элди, мамлекетти сактап калат.

Андай адамдар эли үчүн өзүнүн жашоосун, кызыкчылыгын курмандыкка чалганга даяр болушат. Ошол бийиктикке көтөрүлүп, өз бийиктигинен дүйнөнү баалап калат. Элим дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдү, өнүгүүлөрдү көрсүн, дүйнө кайсыл тарапты көздөй өнүгүп бара жатканын түшүнсүн, анын жакшы жактарын өлкөгө алып келип, өз жергебизде өнүктүрсө  деп аруу тилек кылат. Өзүбүздүн казаныбызда эле кайнай бербей, эл көрүп, жер көрүп аны өзүбүздүн жеке турмушубуз, ойлорубуз, көз караштарыбыз менен салыштырсын, эмнени туура, эмнени туура эмес жасап жатканыбызды аныктап, саресеп салсын деген ийги тилектер менен жашайт. Ошондой инсандарыбыздын бири   “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун жетекчиси  Р.Исаковнанын жардамы аркылуу жетөөбүз табышмактуу Индия  жергесин көздөй сапар тарттык. Максатыбыз информациялык-коммуникациялык технологияларды билим берүү системасында Индия өлкөсү пайдаланып жаткан иш тажрыйбаны үйрөнүү эле.

Сапарыбыз чу дегенде эле жерден Кыргызстандын кызыл туусу желбиреген элчилик менен таанышуудан башталды. Жылмайыңкы карап, сүйкүмдүү тосуп алган, кыргыз, орус, англис тилин суудай билген элчиликте иштеген кыргыздын ажарлуу айымдарына таң  калып да, суктанып да, сыймыктанып да турдук.

Таанышуу Индия технологиялык институтунан башталды. Алгач Индия көз карандысыздыкка ээ болор замат, технологияга көнүл буруп, мамлекеттик каржылоого алып, өнүгүүнүн заманбап жолуна жан үрөп кирип кеткендей. Жети миң студенти бар институт, мөмө жемиштердин көпкө, таза, бузулбай сакталышы үчүн атайын жууп тазалоочу суюктук ойлоп тапканын, начар көргөндөр үчүн атайын аппарат жасашканын, жергиликтүү маселелерди бир нече багытта изилдешип, коомчулук менен тыгыз иштешип жатканын сыймыктануу менен айтып жатышты. Акыркы үлгүдөгү 500 компьютер менен жабдылган, күнү-түнү же 24 саат бою иштеген электрондук китепканасы илим билимдин керемет,  сыйкырдуу дүйнөсүндөй көрүндү. Эң негизгиси китепкана  окуган студенттерге толтура экен. Ар бири өз алдынча  окушуп, үйрөнүп жатышат, биз жоон топ адамдар кирип, сүрөткө тартып жатсак да алар бизге көнүл бурбай өз иштерин улантып жатышты. Муздаткычтар тынымсыз иштеп, ошол шартта кыйын кырдаалда окуп жатышат. Кыргызстандын салкын, жан сергиткен абасын ал жерден көрө алганыбыз жок.  Кайрадан ой келет, биз ошондой шартта окуйт белек. Заңгыраган имараттарда жайгашкан  китепканалар эмне үчүн бош турат…

Университеттерге илим-билимдин, акыл-эстин, өнүгүүнүн борбору катары сый-урмат менен мамиле жасаганы элдин  мамилесинен улам сезилип турат. Кайда барбаңыз кайсы окуу жайдын босогосун аттабаңыз сакчыларга кездешесиз. Чоочун адам университеттин короосуна кире албайт. Ойлоп кетесиң биздин окуу жайларга кимдер гана кирбейт. Деги койчу ким гана келип коркутуп кетпейт. Кээде өзүңдү карышкырлардын арасында калгандай сезип кетесиң. ЖОЖдордун өнүгүүсүнө эркиндик качан берилет экен, ушуну түшүнгөн инсан чыгып калаар деп үмүт кыла туралы.

Aptech  эл аралык окуу борборуна дүйнөнүн 168 өлкөсүнөн келип, ондогон багыт боюнча угуучулар билим алышат. 30 жылдык тарыхы бар көп тармактуу билим берген окуу борбору жети миллионго жакын угуучуну даярдап, программалары кытай, орус, португал, испан тилдерине которулган. Тажрыйбасы мол бул окуу жайдан үйрөнүүчү жагдайлар көп.

Элибизде баланы жашынан тарбиялоо керектиги жөнүндө акылман сөз тээ алмустактан бери эле  айтылып келет. Бүгүнкү заманбап мектеп кандай болушу керек деген суроо кийинки учурларда баарыбызды ойлондуруучу маселеге айланды. Ар бир ата-эне баласын илимдүү- билимдүү, акыл-эстүү болушун, бир нече тилди билүүсүн каалап калды. Бул бүгүнкү жашоонун талабы. Биз  баарыбыз ушундай билим берген мекемени, мектепти издеп жатабыз. Ушул суроонун  түйүнүн билүү үчүн Индиянын эл аралык жеке менчик мектебин көздөй бет алдык. Бир карасаң мектеп эч ким жоктой тынч. Керемет жасалгаланган кабинеттер, компьютердик класстар, китепкана баары таза тыкан.  Ар бир класста 10дон 22 чейин эле окуучу окуйт экен. Мектеп өзүнчө сервер, акылдуу доскалар, акыркы үлгүдөгү компьютерлер менен жабдылган. Балдардын сабакка келгендеги, кеткендиги, кандай окуп жаткандыгы жөнүндө  маалыматтар СМС аркылуу ата-энеге кабарланып турат. Окуучуга толук шарт түзүлгөн. Балдар үй тапшырмасын аткарууда кыйынчылык туулса  мугалим менен байланышып, онлайн консультация алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бардык кыймыл аракет билим алууга жумшалган. Балдарга билим берүү менен индиялыктар өлкөнүн эртеңки бакубат, күчтүү келечегин түзүп жатышыптыр.

Дүйнөлүк билим берүүдөн артта калып жатканыбыз дароо көзгө урунуп, биздин балдар булар менен эртең кантип тең тайлашып, атаандаштыкка туруштук бере алар бекен деген ой оюңа орноп, түйшөлө баштадык. Демек, ар бирибиз балдарга билим берүүгө көңүл бурбасак замандан артта калаарыбыз анык.

Дистанттык же аралыктан билим берүү жөнүндө биздин билим берүү системасында  түрдүү пикирлер айтылып келе жатат. Бүгүн да ал талаш тартыштын чордонунда. Мүмкүн коомубуз билим берүүнүн мындай формасына азыр даяр эместир. Бирок азыртадан аракет жасап, тынымсыз өнүктүрүп турбасак эртең кеч болуп калаарына шек жок. Дистанттык окутуу Индия мамлекетинде кандай чечилип жатканы менен таанышуу максатында Индира Ганди атындагы улуттук ачык университетинде болдук. Университетте Индиядан жана 36 чет өлкөдөн 3 миллион студент билим алып жатышат. Индияда 300 миңден ашуун окутуу борборлору болсо, чет өлкөлөрдө 67 борбору бар. Окуу  процесси университеттин өзүнүн билим берүүгө гана арналган EDUSAT спутниги аркылуу тейленет. Аралыктан окутуунун келечеги алдыда экендигине,  аны окуу процессине кеңири жайылтуу зарылдыгына ынандык. Биз өзүбүз да айрым элементтерин бүгүн өз турмушубузда пайдаланып жатканыбызды байкабай калып жатат окшойбуз деген ой келет.

Информациялык-коммуникациялык технологияны мыкты өздөштүргөн жаңы муун өсүп келе жатат. Бүгүн заман секунд сайын өзгөргөн кылымда жашап жатабыз. Эми ушундай тездик менен өнүгүп жаткан коомго кыргызстандыктар даярбызбы?  Албетте, таптакыр артта калдык деген ойдон алысмын, бирок үйрөнө турган нерселер абдан көп экенине ынанасың. Информациялык-коммуникациялык технологияларды билим берүүдө негизги приоритеттүү тармакка айландырбасак, мамлекет анда жашаган ар бир атуул ойлонбосо болчудай эмес. Биз ар бир адистикке эки нерсени кошо үйрөтүшүбүз керек: биринчиси англис тили; экинчиси компьютердик сабаттуулук.

Бүгүн Кыргызстанда баарыбызга жетерлик жумушчу орундар жок. Мүмкүн аны мамлекеттен талап кыла берүү да туура эместир. Себеби мүмкүнчүлүгүбүздү көрүп турабыз. Биздин ЖОЖдор даярдаган адистер жогоруда биз белгилеген эки өнөрдү адистигинин талабына жараша кошумча үйрөнгөндө гана  чет өлкөлөрдөн жумуш табууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондо биз башка өлкөлөрдүн жарандары менен атаандаштык түзө алабыз. Кыргызстан илим-билимдүү калкы бар кубаттуу өлкөгө айланат.

Даярдаган Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Поделиться

Комментарии