Жаӊылмач айтсаӊ жаӊылбай айт

  • 05.07.2013
  • 0

Үрүнса КАДЫРАЛИЕВА

Жаӊылмач айтсаӊ  жаӊылбай айт

Жаӊылмачтар, жаӊылмачтан

жаӊылбастар.

Жаӊылмачка кызыккан жалпы жаштар.

Жаӊылмачты жаӊылбай айтабыз деген

жаштарды.

Жаӊылтууга жазылган жаӊыча жаӊылмач

бар.

***

Апам тоодо жай жайлап.

Топтоп берди кам каймак.

Кам каймакта бал каймак.

Бал каймакты, май майлап.

Майда жедим, жай чайнап.

***

Ала карга, кара карга.

Кара каргадан ала карга учат ашып.

Ала каргадан кара карга озот шашып.

Каргалар каргалардан болбойт ашык.

Каргалар каргалардан кетпейт ашып.

***

Тоодон топтой, таш кулап.

Чочуп кетти кашкулак.

Таш кашкулакты шаштырат.

Кашкулак аткулакты жапырат.

Кашкулак качып, аптыгат.

Кашулакка таш тийбей.

Төмөн кетти таш кулап.

 

Бал челекте бал аары.

Бал аарынын арасында сары аары.

Сары аарыны кубалап, сабалады кары аары.

Кары аарыдан корголоп,

качып кетти сары аары.

Карт дарак карт  даракты кармалап.

Кары турат жай  карап.

Карт дарактын карыганын, кары карап таӊ

калат.

***

Шылдыр булак, шыр булак.

Шылдыр, шыӊгыр ыр курап.

Шылдыраган добуш угуп,

шырп чыгарбай ук ынап.

***

Топ тоголонот,

Токтоболот топту торойт.

Токтоболот топту торобосо, тоголонгон топ торолбойт.

Торолгон топ,

Токтоболотсуз тоголонбойт.

***

Сакадай сайдан сары таш тапты.

Сары таш Сакадайды санаттырып жатты.

Сары таш Сакадайдын колуна саналып

батты.

Саналган сары ташты Сакадай сака кылып

атты.

***

Улуу тоодон Улар ышкырат.

Катарында Марал бышкырат.

Ышкырган Улар бышкырган Маралды

мыш кылат.

***

Көк көпөлөк көп көпөлөк.

Көк көпөлөк, көп көпөлөккө,

кошулду барып көкөлөп.

Көк көпөлөктү, көп көпөлөктү,

кармайлы барып экөөлөп.

***

Мөӊгүдө күрткү.

Күрткүдө түлкү.

Түлкү күрткүнү түрттү.

Күрткү кетирди күчтү.

Күрткүгө болду түлкү күлкү.

***

Шаркыратмада шамал аркырайт.

Аркыраган шамалдан шаркыратма

шаркырайт.

Шаркыраган шаркыратманын шары күн

нуруна жаркырайт.

***

Чоподон чоор жасалып жатты.

Чолпон чоорду ойноп тартты.

Чоордон чыккан үнгө,

Чолпон ыраазы болуп жатты.

***

Бакалар балырда бакылдайт.

Бакылдаган бакалардан балыр үстү

балкылдайт.

Балкылдаган балырдан бака үстү

жалтылдайт.

Поделиться

Комментарии