ЖАҢЫ МИНИСТРГЕ ИШЕНИМ ЧОҢ

  • 14.11.2016
  • 0

Жогорку Кеңеш жаңы өкмөттүн курамы менен программасын бекитти. Жаңы өкмөт курамында билим берүү жана илим министри кызматына Гүлмира Кудайбердиева дайындалды. Жаңы министр жалпы эле агартуу журтуна жакшы таанымал. Билим берүү тармагынын өзүнөн чыккан жана такшалган жетекчи.

Г. Кудайбердиева орус тили жана адабияты адистиги боюнча педагогикалык институтту окуп бүтүргөн. 1988-89-жылдары Фрунзе шаарындагы №20 орто мектепте мугалим болуп эмгектенген, 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгын жетектеген. 2010-жылдан кийин президенттин аппаратында билим берүү бөлүмүнүн башчысы, соңку учурда өкмөттө социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр болуп иштеди. Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция эле эмес, жалпы эле агартуу журту жаНы министрге чоН ишеним артып жатат. Анын жетекчилик тажрыйбасы жана кесиптик даярдыгы билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү чечүүгө жана бул тармакты кризистен чыгарып өнүктүрүүгө жетет деп ишенишет.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии