ЫНТЫМАКТЫ ЧЫҢДАГАН БИЛИМ КЕРБЕНИ

  • 22.08.2016
  • 0

(башталышы өткөн санда)

Бакайаталыктар менен кош-беш айтышып жатканда кеч курун Кара-Буура райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы өзү келип, жол баштап бизди алып кетти. Жолду катар эки күндүк эсте калаар сүртүмдөр тууралуу кеп кылып бардык. Ал күнү Т.Бабанов атындагы жатак-мектепте жайгаштык. «Босогосун көрүп, төрүнө өт» демекчи, кире беришинен баштап күзгүдөй зымылдаган таптаза короо, таптаза имарат. Мектептин ичинде ЖКнын депутаты Өмүрбек Бабановдун атасы Токтогул Бабановдун музейи бар экен. Анда коомдук ишмердин өмүр таржымалы, пайдаланган оокаттары, кийимдери, бала-чакасы тууралуу маалыматтар орун алган. Атасынын ысымын өчүрбөгөн баласы быйыл дагы билим мекемесин ремонттон өткөрүп бериптир. Мектеп үчүн каражатын аябаган коомдук ишмерлердин, саясатчылардын, олигархтардын саны көбөйсө кана…

3-күн. Шекер — таланттардын Мекени

Бул күн биз үчүн өзгөчө күндөрдүн бири болду. Ириде Атамекендик согушта фашисттердин дзотун көкүрөгү менен жаап, Воронеждеги Селявное айылын канкорлордон куткарган Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин музейине бардык. Ушул айылдын тургуну А.Шыйкымбаев агай 1974-жылы өз каражатына жоокерге арнап музейин ачыптыр.   Селявное айылына барып, Чолпонбайдын эрдиги тууралуу бир топ материалдарды, издөөчүлөрдүн тапкан оокаттарынан бери кыргыз жергесине кайтарып келип, музейге койгон. Музейде Чолпонбайга тиешелүү бардык материалдар кынаптап илинип турат.

Андан соң, материалдын башында жазгандай, планетардык масштабдагы ойчул, көсөм, чебер калемгер Чыңгыз Айтматовду ааламга тааныткан Шекер айылына сапарыбызды уланттык. Жолдо шаркырап агып жаткан Күркүрөө суусун сүрөткө тартып алдык. Шекер айылындагы Күркүрөө клубунда Чыңгыз Айтматовдун салттуу музейи жайгашыптыр. Мен эмнегедир алп жазуучунун музейин балалыгы өткөн үй  деп элестеткен элем. Көрсө, ааламга из калтырган жазуучубуздун үйү эбак эле бузулуп жок болгон экен. Ал Шекер айылынын кайсы жеринде жайгашканы да белгисиз. Таласта баары жакшы экен, бирок Шекерди  дүнүйөгө тааныткан Чыңгыз атабызга арналган көз тоерлук бир дагы тарыхый-скульптуралык жайды көрө алган жокпуз, тилекке каршы… Биздин келгенибизди уккан шекерлик, пайгамбар жашынан өтүп калган аксакал Чыңгыз Айтматов келгенде үч жолу колуна суу куйганын сыймыктануу менен айтып берди. Чыңгыз Айтматов — пайгамбар, ал эртелеп эле баарын билчү деп да айтып алды.

— «Мен космосту жаза берип, жердеги нерселерди көрбөй калыптырмын» деп нааразы болду бир келгенде.  Ч.Айтматовдун бала чагы дал ушул айылда өткөн жана чыгармалардын көпчүлүгүндө  айылда жашап өткөндөрдүн жашоосу чагылдырылган. Чыңгыз менен Илгизди менин атам окуткан. Биздин айылдан котормочу, киносценарист Ашым Жакыпбеков, актёр, театралдык режиссёр Капар Медетбеков жана башка белгилүү адамдар чыккан. Негизинен Шекерден он бир жазуучу чыккан. Биздин айылга келгендер топурагынан, алмасынан ырымдап алып кетишет, оомат жуксун деп. АйылдынШекердепаталыпкалышыбоюнчабирнечеуламыштарайтылыпкелет. Шекер айылы кеменгер аялдын атынан аталган деп айтылса, экинчи жагынан айылдын үстү жагындагы таттуу булакка байланыштырышат. Бул аймакта шекер уруусундагылар көп жашагандыктан айылга Шекер деген ат ыйгарылганы да айтылып келет, — деди аксакал.

Маданият үйүнөн чыгып эле маңдайында жайгашкан Төрөкул Айтматовдун ысымын алып жүргөн мектепти карай жөнөдүк. Мектептин ар бир жасалгаланган стенддери кыргызга туу болгон ата-балага арналыптыр.  Андан соң Дүйшенбиева Рыскүл апа атындагы бала бакчага башбактык. Район боюнча 20 бала бакча бар экен, баары тең талапка ылайык жабдылганын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы айтты. Анын айтымында, жакын арада бала бакчанын санын 26 жетет.

Кара-Буура районундагы үч мектепти көрдүк. Баары тең жаңы окуу жылына жаркырап даяр. Маселен, Мадумаров атындагы мектепте такталарда азыртан эле  1-сентябрга карата материалдар илинип турат. Бул мектепте да көмөкчү чарба жакшы уюштурулган. Бардык жер-жемиштер түшүмүн бере баштаптыр. Мектеп директору Зейнеп Бабашеванын айтуусунда,  бул мектеп мурда  тогуз жылдык негизги билим берүү мектеп экен.

— 2008-2009-жылы он бир жылдыкка өттү. 2011-жылы жаңы мектепке кирдик. Талас облусу боюнча К.Скрябин атындагы Агрардык академиянын алдындагы базалык мектеп болуп саналат. 2014-жылы ысык тамакка өткөнбүз. Мектептин бир жарым гектар жеринде жаңгак, фасоль, картошка айдалган, түшүмүн алып, каражатын мектептин өнүгүшүнө салып жатабыз, ошол эле кезде балдарды ысык тамак менен камсыздай алдык. Алма, 160 түп кара өрүк отургузуп койдук. Мектеп ысык тамагы үчүн атайын тажрыйба участогун уюштуруп, анда жер-жемиштерди тигип,  азыр мөмөлөрүн алып жатабыз. Бул иш-чарага да  ата-энелер демөөрчү болуп, уруктарды беришкен, 20 жыл мурда бүтүп кеткендер фасолдун уругун беришти. Ысык тамакка ата-энелер күнүнө үч сомдон беришет. Компотко кактарды ата-энелер даярдап беришет.

Мектепте 33 мугалим эмгектенет, 440 окуучу окуйт, анын ичинен 195 бала ысык тамак ичет. Быйыл тогуз бүтүрүүчүнүн ичинен алтоосу ЖРТга катышып, босогодон жогорку баллдарды  алышты. Мындан сырткары кароосуз калган имаратты оңдоп, 100 балага үч саатка келип-кеткен жамааттык бала бакча ачылды. Стимгранттын эсебинен 25  балага ылайыктап айыл өкмөтү бала бакча куруп жатат, — деди директор.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Сырга Кубатбекованын берген маалыматына таянсак, биз барган экинчи мектеп, т.а. Анаркул Токтогожоев (алдыңкы педагог болгон, ошонун аты берилген)  атындагы орто мектепте 707 окуучу билим алат.

— Бул мектептеги 1-4-класстын окуучулары да ысык тамак ичишет, мамлекеттен бөлүнгөн жети сомго ата-энелер алты сом кошуп беришет. Ал эми 5-класстын окуучуларына ата-энелер он сомдон төлөшөт.  Ысык тамакка деп мектептин көмөкчү чарбасында картошка, сабиз, капуста ж.б.у.с. жер-жемиштер тигилген, азыр түшүмүн алып жатышат, кыскасы кышка камылга көрүшүүдө. Бул мектеп башкалардан билим сапаты менен айырмаланып турат.  Дайыма алдыда, быйыл жалпы республикалык тестирлөөдөн 184 балл алган бүтүрүүчү болду. Бүтүрүүчүлөрдүн көбүнчөсү жогорку окуу жайларга өтүштү, — дейт башкы адис.

Иш сапарыбызды тоого чукул М.Чалданбаев атындагы мектептен жыйынтыктадык.

Мектеп жетекчиси Анара Давлеталиеванын директорлук кызматта отурганына он жети жылдын жүзү болуптур.

— Ата-энелер менен байланышыбыз жакшы. Көмөкчү чарбаны өнүктүрүп жатабыз. 3 га. сугат жерибиз бар. Ысык тамак программасынын негизинде 1 гектарга картошка айдаганбыз, 200 жакын тоогубуз, 25 коюбуз бар. 50 сотых жерде фасоль айдалган. Технологиялык картада койдун эти жок, ошон үчүн балдарга берүүгө болбойт. Андыктан аларды мектептин иш-чараларына пайдаланабыз. Демөөрчүлөр жакшы, мисалы, Ниязалиев Аскат деген ишкер жигитибиз 50 миң сомдук жардам берген. Төрт ата-эне бириге калып бир классты евроремонттон өткөрүп беришти.  Район боюнча жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен быйыл биринчи орунду алдык. Бүтүрүүчүбүз 195 балл алды. Быйыл 40 окуучу бүтсө, анын ичинен  21 жогорку окуу жайларга тапшырышты, — дейт А.Давлеталиева.

Карабууралык билим жетекчилери да бакайаталыктардан кем калбай баарыбызды коноктоп, сый-урматын көрсөтүштү. Эң башкысы эки тарап тең моокуму канганча баарлашып, пикир алышып, ырдашып, тарыхтан кеп уруп, кантип көмөкчү чарбаларын өнүктүрсө болот, кантип ата-энелер менен демөөрчүлөрдү мектепке тартса болот, кантип башкарса болот ж.б.у.с. күн деминдеги маселелер тууралуу маек курушту. Ошентип эмдиги жолукканга чейин коштошуп,

«Манжалар башка билек бир, адамдар башка, тилек бир» деп бир тууган, дос болуп кайттык.

Иш-чаранын жыйынтыгында Манас ордого кайрылып, Манас музейи менен таанышып, бабаларга куран түшүрдүк. Көргөндөрүбүзгө шүгүр кылып Бишкекке карай жол тарттык.

 

Жыпар  Карыбай кызы, Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев  атындагы орто мектебинин  окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, Жети-Өгүз району:

—     Төө-Ашуунун татаал белин ашып өтүп,созулган  кереметтүү  Суусамыр жайлоосуна келдик. Ал жерден «Жайлоо» бала-бакчасы менен тааныштык.Боз үйдүн ичине уюшулган бакчанын кооздугуна суктандык.Жасалмасы жок,бардыгы наристе балдардын колу менен жасалган:сүрөттөр,ар түрдүү кооз буюмдар. «Жайлоо» бала-бакчасынын башчысы  Алмаш апанын меймандостугу,сыйчылдыгы, ак пейилден жайган берекелүү дасторкону менен бизди тосуп алганына абдан ыраазы болдук. Ушул ападай кыргыздын акылгөй энелери турганда кыргыздын кең пейилдиги,көөнө каада-салттары эч качан жоголбойт деп ойлойм.

Талас өрөөнүнүн жаратылышынын кооздугуна суктандык. Кандай керемет! БекериненМанас атабыз Алтайдан Ала-Тоого келгенде ушул жерди тандабагандыр. Чыңгыз атабыз даңазалап жазган,жел ыргагына термелген теректер да «куш келипсиздер» деп шуудурап тургандай элес калтырды.

Ак-Дөбө айылында бакайаталык кесиптештерибиз кучагын жая тосуп алышты. Мейман күтүүнүн,сыйлоонун эң жогорку деңгээлин көрсөтүштү.  Талас элинин өзгөчө сыйчылдыгына, пейилине баа бердик.

Биринчи күнүн  Өзгөрүш айылындагы У.Акынбеков, Күмүштак айылындагы Д.Дүйшөбаев, Бакай-Ата айылындагы В.И.Ленин атындагы орто мектептери  менен таанышып чыктык. Иш-чаранын эң негизги максаты — кесиптик алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу болгондуктан,мага В.И.Ленин а.о.м.компьютердик тестирлөө борбору,анын иштөө ыкмалары абдан жакты. Алар интернет тармагын натыйжалуу пайдаланып,ушул программаны ишке киргизип, окуучулардын билимин баалоодо ийгиликтүү пайдаланып жаткандарына эки жылдын жүзү болуптур.Биз бул тажрыйбаны өз мектептерибизде да жайылтууга белсенип келдик.

Чолпонбай,Шекер айылдарына, Манас-Ордо комплексине  болгон экскурсиябызды сөз менен айтып жеткире албасмын. Күн сайын, ар бир сабагында Айтматовго, анын чыгармачылыгына, Манас дүйнөсүнө кайрылбаган мугалим жоктур. Мен кыргыз тилчи, адабиятчы мугалим катары жан дүйнөмө толтура окуучуларыма, мектебиме,айылыма жетерлик руханий азык топтоп кайттым. Өзгөчө Чолпонбай Түлөбердиевдин музейинин деректири Чыңгыз  атабыздын биринчи мугалими Дүйшөндүн карындашы 92 жаштагы Качканакова Анаш энебиз менен болгон жолугушуу өмүр бою эсимде калды. Өз ичимден Чыңгыздын энелеринин учугу үзүлбөй келатканына таң бердим.Толгонай эне…Бугу эне…Анаш эне…Роза эне…

Бизди баштап барган Догдуркүл Кендирбаева айткандай: «Кыргыздар Щвейцария,Париж  деп кызыгабыз, ал эми алардан өткөн кооз жерлер өзүбүздө – Кыргызстаныбызда  эле турганын баалабайбыз»,-  дегени мени өзгөчө таасирлентти. Бул иш-чарадан кийин балага мыкты,сапаттуу билим берип гана тим болбостон, аларды өз Кыргызстанын сүйүүгө, анын ар бир жерин, ар бир ташын,суусун,көлүн кадырлап-барктоого,коргоого,кыргыздын ар бир жери керемет экенин тааныштырууга, аларды урматтап баалоого тарбиялоого жетишүүбүз керек экени ар бир бирибиздин  жүрөгүбүзгө кыттай уюду.

Нургүл Эсеналиева, Аманбаев атындагы мектептин директору, Жети-Өгүз району:

— Мага жакканы бардык мектептерде, бала бакчаларда ата-энелер менен тыгыз иш алып барышат экен. Демөөрчүлүк  жакшы жолго коюлуптур. Заманбап кабинеттер адамды өзүнө тартып турат. В.И.Ленин атындагы орто мектепте жаңы технология менен сабак өтүү, тестирлөө программасын иштеп чыгуу сөзгө алаарлык иштер бар экенин көрдүк. Ата-энелер балдарынын билимдерин мугалимдер менен кошо баалап, канчалык деңгээлде баласы тапшырманы билет экенин ынанышаары тууралуу маалымат алдык.

Биздин мектепте 282 окуучуга 25 мугалим билим берет. Айылдагы чакан мектеп. Жакшы көрсөткүчтөр бар, быйыл мектепти 19 окуучу бүтсө он беши жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, 184, 182 балл алгандар болду. Бюджеттик бөлүмгө өткөнгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

 

Саткынбүбү Кебекчиева, О.Эсенканов атындагы орто мектептин директору, Жети-Өгүз району:

— Эң негизгиси ата-энелердин демөөрчүлүгү алдында ар бир кабинет ремонттон өткөнү жакшы экен. Биз дагы ата-энелердин жардамы менен ар бир классты евроремонттон өткөрүп алсак деген ой келди. Класстын ичи жаркырап, таза болот эле. Шарт бар жерде иштөөгө да, окуганга да ыңгайлуу. Бизде мындай ыкма колго алынган эмес. Көрсө, ата-энелер менен иштесе болот экен.

Мен жетектеген мектеп 2007-жылы айыл тургундарынын демилгеси менен 9 жылдык негизги билим берүү мекемеси болуп  ачылган. Анда 180 окуучуга 21 мугалим билим-тарбия берет. Балдарга шарт түзүп берүүгө Таласта мүмкүнчүлүктөрү кенен экенин көрдүк.

 

Зебера Юсупова, Юсуф Хазирет атындагы мектептин директору, Жети-Өгүз району:

— Тажрыйба алмашуу долбоору кызыктуу экен. Ушул иш сапар менин кичинекей кезимдеги кыялдарымды орундатты. Анткени Манастын мекенин өз көзүм менен келип көрүү — мен үчүн чоң бакыт. Дагы бир мен үчүн маанилүү — мектептер аралык тажрыйба алмашуу. Көп жаңы нерселерди алдым.

Мен жетектеген мектеп көп улуттуу, анда 630 окуучу билим алат. Мектептин алдында үч сааттык жамааттык бала бакча ачылган. Окуучулардын 70% дунган улутундагылар. Андыктан мектепте кыргыз, орус, англис, дунган жана кытай тилдери окутулат. Биздин бүтүрүүчүлөрдүн көбүнчөсү Кытайдагы жогорку окуу жайларга өтүшөт.

 

Жаңыл Акматова, «Нур» балдар бакчасынын директору, Жети-Өгүз району:

— Бардык жерде демөөрчүлүк жакшы экен. Мисалы, У.Акынбеков мектебиндеги ар бир классты айылдагы өтүп кеткен атактуу, даңктуу адамдардын балдары бирден кабинет жасап беришиптир. Элим-жерим деген мекенчил балдар көп экенин айтса болот. «Гүлзар» бала бакчасынын жетекчиси Гүлкайыр Темирбекова өзү гүлзардай болгон адам экен. План программаларын көрүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок, бирок музыкант балдардын иштөөсү менен жакындан тааныштык. Жаңы бала бакча болсо дагы көптү үмүттөндүрүп турган бакча экен.

 

Канат Тогузаков, Ж.Жунушев атындагы инновациялык мектептин директору, Жети-Өгүз району:

— Билим кербенинен көп нерселерди алдык.  Мисалы, В.И.Ленин атындагы мектепте ата-энелер менен иштөө жакшы жолго коюлуптур. Ар бир кабинетти ата-энелер бөлүп алып, каржылап, ремонттон өткөрөт экен. Бул тажрыйбаны ата-энелерге жайылтуу керек экен. Бизде деле бар, бирок бизде каалаган ата-энелер гана демөөрчүлүк кылышат. Бул жерде класста 20 ата-эне болсо, жыйырмасы тең активдүү катышат экен. Учурунда биз Камкорчулар кеңешин түзүп, эсепчисин дайындагандан кийин дин багытындагы ата-энелер келип, элди бузуп кеткен. Жылына 300 сомдон мектептин өнүгүшүнө беребиз деп ары тартышып, бери тартышып жатып 150 сомго токтошкон. Аз камсыз болгондорго, жетимдерге уруксат берели деп чечишкен, бирок динчилер бербейбиз деп чыгышкан.

 

Шаршенбек Конгайтиев, Чалдыбар атындагы жатак-мектептин директору, Бакай-Ата району:

— Малчылардын балдары окуган мектеп-интернаты. 320 бала окуйт. Анын 50ү тоголок жетим, калганы жарым жетим, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары. Интернатка соттун чечими менен кабыл алынат. Бул имарат 1982-жылы бүткөн. 22 гектар жерибиз бар, анын 1 гектарында алма бак, 7 гектарында беде, көп жылдык чөп айдалган, калганы токой. Акча көп тапкан жылы асманды карап калабыз. 3 млн.сомго чейин тапкан учурлар бар. Балдарга экологиялык жактан таза сүт менен камсыз кылыш үчүн 70 уйубуз бар. Былтыртан бери портал, тендер деген чыгып, өзүбүздүн уйларды өзүбүз сое албай калдык. Мисалы, быйыл ремонтко бюджеттен 48 миң сом каралган, азыр анын 28 миңи эле келди. Атайын эсептин эсебинен 135 миң сомго ремонт кылдык. Быйыл Айыл чарба министри 76 миң сомдон ашык каражат ремонтко деп берди.

Облустук олимпиадаларда биздин окуучулар алдыңкы орундарды алышат. Быйыл 13 бала 11-классты бүтүп, бир балабыз 178 балл алды, калгандары босого баллдан өтүштү. Алты балабыз Алтайдагы жогорку окуу жайларга бюджеттик орунга өтүштү. Бир бала мединститутка, үч бала техникалык институттарга киришти.

Бизде тоголок жетим болгону менен анын тууган-туушкандары бар. Каникул учурунда опекундарга 120 күнгө акча төлөп беребиз.

Республика боюнча уйу, жери бар бир дагы интернат жок. Жылда алмадан как жасап, балдарга компот жасап беребиз. Ошондой эле курут жасап, аны эзип, тамакка кошуп беребиз. Балдар ток болушат, анан ден соолукка да жагымдуу.

 

Гүлнара Туйбаева,  «Сезим» бала бакчанын директору, Жети-Өгүз району:

—  Талас жергесинде интеллектуалдык потенциалы жогору, руханий байлыгы кенен кадрлар бар экен. Мисалы, «Гүлзар» бала бакчасында балдарды сергек жашоого үйрөтүүсү абдан жакты. Айрыкча, балдар аянтчасы чыгармачылык менен жасалгаланыптыр. Ылайым эле билим кербени улана берсин! Келечекте педагогдор балдарга жагымдуу сөзүбүз, таасирдүү мамилебиз менен үлгү болуп элге дагы, коомго дагы пайдалуу инсандарды тарбиялай берели. «Сезим» мектепке чейинки билим берүү мекемеси 2014-жылы ачылган. Тилекке каршы, имаратыбыздын жоктугуна байланыштуу, Салиев атындагы орто мектептин базасында жайгашканбыз. Эки тайпада 60 бала тарбияланат, 14 кызматкер эмгектенет. «Тарых жана маданият жылына» карата ата-энелер менен бирдикте 30 миң сомго боз үй алып, балдарды этнопедагогикага басым жасап тарбиялап жатабыз. Маселен, көлдөн чыккан жети акени, жерлердин аталыштары, Ысык-Көлдүн пайда болушу жөнүндөгү уламыштарды айтып беребиз.

 

Эсенгелди Бектуров, Шевченко атындагы мектептин директору, Жети-Өгүз району:

— Мектеп директорлору отпускага чыкканы менен толук кандуу эс алалбайбыз. Эки жакка чыкканга деле убакыт болбойт. Кыргызстанда туруп Таласты, т.а. Чыңгыз Айтматовдун мекенин, Манастын күмбөзүн көргөн эмесмин. Окуучуларга айтабыз кайсы жерде эмне бар экенин, бирок өзүбүз барбайбыз, көзүбүз менен көрбөйбүз. Билим кербенинин башкы максаты — Таластагы тарыхый жерлерди эле көрбөстөн, жакшы мектептердеги жаңычылдыктар менен таанышуу. Мектептерди кыдырдык, ар бир мектепте өзүнүн өзгөчөлүгү бар экен. Д.Дүйшөбаев атындагы мектептин алдында уюштурулган көмөкчү чарба жакты, андан алынган түшүм ысык тамакка пайдаланылат экен. Мындан сырткары, Чалдыбар мектеп-интернатынын директору эркек болгону менен билим уясын гүлзарга бөлөп салыптыр. Эмне деген керемет?! 20 ашык гектар жери, 70 уйу бар, т.а. көмөкчү чарбасы менен интернатты кармап турат экен. Окуучулардын сырткы келбетин көргөн жокпуз, бирок мектептин жетекчиси, мугалимдери, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы менен таанышып, билим берүү системасында жан дили менен иштегендер бар экенин көрдүк. Маянасы аз болсо дагы, өздөрү менен өздөрү иштеп, каражат таап жатканы таң калычтуу. Мугалимдери бардык аракетин окуучулардын сапаттуу билим алуусуна жумшаганы жакты. Бизде деле иш бар, бирок мынчалык өнүктүрүп кеталбай жүрөбүз.

 

Эсенгелди Момбеков, Т.Айтматов атындагы мектептин директору, Кара-Буура району:

— Мектеп 624 орундуу, 1984-жылы ишке берилген. 800 жакын окуучу билим алып, 54 мугалим эмгектенип жатат. Райондо биринчилерден болуп, «Манастын урпактарынын биримдиги» жаштар уюмун ачтык. Ошонун негизинде райондук семинар өтүп, уюмдун иши жалпы облуска жайылтылып жатат. Максаты — окуучуларды патриоттуулукка тарбиялоо, Манасты жакындан таануу. Ушуга карата мектептин экинчи кабатында «Манастын урпактарынын биримдигинин» залы ачылган. Ал жерде уюм боюнча бардык маалыматтар камтылган. Ушул залда сабактан сырткаркы тарбиялык сааттар, кошунга өтүү иш-чаралары өткөрүлөт. Кошунга өтөөрдө илгерки пионер, комсомолго өткөндөй эле ант беришет. Манас кошунунун баш кийими кызыл пилотка, Семетейдики көк, Сейтектики жашыл.

Кошунга өтүп жатканда формаларын кийип, «Манасты кыргыз даңктаган, кыргызды Манас сактаган» деген уран менен Манасты даңазалап, сценка аткарышат.

Айылдагы мыкты инсандардын атын ар бир кошун алат. Мисалы, Ашым Жакыпбеков атындагы канат дейли. Бул кошундун мүчөлөрү аны жакындан изилдеп, өмүр баянын окушат.  «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, окуу менен эмгекти айкалыштырып, бардыгыбыз ынтымакта бололу» деген девиз менен окуучулар билим алып жатышат.

Быйыл ЖРТ 187 баллга чейин алышты, 25 окуучунун ичинен он окуучубуз бюджетке өттү.

Башталгыч класстын окуучулары  13 сомдук ысык тамак  ичишет.

Замир Байтиков, Чоң-Жаргылчак орто мектебинин директору, Жети-Өгүз району:

— Адамга руханий байлык керек. Талас эли менен жакындан тааныштык, ой бөлүштүк. Билим кербени мектептер ортосундагы байланышты чыңдады. Ар бир мектептин өзүнүн өзгөчөлүктөрү болот эмеспи. Биз ошондой өзгөчөлүктөрдү көрдүк. Мектебибизге дагы жаңылык киргизгенге багаж топтодук. Өзгөрүш айылындагы лидер директордун иш алып барган уюштуруучулук, башкаруу боюнча иш тажрыйбасы абдан жакты. Мен дагы ошол иш-чараларды мектепке жайылтып, биздин дагы иштер ого бетер алдыга жылат деп ойлойм.  Дагы бир өзгөчөлүк дүйнөгө таанымал жазуучубуз Ч.Айтматовдун музейинде болдук. Ал жерде сүрөттөрдүн арасында менин дагы атам бар экен. Тагдырыма миң мертебе ыраазымын. Сүйүндүм. Анткени ушул сүрөттө тургандардын баары биздин айылда 1975-жылы «Ак кемени» тартышкан. Ошондо атам дагы түшүп калыптыр.  Аны көрүп абдан сыймыктандым.

 

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»,

Бишкек — Бакай-Ата — Кара-Буура — Бишкек

 

 

Поделиться

Комментарии