ТУӉГУЧ ГЕЗИТТИН МУЗЕЙИ АЧЫЛДЫ

  • 12.07.2013
  • 0

МА-1Кыргыздын жазма адабиятынын тарыхы менен тамырлаш келе жаткан “Кыргыз Туусу” гезити келерки жылы өзүнүн 90 жылдык мааракесин тосуу алдында турат. Мына ошол мааракенин урматына гезиттин редакциясында басма сөз музейи ачылды.

Салтанатты гезиттин башкы редактору Бакытбек Орунбеков ачып, “Кыргыз Туусу” гезитинин бир кылымга жакындап барат­кан тарыхына жалпы баяндама жасады. Алгачкы жолу 1924-жылдын 7-ноябрында жарык көргөн бул гезитке ошондогу тун­гуч агартуучу Ишенаалы Арабаев “Эркин Тоо” деп ат койгон эле. 14 жаштагы Ма­масалы Абдукаримов Ташкен шаарынын көчөлөрүндө “Кара кыргыздын гезити чык­ты, алгыла, алгыла!” деп эки көзүнөн куба­нычтын жашын агызып таратып жүргөн. Гезит чыкканы кубаныч, сүйүнүч алып келсе да, аны жалпы кыргыз калкы окуганга чаркы жеткен жок эле. Себеби, ал кез араӊдан гана сабаттуулукту жоюу убагы башталган мезгил эмес беле.

Андан бери канча заман өзгөрдү… Кара кыргыздан дүйнөнү суктандырган Чыӊгыз Айтматовдой улуу жазуучу, Сүймөнкул Чокморовдой залкар талант, Болот Миӊжылкиевдей булбул таӊшык ырчы чы­гып, улуттук адабият менен искусствонун арышы өргө чапты. Ошонун баарына атал­ган гезит жарчы болду. Гезиттин элге кызмат кылганына мына бир кылымга чукулдап бара жатат… Салыштырып караганда бул тунгуч гезит кыргыз элинин өнүгүп-өсүшүндөгү ар бир тармагынын тарыхы менен кошо жашап келе жатат. Республикабыздын кайсы гана жагы болбосун, ушул гезиттин бетинде жа­рыкка чыгып, элге жетип турду. Учурунда колхоздоштуруу, индустриялаштыруу, Улуу Ата мекендик согуштун кан күйгөн жылдары, согуштан кийинки бүлүнгөн чарбаны калы­бына келтирүү, социализмдин гүлдөгөн до­оруна чейин колдон түшпөгөн жарчылыкты аткарып келди. Мына ушул жылдары гезит 160 000 нускада чыгып турду.

Эгемендиктин жылдары дагы бул туӊгуч гезит атын алмаштырса да, затын алмаш­тырбай, эл менен бийликтин ортосундагы алтын көпүрөдөй кызмат кылууда. Демек, “Кыргыз Туусунун” музейи кыргыз тарыхы­нын өзөгүнөн чыккан бир бутагы. Музейдин ачылыш салтанатына кыргыз интеллигенци­ясынын белгилүүөкүлдөрү, акындар, жазуу­чулар, гезиттин ишине активдүү көмөктөшүп келе жаткан авторлору катышты.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, драматург Бексултан Жакиев куттуктоо сөзүндө мындай деди: “Биз мектепте окуп жүргөндө бул гезит “Кызыл Кыргызстан” деген ат менен чыкчу, эсимде, мен кандай ыр чыкса дагы көчүрүп, жаттай берчү элем. Ушул гезит менен биздин чыгармачылы­гыбыз бирге өстү. Музей жакшы иштин башталышы десек болот. Бул бизди тол­кундантчу окуя болуп жатат. Гезит ар бир доордо татыктуу кызмат аткарып келген, азыр да жакшы чыгып жатат. Куттуктайм”.

Маданият, маалымат жана туризм ми­нистринин орун басары Кожокелди Култе­гин музейдин ачылышынын тарыхый ма­анисине токтолуп, өз пикирин төмөнкүдөй билдирди: “Кыргызстанда гезит көп, деги жалпы эле ЖМК өтө көп. Бирок ошончонун бардыгын “Кыргыз Туусунун” тиркемеси деп айтаар элем. Анткени Кыргызстанда тарыхы узак, тарыхка бай басылма — “Кыр­гыз Туусу” гезити. Ар бир жарык көргөн саны, ар бир макаласы өзүнчө тарыхый мааниге ээ, ошондуктан аны мамлекет, мамлекеттик мекеме, түрдүү тармактагы чыгаан инсандар тарыхый экспонат катары колдонушат. Бүгүн бул гезиттин музейи ачылып жатышы чоӊ маданий, тарыхий окуя деп айтсак жаӊылышпайбыз”.

“Кыргыз Туусунун” мурдагы легендарлуу редактору Жаныбек Турсунов да бул күнү кубанычын жашырган жок. “Кыргыз улут­тук коомчулугунда унутулгус окуя болуп жатат,- деди ал. Кыргыз басма сөзүнүн башаты болгон “Эркин Тоо” – “Кызыл Кыргызстан” – “Советтик Кыргызстан” – “Кыргыз Туусу” болуп аталып келе жаткан туӊгуч гезитибиз элибиздин өткөндөгүсүнө, азыркысына, келечегине ой жүгүрткөн чоӊ басма сөзүбүздүн музейинин ачылышы абдан кубанычтуу, тарбиялык мааниси чоӊ окуя. Келечекте жаш муундарды, өзгөчө журналисттерди татыктуу тарбиялоодо мааниси зор.

Бул гезиттен коомдук, мамлекеттик иш­мерлер өсүп чыккан. Касым Тыныстанов баштаган Баялы Исакеев, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Курмангалы Караке­ев, Турдакун Усубалиев ж.б. улуу инсандар буга мисал. 90 жылдыгына гезиттин бул музейи жакшы белек, ушул ишти уюштурган гезиттин башкы редактору Бакытбек Орун­бековго жана жалпы жамаатына ыраазылык билдирип, ийгилик каалайм”.

Кыргыз Республикасынын Президен­тинин аппаратынын маалымат-саясат бөлүмүнүн эксперти, “Кыргыз Туусу” гези­тинин мурдагы редактору Жедигер Саалаев куттуктоо сөзүндө буларды айтты: “Чынын­да бул гезиттин ар бир чыккан саны, ар бир барагы өзүнчө музейге татыктуу десек болот. Анткени өлкөбүздүн тарыхынын, таг­дырынын санжырасы ушул гезитте калган. Келерки жылы 90 жашка чыкканы турат.

Биз иштеп турган жылдары музей ачуу идеясын гезит беттеринен баштаганбыз. Турдакун Усубалиевди, Чыӊгыз Айтматовду алып келип, эскерүүлөрүн жазып алып, “Гезит бетиндеги санжыраны” баштадык эле. Музейде ошолор да болуш керек. Эӊ негизгиси Кыргызстанда гезит тууралуу музей жаралгандыгы биринчи факт болуп калды. “Кыргыз Туусунда” ушул жакшы иде­яны аягына чыгарганы үчүн баш редактор Бакытбек Орунбековго, жалпы жамаатка рахмат айтам. “Кыргыз Туусу” өлкөбүздөгү гезиттердин көч башы, номуру биринчи аты менен калыш керек”.

Салтанатта Тенти Орокчиев, Жийдебүбү Исакова ж.б. атуулдар кут­туктоо сөз сүйлөштү. «Кыргыз Туусунун” музейи жалпы улуттук журналисткадагы тарыхый мааниси бар окуя экендиги чын­дык. Азырынча музейдин ишинин башта­лышы гана. Келечекте ал ири музейлердин катары толуктала, экспонаттардын катары улам кошула бермекчи. Музейдин заманбап электрондук версиялары да жасалмакчы.

Бактыгүл ЧОТУРОВА

Поделиться

Комментарии