Туӊгуч агартуучунун 130 жылдыгы жыйынтыкталды

  • 01.07.2013
  • 0

Кыргыз элинин туӊгуч агартуучусу Эшенаалы Арабаевдин 130 жылдык юбилейине арналган иш-чаралардын жыйынтыктоочу отуруму И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде болуп өттү.

Иш-чарага Казакстандан келген окумуштуулар жана жергиликтүү белгилүү илимпоз-окумуштуулар, тарыхчылар, маданият кызматкерлери, агартуу тармагынын өкүлдөрү жана Э.Арабаевдин неберелери, тууган-уруктары катышты. Бул иш-чара Э.Арабаевдин 130 жылдыгына арналган иш-чаралардын жыйындысы болуп саналат.

— Биздин окуу жай сыймыктануу менен атын алып жүргөн кыргыздын туӊгуч агартуучусу Эшенаалы Арабаевдин 130 жылдыгына арналган иш-чаралар биздин университетте бир жылдан бери байма-бай өткөрүлүп келүүдө. Биз бүгүнкү күндө өз алдыбызга койгон максатыбызга жеттик деп эсептесек болот. Университеттин окумуштуулар кеӊешинде иш-чаралардын планын бекитип алганбыз. Ал иш-чаралардын биринчи багыты Э.Арабаевдин китептерин жана ал жөнүндө жазылган   китептерди басып чыгаруу болчу. Жыйынтыгында, өзү менен кошо репрессияланып кеткен “Жаӊылык” жана “Табыйат таануу алипбееси” аттуу эки китебин басып чыгардык. Бул китептер педагогика илиминин өнүгүшүнө чоӊ салым кошот деп ишенебиз, — деди өз сөзүндө окуу жайдын ректору Төлөбек Абдрахманов.

Андан сырткары университетте түзүлгөн жумушчу топ тарабынан туӊгуч агартуучунун араб, латын графикасында жазылган эмгектери кириллицага которулуп жарык көрдү. Педагогика институтунун  башталгыч мектепте кыргыз, орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасында Э.Арабаевдин «Алиппе» китептеринен алынган тексттеринин негизинде балдар үчүн 14 китепче кыргыз жана орус тилдеринде даярдалган. Бул иш-чаралардын алкагында Т.Абдрахманов, А.Кубатова жана Ж.Байдилдеевдин авторлугунда “Эки доор инсаны Эшенаалы Арабаев” аттуу китеп дагы басылып чыккан. Анда архивдик материалдар, илимий эмгектер жана кол жазмалардын негизинде Э.Арабаевдин коомдук-саясий жана агартуучулук ишмердүүлүгү, ХХ кылымдын башындагы улуттук интеллигенциянын, коомдук аӊ-сезимдин калыптанышынын, улуттук-боштондук кыймылынын башаты болгон жадидчилдик кыймылына кошкон салымы баяндалат. Мурда көмүскөдө калып келген, жарыяланбаган архивдик материалдар да алгачкы ирет далилдүү булак катары пайдаланылган.

Андан сырткары окуу жайда жыл бою элүүгө жакын республикалык жана эл аралык илимий практикалык конференциялар өткөрүлүп, анын негизинде окуу жайда үч жарчы жарык көргөн.

— Биз мындан сырткары Э.Арабаев атындагы сыйлыкты дагы бир сыйра карап чыктык. Студенттер арасында дагы Э.Арабаев атындагы эки стипендия берүү чечимин кабыл алдык. Муну менен эле окуу жайда иш токтолуп калбайт, дагы бүтпөй калган иштерди акырына чыгарабыз, — дейт Т.Абдрахманов.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн туӊгуч агартуучунун небереси М.Арабаева окуу жайдын жетекчилигине жана эмгек жамаатына тереӊ ыраазычылыгын билдирип, чоӊ атасы тууралуу эскерүүлөрүн айтып берди.

— Менин атам чоӊ атам жөнүндө көп айтаар эле. Ал «эгерде чоӊ атаӊдай болгуӊ келсе көп оку, калп айтпа, ууру кылба дечү. Анткени чоӊ атам ушунчалык чынчыл, билимдүү, калп айтпаган, ууру кылбаган адам болгон экен. Тилекке каршы, мен андай улуу инсан боло алган жокмун. Бирок анын агартуучулук жолун жолдоп, мектепте отуз жыл мугалимдик кесипти аркаладым, — дейт небереси М.Арабаева.

Иш-чарада Казакстандын жана Кыргызстандын окумуштуулары тарабынан Э.Арабаевдин басып өткөн жолуна, коомдук-саясий, агартуучулук ишмердүүлүгүнө арналган баяндамалар окулду.

Ч.Кийизбаева, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии