Тоолор гана кулабайт

  • 31.05.2013
  • 0

Өткөн жумада И.Раззаков атындагы техникалык университетинин академик  У.Асаналиев атындагы Тоо иштери жана тоо технологиясы институту өзүнүн түзүлгөнүнүн 20 жылдык юбилейине карата “Тоо-кен иштетүү тармагынын азыркы учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги” деген темада эки күндүк  эл аралык конференция болуп өттү. Конференцияга Борбор Азиядагы жана Европадагы бир катар көрүнүктүү окумуштуулар катышып, тоо-кен тармагынын проблемаларын козгогон докладдарды окушту.

Аталган окуу жайдын директору, профессор К.Таштаналиев, окумуштуу профессорлор К.Осмонбетов, А.Жайнаков, С.Нуркеев, К.Кожогулов, И.Чунуев өз докладдарында жалпы эле Кыргызстандагы тоо-кен иштерине байланышкан негизги көйгөйлөргө токтолушту. Андан соӊ беш секцияга бөлүнүп иштешип, кыргыз Ала-Тоосунун кендерин иштетүүдө экологиялык, технологиялык, экономикалык  аспектилерин тереӊ анализге алышып, заманбап талаптардын шартында кен иштерин туура иштетип, пайдалануунун жолдорун изилдеген атайын темаларда илимий докладдар окулуп, кызуу талкууга алынды. Мында Кыргызстандын экологиясы туурасында да кеӊири кеп болду. Конференциянын аягында бирдиктүү резолюция кабыл алынып, Кыргызстандын тоолорун кулатпай, экологиясын өксүтпөй, экономикасын чыӊдоо идеясын бир топ сунуштар менен белгилешти.

Ошентип, Тоо-кен институту өзүнүн даӊктуу 20 жылдык мааракесин илимий багытта, иштиктүү белгиледи. 

 М.Токторов, “Кутбилим” 

Поделиться

Комментарии