ТИЛ ТАГДЫРЫ ҮЧҮН МААНИСИ ЗОР ЧЕЧИМ

  • 05.07.2013
  • 0

2013-жылы 1-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Далай талкуулардан, талаш-тартыштардан кийин, түркүн пикирлердин эӊ жүйөлүүлөрүн эске алуу менен кабыл алынган бул расмий документтин урунттуу жерлерине окурмандын көӊүлүн бурабыз.

Жарлыкта кыргыз тилинин кыргызстандыктарды бирик-тирүү дараметин арттыруу, тил үйрөтүүдө алдыӊкы усулдарды жана жаӊы технологияларды, кеӊири колдонуу, окуу китептеринин чыныгы сапатын эксперттердин элегинен өткөрүү, азыркы заман талабына жооп бергидей мыкты окуу программаларын, окуу куралдарын иштеп чыгуу, айрыкча «балдар жана жаштар үчүн ата-мекендик жана чет өлкөлүк адабияттын эӊ мыкты үлгүлөрүн» жеткиликтүү кылуу зарылдыгы баса белгиленген. Бул үчүн бир гана мамлекеттик бюджетти карап отура бербей, базар мамилелерине да таянып, жарандык сектордун мүмкүнчүлүктөрүн көмүрөөк пайдалануу зарыл делет Жарлыкта.

Өлкө башчысы мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана мамлекеттик тил саясатын өркүндөтүүгө багытталган биринчи кезектеги жана кечиктирилгис чараларды да аныктады. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук тил комиссиясын каржылоо жок дегенде эки эсеге күчөтүлмөкчү. «2014-жылдын бюджетинде … 5-11-класстар үчүн тил сабактары боюнча окутуунун заманбап функциялык-коммуникациялык усулдарын пайдаланууга негизделген окуу-усулдук комплекстерди (окуу китептер, жумушчу дептерлер, усулдук окуу куралдары) басып чыгарууга каражат» каралат. Быйыл болсо “инновациялык 100 мектеп” программасын жүзөгө ашырууга, анын ичинде бул максаттарга республикалык бюджеттин орточо мөөнөттүк божомолунда каражат бөлүүнү кароо менен алардын базасында көп тилдүү билим берүү жана тил сабактарынын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууну пилоттоого киришүү» керек.

«Мамлекеттик тилди билүү деӊгээлин текшере турган “Кыргызтест” системасын иштеп чыгууга жана киргизүүгө багытталган иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине 2013-жылы 2,5 млн. сом жана 2014-жылы 4,5 млн. сом бөлүү» да Өкмөткө сунушталат. Бул тест иштелип чыккан соӊ, келерки жылы сынактан өткөрүлүп, 2015-жылдан тартып колдонууга киргизилиши керек.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенип “Пирамида” медиахолдингинин базасында Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын, анын ичинде тилди кеӊири таанытууга, ошондой эле Кыргызстандын азыркы маданиятынын мыкты үлгүлөрүн алга илгерилетүүгө багытталган ар түрдүү пландагы телевизиондук берүүлөрдү көрсөтүү үчүн иштеп жаткан «Маданият-Тарых-Тил» (МТТ) телевизиондук каналын түзүүнү камсыз кылсын». Мындан тышкары, Коомдук телерадио корпорациясына, ЭлТР жана мамлекет катышкан башка телерадиокомпаниялага ар кандай курактагылар үчүн видеокурстар, көркөм жана анимациялык фильмдер аркылуу кыргыз тилин окутуу жана кеӊири таанытуу боюнча теле- жана радио-долбоорлорду жүзөгө ашыруу сунушталмакчы

Билим берүү жана илим министрлиги быйыл 15-сентябрга чейин Бишкек жана Ош шаарларындагы ЖОЖдордун базасында чоӊдор үчүн мамлекеттик тилди окутуучу акысыз курстарды, кыргыз тилин үйрөтүүнүн мыкты ыкмаларына конкурс уюштуруп, мыкты окуу куралдарын басып чыгарууну каржылоого тийиш.

Жарлыкта белгиленген ушул жана башка талаптардын аткарылышы үчүн Билим берүү жана илим министрлигине 5 миллион, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 3 миллион, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фондуна 2 миллион сом баштапкы колдоо чарасы катары бөлүнсүн деп чечти Президент Алмазбек Атамбаев.

Эми кеп аткаруу түзүм-дөрүнүн, ыйгарым укуктуу мамлекеттик кызматкерлердин, билим берүү чөйрөсүндөгү адистердин жоопкерчиликтүү иштешинде калды. Бул Жарлыкта белгиленген иштердин баарын туура уюштурса, эксперттер менен адистер, авторлор менен усулчулар калыс тандалса, каржылоо үзгүлтүксүз камсыздалса, кыргыз тили иш жүзүндө мамлекеттик тил болору анык.

 

Жолдош Турдубаев

Поделиться

Комментарии