ТЕЛЕВИЗОРУ, ТЕЛЕФОНУ ЖОК ОКУУЧУЛАРГА МУГАЛИМДЕР ЖАРДАМГА КЕЛИШТИ

  • 08.04.2020
  • 0

Кочкор районундагы мектеп жетекчилери, мугалимдер өз ара сүйлөшүп, телевизору, телефону жок окуучуларды камсыздап жатышат.

Кочкор районундагы Ак-Чий орто мектебинин директору Дайырбек Айдарбековдун берген маалыматына таянсак, ар бир мектеп жетекчиси, класс жетекчиси тарабынан окуучуларга, ата-энелерге каникул учурунда санитардык гигиеналык эрежелерди, өрт жана теникалык коопсуздук эрежелерин сактоо,үйдөн көркөм адабий китептерди окуу, сабактарга даярдануу сыяктуу эскерткичтерди беришкен.

— Мугалимдер өз ара видеороликтерди, видеосабактарды даярдап аралыктан окуучуларга тапшырмаларды берип, кайтарым байланыш кылып жатышат. Талапка жараша дистанттык окутууну пайдалана тургандыктан министрлик тарабынан мугалимдерге берилген колдонмо усулдарды пайдаланып, предметтик мугалимдер өз ара группаларды түзүп, электрондук-технологиялардын негизинде дистанттык сабак өтүүнү өздөштүрүшүүдө. Бул мезгилге чейин мугалимдер окуучуларга Zoom, Teleqram, WhatsApp, Gooqle, Classroom аркылуу сабактардын иштелмелерин жасап, дистанттык ыкма менен окутуп,тапшырмаларды берип келишти. Ата –энелерге, окуучуларга мектеп жетекчилери жана класс жетекчилер аркылуу 8-апрелден баштап мектеп окуучулары толук дистанттык окууга өтөөрүн эскертишип, даярдоо жана 1-4-класстын окуучулары үчүн ”Баластан” телеканалы, ал эми 5-11-класстын окуучулары үчүн “ЭлТР”, “Пирамида”, ”Санат”, “5-канал” жана облустук телеканалдары аркылуу видеосабактар көрсөтүлө тургандыктары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жасашты. Бирок аралыктан окутууну мурда пайдаланып көрбөгөндүктөн бардык жерлерде мугалимдерде, ата-энелерде, окуучуларда ар кандай кыйынчылыктар жаралды. Өзгөчө видеосабактарды жасоодо, ата-эне, окуучулар менен байланышууда . Мисалга алсак, компьютер, ноутбук, азыркы талапка ылайык кол телефондордун мугалимдерде, окуучуларда жок болгондугу, жетишсиздиги, барлардын интернетке кошулбагандыгы, кээ бир айыл жерлеринде Мегаком, О түйүндөрүнүн тартпагандыгы, болсо дагы интернеттин начар тарткандыгы, окуучулардын өзүлөрүндө кол телефону жок,үйдөгү окуган төрт балага бир эле телефон колдонулаары, аларда бирдиктеринин жоктугу, кээ бир жакыр жашагандардын телефондору, телевизорлору такыр эле жок экендиги, кээ бирөөлөрдүн тоолуу жерлерде сарайларда тургандыктан ал жерлерде электр энергиясы тартылган эмес. Бирок биримдик менен акырындап кыйынчылыктар орду ордуна келүүдө, — дейт директор.

Окуучуларына түтпөгөн кээ бир мугалимдер өз ара сүйлөшүп телевизор, кол телефон менен камсыз кылышууда. Айыл жерлериндеги кээ бир интернет жакшы тартпаган айылдарда көйгөйлөр жаралышы мүмкүн дещет жетекчилер. Мындай көрүнүштү туура түшүнүү менен кабыл алып, буга мугалим, ата-эне же окуучу күнөөлү эмес экенин жетекчилер белгилеп жатышат.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии