«ТЕКСТТИН АТЫ ӨЗГӨЧӨ МААНИГЕ ЭЭ»

  • 22.01.2016
  • 0

Алмазбек Токтомаметов, КБАнын мектепке чейинки жана башталгыч мектепте билим берүү лабораториясынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты.

 — Алмазбек мырза, кенже курактагы балдар текстти кандай кабыл алышат?

— Бул курактагы балдар диалог түрүндөгү, суроо-жооп формасындагы текстти жеӊил кабыл алышат. Мындай тексттерди угууда да, окууда да эки жактын теӊ ролуна кирүү менен, кырдаалдык жагдай түзүлүп, текст жеӊил да, толугураак да кабыл алынат, аларды балдар жакшы түшүнүшөт.

Кенже курактагы балдар үчүн тексттин (чыгарманын) аты да өзгөчө мааниге ээ. Анткени чыгарманын атын угуу менен, баланын башында чыгарманы окуганга чейин ал тууралуу божомол пайда болот, ал андан ары өнүгө баштайт. Бекеринен ата-бабаларыбыз жомокторго өзгөчө ат берген эмес экен да. Алсак, «Абышка, кемпир, анын үч уулу жана жалгыз түп алмасы тууралуу жомок», «Эмне үчүн үкү түнкүсүн учуп калган?», «Акыл Карачач», «Акылдуу бала», «Алтын кыз», «Алтын куш», «Жезкемпир», «Байдын эрке баласы», «Куйругун жазалаган түлкү», «Жылан менен кишинин арбашы» ж.б.

Орус элинин улуу жазуучусу Л.Н.Толстой балдар үчүн 600дөн ашык чыгарма жазган, алардын ар биринин атын карап көрсөӊүз, жазуучу аларга өзгөчө маани бергени көрүнүп турат. Мисалы: «Шамал кайдан жаралат?», «Карышкырлар балдарын кантип үйрөтүшөт?», «Ууру кантип өзүн билдирип алды?», «Аязда дарактар эмнеге кычырайт», «Ташбака менен бүркүт», «Чөөлөр жана пил», «Магнит деген эмне?», «Тобурчакты кай жерден сындырсаӊ да, эмнеге бир жагы чуӊкур, бир жагы томпок?» ж.б.

— Чыгарманын атын укканда же окуганда балада божомол түшүнүк пайда болот тура. Ошол түшүнүк кандай жол менен өнүгөт?

— Тексттин биринчи сүйлөмү (жалпысынан башталышы), бир жагынан, текстти андан ары окууга өбөлгө түзүп кызыктырса, экинчи жагынан, тексттин атын укканда баланын башында пайда болгон божомол андан ары уланып өркүндөйт. Текстти окууга кызыктырууга мисал келтирсек, орус элинин мыкты жазуучу В.П.Астафьевдин бир аӊгемеси мындайча башталат: «Талаага үйүр айдап чыккан балдарды эки нерсе абдан таӊ калтырды…». Албетте, бул сүйлөмдөн кийин баланын колунан текстти (китепти) алып коюуга болбойт. Бул сүйлөм баланы өзүнө тартып, «арбап» алат. Ал эми балдарды кызыктырган эки нерсени тапкычакты чыгарма аягына чыгат.

— Ал эми жомокто «Илгери-илгери…» деп башталат эмеспи?

— Ооба, «Илгери-илгери бир абышка-кемпир, алардын үч баласы жана жалгыз түп алмасы болуптур…». Бул сүйлөмдү окуган баланын башында дароо абышка-кемпирге, алардын үч уулуна жана жалгыз түп алмага байланышкан өзүнүн болжолу жаралат да, балага текстти окуттурбай токтотуп койгондо да, тигил божомол андан ары өз алдынча уланып кете берет. Б.а. баланын өзүнүн варианты пайда болот. Эгерде бала текстти бир аздан кийин токтогон жерден ары окуп улантса, анын башында жаралган өзүнүн варианты менен окуган варианты салыштырылып катар жүрүп отурат. Бул салыштыруу текстти жакшылап эстеп калганга да, аны талдаганга да жакшы жардам берет.

— Тексттеги сүрөттөр, көрсөтмөлүүлүктөр да өзгөчө мааниге ээ болсо керек?

— Ооба, кенже курактагы балдар үчүн тексттин жасалгаланышы, кооздолушу, көрсөтмөлүүлүк, сүрөттөр зор мааниге ээ. Текстке карата тартылган сүрөттөр тексттеги ойду толуктоо менен, аны ар тараптан байытат. Адабий окуу китептеринде сүрөттөр, көрсөтмөлүүлүк үч багытта колдонулган: 1. текстке кошумча маани берүү, аны кооздоо үчүн; 2. текст менен катар мааниге ээ болуу, б.а. тексттин бир бөлүгү сөз менен, экинчи бөлүгү сүрөт менен берилет; 3. сюжеттүү сүрөттөр гана берилет (бир окуяга карата анын мазмунун ачкан бир нече сүрөт сунушталат).

— Окуу техникасындагы окуу ылдамдыгы жаатында оюӊуз кандай?

— Кийинки кезде тиешелүү окуу ылдамдыгы зарыл экендигин белгилөө менен, негизги максат бул эмес, аӊ сезимдүү түшүнүп окуу болоруна басым жасалууда. Бул айтылганды ишке ашыруу максатында окуу техникасындагы окуу ылдамдыгынын ченемдери азайтылууда. Авторлоштукта иштелип чыгып, Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеӊеши бекиткен «Башталгыч класстардагы окууга коюлуучу базалык талаптарга» (2014), «Башталгыч класстардагы Кыргыз тил боюнча предметтик стандартка» (2015) ылайык, окуу жылынын аягында 1-класста үн чыгарып тааныш эмес тексттен 25 сөз, 2-класста 40 сөз, 3-класста 60 сөз, 4-класста 80 сөз окуу талабы коюлат.

 

И. КАДЫРМАМАТОВ,

КРнын Билим берүүсүнүн отличниги

Поделиться

Комментарии