ТАЖРЫЙБА АРКЫЛУУ ИЙГИЛИККЕ

  • 12.07.2013
  • 0

Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атын­дагы №69 окуу–тарбия комплекс–гимназиясында окуу–тарбия процесси эӊ жакшы жолго коюлган.

Мектеп «Тажрыйба аркылуу ийгиликке» деген теманын астын­да иштейт. Мектептин жетекчиси Атаева Сайрагүл мугалимдердин иштеши үчүн бардык шарттар­ды түзүп берген. Мектепте оку­туу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Кытай жана немец тилдери тереӊдетилип окулат. Немец ти­линен сабак берген мугалимдер жана жакшы окуган окуучулар Германияга барып тажрыйба алмашып турушат. Мугалимдер интернеттен керектүү маалымат­тарды алып, колдоно алышат. Китепкана окуу китептери, усулдук китептер жана көркөм адабияттар менен жабдылган. Мугалимдер сабак өтүүдө интерактивдүү до­сканы колдонуп иштешет. Класс бөлмөлөрү сабак өтүүгө ылайык­туу жабдылган. Мектеп жетекчи­синин орун басарлары Борукчи­ева Гүлмира менен Рыскелдиева Атыркүл усулдук ишти мыкты жетектеп келишүүдө. Мугалим­дердин билимин өркүндөтүү иши эӊ жакшы жолго коюлган. Кыргыз билим берүү академиясы менен тыгыз байланышта иш алып ба­рышат. Мугалимдердин билимин өркүндөтүү курсуна келген мектеп жетекчилери, окуу бөлүм башчы­лары, усулдук бирикме жетекчиле­ри менен мектептин админстраци­ясы жана мугалимдери, башкаруу иши боюнча тажрыйба алмашып турушат. Биология сабагы боюн­ча практикалык иштер мектептин оранжереясында жүргүзүлөт. Са­бактар жогорку деӊгээлде өтүлөт. Алсак С.Карыпова, А.Исмаилова, Г.Исаева, А.Токтомамбетова, К.Курманалиева, А.Сулайманова, З.Женалиева, Г.Дуйшеева, З.Сатыбалдиева, Г.Жусупова, М.Эсенканова, М.Миярова, Н.Рыспаева жана башка му­галимдер сабак өтүүдө окутуу усулдарын туура колдонушат жана кызыктуу өтүшөт. Сабактар­да көркөм тасмалар, видеолор, слайддар колдонулат. Долбоор­дук сабактар өтүлөт. Мугалим­дер: «Окуу түндө алдыӊдагы шам чырак,

Билим алсаӊ маӊдай ачык жаркырап». (Жусуп Баласагын)

«Натыйжасыз окутуу – окуу­чу үчүн да, мугалим үчүн да кор­кунучтуу». (Сухомлинский)

«Балдар мектеп үчүн эмес, мектеп балдар үчүн!», — деген учкул сөздөрдү туу тутушат.

Мектеп парламенти дагы көптөгөн иштерди жүргүзүүдө. «Келечек» жаштар уюму коом­догу болуп жаткан көйгөйлөрдүн үстүндө иштеп келишүүдө. Ми­салы, насыбай көйгөйү боюнча көптөгөн иштер аткарылды.

«Билерман» Тимурчулар тобу бар. Алар Улуу Ата мекендик со­гуштун катышуучулары, Чернобыл­га катышкан адамдар жана көчө тарыхы жөнүндө изилдөөчүлүк иштерди жүргүзүшөт. Окуучулар­ды ар тараптан тарбиялоо боюнча көптөгөн ийримдер иштейт. Мек­тепте бассейн бар, балдар сууда сүзгөндүүйрөнүшөт. Тренажор­дук залдан машыгышат. Мектеп­те дагы көптөгөн мыкты иштер болууда.

Бул мектепте 184 мугалим эмгектенет. Алардын ичинен:

• Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген мугалими жана «Даӊк» медалынын ээси – 1;

• СССРдин Эл агартуусунун отличниги – 1;

• Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы -1;

• Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги — 34;

• Бишкек шаарынын Мэриясынын Ардак грамотасынын ээси – 58;

• Илимий даражадагы мугалим – 1.

 

А.ТАЛАСБАЕВА, КББА, ага окутуучу

Поделиться

Комментарии