ТАЖРЫЙБА АРКЫЛУУ ИЙГИЛИККЕ
- 12.07.2013
- 0
Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы №69 окуу–тарбия комплекс–гимназиясында окуу–тарбия процесси эӊ жакшы жолго коюлган.
Мектеп «Тажрыйба аркылуу ийгиликке» деген теманын астында иштейт. Мектептин жетекчиси Атаева Сайрагүл мугалимдердин иштеши үчүн бардык шарттарды түзүп берген. Мектепте окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Кытай жана немец тилдери тереӊдетилип окулат. Немец тилинен сабак берген мугалимдер жана жакшы окуган окуучулар Германияга барып тажрыйба алмашып турушат. Мугалимдер интернеттен керектүү маалыматтарды алып, колдоно алышат. Китепкана окуу китептери, усулдук китептер жана көркөм адабияттар менен жабдылган. Мугалимдер сабак өтүүдө интерактивдүү досканы колдонуп иштешет. Класс бөлмөлөрү сабак өтүүгө ылайыктуу жабдылган. Мектеп жетекчисинин орун басарлары Борукчиева Гүлмира менен Рыскелдиева Атыркүл усулдук ишти мыкты жетектеп келишүүдө. Мугалимдердин билимин өркүндөтүү иши эӊ жакшы жолго коюлган. Кыргыз билим берүү академиясы менен тыгыз байланышта иш алып барышат. Мугалимдердин билимин өркүндөтүү курсуна келген мектеп жетекчилери, окуу бөлүм башчылары, усулдук бирикме жетекчилери менен мектептин админстрациясы жана мугалимдери, башкаруу иши боюнча тажрыйба алмашып турушат. Биология сабагы боюнча практикалык иштер мектептин оранжереясында жүргүзүлөт. Сабактар жогорку деӊгээлде өтүлөт. Алсак С.Карыпова, А.Исмаилова, Г.Исаева, А.Токтомамбетова, К.Курманалиева, А.Сулайманова, З.Женалиева, Г.Дуйшеева, З.Сатыбалдиева, Г.Жусупова, М.Эсенканова, М.Миярова, Н.Рыспаева жана башка мугалимдер сабак өтүүдө окутуу усулдарын туура колдонушат жана кызыктуу өтүшөт. Сабактарда көркөм тасмалар, видеолор, слайддар колдонулат. Долбоордук сабактар өтүлөт. Мугалимдер: «Окуу түндө алдыӊдагы шам чырак,
Билим алсаӊ маӊдай ачык жаркырап». (Жусуп Баласагын)
«Натыйжасыз окутуу – окуучу үчүн да, мугалим үчүн да коркунучтуу». (Сухомлинский)
«Балдар мектеп үчүн эмес, мектеп балдар үчүн!», — деген учкул сөздөрдү туу тутушат.
Мектеп парламенти дагы көптөгөн иштерди жүргүзүүдө. «Келечек» жаштар уюму коомдогу болуп жаткан көйгөйлөрдүн үстүндө иштеп келишүүдө. Мисалы, насыбай көйгөйү боюнча көптөгөн иштер аткарылды.
«Билерман» Тимурчулар тобу бар. Алар Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары, Чернобылга катышкан адамдар жана көчө тарыхы жөнүндө изилдөөчүлүк иштерди жүргүзүшөт. Окуучуларды ар тараптан тарбиялоо боюнча көптөгөн ийримдер иштейт. Мектепте бассейн бар, балдар сууда сүзгөндүүйрөнүшөт. Тренажордук залдан машыгышат. Мектепте дагы көптөгөн мыкты иштер болууда.
Бул мектепте 184 мугалим эмгектенет. Алардын ичинен:
• Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген мугалими жана «Даӊк» медалынын ээси – 1;
• СССРдин Эл агартуусунун отличниги – 1;
• Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы -1;
• Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги — 34;
• Бишкек шаарынын Мэриясынын Ардак грамотасынын ээси – 58;
• Илимий даражадагы мугалим – 1.
А.ТАЛАСБАЕВА, КББА, ага окутуучу
Комментарии