Тарых жана маданият жылы: РУХАНИЙ КАЙРА ЖАРАЛУУ МЕЗГИЛИ

  • 13.01.2016
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен  2016-жыл “Тарых жана маданият жылы” деп жарыяланды. 

 

 

Жарлыкта Президент соңку кезде кыргызстандыктардын улуттук аң-сезими, жарандык патриотизми өсүү менен баарыбызды бириктирүүчү жана шыктандыруучу жалпы идеялар жаралып, жарандарыбыз улуттук таламдардын маани-маңызын терең түшүнө баштагандыгы байкалып, этносуна жана динине карабай кыргызстандыктардын жалпы жүрүм-турум үлгүлөрү пайда болуп жаткандыгына токтолуп, элибиздин биримдигин бекемдөөгө, тил саясатын өркүндөтүүгө, Кыргызстан тарыхынын негизги этаптарын иретке салууга багытталган программалык документтер ишке ашырыла баштагандыгын баса белгилеген. Бирок ошентсе да, тарыхый жана маданий бай мураска ээ болуп туруп, өлкөбүз өз өнүгүүсүндө бул кудурет-күчүн жетишсиз пайдаланып жаткандыгын айткан мамлекет башчыбыз акыркы жылдары Кыргызстандын окумуштуулары, асыресе тарыхчылар жана башка социалдык илимдердин өкүлдөрү изилдөөлөрдү жандандырып жаткандыгына токтолгон.

— Бирок өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү кызыкчылыктары бул иштерди дагы күчөтүүнү талап кылууда. Жаңы изилдөөлөр Кыргызстан тарыхынын жана маданиятынын чала изилденген жерлерин ачыкка чыгарып, аларга бирдиктүү көз карашты калыптандырууга тийиш, — дейт Президент жарлыгында.

Жарлыкта маданият чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү өзгөчө зарылдыгы жана кошумча ресурстарды тартуунун эсебинен өз ишин өнүктүрүүгө күч үрөгөн айрым маданий мекемелердин жигердүү иштери мамлекеттин колдоосуна муктаж экендиги да айтылган.

— Мамлекет маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө жетиштүү көңүл бурбай жаткандыктан, маданий инфраструктура азыркы талаптарга төп келбей калгандыктан, өзгөчө жаңы ыкмалар жана идеялар жок болгондуктан Кыргызстандын жаштары үчүн адеп-ахлактык жаңы багыттар калыптанбай калды. Бул көрүнүш бир жагынан көпчүлүк жаштардагы руханий боштукту бөтөн, көбүнесе ашынган диний идеялардын жана жашоо образдарынын ээлеп алышын шарттап жатат. Ошол эле учурда ар башка доорлордо, анын ичинде чыгыш-мусулман ренессанс жана агартуучу ислам мезгилинде дүйнөлүк маданият жана илим дал биздин аймактан өнүгүүгө карай жаңы дем-күч алган. Адамзат цивилизациясынын өнүгүүсүнө салым кошкон залкар ойчулдар ушул жерде жашап, чыгармаларды жаратышкан. Экинчи жагынан улуттук каада-салттарды жана үрп-адаттарды кайра жаратуу шылтоосу менен ысыраптуу жалган салттар жана керектөөчүлүк психология таңууланууда. Бул көрүнүш үй-бүлөнүн жашоо абалына, балдардын жана жаштардын билимине, интеллектуалдык жана руханий өнүгүүсүнө залакасын тийгизүүдө, — деп айтылат жарлыкта.

2016-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигине 25 жыл толот. Кыргызстандыктар, бүт түрк дүйнөсү залкар ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилейт. Мекенибиздин көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн Тайлак баатырдын 220 жылдыгы белгиленет. 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларга өзгөчө маани берилет. Ошондой эле Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнө 90 жыл, Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнө 80 жыл толот. Бул окуялар жана инсандар Кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандырууга зор салым кошкон жана Кыргызстан элинин тарыхый, маданий мурасында өзгөчө орду бар. Андыктан Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий бай мурастарын мындан ары арттырууда, өлкөбүздү өнүктүрүүнүн улуттук моделин түзүүдө жана ишке ашырууда бул кудурет-күчтү натыйжалуу пайдалануу, адеп-ыймандык жаңы багыттарды жаратуу, кубаттуу, бакубат мамлекетти куруу тилеги менен жарандарды бириктирүү максатында Президент А.Атамбаев бул жылды татыктуу өткөрүү үчүн бир катар тапшырмаларды койду.

Ага ылайык облустарда, райондордо, шаарларда жана айыл аймактарында, анын ичинде билим берүү, илим жана маданият мекемелеринде Кыргызстан тарыхын жана маданиятын изилдөө жана жайылтуу, мамлекеттүүлүктү жана өлкөбүздүн экономикасын мындан ары бекемдөө милдеттерин элибиздин руханий кайра жаралуусу менен тыгыз байланыштыруу, мамлекеттин демократиялык мүнөзүн бекемдөө, азыркы улуттук маданиятты андан ары өнүктүрүү үчүн руханий мурасты жана материалдык маданияттын эстеликтерин сактоо, коргоо жана кеңири жайылтуу иштери колго алынышы керек. Андан сырткары калк конуштарынын, кичи райондордун, көчөлөрдүн тарыхын, салттарын жана азыркы талаптарды эске алуу менен алардын кайталангыс маданий келбетин калыптандыруу жана жакшыртуу пландары менен программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгелерин колдоо, тарыхый-маданий мурастын обьекттерин, анын ичинде археологиялык жана архитектуралык эстеликтерди сактоого көзөмөлдү күчөтүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү ишке ашырылат.

Тарых жана маданият жылында улуттук жана жергиликтүү маанидеги тарыхый эстеликтер реставрацияланып, мектепте билим берүүнүн мекен таануу компонентине киргизилип, ички туризмдин маршруттары өнүктүрүлөт. Изилдөөчүлөр, окуу китептеринин жана окуу куралдарынын, илимий-популярдуу басылмалардын, адабияттын, балдар адабиятынын авторлору үчүн “Тарых, маданият жана келечек” гранттык программасы түзүлүп, аны ишке ашыруу аркылуу окумуштуулардын, тарыхый жана башка социалдык-гуманитардык илимдердин өкүлдөрүнө дем берилет.

Билим берүү мекемелеринде болсо тарыхты, мамлекеттик тилди жана маданияттын негиздерин окутуунун сапатын жакшыртуу иштери аткарылып, окутуунун заманбап методологиялары жана усулдары боюнча тарых жана социалдык-гуманитардык сабактардын мугалимдеринин адистигин жогорулатуу боюнча курстар уюштурулуп, аймактар арасында тажрыйба алмашуу жүргүзүлөт.
Учурда бул жарлыкты ишке ашыруу үчүн мамлекеттик мекемелерде бир жылдык иш-чаралардын планы түзүлүп, сунуштар берилүүдө. Айдын башында Билим берүү жана илим министрлигинде дагы атайын жыйын өтүп, анда жогорку окуу жайлардын жетекчилерине Тарых жана маданият жылында өткөрүлө турган иш-чаралардын планын түзүп, министрликке сунуштоо тапшырмасы берилди.Жарлыкта мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөө максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия заманбап методологиянын жана сабактарды шайкеш келтирүү ыкмаларынын, анын ичинде универсалдуу тарых курсунун негизинде Кыргызстандын тарых жана маданият ресурстарын кеңири пайдаланууга, илимий чөйрөдө өлкөнүн тарыхына, анын негизги этаптарына бирдиктүү көз карашты калыптандырууга өбөлгө боло турган чаралар боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасы дагы коюлган.

Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети бул жылы илимий конференцияларды өткөрүү менен гана чектелбестен, монографияларды чыгарып, дагы бир катар иш-чараларды өткөрүп, илимий ачылыштарды жасоону пландаштырууда. Ал үчүн окуу жайдын тарыхчылары үч топко бөлүнүштү.

— Биздин окуу жай тарых илими боюнча квалификациялуу илимпоздор топтолгон окуу жай. Ошондуктан тарыхчы окутуучулар бул жылы билек түрүнө киришип жатабыз. Атайын үч топко бөлүнүп иш алып барууну пландадык. Биринчи топ Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы, экинчи топ эгемендиктин 25 жылдыгы, үчүнчү топ Үркүндүн 100 жылдыгы боюнча иштейт. Биз Үркүндү изилдөөгө өзгөчө көңүл бөлүп жатабыз. Буга чейин 16-жылдагы көтөрүлүштүн маселелери боюнча эки экспедиция Кытайга, Алматага барып келген. Эми бир экспедиция Санкт-Петербургга барат. Үркүндү үч фактордо карап жатабыз: биринчиси, диний, экинчиси, эл аралык, үчүнчүсү, Кытайда калып калган кыргыздардын абалы, — дейт окуу жайдын жетекчиси Төлөбек Абдырахманов.

Бул жылы Улуттук илимдер академиясынын дагы аткара турган иши көп. Академиянын Тарых жана маданий мурас институтунун директору Джуманалиев Акылбектин айтымында, быйыл өзгөчө тарыхчылар үчүн иштей турган жыл.

— Учурда бир жылдык план иштелип жатат. Жасай турган иштер абдан көп. Конференцияларды, аңгемелешүүлөрдү Бишкекте жана жер-жерлерде, эмгек жамааттарда, жождордо, мектептерде өткөрүшүбүз керек. Илимий иш-чараларда жасалган баяндамаларды китеп кылып  чыгаруу маселеси турат. Тарыхый-мурас эстеликтерин сактап калуу, мындан ары аларды изилдөө маселеси да бар. Өзгөчө мамлекеттин эгемендүүлүгүнө жол ачып берген Кыргыз АССРинин маанисин толук ачып беришибиз керек. Мамлекеттүүлүктүн этаптары болбогондо Кыргызстан өзүнчө мамлекет болуп калат беле, жокпу, ушунун баарын жаштарга жеткиришибиз керек, — дейт  Джуманалиев Акылбек. — Быйыл Үркүндүн 100 жылдыгы да болот. Жайында Москвада өтө турган конференцияга катышып, өзүбүздүн ой-пикирлерибизди билдиришибиз керек. Себеби азыр кыргыз коомунда Үркүнгө  баа берүүдө үч багыттагы ой-пикирлер болуп жатат. Ушунун баарын биз далилдеп чыгышыбыз керек. Тайлак баатырдын 220 жылдыгын жалаң эле Бишкекте эмес Ак-Талаа районунда, Нарында өткөрөлүк деп жатабыз. Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата “Куттуу билим” чыгармасынын орусчасын дагы, кыргызчасын дагы кайрадан чыгаруу маселесин көтөрүшүбүз керек. Антпесе  азыр анын китебин китеп дүкөндөрдөн табуу абдан кыйын болуп калды. Колдон келсе, каражат табылса мектептерге, жождорго акысыз беришибиз керек.

Учурда республикадагы жогорку окуу жайлар Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилеп, илимий-практикалык конференцияларды өткөрө башташты. Буга чейин тарыхый жайларды сактоо жана кеңири жайылтуу иштерин колго алып келе жаткан жогорку окуу жайлар дагы жок эмес. Мисалы, Ош мамлекеттик университети студенттерди тарыхый жайлар менен тааныштыруу жөрөлгөсүн мындан үч жыл мурун баштаган. Атайын уюштурулган “Ынтымак кербенин” салтка айлантып, үч жылдан бери окуу жайдын эң мыкты жана алдыңкы студенттерин, маданий-массалык иш-чаралардын жеңүүчүлөрүн республиканы кыдыртып, тарыхый жана маданий байлыктар менен тааныштырууну улантып келет. Жакында эле окуу жайда өткөн Эгиздер фестивалынын жеңүүчүлөрүнө жана бардык катышуучуларына дагы республиканы кыдырып келүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берди. Башка окуу жайлар дагы бул жөрөлгөнү колго алса, жаштардын тарыхый-маданий жайларды таанып-билүү мүмкүнчүлүгү көбөймөк.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии