ТАЛАПКА ЖООП БЕРБЕГЕН АДИСТИКТЕР ЖАБЫЛАТ

  • 05.07.2013
  • 0

«Айрым талапка жооп бербеген жана профилине туура келбеген адистиктерди даярдап жаткан кесиптик орто окуу жайларга билим берүүгө уруксат берилбөөгө тийиш. Анткени айрым окуу жайлар жөн гана диплом берүү менен алектенишүүдө», — дейт Билим берүү жана илим министри Канат Садыков 3-июлда министрликте өткөн коллегияда.

ТАЛАПКА ЖООП БЕРБЕГЕН АДИСТИКТЕР ЖАБЫЛАТ

Коллегияда министр кесиптештерин окуу жайларды мамлекеттик аттестациядан өткөрүүдө катуу текшерүүгө алып жана жыйынтык чыгарууда кылдат мамиле кылууга чакырды.  Себеби айрым окуу жайлар профилине туура келбеген адистиктерди даярдап жатышса, айрымдарынын материалдык-техникалык базасы талапка жооп бербейт. Кээ биринде болсо билим берүүгө шарт түзүлгөн эмес. Мисалы, Баткен мамлекеттик университетинин Гуманитардык-экономикалык колледжинде техникалык окуу жай даярдай турган электр камсыздоо адистиги, юридикалык окуу жайлары даярдай турган укук коргоо ишмердиги сыяктуу профилине туура келбеген адистиктер даярдалып келет. Коллегия мүчөлөрү бул окуу жайдагы мындай адистиктерди жаап, окуп жаткан студенттерди башка окуу жайларга которуу керектигин талап кылышты. Ал эми тескерисинче бул аймакта мугалимдер жетишпей жаткандыгына байланыштуу чет тили, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, информатика, математика  сыяктуу педагогикалык адистерин даярдоо керектиги айтылды.

Мындай көрүнүш Улуттук илимдер академиясынын Илимий-билим берүү программалары борборунда дагы кездешет. Бул окуу борбору юридикалык макамына туура келбесе дагы магистрлерди даярдап келген. Борбордо болгону 13 окутуучу иштесе, бир адистикте экиден гана магистрант окуйт. Министрдин айтымында, мындай борборлор гана эмес институттар магистр даражасын даярдай албайт. Анткени ал юридикалык жактан туура эмес жана жогорку билимди жогорку окуу жайы гана берет. Министр эгерде бир тайпада болгону эки-үч студент болсо, анын бирөө сабакка келбей калса окуу процесси кандайча уюштурулат деген суроону дагы койду. Ошондуктан бул борбордо магистрлик билим берүү токтотулсун жана быйылкы окуу жылында студенттер кабыл алынбасын деген чечим чыгарылды. Буга чейин билим алып жаткан студенттердин башка окуу жайларга которулушуна шарт түзүп берүү борбордун жетекчилигине тапшырылды.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Оштогу филиалы дагы лицензиялык талаптарга жооп бербейт. Быйылкы бүтүрүүчүлөрдү бүтүрүп алуу үчүн гана аларга уруксат берилди. Калган студенттерди башка окуу жайга которуу талабы коюлду. Себеби КР Өкмөтүнүн Токтомуна ылайык, мурдагы бала бакчалардын имараттары кайра кайтарылып алынат. Ал эми КУУнун Оштогу филиалы жайгашкан имарат мурда бала бакча болгон. Чүй университетинин Чолпон-Атадагы колледжинин абалы дагы коллегия мүчөлөрү тарабынан катуу сынга алынды. Себеби окуу жайда окуу китептерин жаӊылоо үчүн эки жылда болгону 10 миӊ сомго жетпеген каражат бөлүнгөн. Материалдык-техникалык базасы дагы талапка жооп бербейт. Ошондуктан бул окуу жайга айтылган кемчиликтерди жоюу үчүн ушул жылдын сентябрь айына чейин убакыт берилди.

Ушул эле окуу жайдын алдындагы Бишкек колледжинин айрым адистиктерине Өкмөттүн Токтомунун негизинде быйылкы окуу жылына кабыл алуу иши токтотулду. Эми ал адистиктер үчүн кайрадан лицензия алуусу парз.

Коллегия мүчөлөрү тарабынан Борбордук Азиядагы эл аралык университетинде даярдалып жаткан Чыгыш таануу жана африканистика, эл аралык байланыш багыты боюнча да бир топ сын-пикирлер айтылды.

— Токмок эмес Бишкек шаарында жайгашкан биздин окуу жайда ушул адистикте окуткан, тил билген жогорку билимдүү адистерди табуу кыйын. Анан Токмок шаарында бул маселе кандай чечилип жатат деген суроо туулбай койбойт, — дейт коллегия мүчөсү, Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору В. Нифадьев.

Андан сырткары аталган окуу жай тийиштүү талаптарга жооп бербегендиктен университетти юридикалык негизде институт макамына өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде ишке ашырылып жаткан жогорку кесиптик билим берүү боюнча адистиктери, Кыргыз-Орус Славян университетинин Магистрдик программасы, Кыргыз-Россия билим берүү академиясынын орто кесиптик программалары, Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун (ИСИТО) орто кесиптик программалары, Бишкек компьютердик системалар колледжинин программалары, Кыргыз улуттук агрардык университетинин Техника-экономикалык колледжи жана Токмоктогу Агроөнөржай колледжи коллегиянын чечимине ылайык студенттерди 2013-2014-окуу жылына кабыл алуу укугуна ээ болду.

Коллегияда кесиптик орто окуу жайларын мурункудай беш жылга эмес үч жылга аттестациялоо чечими да кабыл алынды.

Поделиться

Комментарии