ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА МАТЕМАТИКА ПРЕДМЕТТЕРИН ОКУТУУНУН ФИЛОСОФИЯСЫ ЭМНЕДЕ?

  • 22.01.2016
  • 0

 (Биринчи макала)

Азыр мектепте эркин жана өзгөчө көп кырдуу ой жүгүрткөн, жеке көз карашка ээ, керектүү учурда чечкиндүү кадам жасоого эрки жеткен жаштарды даярдоо турмуш чындыгы. Албетте, ал жаштар жаӊы доордун өнүгүү мыйзам-ченемдерин, тарыхый  окуяларды, коомдогу өзгөрүүлөрдүн өзөгүн өздөштүрүп талдай билиши маанилүү.

Илимий чындыктан алыстабайлы

Албетте, бул  жаӊылануу, өнүгүү процессин колго алуу үчүн билим берүү мекемелери чыгармачыл, таланттуу, кесипкөй педагог-адистер менен камсыз болушу зарыл. Алар билим берүүнүөнүктүрүүнүн прогрессивдүү технологиялары менен куралданып, билим берүүнү модернизациялоонун стратегиялык программаларын иштеп чыгуулары керек. Ал эми  алар жаштарга таалим-тарбия берүү милдетин колго алышы тийиш. Азыркы учурда ошол модернизациялоонун биринчи кадамы болуп табият таануу жана математика предметтерин окутууга өзгөчө көӊүл буруу маселеси турат. Анткени табият таануу жана математика предметтери адамдын ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүп, түпкүрдө жаткан талантты ойготот, чыныгы генде бекинип жаткан өнөрдүн ачылышына жол салат (Ыраакы чыгыш университети, профессору М.Н.Ершов). Ал процесс коомдун өнүгүшүүчүн кызмат кылаары түшүнүктүү.

Ал эми табият таануу жана математика илимдери сыяктуу эле гуманитардык илимдер да фундаменталдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянышып, жаштардын ой-жүгүртүүсүнөн, жалпы түшүнүктөрүнөн көз караш жаратышат. Далилденген фактыларды анализдеп жалпылашат, корутунду чыгарышат. Албетте, бул таалим-тарбиялоо процессинин жүрүшүндө гуманитардык предметтердин да жаштардын ой-жүгүртүүсүнө, коомдук аӊ сезиминин ойгонушуна көмөкчү болушат. Бул алардын коомдук аӊ-сезимдин өнүгүүсүнө кошкон салымы. Ал эми фундаменталдык илимдер илимий эксперименталдык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт, аналитикалык тактоо-аныктоолор менен далилдерди талдашат. Түздөн-түз илимий эксперименттердин жардамы аркылуу илимий чындыкты аныктап, илимий жыйынтык, корутунду чыгарышат. Бирок акыркы жылдарда мектепте, ал эмес жогорку окуу жайларда деле табигый математика предметтерин окутууда лабораториялык иштерде, практикумдарда пайдаланчу куралдардын жетишсиздигинен илимий билимдин негизин окутуу маселеси аксап келатканы чындык. Бул предметтерди окутууга приоритет да берилбей жатат.

Өткөн заманда кесипке багыт берүү боюнча аӊгемелешүүлөрдүөткөрчүбүз. Түркүн кесип темасында иш-чаралар: илимпоздор, эмгектин алдыӊкылары менен жолугушуулар “ар бир кесип ардактуу”, “менин сүйгөн кесибим” деген сыяктуу кечелер ж.б. өтүлүп келген. Бирок биз бул иш-чараларды интуиция жолу менен декларативдүү түрдө, үстүртөн, бир жактуу, үгүт-насыят формасында ишке ашырчубуз. Чынында, баланын өз алдынча ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүү менен ички дүйнөсүн, табият берген талантты ачууга маани берип, окуучунун табигый жөндөмүн изилдеп, жекече иш алып бара алган эмеспиз. Окуучунун өзүн-өзү таануу мүмкүнчүлүктөрүн да ойгото албаганбыз. Ооба, анын да түркүн ошо мезгилге жараша себептери да бар болчу. Бир жагынан актанууга деле жарабайт. Башкача айтканда, баланын ой-жүгүртүүсүн ойготуп, өнүктүрүп, ички дүйнөсүндөгү купуя сыр катары сандыкта катылган табигый таланттарды, өнөрлөрдү ача алган эмеспиз. Ал учурда педагогика илими да иштиктүү жол көрсөтө алган эмес. Өзүбүздө да айып жок эмес.

«Жаӊы мектептин» зарылдыгы

Албетте, эми бул жаӊы коомду куруу үчүн, “ЖАӉЫ МЕКТЕП” болушу тийиш. Жогорку ойлорду өнүктүрүү, билим берүүнүн милдеттерин ошо “ЖАӉЫ МЕКТЕП” чечет. Ал жаӊы мектеп төмөнкү максаттарды, милдеттерди көздөшү керек деп эсептейм.

Болжолдуу максаттары:

1. көп профилдүү;

2. көп тилдүү;

3. таланттуу окуучуну табуу, колдоо;

4. окуучунун ден соолугуна көӊүл буруу (бекерчиликтен качуу);

5. педагогикалык  кызматташуу;

6. инсанга багыттап билим берүү.

Болжолдуу милдеттери:

1. окуучунун табигый талантын ачуу;

2. конкуренция өкүм сүргөн заманда инсанды реалдуу турмушка даярдоо;

3. Ата мекендин патриотун тарбиялоо;

4. илимий көз карашты калыптандыруу жана өнүктүрүү;

5. өз алдынча чыгармачылык менен ой жүгүртүү  мүмкүнчүлүгүнө ээ кылуу;

6. өз алдынча максат коё алган жана ага жетүүгө умтулган окуучуну тарбиялоо;

7. туӊгуюктан жол тапкан чечкиндүү жаштарды  калыптандыруу.

Бул көйгөйдү кантип чечүүгө мүмкүн?

Чечмелеп көрөлүчү. Бул көйгөйлөрдү чечүүнүн баштоочусу жана негиздүү таянычы табият илимдери жана математика. Анткени табият кубулуштарынын, процесстердин, коомдогу негизги өзгөрүүлөрдүн, өнүгүүнүн мыйзам ченемдүү илимий негиздерин аныктоочулар болуп табият илимдери жана математика экени талашсыз. Биринчиден, алар фундаменталдык илимий-теориялык билим берет,  экинчиден, окутуу процессинде пайда болгон илимий көз караштардын негизинде коомдун экономикалык-социалдык өнүгүүсүн, жеке адамдын түшүнүгүн, бакубат жашоосун да турмуш менен салыштырат, илимий көз караштарды калыптандырат, аныктайт, ага илимий шарттарды түзөт жана пайдубалын түптөйт. Эӊ негизгиси — акылын, өз алдынча ой жүгүртүүсүн илимий көз караштарын тереӊдетет эмеспи. Ооба, азыр экинчи деп айтылып жаткан бүгүнкү көйгөйлөр бизди көп кызыктырат.

А чынында биринчиден дегенибиз бул илимдердин өзөгүндө адамдын эртеӊки келечек тагдыры, экология, Ааламдын глобалдык маселелери мамлекеттин, өндүрүштүн кыймылдаткыч күчү, экономиканын өнүгүшү, техника, технология, космос техникалары, мамлекеттин коопсуздугу жатпайбы. Андыктан үстүртөн, түшүнүп-түшүнбөй эле ал фундаменталдык теорияларды, закондорду турмушта пайдасы жок теориялар, закондор, азыр технократиянын кереги жок деп  чана беребизби. Ал эми илимий-техникалык прогресс эртеӊ эле биз ыйлактаган коомдун көйгөйлөрүн, гуманизм маселесин, экономиканын көйгөйүн чечип берет да.

Технология жана ыйман

Айрым адамдар технократиясыз эле жашайбыз, азыр ыймандуулукка басым жасоо керек  дешет. Туура, учурда ыймандуулукка басым коюу керек, а курсагы ач адамдын кулагына ыйман кирбейт да. Адамдын курсагын тойгузган табият илимдери чыгарган техника, технологиялар да. Керек болсо согуштук техникалар, технологиялар күчтүү болгон шартта гана башка өлкөлөр сестенишет. Аны күндөлүк турмуш көрсөтүп койбодубу. Албетте, ачка отурган адам кудайдан коркпойт. “Ачка тооктун башына акталган тааруу кириптир” дегендей, алар ууру-кескилик кылат, адамдарды тонойт. Ыймандуулукка барганга мүмкүнчүлүгү, убакыты да жок, себеби аларды ашказан көйгөйү желкеден басып турат. Курсагы ток адам гана кудайга шүгүр деп, кудайдан коркот, кандайдыр бир деӊгээлде нысап кылат. Мен көпчүлүктү айтып жатам. Албетте, бардык адамдар андай эмес экенин да моюнга алам.

Ошондуктан ИТП (илимий-теникалык прогресс) небере-чөбөрөлөрдүн эртеӊки жашоо-тагдырын, бакубаттыгын чечээрин билип, эстен чыгарбообуз керек. Булар бүгүнкү утурумдук көйгөйлөрдөн да баалуу. Дагы айтаарым        ИТПнын стратегиялык программасында адамзат, Аалам тагдырлары жатпайбы. Андыктан фундаменталдык илимий билимди бардык өнүгүүнүн негизи катары карасак болот. Андыктан табият жана математика илимдеринин каражаттары аркылуу жаштардын илимий түшүнүгүн, көз караштарын, өз алдынча ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүүнүн үстүндө иштөөбүз маанилүү жана учур зарылдыгы болуп калды. КУУнун профессору Э.Мамбетакунов: «окуучуну так, далилденген, илимий көз карашка ээ кылып, бүдөмүк ой-тыянактардан, илимий негизи жок мистикалык көз караштардан, иллюзиялардан алыстатып, дүйнөнү объективдүү илимий каражаттарга таянып кароого, бардык процесстерди көрө билүүгө алып чыгат», —  дейт. Ошондуктан жаштардын ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүүчү бирден-бир каражат болгон табият таануу предметтерин жана математиканы окутууга өзгөчө басым жасоо учурдун олуттуу маселеси.

 Табият таануу жана математика предметтерин окутуунун натыйжасын жакшыртуу үчүн Россия федерациясынын белгилүү окумуштуулары П.Я. Гальперин, В.В. Давыдов, Д.Б. Эльконин, А.Н Леонтьевдердин  этап-этап боюнча окуучулардын акыл жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүп окутуу (развивающий метод обучения) методикасын пайдаланууга убакыт келди.

Дүйшөн Султанкулов,  КББАнын ага окутуучусу

Поделиться

Комментарии