СТАТУСТУУ МЕКТЕПТИН ЖҮЗҮ — ПРОФИЛДИК БАГЫТТА ОКУТУУ

  • 20.11.2015
  • 0

 Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 комплекс-гимназия гуманитардык багытта, т.а. кыргыз тили жана адабияты, кытай жана немис тилдери боюнча тереңдетип окутат. Кытай тилин мыкты билүү боюнча дүйнө жүзү боюнча өткөрүлгөн сынакта бул гимназиянын окуучулары 3-орунду багынтып келишсе, немис тилин өздөштүрүү боюнча өткөн дүйнөлүк сынакта гимназиянын 11-классынын окуучусу Назира Эшенкулова 1-орунду жеңип, Германиянын тогуз шаарын кыдырып, семинар-тренингдерге катышып келди. Окуу жайдагы ийгиликтер тууралуу мектептин директору, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Сайрагүл АТАЕВА өз оюн ортого салат.

Максат — европалык стандарттагы дипломдорго ээ болуу

Профилдүү окутууну жүргүзбөсөк, статустуу мектеп өзүнүн жүзүн жоготот. №69 гимназия Бишкек шаарында, республикада чет тилин тереңдетип окутуу менен белгилүү болуп калдык.  Биздин негизги максатыбыз — кыргыз тилин өнүктүрүү, балдарга тилди жогорку деңгээлде окутуу. Кыргыз тилин жана адабиятын тереңдетип окутуу боюнча бир класс комплекти бар.  Гимназияда гуманитардык багытта иш жүргүзүлүш керек деп айтылат. Биз болсок ошол нукка өзүнөн өзү эле түшүп калыптырбыз.

Биринчи гуманитардык багытта кыргыз тили жана адабияты, андан соң кытай жана немис тилдерин тереңдетип окутуу  каралган. Тилдерди өздөштүрүү жаатында сөзгө алаарлык жетишкендиктерди айтсак болот.

№ 69 окуу-тарбия гимназиясында  немис тили 2004-жылдан бери тереңдетилип окутулат  жана  ZFA , DAAD, PAD  өкүлчүлүгү менен биргеликте иш алып барат.  Кыргызстанда Германиянын чет өлкөдөгү немис тилин берүү борборуна караштуу сегиз эле мектеп бар. Ал эми дүйнө жүзү боюнча 1000 мектеп бар экен. Азыр немис тили талапка ээ болбой жаткан учурда бизде бул маселе турган жок. Балдар өздөрүнүн каалоосу менен барып окушат. 11-класска келгенде окуучулар бул тилде эркин сүйлөп калышат.

Тереңдетип окутуунун негизги максаты — 9-класста европалык стандарттагы А2 В1 орто даражадагы тил дипломуна  экзамен тапшыруу жана  тил диплому сертификатына, 11-класста В2 С1 жогорку даражадагы тил дипломуна ээ болууну көздөйт. 2014-2015-окуу жылында 11-класста 10 окуучу экзамен тапшырып В2 деңгээлиндеги тил дипломуна ээ болушту. 9-класстарда  22 окуучу  В1 даражасындагы тил дипломун алышты. Биздин бүтүрүүчүлөр  Кубанычбеков Эрмек жана  Амантуров Темирлан   Ганновер шаарындагы жогорку окуу жайынын алдындагы Studienkolleg билим алып жатышат, мындан тышкары эки окуучубуз FSJ программасы боюнча иштөөдө.

Биздин гимназия Германия мамлекетиндеги Бремен шаарындагы Линкс дер Везер гимназиясы менен «Окуучуларды алмаштыруу»  проектиси алкагында тыгыз иш алып барабыз, жана жыл сайын немис окуучулары бизде конокто болуп, ал эми биздин окуучулар дагы Бремен шаарына барып турушат.

Немистер тарабынан уюштурулган ар кандай проекттерге окуучулар активдүү катышып, былтыркы окуу жылында 11-г классынын окуучусу Эшенкулова Наргиза бир айлык Германияга жолдомо утуп алып, июль айында Германия мамлекетинин тогуз  шаарында окуу-семинарында болуп келди. Немис тили бирикмесинде жыл сайын Германия мамлекетинен келген волонтер-мугалимдер дагы сабак беришет. быйылкы окуу жылында  Толкун Минуе  тандем сабактарын берип, окуучуларды тил диплом экзаменине даярдоодо.

Жыл сайын немис тили бирикмесиндеги мугалимдер тажрыйба алмашуу программасы боюнча Германия мамлекетинен өз билимдерин өркүндөтүшөт.

Тилди бүткөндөн кийин деңгээлине жооп берсе, атайын диплом алышат. Деңгээлин волонтер- мугалимдер текшеришет. Жазуу иштери атайын Германияга жөнөтүлөт. Ошол жерден гана диплом ыйгарылат. Тиешелүү деңгээлге чыккан окуучулар Германиядан окуганга мүмкүнчүлүк алып жатышат. Өткөнгө шарт түзүлүп жатат.

Тил — Кытайга жеткирет

Кытай тили  2004-жылдан бери киргизилген. Ага Кыргызстандагы Кытай элчилиги көмөк көрсөткөн. 2009-жылдан баштап Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетинин алдындагы Конфуций институту менен келишим түзүлүп, Конфуций класстары ачылган.  Волонтерлор ыктыярдуу түрдө келишип, окуучуларды кытай тилинде эркин сүйлөөгөүйрөтүүдө. Учурда  11 класс-комплект  кытай тилин тереңдетип окуйт. Азия континенти боюнча Конфуций класстары 2012-жылы биринчи жолу № 69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында  ачылды.

Кытай тили бирикмесинин башкы максаттары — окуучуларга сапаттуу билим алууга  шарт түзүп берүү, окуучулардын  жеке кызыгуусуна ылайык дифференциалдуу окутуу жүргүзгөнгө шарт түзүү, кытай тилин эркин сүйлөө  менен бирге зарыл чөйрөдө колдоно билүүгөүйрөтүү.

Кытай  тили усулдук бирикмесинде жалпы  тогуз мугалим иштейт.  Анын  ичинен   Кытай мамлекетинен келген бир мугалим, бир волонтер, беш жергиликтүү мугалимдер бар.

Конфуций институту тарабынан берилген китептердин негизинде тилге окутулат. Кытай тили бирикмесинде предметтик ийрим жана элективдүү курс 5-11-класска чейин өтүлөт  жана кытай тилин тереңдетип окутууга көмөк көрсөтөт.  Конфуций институту тарабынан  ТСО (компьютерлер, парталар, интерактивдүү такта ж.б.)  жана  окуу материалдар менен жабдылган. Кабинеттердин бардыгында  дидактикалык материалдар, көргөзмө куралдар, мамлекеттик бурч жана ар түрдүү  тиркемелер,  интерактивдүү такта, магнитофон, компьютерлер, принтер менен жабдылган.   Ошону  менен бирге кытай тилин жогорку деңгээлде окутуусунун далили болуп, Кытай мамлекети тарабынан алынган билим  деңгээлин текшерүү тесттери, сертификаттары аныктайт.

Окуучулардын билим деңгээлин текшерүү  максатында Конфуций  институту  тарабынан HSK, YCТ  тесттери алынып, Кытай Эл Республикасынан текшерилип келүүдө. Тесттерди 4-11-класстын окуучулары кызыгуу менен тапшырышууда. HSK-5 деңгээлин алган окуучуларыбыздын саны жыл сайын көбөйүүдө.  Бул алынган сертификаттардын жыйынтыгы менен Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына акысыз билимдерин улантууга мүмкүнчүлүк алышат.

Ушундай көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы менен 2013-2014-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү: Абдибаитова Бактыгүл, Дүйшөналиева Алтынай Тянжинь шаарынан, Бекназаров Бекзат, Ташматова Алина, Черикбаева Нуркыздар  Харбин шаарынан, Исмаилова Эркайым Жинхуа шаарында, ал эми 2014-2015-окуу жылынын 11-классынын бүтүрүүчүлөрү: Бактыбек кызы Раиса, Бейшеналиева Эркайым, Мамытбек уулу Бекдөөлөт, Нурлан кызы Нураида КЭРнын Шанхай шаарына төрт жылдык акысыз окууга жолдомо алып, окуп жатышат.

Мугалимдердин окутуу иши предметтик декадасы менен коштолот. Декада учурунда ачык сабактар жана сабактан тышкаркы кечелер өткөрүлөт. Мындай кечелер окуучулардын кытай тилине болгон кызыгуусун арттырат, мугалимдин профессионалдык чеберчилигин  көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк берет. Бирикмеде иштеген мугалимдер үйрөнүү, изденүү жолунда. Жыл сайын жайкы каникулда окуучулар жана мугалимдер өз билимдерин жогорулатуу максатында Кытай Эл Республикасынын  шаарларынан окуп келишет. Жайкысын Конфуций институту тарабынан уюштурулган кытай тилин окуган мекемелердин жетекчилерин окутуу боюнча атайын бир айлык семинар Урумчи шаарында, Сяменге, Пекинде уюштурулуп, ал семинарга барып, доклад окуп келүүдөмүн.

2013-2014-окуу жылын ноябрь айында өткөрүлгөн дүйнөлүк «Достук көпүрөсү» кароо-сынагынын  жыйынтыгы менен Куньмин шаарындагы дүйнөлүк кароо-сынакка  Бактыбек к. Раиса  катышып,   III орунга ээ болду. Дүйнөлүк «Кытай достук көпүрөсү» кароо-сынагы өткөрүлгөндөн бери Орто Азия боюнча биринчи ирет мындай ийгилик болгондугу айкын болду. Бактыбек кызы Раиса Кыргызстандын желегин желбиретип келди десек туура болот. Ал Пекин шаарына акысыз алты айлык окууну жеңип,  2014-2015-окуу жылынын жарым жылдыгын Пекин шаарында өз билимин өркүндөтүп келди.

2014-2015-окуу жылында 11-класстын окуучусу Бекназаров Бекзат дүйнөлүк «Кытай достук көпүрөсү» чечендик өнөр боюнча кароо-сынагында 76 мамлекеттен барган 390 катышуучунун ичинен III орунга ээ болду.

2015-2016-окуу жылында 11-класстын окуучусу Алмазбек Алияр октябрь айында өткөрүлгөн  дүйнөлүк «Кытай достук көпүрөсү» чечендик өнөр боюнча кароо-сынагында 79 мамлекеттен барган  400 адамдан ашуун катышуучунун ичинен  Азия континенти  боюнча Кыргызстанга III орунду алып берди. Бул жерде да Азия континенти боюнча мындай ийгилик болбогондугун баса белгилөөгө болот.

2014-2015-окуу  жылында шаардык деңгээлде биринчи ирет кытай тили боюнча предметтик олимпиада уюштурулду.  1-орунга 10-класстын окуучулары  Алмазбек Алияр, Ишеналиев Нурхан 2-орунга, 11-класстын окуучулары  Бактыбек кызы Раиса 2-орунга,   Бейшеналы кызы Эркайым 3-орунга ээ болушту.

Гимназия жыл сайын тереңдетилген кытай тили боюнча республикалык, шаардык деңгээлдеги  Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы  Конфуций институту тарабынан уюштурулган мектептер арасындагы ар түрдүү  кароо-сынактарда байгелүү орундарга ээ болуп келишүүдө.

2015-жылдын 26-майында республикалык деңгээлде кытай тилин окуткан мектептин жетекчилери үчүн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Конфуций институту жана № 69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясы биргелешип , “Мектеп-Конфуций институту: Кытай тилин окутуунун кыйынчылыктары жана чечүү жолдору” илимий-методикалык конференцияда мектеп жетекчилери тарабынан ар түрдүү темадагы талкуу жүргүзүлдү. Кытай тилин окутууну мамлекеттик стандартка киргизүү, программаларды иштеп чыгуу, окуу пландарга киргизүү, окуу китептери менен Конфуций институту тарабынан толук камсыздалышы сыяктуу маселелер коюлду. Кытай тилин окутуу — окуучулардын келечеги үчүн, замандын талабы болуп жаткандыгын баса белгилешти.

Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинин алдындагы Конфуций институту тарабынан жайкы каникул учурунда 15 күндүк курска өз билимдерин жогорулатып келүүүчүн гимназиянын мыкты окуучулары тандалып, 15 күндүк окуу курсуна барып келишти. Алар: 10-д классынын окуучулары Жолдошбекова Айжамал, Кубатбекова Нурсел, Темирбек уулу Бакытбек, 9-ж классынын окуучусу Исакова Венера.

Конфуций институту тарабынан борбор калаабыздагы №31, №2 жана бизде Конфуций класстар ачылган. Бирок ошол мектептердин ичинен №69 мыкты деп айтып жатышат. Анткени биз инновациялык мектеп катары мүмкүнчүлүктөрүбүз арбын. Маселен, немис менен кытай тилдерин тереңдетип окутууга кошумча сааттарды, чектөө сааттарды жогорураак кабыл алып, аны гимназиялык компонент  аркылуу өткөрүп жатабыз. Ошол сааттардын эсебинен биздин мүмкүнчүлүк жогорулады.

 Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии