ӨСПҮРҮМДӨР КАТЫШКАН КЫЛМЫШ: САНЫ АЗАЙГАН МЕНЕН САНААНЫ АРБЫТАТ

  • 12.12.2016
  • 0

КР Ички иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча ушул жылдын 10 айында жашы жете элек өспүрүмдөргө карата жасалган зордук-зомбулук көрсөткүчү былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 19,8% азайган. Ал эми өспүрүмдөр катышкан кылмыш деңгээли 20,1% төмөндөгөн. Айрыкча, Бишкек, Ош шаарларында, Талас жана Ош облустарында кылмышка катышкан жаш өспүрүмдөрдүн саны азайганы байкалууда. Алсак, мектеп рэкети боюнча быйыл 70 (2015-жылы — 122) факты катталса, балдардын суициди боюнча – 84 (2015-жылы — 90) окуя катталып, былтыркыга караганда жалпысынан 42,6% азайган. Ошол эле учурда бул кайгылуу окуя мурдагы жылкыга салыштырмалуу башка аймактарга караганда Талас, Нарын жана Ош облустарында көбүрөөк катталган. Укук коргоочулар балдардын мындай кадамга барышына үй-бүлөдөгү жаңжалдар, ата-энелери жана мугалимдер тарабынан дагы да болсо жетиштүү көңүл бурулбай жатканы себеп болууда деп эсептешет.

Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекцияларынын профилактикалык каттоосуна республика боюнча учурда 4 803 өспүрүм катталган. Аталган инспекциянын кызматкерлеринин саны көбөйүп, алардын иш-аракеттери мурдагыга салыштырмалуу активдүү жолго коюлгандыгына байланыштуу ушул мөөнөт аралыгында балдарынын таалим-тарбиясына жетишерлик көңүл бурбаган, начар шартта жашаган 714 үй-бүлө аныкталган (былтыр мындай үй-бүлөнүн саны 478 болгон). Натыйжада ата-энелик укуктан ажыратуу боюнча сотко 80 ата-эненин иши жөнөтүлүп, ушул кезде 38 ата-эне өз укуктарынан ажырады.

Адистердин айтымында, зордук-зомбулукка кабылган балдардын басымдуу бөлүгү ата-энелери жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерге кетишкен эмгек мигранттардын балдары. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, учурда 60 миңге чукул баланын ата-энеси башка өлкөдө миграцияда жүрөт.

Окуучулар арасындагы терс көрүнүштөрдүн катарына кийинки кездерде жашы жете элек кыздардын турмушка чыгып жаткан фактыларынын көбөйүп жаткандыгын кошууга болот. Статистика боюнча Кыргызстанда азыр 18 жашка чейин турмушка чыккан кыздардын саны 160 миңди түзөт. Анын ичинен алты миңи 15 жашка чейинки секелектер.

Мындан бир нече ай мурда Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылынын тургуну 16 жана 17 жаштагы эки кызын бир күндө күйөөгө бергени маалым. Ага чейин Өзгөн районунда өз балдарын канжалатып мушташтырган адамдардын жосунсуз жоруктары коомчулуктун кыжырын кайнаткан.

Расмий булактардан алынган маалыматтарга таянсак, дүйнө жүзүндө жылына өз жанына өзү кол салгандардын саны 800 миңден көп. Жанынан аша кечкендердин көбү 15 жаштан 29 жашка чейинкилер. Кыргызстанда жыл сайын жүзгө чукул өспүрүм өз жанын кыйса, дагы ушунча кыз сексуалдык кордук көрөт.

Ар шаршемби ата-энелерге арналат

Коомдук тартип сакчылары белгилешкендей, балдарга  үйдө ата-энелердин көзөмөлүн, мектепте мугалимдердин тарбиясын күчөтүү зарыл.  Көзөмөлдөн калган жаш өспүрүмдөр сырткы күчтөрдүн терс таасирин бат кабыл алышып, жаман жолго азгырылып кетип жатышканы да ошондон.

Ош шаарындагы мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулукка каршы күрөшүү, укук жана тартип бузууларга бөгөт коюу, окуудан тышкары профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү жана ата-энелер менен иштөөнү күчөтүү максатында 2016-2017-окуу жылында Ош шаардык билим берүү башкармалыгы атайын иш план бекиткен. Анын алкагында өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, укук коргоо, тескөө кызматтарынын өкүлдөрү, ата-энелер комитеттеринин, аймактык кеңештердин башчылары, коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте шаардагы 53 жалпы билим берүү мекемелеринде ата-энелер конференциялары уюшкандыкта өттү. Анын күн тартибинде мектеп окуучуларынын жүрүм-туруму боюнча тарбиялык маселелер, окуу процесси жана мектеп окуучулары арасындагы кылмыштуулукту, укук жана тартипти колго алуу багытындагы маанилүү маселелер каралды.

Бардык мектептерде жуманын ар шаршемби күнү “Ата-энелер күнү” деп жарыяланып, мектептеги окуу-тарбия процессинин жүрүшү менен жакындан таанышуу жана мугалимдерге ар тараптан көмөк көрсөтүү максатында ар бир мектепте ата-энелерканасы иштейт. Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, тескөө жана укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте бейбаштыкты алдын-алуу боюнча иш-чаралар аткарылды. Мында ар бир мектепке бекитилген участкаларда жалпы мугалимдер, класс жетекчилер, соцпедагогдор жаңы окуу жылына балдарды толугу менен окууга тартуу боюнча атайын рейддерди уюштурушту.

Ар бир мектепте мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Көзөмөлдөө кеңештери түзүлгөн. Алардын курамын ата-энелер, жеке ишкерлер, мекеме ишканалардын кызматкерлери жана мектепке кайдыгер карабаган атуулардын өкүлдөрү түзөт. Мектептеги окуу китептери, күзөт кызматтары, ремонт иштери боюнча көйгөйлөрдү чечүүдө мектептерге ата-энелер, демөөрчүлөр тарабынан жалпы суммасын 8 миллиондон ашуун акча каражаттары бөлүнгөн.

Жаңы окуу жылы башталганда республикалык “Көнүл бургула, балдар!” аттуу жол эрежелерин так сактоо жана үйрөнүү максатында бир айлык акция уюштурулду. Мында ар бир мектепте МАИ кызматкерлеринин катышуусунда жолугушуулар, аңгемелешүүлөр өткөрүлдү. Мектептерде иштеп жаткан соцпедагог мугалимдер өспүрүмдөр арасындагы  “суицид” фактыларын алдын алуу максатында ар бир кооптуу  психологиялык мүнөздөгү өспүрүмдөр менен профилактикалык тест жана аңгемелешүүлөр ай сайын жүргүзүлүп, тарбиясы оор балдардын атайын картотекасы түзүлдү.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Жеңиш Байзаковдон алынган маалыматтар боюнча Ош шаарындагы жогорку класстарынын окуучуларынын арасында укук коргоо жана тескөө органдарынын катышуусунда “Рэкетчилик деген эмне?”, “Рэкетчилик — бул кылмыш”, “Сен рэкетчиликкке каршы эмне кылдың?”, “Рэкетчиликке каршы кандай салым кошо аласың?” деген темада 12 тегерек стол, 18 жолугушуу, жети  дебат жана тренингдер өткөрүлүп, мектеп окуучуларынан анкеталар жана жекече ой пикирлери алынып, атайын мониторинг схемалары иштелип чыккан.

  • Шаардагы өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, рэкетчиликти алдын алуу жана көчө балдарын аныктоо максатында Ош шаардык мэриясы, ички иштер башкармалыгы, билим берүү башкармалыгы жана социалдык жактан коргоо башкармалыгы менен биргеликте “Өспүрүм”, “Беспризорник”, “Камкордук”, “Мектепке багыт”, “Антирэкет”, “Лидер” жана “Эмгектин оор түрүнө тартылган балдар” аталышындагы  рейддер байма-бай өткөрүлүп келет. Ош шаардык прокуратурасынын мыйзам бузууларды четтетүү боюнча сунуш каттарынын негизинде шаардык мэриясынын колдоосунда шаардагы 12 аймактык кеңештин өкүлдөрү менен биргеликте  кароосуз калган балдар боюнча статистикалык маалыматтар изилденип, билим берүү башкармалыгынын коллегиясында талкууланды, -дейт Ж.Байзаков.

ММК — тартип бузуучуларды тескөөгө көмөкчү

Мыйзамсыз эмгектенип жүргөн жана балдардын эмгегин мыйзамсыз колдонуп жүргөн иш берүүчүлөрдү аныктоо максатында ар бир айда “Көчө балдары” рейди жүргүзүлүп турат. Анын натыйжасында шаардагы соода борборлорунан, курулуш жайларынан жана эс алуу жайларынан өспүрүм курактагы балдар иликтенет. Алынган маалыматтардан айкын болгондой, алардын көпчүлүгү башка райондордон жана шаарлардан келишет. Бул багытта ушул мезгилге карата Ош шаардык мэриясынын алдындагы жашы жете элек өспүрүмдөр  боюнча комиссиясынын үч жолку отуруму уюштурулду. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын иш планы боюнча алты мектепте жана үч бала бакчада окуу-тарбия процессинин жүрүшү боюнча комплекстүү текшерүү жүргүзүлдү. Мындан сырткары өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, укук жана тартипти бузууну азайтуу багытындагы аткарылып жаткан иш-чаралар жергиликтүү басма сөз каражаттары, ЭлТР, ОшТВ, “Башат”, “Ынтымак” теле жана радио берүүлөрү аркылуу өз учурунда чагылдырылып турат. Уюштуруучулардын айтымында, орун алган тартип бузуу фактылары массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка жарыяланып турса, аларды тескөө иштеринин таасири күч болмокчу.

Мектептердеги өспүрүмдөр арасындагы рэкетчиликтин элементтерин көзөмөлдөө, аларды алдын алуу максатында мугалимдер жана ата-энелердин өкүлдөрү менен биргеликте мөөнөтчүлөр дайындалып, жуманын ар шаршемби күндөрү жыйынтыгы чыгарылып, класстык сааттарда жана педагогикалык кеңешмелерде талкууланууда. Мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоо үчүн шаардагы 15 мектепте “Динамо”, “Леон”, “Кабылан” жана башка күзөт уюмдары менен өз ара келишимдер түзүлгөн. Андан сырткары шаардагы айрым мектептерде видео көзөмөлдөр орнотула баштады. Балдар сабактан бош убактыларында ар түрдүү акысыз жана акы төлөнүүчү ийримдерге катышат. Учурда мындай ийримдерге 15 000ден ашуун мектеп окуучулары тартылган. Алардын так санын аныктоо үчүн ар бир мектепте балдардын ийримдерге тартылуусу боюнча мониторингдер жүргүзүлүп турат.

Аскер турмушу менен таанышуу өспүрүмдөрдүн мекенчил сезимин арттырат

Учурда кезектеги шаардык мектеп окуучуларынын спартакиадасына кызуу даярдыктар жүрүүдө. 2016-2017-окуу жылына карата Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында 145 жаш өспүрүм катталган. Ал эми мектептерде өздөрү жеке көзөмөлгө алган 220 окуучу бар. Алар менен тарбия иштери, кылмышты алдын-алуу жумуштары үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.

Өспүрүмдөрдү мекенчилдикке, адилеттүүлүккө жана  улууларды сыйлоого багыт берген түрдүү темадагы иш-чаралар өткөрүлүүдө. Алсак, күз айларында шаардагы 12 мектептин 125 окуучусу Ош шаарындагы аскер бөлүктөрү уюштурган “Ачык эшиктер” күнүнө активдүү катышып, аскер турмушу жана жашоосу менен таанышып келишти. Башкармалыктын иш планынын негизинде  “Тынчык жана биримдик”, “Улуу жеңиш”, “Улуттар аралык ынтымак”, “Менин сүйүктүү мекеним”, “Биз СПИДге каршыбыз”, “Коррупция балдардын көзү менен” акциялары жана сүрөт көргөзмөлөрү, үгүт бригада сынактары уюштурулуп, балдардын иштери жергиликтүү теле берүүлөр аркылуу коомчулукка чагылдырылды.

“Тарых жана маданият жылынын” алкагында бардык билим берүү мекемелеринде атайын иш-чаралар, жолугушуулар, тегерек столдор жана акциялар, семинарлар уюшкандыкта өткөрүлүп келүүдө. Мындан сырткары, мектеп окуучуларынын арасындагы диний экстремизмге каршы күрөшүү максатында “Биз диний экстремизмге  жана терроризмге каршыбыз” аттуу жети акция, 23 сахналык оюн көрүнүштөрү, 14 видеороликтер жана 124 тарбиялык сааттар, жергиликтүү дин кызматкерлери, имамдар катышкан эки жолугушуу пландуу түрдө уюштурулган.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кутбилим”

Поделиться

Комментарии