ШЕВКЕТ БЕЙ ЖАНА АНЫН АК КАЛПАКЧАН ОКУУЧУЛАРЫ

  • 13.03.2015
  • 0

Кыргызды кыргыз катары даӊазалаган 5-март күнү Токмок шаарын көздөй сапар тарттык. Арабызда Ак-Өргөдө англис тилин үйрөтүүчү студиянын алдыӊкы окуучулары: Азамат, Бектур, Эльдар, Кайрат жана Ислам бар. Бул балдар Кыргызстанды түгөл кыдырып, көрүүчүлөргө англис тилиндеги ырларын тартуулап жүрүшөт. Баарыбыздын максатыбыз жаӊы окуу жайдын англис тилин үйрөтүү тажрыйбасы менен таанышуу экенин да айта кетейин.

Эшик алдынан бизди Токмок-тогу Кыргыз-түрк «Себат» кыздар лицейинин директору Шевкет Тутар жана анын ак калпакчан окуучула-ры тосуп алды. Бир туугандарча кучак жая саламдаштык. Майрам-дын урматына баарысы ак калпак кийиптир. «Мунусу менин уулум, ал бул жердеги башталгыч мектепте окуйт» — деди, Шевкет бей мотурай-ган балдардын арасынан бирөөсүн көрсөтүп. Күттүрбөй ак калпакчан кичинекей бала алдыбызда турду. Саламдаштык. Кыргыздын калпагы-на мында зор маани берилгенине жүрөгүбүз жылыды. Директор ич-кериге жол баштады.

Эми мындагы тазалыкка, кооз-дукка сөз жетпейт… Лицей бый-ылкы окуу жылында гана иштей баштаганына карабай, көп иштер аткарылыптыр.  Эмеректердин көбү Түркиядан алынып келинге-нин, алардын сапатынан айттыр-бай билсе болот. Башкасын кой, полго төшөлгөн кафелдер да чет жердики экен. Кооздуктан көз ал-бай турдук. «Мобул жылыткычтарды Түркиядан алып келдим. Бул жак-ка келгендеги баасы 2700 сомдон болду», — деди лицей жетекчиси ар бир класстык бөлмөдө орнотулган жылыткычтарга биздин көӊүлүбүздү буруп. Чындыгында баары заман-бап жана жарашыктуу. Акөргөлүк балдарга интерактивдүү доскалар абдан жакты. Математика сабагына баш баксак, 7-класстын окуучусу интерактивдүү доскада эсеп чыга-рып жатыптыр. Сабактын жалаӊ англис тилинде өтүлгөнү конокторго жаӊылык болду.

Заманбап  шарттарда  билим алып жаткан балдардын окуудагы ийгиликтерине кызыктык. «Бизден билим алам дегендер абдан көп.Быйыл  эле  жетинчи  класстарга бөлүнгөн 112 орунга биринчи тур-да 1700 окуучу кыз ат салышты.Булардан  сырткары,  башталгыч мектебибизде 223 окуучубуз бар. Ал  жерде  1-класстан  5-класска чейин балдар-кыздар чогуу билим алышат. 5-класста окуган Курман-беков Бекжан быйыл баарыбызды кубантып, Америкага математика предметинен олимпиадага барып келди. Дагы эки окуучубуз: Абдика-лил уулу Нурсултан менен Абасов Темирлан Түркияга англис тилинен олимпиадага катышып, ийгилик ме-нен кайтышты. Эки окуучубуз билим сынагына түшкөнү Казакстанга ке-тишти», — дейт Шевкет бей.

Мында билим алган балдардын билими сапаттуу экенине өз көзүбүз менен күбө болдук. Кайсы класска кирбейли, балдар биз менен англис тилинде саламдашып жатышты. Албетте, бул — мында билек түрүп эмгектенип жаткан 31 мугалимдин ак эмгегинин акыбети. Мугалим-дердин бешөө Түркиядан, калганы жергиликтүүлөр. Агай-эжейлердин арасында  «Себаттын»   мурунку бүтүрүүчүлөрүнүн бардыгы, үрөн жетилип, минтип өз жемишин бе-рип жатканын дадилдейт. Учурун-да «Себаттан» билим алып, анан Түркияда  жогорку  окуу  жайды аяктаган Жуманияз Маматалиев менен тааныштык. Ал ушул билим очогунда, директордун окуу иште-ри боюнча орун басары болуп иш-тейт. «Лицейде окуп жүргөндө эле, окуткан мугалимдерге таасирле-нип, ушулардай ак жүрөк окутуучу болсом дечүмүн, ошол тилегиме жеттим», — дейт жаш педагог өз ке-сибине ыраазы болуп.

Окутуучулар атамекендик окуу китептери менен катар, чет элдик окуу китептерин колдонушарын ай-тышты. Мисалы, англис тили, ма-тематика, физика, билогия, химия окуу китептери Англиядагы атактуу Оксфорд басылмасынан даярдалат. Лицейдин интерактивдүү доскалар менен жабдылган беш мультимедиа класстары бар. Заманбап билим деп ушуну айт! Мугалим менен оку-учулар бор менен жазып, чүпүрөк менен тактай сүрткөндү эбак уну-тушкан…

Бизге  кыздардын  жатак бөлмөлөрүн, бет-кол жуучу, тамак-тануучу бөлмөлөрүн да көрсөтүштү. Бардык жерде күзгүдөй тазалык. Директор ушунун баары мында эм-гектенген 26 техникалык кызмат-кердин, анын ичинде пол жуугучтан тартып ашпозчуга чейинки иш билги инсандардын күнүмкү эмгеги экенин айтып келип, ушул күндөрү айрым массалык-маалымат каражаттарын-да уу-дуу болуп жаткан ушак-айыӊга кабатыр болгонун жашырган жок. «Турмушта жакшы адамдар көп. Би-рок, кара ниет адамдар да жок эмес. Биз быштакты дайыма бир кишиден алчубуз. Сапаты жакшы болчу. Бир күнү 12 окуучубуз ушул быштактан ууланып, ооруканага түшүп калды. Кудай сактап, ден соолуктарына зыян кетпептир, алардын баары бат эле айыгып кетишти. Ошого ка-батыр болуп жатсак, «Токмоктогу Кыргыз-түрк «Себат» лицейинен 57 окуучу ууланып, ооруканага түштү» — деп айтып чыгышты. Бул эмне, кара ниеттик эмеспи?», — дейт Шев-кет бей окуу жайдын тегерегиндеги ушак-айыӊга жетекчи, педагог ката-ры күйүп-бышып.

Эмне дейли?.. Биз, Кыргызстан-дын атуулдары катары, Шевкет бей-ге өлкөбүздүн келечеги үчүн жа-сап жаткан албан эмгеги үчүн, чын жүрөктөн ырахмат айттык. Кароосуз калган имараттан 31 камаз акыр-чикир чыгарып, бүт кайра оӊдоп-түзөп, алыстан эмеректерди алып келип, көз жоосун алган окуу жайга айландырса, чукул арада мындагы билим-тарбия процессин жогорку деӊгээлге жеткирсе, кантип ырах-мат айтпайсыӊ?.. Ал эми, ай сайын имарат үчүн жергиликтүү казнага 42 миӊ сомдон аренда акы төлөгөнү да өзүнчө эрдик. Бали, Шевкет бей, Сиздей жетекчилер жергебизде көп болсун!

А. АЛИБЕКОВ,

«Кутбилим»

Поделиться

Комментарии