«СЕЙТЕК» ЖАҢЫ ФОРМАТТА ИШТЕП ЖАТАТ

  • 15.04.2020
  • 0

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун тарбиялануучулары карантинде олтурушса дагы ар кандай аралыктагы окууларга, онлайн сабактарга, сынактарга, флешмобдорго, турнирлерге катышып жатышат. Мугалимдердин арасында COVID 19 вирусунан кантип сактануу, коргонуу керек экендигин видео флешмоб өтүп жатат.

Бүтүрүүчүнүн мастер-классы

«СЕЙТЕК» ЖАҢЫ ФОРМАТТА ИШТЕП ЖАТАТ

«СЕЙТЕК» ЖАҢЫ ФОРМАТТА ИШТЕП ЖАТАТ

Үйдө олтуруп, кантип өзүлөрүнүн билимдерин өркүндөтүү боюнча «Сейтектин» бүтүрүүчүсү Наиля Латыпова онлайн сабактарды өтүп жатат. «Шаттык» ансамблинин катышуучусу, кийин А.Ваганова атындагы Ленинграддагы балет Академиясын 2014-жылы ийгиликтүү аяктап, азыркы учурдагы Михайлов атындагы театрынын солисткасы — Латыпова Наиля Эриковнанын сабактары мактоого арзыйт. Ал «Лебединое озеро», «Жизель», «Сильфида», «Корсар», «Дон Кихот», «Спящая красавица», «Щелкунчик», «Чиполлино», «Прелюдия» балеттеринде партияларды аткарат. Азыркы учурда классикалык бийдин онлайн сабагын өз алдынча түзүлгөн коллективдерге өткөрдү.

Шахмат боюнча турнир

9-апрелде Ханты-Мансыйск автономиялык округунун Думасынын уюшулгандыгына жана орус парламентаризмдин күнүнө карата уюшулган Ачык блиц интернет-турнирге «Сейтек» борборунун шахмат ийриминин окуучулары катышып, борбордун окуучусу — Сагынбекова Жибек 2-орунга татыктуу болду. Бул блиц-турнирге 2011-, 2012-, 2013-, 2014-жылкы окуучулар 130 бала катышып, 9 орун берилген. Сагынбекова Жибек кыздардын арасынан 2-орунга ээ болду. Ийримдин жетекчиси — Боргемикова Жылдыз жумасына үч жолу онлайн сабактарды өтүп, турнирлерди уюштуруп жатат. Сейрек арена турнирине республикалык дүлөй балдардын интернатынын окуучулары, «Сейтек» борборунун жана башка мектептерден, эми Нарындын окуучулары катышып жатышат. Бул турнирлер улантылып турат.

«Мен Жеңишти тартам»

Борбордун окуучуларынын арасынан Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган, «Мен Жеңишти тартам» аттуу сүрөт сынагы жарыяланды. Катышуучулардын саны өтө арбын, азыркы учурда 40тан ашты. Дагы деле сүрөттөр келип жатат.

Аралыктагы сабактар

Ошондой эле онлайн сабактар ийгиликтүү өзүлөрүнүн тизими менен өткөрүлүүдө. Биздин окуучулар көнүп калышты. Өздөрү эле мугалимдер менен байланышка чыгып жатышат. Борбордун ШКИД театр студиясы дагы «Бирге окуйбуз» аттуу акцияга кошулуп, классикалык адабияттардан үзүндүлөрдү, ырларды окуп беришүүдө. Ошондой эле онлайн спектаклдерден үзүндүлөрдү тартуулашып, «Бессмертные письма» акциясына дагы видео сюжеттерди тартуулап олтурушат.

«Улар үнү» сынагы

Азыркы этапта, «Сейтек» борбору өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу мектеп окуучуларынын, мектептен тышкаркы уюмдарга катышкан окуучулардын арасында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган «Улар үнү» республикалык конкурстун өткөрүү мөөнөтү дагы жылды. Бирок ушул кырдаалга байланыштуу балдардын арасында «Балдар ырлар сынагы» жарыяланды. Ал онлайн сынак, сынактын шартында патриоттук, Ата Мекен, согуш убагындагы ырларды аткаруусу шарт, ырды жеке аткаруу убагы 3-4 минутадан (акапелла) ашпашы керек. Бардык республикадагы мектеп окуучуларын катышууга чакырат элек. Бул сынактын Жобосу борбордун сайтында жарыяланган.

«Ак Шоола» балдардын хору «Ата-энелер менен кошо ырдайбыз» аттуу сынактын экинчи турун өтүшүүдө. Ата-энелер сынакты кызуу колдоп, видеоматериалдарды жиберишүүдө.

Ира Балтабаева, «Сейтек» борборунун директорунун орун басары

Поделиться

Комментарии