“СЕБАТТЫ» ЖАБУУГА КООМЧУЛУК КАРШЫ

  • 13.03.2015
  • 0

Февралдын башында Жогорку Кеӊештин жыйынында Токмоктогу Кыргыз-түрк «Себат» лицейин текшерүүнүн алгачкы жыйынтыктары талкууланган эле. Анда КСДП фракциясынан депутат Эркин Сакебаев мекемеде санитардык-гигиеналык нормалары канааттандырарлык эместигин билдирген. Ал ортодо «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошева Кыргызстан боюнча «Себаттын» мектептерин жабууну сунуштап жиберди. Ж.Жолдошева өз сөзүндө бул лицейлерди тартип коргоо органдары, өкмөттөн түзүлгөн комиссия текшерип чыгышы керектигин да айтып өткөн эле. Буга карата депутат Төрөбай Зулпукаров «Себатты» жабуу жөнүндө сөздүн туура эместигин, тескерисинче өлкөдө күчтүү мектептердин ачылышын колдоо зарылдыгын айтып чыкты.

Мындай парламенттеги талкуудан кийин «Себаттын» жактоочулары социалдык желелерде ар кандай ак-цияларды уюштуруп баштады. Ал эми балдары “Себатта” окугандар бийликке кайрылышты.

“Себатта” билим алган окуучулардын  ата-энелери  тез  эле чогулуп, борборубузда маалымат жыйынын  өткөрүп,  ЖКнын  депутаты Жылдызкан Жолдошеванын лицейлерди жабуу тууралуу оюна каршы экендиктерин билдиришти. Алар Өкмөткө кайрылып, «Себатка» кедергисин тийгизгиси келген күчтөрдөн сактап калууну суранып, атайын кайрылуу жолдошту. Ата-энелер “Себат” Кыргызстанда билим сапатынын мыкты көрсөткүчү болуп эсептелерине, мында 12 миӊден ашуун бала окуп жатканына, аталган лицей бул тармакка 115 млн. доллар инвестиция жумшаганына да токтолуп, аны жабуу жөнүндөгү сөздөн мурда балдардын келечегин ойлоо керектигин айтып өтүштү.

Кыскача айта кетсек, “Себат” билим берүү системасын белгилүү коомдук ишмер Фетхуллах Гүлен негиздегени коомчулукка маалым. Ф.Гүлен жана анын жактоочулары бүгүнкү күндө Түркиядагы расмий бийлик менен ар кандай келишпестиктерге туш болуп жатканы бизге маалымат булактары аркылуу белгилүү болууда. Ушундан улам“Себаттын” жабылышын каӊкуулагандар да бекер жеринен чыгып жатпаганын айта кетсек эп болчудай. Биздин маалыматыбызга караганда Гүленчилер 140тан ашык өлкөдө билим берүү жайларын, маалымат каражаттарын, изилдөө борборлорун ачып, алардын дээрлик көпчүлүгү ийгиликтүү иштеп жатат. Анын бири биздеги “Себат” лицейлери.

Кыргызстанда  “Себат”  билим берүү тармагында эӊ сонун жетишкендиктерди  камсыз  кылышууда. Анда  окуган  балдар  республикалык тургай, дүйнөлүк олимпиадаларда алдыӊкы орундарды ээлеп келишүүдө. Мындай билимде жогорку сапаттык секирик жасаган “Себатты” коомчулук, илимпоздор, ата-эне-лер, ишкерлер, педагогдор жапырт колдоп, “жабылсын” деген пикирге каршы экендиктерин билдиришүүдө.

Какаганга муштаган демекчи эки ортодо Кыргыз-түрк «Себат» билим берүү мекемесинин Токмоктогу лицейинде балдарга эшек эти берилгени жана балдар андан ууланганы тууралуу маалымат түркиялык басылмалардын  бирине   чыгып кетти. Муну курулай жалган жалаа деп, гезитти “Себаттын” директору Нурлан Кудайбердиев сотко бергени жатканын бизге билдирди.

Директор «Себатта» балдардын тамак-ашына эшек эти колдонулган деген маалымат чындыкка дал келбестигин, буга карата меке-менин жетекчилиги тартип коргоо органдарына  кайрылып,  мындай чагымчылдыкты иликтеп, аныгына чыгып берүүлөрүн өтүнүп кайрылышканын айтты. Директор бул иликтөөнүн жыйынтыгы чыкканда мекеменин ар-намысын коргоо үчүн сотко арыз берилет деди.

Эске сала кетсек, кадимки окуу күндөрүнүн  биринде  Токмоктогу Кыргыз-түрк «Себат» лицейинде оку-учулардын жапырт уулануусу тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинин маалыматы чыккан эле. Анда алгач окуучулардын ичи ооруп, кусуп, жардам сурап кайрыла баштаганы айтылат. Түштөн кийин уулангандардын саны 57ге жеткен. Бардыгына алгачкы медициналык жардам өз убагында көрсөтүлгөн. Он окуучу Токмок шаардык аймактык ооруканага жиберилген. Кечке жуук балдар ооруканадан чыгарылган.

Мындан соӊ аталган мекеменин  ашканасында  текшерүү  иштери  жүргүзүлүп,   Мамлекеттик санэпидемкөзөмөлдүн тыянагы боюнча балдар быштактан ууланганы ырасталган. Бул туурасында “Кабар” агенттигинде болуп өткөн басма сөз жыйынында Токмок лицейинин директору Шевкет Тутар төмөнкүлөрдү билдирди:

— Токмок лицейинде жалпы 340 окуучу окуйт. Аталган лицейдеги окуучу балдар 20-февралда ууланып, 50дөй бала биздин медпунктка кайрылышкан. Алардын ичинен 13 баланын абалы бир аз оор болгондугуна байланыштуу биз аларды Токмок шаардык аймактык ооруканага жеткизгенбиз. Врачтар балдарды текшерип, медициналык жардам көрсөткөн соӊ, аларды эки сааттан кийин үйлөрүнө жиберди. Тактап айтканда, балдардын эч кимиси ооруканага жаткан жок. Ал эми балдар уулангандан кийин, өзүбүз санитардык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу депар-таментин чакырганбыз. Алар келип мектепти текшеришти. Лаборато-риялык изилдөөлөрдүн негизинде окуучулар  быштактан  ууланганы аныкталды. Анткени эртеӊ мененки тамакка сүт жана быштак берилген. Бул окуянын келип чыгышына аталган лицейдин ашканасында иштеген ашпозчулардын шалаакылыгы негиз болгон. Ошондуктан биз окуяга тиешеси бар беш адамды жумуштан бошоттук. Ошондой эле бул окуя болгондон кийин, биз мектепти төрт күнгө жапканбыз. Бир жумадан кийин мектеп ачылып, окуучуларыбыз мектепке кайтып келди, алардын ичинен ууланган балдардын абалы жакшы, алар бүгүнкү күндө окуп жатат.

Көрүнүп тургандай, Ш.Тутар болгон чындык ушул, — деди. Ал эми мунун тегерегиндеги уу-дуу кеп чындыкка дал келбестигин Ш.Тутар дагы бир жолу айтып, атайын көзөмөлдөгү мекеменин чечимин көргөздү.

— Лицейибиздин негизги максаты балдарга сапаттуу билим жана тарбия берүү. Мындан башка максатыбыз жок, — деди Ш.Тутар сөзүн аяктап жатып. Илгери Самаркандыдан саман учса, сел алды деп угуптур бирөө. Мындай чагымчылдык балким айрымдарга керектир…

Акыйкатта, “Себаттын” эл ал-дында кадыр-баркы тоодой экендигин бүгүнкү коомчулуктун аларды жапырт колдоосу далилдеп койду. Арыба, “Себат”, кыргыз балдарын татыктуу тарбиялап, билим берип, өстүрө беришиӊиздерге биз да тилектешпиз!

М.ТОКТОРОВ,

“Кутбилим”

Поделиться

Комментарии