САНАРИПТЕШТИРҮҮНҮН ЗАРЫЛДЫГЫ, ПАЙДАСЫ КӨРҮНӨ ТУРГАН МЕЗГИЛ КЕЛДИ

  • 09.04.2020
  • 0

Кочкор-Ата колледжинин директору, п.и.к., ЖАМУнун доценти Эткибар Молдокеримова таажывирусу Кыргызстанга келгенден баштап кесиптештерине, студенттерге, ата-энелерге байма-бай кат аркылуу кайрылып турду. Ошол каттарды жарыялоону туура көрдүк.

БИРИНЧИ КАТ

Урматтуу кесиптештер, кымбаттуу студенттер!

Көрөгөч Президентибиздин Жарлыгы менен эки жыл удаасы менен жарыяланган санариптештирүү жылынын зарылдыгы дагы, пайдасы дагы көрүнө турган мезгил келди…

Ааламды каптаган таажылуу тумоо учурунда агай-эжейлерибиз карантин шарттарын аткарып, аз эле убакытта аралыктан окутуунун технологияларын өздөштүрүп, өздөрүнүн чыгармачылыгы менен, окутуу жараянын электрондук тайпаларда үзгүлтүксүз, сапаттуу өткөрүп жатканына кубанычтамын.

Кымбаттуу студенттер, силер карантиндин шарттарын так аткарып, тартипти, тазалыкты сактап, аралыктан окутууга жигердүү катышып берсеңер, Ата мекенибизге бараандуу салым кошкон болосуңар.

Жакында билим берүү министри К.А.Исаковдун ата-энелерге жолдогон каты дагы педагогдорго, студенттерге өтө пайдалуу, маанилүү, таасирдүү болду. Анткени аралыктан окутуу аракетибизге ата-энелер дагы кайдыгер болбой, жардам бере баштады.

Урматтуу кесиптештер, кымбаттуу студенттер, бизде башка элдер суктана турган, ар кандай алааматтан, кырсыктан, оору-сыркоолордон сактай турган Манас ата, Умай эне, Ала-Тоо, урмат-сый, адамгерчилик, кечиримдүүлүк сыяктуу баалуулуктарыбыз бар. Ошондуктан кыргыз эли бул оорудан дагы аман-эсен чыгабыз!!!

Баарыңыздарга ден соолук, ийгилик каалаймын.

ЭКИНЧИ КАТ

Урматтуу билим, тарбия берүүнүн жоокерлери, кесиптештер!

Санариптик технологиялар билим берүү чөйрөсүнө артыкчылыктуу киргизилүүгө тийиш экендиги Президентибиздин 2018-жылдын 31-октябрындагы “2018-2040-жылдары КРсын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө” №221 жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары КРсын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын “2023-жылга чейин КРсын өнүктүрүүнүн приоритеттик багыттары” деген V бөлүмдө белгиленген.

3-апрелде билим берүү жана илим министрлиги орто кесиптик окуу жайлардын жетекчилери менен видеоконференция өткөрдү. Конференцияда билим берүү жана илим министри Каныбек Абдуваситович санариптик идеологияны колдоп, электрондук ресурстарды колдонуп, окуу жараянын үзгүлтүккө учуратпай, жамааттын рухун көтөрүп, учурдагы кырдаалга жараша жоопкерчилик менен иштөөгө чакырды. Ошондой эле ар бир студент менен кайтарым байланыш болуш керектигин, ар бир студент үчүн жооп бере тургандыгыбызды эскертти. Ошондуктан ар бирибиз аралыктан окутуунун жаңы технологияларын иштеп чыгып, электрондук тайпаларда колдонуп, заман талабына жараша студенттерге татыктуу билим беришибиз керек.

Урматтуу агай-эжейлер, акыл-ойдун данакерлери, келиңиздер, ынтымакта, биримдикте, санариптик билим берүү технологияларын өнүктүрүүгө чыгармачылыгыбызды, дараметибизди, мүмкүнчүлүгүбүздү жумшап, ак эмгегибиз, аракетибиз менен Кыргызстаныбызды учурдагы абалдан ийгиликтүү алып чыгалы.

Акын Надырбек Алымбеков: “Ала-Тоо биз сүйбөсөк бийик болбойт” дегендей, биз да кесибибизди, балдарыбызды сүйүп мамиле кылсак, санариптештирүүгө кайдыгер болбой, аралыктан окутуу жараянына жигердүү катышып, аралыктан окутуунун жаңы технологияларын иштеп чыгып, балдарыбызга жугумдуу электрондук сабактарды өтсөк, балдарыбыз акылдуу, билимдүү, жоопкерчиликтүү, Ала-Тоодой бийик болушат. Кудай буйруса касиеттүү Кыргызстаныбыз санариптик технологиялар менен өнүгөт!!! Баарыңыздарга чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын, бар болуңуздар!

ҮЧҮНЧҮ КАТ

Учурда маалымат булактарындагы билим берүү тармагы жөнүндөгү маалыматтардын эң туурасы дагы, эң зарылы дагы, эң пайдалуусу дагы Дүйшөн Шаматов мырзанын кайрылуусу болуптур деп ойлойм…

Ооба, педагогикадагы мактоо, үйрөтүү, жазалоо сыяктуу усулдардын ичинен учурдагы мугалимдерге мактоосу жарашып тургансыйт…

Анткени Кыргызстанда буга чейин мектептерде, орто кесиптик окуу жайларда аралыктан окутуу боюнча тажрыйбанын жоктугуна карабастан, мугалимдер аралыктан окутуунун технологияларын аябай тез, сапаттуу өздөштүрүп жатат.

Класста өтүлгөн сабактарга мугалим менен окуучулар гана катышчу. Ал эми учурдагы онлайн сабактарды каалагандар бардыгы көрүп, каалагандай, каалаганча талкуулаганга шарт түзүлдү. Мугалимдерге болсо, класста сабак өткөнгө караганда жоопкерчилик алда канча жогорулады.

Ошондуктан учурда мугалимдерди канча мактасак дагы, канча колдосок дагы жарашат!!!

Урматтуу ата-энелер, акылман ата-бабаларыбыз балдары менен табышмак, жаңылмач, акыйнек, апыртма сыяктуу акыл оюндарын чогуу ойноп, жомок айтып берип, эркелетип, үлгү көрсөтүп, үй-бүлөдө тарбиялаган. Балдардагы мекенчилдик, адамгерчилик, жоопкерчилик, мээнеткечтик сыяктуу асыл сапаттарды үй-бүлөдө бере турган мезгил келди, шекилдүү…

Даярдаган Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии