САБИЙРА ЧЕЛПАКОВА: “КЫТАЙ МАМЛЕКЕТИ МЕКТЕПТЕН ТЫШКАРКЫ БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРАТ ЭКЕН”

  • 12.08.2015
  • 0

«Роза Отунбаева демилгеси» коомдук фонду Кытай Республикасынын билим берүү системасы менен тааныштыруу, тажрыйба алмашуу максатында Гуанчжоудагы Түштүкытай университетине Кыргыз Республикасынын мектептеринин, мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин директорлорун, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларын алып барып келди. Бул сапар тууралуу Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун директору Сабийра Челпакова айтып берди.

 

— Сабийра Муслимовна,  кытай билим берүү системасынын өзгөчөлүгү эмнеде экен? Сизди  эмнелер кызыктырды?

— Түштүк-Кытай университетине 20 адамдан турган делегация бардык. Программа боюнча эртең менен университеттин профессорлору, жетекчилери кытай билим берүүсүнүн деңгээлин көрсөткөн семинарларды өтүп турушту. Кытайда англис тилин окутууга абдан көңүл бурушат экен. Анткени атайын жогорку окуу жай  аркылуу  студенттер  Европадагы алдыңкы жождорго өтүшөт. Биздин делегациядагы адамдар өз тармагына тиешелүү жактарга барып, таанышып, тажрыйба топтоп келишти. Маселен, мени Кытайдагы мектептен тышкаркы билим берүү кызыктырды.

20150706_094443

Кытайдагы университеттердин алдында өзүнүн бала бакчасы, башталгыч, орто билим берүү мектептери, ошондой эле кошумча билим берүүсү да бар экен. Ар бир мектепте, бала бакчада, мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде  башталгыч класстын окуучулары үчүн өзүнчө, студенттер үчүн өзүнчө бөлүнгөн абдан чоң китепканалары бар экенин көрүп таң калдым. Бул китепканалар эртеден кечке чейин иштешет. Менин баамымда, Кытайда китеп окуганга өзгөчө көңүл буруп, кичинекей балдардан бакыйган профессорлорго чейин китеп окуп отургандарын көрөсүң. Керек болсо, бала бакчага келген ата-энелер дагы балдарын бекер күтүп отурбастан китеп окуп отурушат. Бардык билим берүү тармактары акыркы муундагы техникалар менен камсыздалган, бирок кытайлыктар электрондук китепканаларга чек коюшуптур. Бизде болсо, тескерисинче, китепке маани  бербей,  мейли чоңдор болсун, мейли окуучулар болсун, мейли студенттер болсун жалаң гана компьютерди теше тиктеп отуруп алып  рефераттарды көчүрүп, оюндарды ойноп отурат эмеспи. Биз дагы Кытайдан үлгү алышыбыз керек экен.

20150706_110158-1

Кытайда мектептен тышкаркы билим берүүдө советтик мезгилдеги талаптар ошол бойдон калыптыр. Маселен, ар бир окуучу өзү тандаган ийримден билим алат. Эгер жакса 2-3 ийримдерге бир учурда эле катышканга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ар бир окуучу өзүнүн билимин өзү өркүндөтүшү керек экен. Анткени ийримдерде алган билимин келечекте алган кесибине пайдаланат.

Кытайда өзгөчө каллиграфияга маани бурулат. Ошондуктан атайын курстарда баары каллиграфияны окушат. Мындан сырткары, 2-3 жаштагы балдар эки дөңгөлөктүү велосипедде төрт бурчтукту, тегеректи айланып тебишет.  4-5 жашка келгенде эч нерседен коркуп-үркпөй эле велосипедди эркин тээп калышат. Ошондой эле техникалык ийримдерге да чоң маани бурулат экен. Өзгөчө балдар авиамодель ийримине көп жазылышат. Баса, бизде, мисалы, ыр, аскерге даярдоо сабактарынын сааттары кыскартылып жатса, Кытайда, тескерисинче, так ушул предметтерге көп сааттар каралат.

— Мектептен тышкаркы билим берүү мекемелерине мамлекет тарабынан кандай көңүл бурулат экен?

— Мектептен тышкаркы билим берүү мекемелерине мамлекет өзгөчө маани бурат. Бул тармактын башын бириктирген ассоциация да бар экен. Ар бир райондо балдардын борборлору иштешет. Мисалы, Пекин шаарында республикалык деңгээлде тажрыйба алмашуу боюнча чоң иш-чаралар өткөрүлүп тураарын кытай педагогдору айтып беришти. Кошумча билим берүү мекемелери мектептер, институттар менен тыгыз иштешет. Мага жакканы республикалык иш-чараларга мектептен тышкаркы билим берүү мекемелери волонтерлорун жиберип, алар айылдан келгендерге  бийлегенди, ушунун, таэквондонун  ыкмаларын үйрөтүшөт. Бул деген шаар менен айылдын билим деңгээлин теңөөгө көрүлгөн камкордук деп түшүнсөк болот.

Бизде болсо мектептен тышкаркы билим берүү мекемелери жер тилөөдө жайгашат, анысы аз келгенсип бизге бөлүнгөн штаттарды райондук билим берүү бөлүмү алып алат. Мисалы, акыркы учурду алалы. Мугалимдердин айлык акылары тууралуу маселе көтөрүлдү, бирок ал жерде кошумча билим берүү мекемелеринин педагогдорунун айлык акылары эмнегедир каралган эмес. Бизди качан эстешет? Эгерде мамлекеттик же республикалык деңгээлде чоң иш-чара өткөрүү керек болсо, анда “Сейтекти” баары эстешет. Ал эми Кытайда болсо мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин педагогдору мектеп мугалимдери менен тең айлык акы алышат экен. Анткени айлык акыга педагогдун категориясы, окуучусу берген баасы да таасир этет.  Ошондуктан педагогдор окуучу көбүрөөк билим алышына кызыкдар жана анын ийримде калышына бардык мүмкүнчүлүгүн жумшайт.

20150706_100957

— Ийримдерге кирүү үчүн акы төлөшөт бекен?

— Жок. Баары бекер, мамлекет камсыздайт. Кээ бир гана учурда каражат керек болуп калса, ата-энелердин ыктыяры менен бериши ыктымал экен.

Сиздер барган учурда кандайдыр бир иш-чарага катышууга мүмкүнчүлүк болдубу?

— Мектептеринин айлана-чөйрөсү темир менен тосулган, коопсуздук кызматы көзөмөлдөп турат. Чоочун адамдар кире албайт. Мага жакканы иш-чарага келген ата-энелер баары мектептин талабы боюнча окшош жашыл түстөгү футболка кийишсе, окуучулар сары, мугалимдери кызгылт футболка кийишет экен. Ким ким экени түс аркылуу эле билинет. Ал эми мектепке келген конокторго бейжиктер таратылат. Ар бир мектептин алдында бала бакчалар бар. Биз ошол бала бакчанын бүтүрүүчүлөрүнүн кечесине катыштык. Балдар сахнада ырдап, бийлеп жатышты. Ошол эле кезде экранда бир баланы көрсөтүп, отурган ата-энелерден, балдардан бул ким деп сурашканда, алар баары баланын аты-жөнүн айтышат. Бул деген бири-бирин жакшы билээрин, бир команда экенин билдирет. Иш-чаранын аягында ар бир бала ата-энесине ыраазычылыгын билдирүү максатында стаканда куюлган чайды берет.

Ал эми залдарынын баары тең айнектен жасалган, ошондуктан сырттан эле балдар, педагогдор эмне кылып жатышканы даана көрүнүп турат.

Белгилей кетчү жагдай, Кытайда жаңы мектептен тышкаркы билим берүү мекемелери курулуп турат экен. Шаар таптаза, көздүн жоосун алган кооздук баарыбызды кайдигер калтырган жок.

20150706_094725-1

— Башка мамлекетке барып кайткандан кийин ар бир инсан топтогон тажрыйбасын ишке ашыргысы келет эмеспи. Сиз эмне кылайын деген оюңуз бар? Жаңы окуу жылына даярдык кандай?

Кытайдагы бардык жакшы нерселерди көргөндөн кийин сөзсүз ошолорго теңеле албасак да, имаратыбызды капиталдык ремонттон өткөрөлү дедик. Негизинен буга жети жылдан бери эле даярданып келатканбыз. Анткени бул имарат биздин колубузга 1992-жылы өткөрүлүп берилген. Имарат тарыхый жана архитектуралык эстеликке кирет жана мамлекеттин коргоосунда турат. Ошондуктан эскилиги жеткен архитектуралык эстеликти сактап калуу үчүн  Кытайдан келгенден кийин Билим берүү жана илим министрлигине  кайрылып, 7,5  млн.сомго смета жазганбыз, алар бизге 490 миң сом ремонтко бөлүп берди. Ал каражат эмнеге жетет? Караңызчы, концерт койгон залды оңдоо үчүн эле 3 млн. сом керек, кире беришке 1 млн. сом ж.б.у.с. ремонтко муктаж көп нерселер бар. Абалдан чыгуу үчүн ата-энелерге кайрылып, бүгүнкү күндө 600 миң сомдой каражат чогултулду. Ошондой эле демөөрчүлөр да чыкты. Маселен, «Юрфа» компаниясынын жетекчиси А.А.Кимсанов өзүнүн эсебинен 100 миң сом которуп берди.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

 

 

 

 

Поделиться

Комментарии