Роза Отунбаева, экс-президент “Тойканасы толтура, бирок баласына оюнчук, китеп жетпеген Кыргызстан”

  • 25.10.2013
  • 0

Роза Отунбаева, экс-президент: “Тойканасы толтура, бирок баласына оюнчук, китеп жетпеген Кыргызстан”
“Отунбаеванын демилгеси фонду” мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин сапатын өркүндөтүү максатында ай сайын дүйнөлүк масштабдагы педагогиканын белгилүү корифейлерин чакырып, бала бакчанын жетекчилерин, тарбиячыларын окутуп жатат. Бул жолу орус окумуштуусу, дүйнө жүзүнө белгилүү педагог-новатор Н.Зайцев чакырылып, ал математиканы, англис тилин, шар окуганды кантип балдарга жеңил үйрөтүүнү беш күндүк семинарда көрсөтүп да, айтып да берди. Мына ушул семинарга келген катышуучулар менен фонддун түзүүчүсү, экс-президент Роза Отунбаева, билим берүү жана илим министринин орун басары Догдуркүл Кендирбаева жолугушуп, алардын көйгөйлүү суроолоруна жооп беришти.

“Жайлоо бала бакчасы”
Роза Отунбаева: Быйыл Кыргызстан боюнча 24 жайкы “Жайлоо бала бакчасы” ачылган. Эмдиги жылы 100 бала бакча ачканга умтулуп жатабыз. Бул көп деле эмес. Жети областта 15ден бала бакча ачылса, 105 болуп чыга келет. Бул маселени Жайыт (Пастбищный) комитети аркылуу иштейли, жолун табалы деп жатабыз. Алар жалаң эле мал, жайыт жөнүндө ойлобой, балдар жөнүндө да ойлосун. Биздин максат – айылдагы балдарды жайкы үч айлык каникулда бош койбой, кыска мөөнөттүн ичинде мектепке даярдоону, дүйнө таанымын кеңейтүүнү көздөйбүз. “Жайлоо бакчага” 3 жаштан 14 жашка чейинки балдар тартылды. Окутуп, үйрөткөн жерге балдар сүйүнүп келишет экен.

Жеке менчик бала бакча ачуунун жолдору
Суроо: Жеке менчик бала бакча ачуунун жолун таба албай жатам. Эмне кылуу керек? (Айрым суроо бергендер аты, жөнүн айтышкан жок).
Роза Отунбаева: Бая күнү мага ушундай суроо менен бирөө кайрылды. Жолугалы дедим эле. Бизде мамлекеттик жеке ишкердик өнүгө албай жатат. “Бай түшүм” банкына пилоттук долбоор жазайын деп аракеттенип жатам. Аялдар соодага эмес, социалдык бизнеске өтүшү керек. Маселен, өзүңдүн 3-4 балаң болсо, ага дагы 6-7 баланы кошсоң бала бакча болуп жатып калат. Менин оюмча, чоң акчаны самабай, ошол ата-эне берген акча менен баланын тамагын камсыз кылып, тарбиячынын айлыгын берсе болот. Бул социалдык бизнес. Биринчиден, коомго пайда келтирет. Экинчиден, өзүңдүн 3-4 балаң кошо өсүп-өнүгөт. Өзүң дагы ачка эмессиң, ошол эле кезде кичинекей акча өндүрүлөт. Баарыбыз эле чоң акча дейбиз, өзүбүздүн напсибизди дагы тыйышыбыз керек. Бул жерден аялдар жумуш орду менен камсыз болот. Жумуш абдан маанилүү. Жумушсуздук деген баарыбызды кемирип атат го. Айыл жергесинде чоң үй болсо, он чакты баланы кармаганга болот. Маселен, Батышта балдар басып, ойноп жүргөн жеринде эле уктап калат. Анын үстүнө одеял жаап коет. Ой, алар менен эч нерсе болгон жок да. Ошондуктан чакан бала бакчаларды ачуу, кыска мөөнөттө мектепке даярдоо идеялардын үстүндө иштеп жатабыз.
Догдуркүл Кендирбаева: Мугалим бир убакта мектепте иштеп, мектептен кийин балдарды тарбияласа болот, же болбосо, тескерисинче, мектепке чейин үч сааттык сабак өтүп, андан кийин мектепке барып иштесе болот. Көп жерде ушундай тажрыйба бар. Негизги айлыгы да жүрө берет, анан өзүнчө кошумча каражат таап алат.

Мектепке даярдоо жөнүндө
Суроо: Быйыл биз нолевой классты топтоп, беш айлык программа менен окуттук. Биз окуткан балдарды кайра үч айлык 240 сааттык программаны 4-классты бүтүргөн эжейлерге берилет дешти. Ошондо биз кайра жумушу жок калат экенбиз. Ошону чечип берсеңиздер.
Догдуркүл Кендирбаева: 240 саатты да Сиз эле улантып кете бересиз, акча Сизге төлөнөт. Мектеп директорлордон көп кемчилик кетирилип жатат. Көрүнгөнгө жакшы көрүнөм деп сааттарды майдалап бөлүп салышууда. Ушул классты 1-класска чейин өзүңүз алып кетишиңиз керек.

Н.Зайцевдин усулу, М.Лазаревдин ыкмасы тууралуу
Суроо: Биз окуп жаткан Н. Зайцевдин усулу айылдагыларга, райондорго да сиңимдүү, балдарды окутканга жеңил экен. Автордук дидактикалык материалдарды биздин айылдарга жайылтса жакшы болчудай.
Роза Отунбаева: Мурдагы жылы Кытайда жашаган кыргыздардын жерине барып келдим. Кытайда 180 миң кыргыз бар. Эми алардын жашоосу илгерки биздин 1980-жылдагы Л.И.Брежневдин учурундагыдай заман болуп атыптыр. Заңгыраган үйлөр, 1000 орундук мектептер, комбинаттар салынып атат. Кыргыздарга азыр кытай тилин үйрөтүп жатышат. Ааламдашуу доорунда кытай тилин Европа, Америка да жата калып окуп жатышат.
Мен бая күнү Нью-Йоркко барганда аябай таң калдым. Бир бай үй-бүлөдө кичинекей баласына кытай тилин үйрөткөнгө мугалим таппай коюшуптур. Ал жерде кытай тилин үйрөнүү — чоң проблемага айланган. Эми ал баласын скайп аркылуу кытай тилин окутуп атыптыр. Мугалими Пекинде олтурат, бир жумада үч жолу скайп аркылуу акчасын жиберет экен.
Экономиканын өсүшү боюнча Кытай мамлекети азыр экинчи орунда турат. Мүмкүн 180 миң биздин кыргыздар келечекте жыргап жашайт. Алар абдан бышык болуп чыгышат. Мен эмне үчүн сөздү бул жакка буруп кеттим. Анткени биз жок дегенде бир тилди билишибиз керек. Айланайын, сиңдилерим, эжелерим, өзгөчө орус тилин билишибиз керек. Н. Зайцев айтты, “биз кыргызча сүйлөтө албайт экенбиз” деп. Мына эми Монтессоринин башчысы Надежда Николаевна Смирнованы чакырып атабыз, курс өтүп бер деп. Ал бизге жетинчи жолу келет. Быйыл Мариям Монтессориге 100 жыл толду. Монтессори деген 500 сааттык курс, дагы бир эки жолу келет, акырында сертификат тапшырат. Учурда ал курста 40 киши окуп атат. Силер дагы татынакай бала бакча ачсаңар, силерге да келет. Мындан тышкары да, пландарыбыз бар.
Бишкек же Астана, же Алма-Ата эмес, белгилүү адамдар оңой менен келбейт экен. Булар келгенде гонорарын сурашат. Ал эми алардын баскан-турганын, жол киресин, жатаканасын, тамак-ашын биз төлөп берип атабыз. Жанагы беш күндүк семинарга төлөгөн 2000 сом ошол жакка берилет. Кээ бир адамдар Отунбаева 2000 сомду эмне кылат экен, каякка жумшайт экен деп менин кыздарымды жакалашкандар бар. Ал чогулган акчанынын бир тыйынына да биздин тиешебиз жок. Кыскасы, бизге И.Арабаев атындагы КМУ залын берип атат, бир айда бир жолу тиешелүү новатор-педагогдорду чакырып, мыкты усулдарды силерге бергенге аракет кылып жатабыз. Бирок шаардык ата-энелер ушундай сонун семинарга тартылбай жатат. Биз жөн эле сактоочу камера сыяктуубуз, ата-эне балдарын мектепке, бала бакчага киргизип жиберип, колдору бош болсо базарлап жөнөшөт. Ата-эне балдардын окутуу-тарбиясына катышпайт.
Биз “Сонатал” ыкмасынын автору (кош бойлуу аялдын ичиндеги баланы музыкалык жактан өнүктүрүү), медицина илимдеринин академиги, доктор М. Лазаревди алып келдик. Анын айтуусу боюнча, кош бойлуу аялдын ичиндеги жети айлык бала — инсан. Жети айдан баштап эки ай жаныңарда бала басып жүргөндөй мамиле кылуу керек экен. Урушпай, кыйкырбай дегендей. Бул педагогиканын ыкмасы — эне ырдап, позитивдүү сөздөрдү сүйлөш керек. Ушундай программа менен баланы даярдаса болот экен. Анткени азыркы кыйын турмушта балдардын проблемалары көп. Бизде майып, стресске дуушар болгон балдардын саны жылдан-жылга көбөйүп баратат.
Тайиланд, Индия, Кытай мамлекеттери менен катташып, булардын педагогикасын да үйрөнүшүбүз керек. Азыр алака түзө баштадык.
Айтмакчы, жакында Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрү менен депутаттар үчүн даярдоо классы боюнча чоң семинар өткөрөбүз. Кыргызстанда мектепке даярдоо классын киргизсек деп жатабыз. Бая күнү Германияга барып келдим, алар эмнени гана жасап жаткан жок. Бир нерсени мээбизге сактап же түйүп алышыбыз керек. Бул мамлекеттерде төрөт (рождаемость) төмөн, бизде кудайга шүгүр. Бирок алардын балдарына көңүл буруусу мурдагыдай эле.
Биздин Кыргызстандын экономикасы, келечеги ушул адам ресурсуна байланган. Мен таң калам, совет заманында деле кыргыздар мал менен алек болчу. Мал десе жата калып, адамды эч ким баалачу эмес. Азыр деле ошондой. Соода десе ичип жаткан чайын таштай коет. Ал эми адамды эч ким баалабайт. Биз адам ресурсунун үстүндө иштешибиз керек. Ошон үчүн жаңы методикаларды үйрөнүшүбүз зарыл.

Кесип тандоо жөнүндө
Суроо: Көп жаштар кесип тандаганды билишпейт. Өздөрү каалаган кесипке барбай, ата-энеси тандап бергенге барып, кыйналып олтурушат. Мисалы, фармацевт бөлүмүнө тапшырган бала археолог болгонду каалачу экен. Эмнеге фармацевтти тандап алганына өзү да таң калат. Ушул багытта бала бакчадан ата-эне кесип тандаганга үйрөткөн кандайдыр бир программа барбы? (Жунушбаева Бермет, Кара-Балта шаары).
Догдуркүл Кендирбаева: Эне-аталар үчүн ар бир бала бакчада биргелешип өнүгүү багыты бар. Ал эми башталгыч мектептин ата-энесин кошо өнүктүрүү боюнча мамлекеттик деңгээлдеги атайын багытталган программа жок.
Роза Отунбаева: Мен мындай деп жооп берет элем. Былтыр билим берүү фестивалын өткөрдүк. Шаардын четинде жайгашкан 40тан ашык конуштан эл чогулду. Шаарга келип, “балам Бетховенди уксун” деп умтулгандар бар экен. Кыргыздар бири-бирине көрүнүш үчүн машина алганды, кабат-кабат там салганды токтотуп, балдарга билим берүүгө инвестиция салыш керек. Айылда 300-400 кишилик тойкананы салып атышат. Бала бакчасына барсаң же бала ойногонго оюнчук, же окуганга китеп жок. Үйүндө деле ушундай көрүнүш. Биз дүйнө жүзү кантип жашап жатат деп, ойлонушубуз керек.
Билим берүү фестивалы — профориентация десек болот. Силер айткандай, айрым балдар жөн эле илинип калгандар, ал кесипти жактырбайт. Ошон үчүн Кыргызстанга техникалык кесипке окугандар абдан керек. Бизде математика сабагы өз деңгээлинде берилбей, начарлап кетти. Башка өлкөлөрдө илим жана техника боюнча, табигый илимдер боюнча музейлер бар. Ушулар мугалимге көп жардам болот. Бизде эч нерсе жок, болгону китеп, доска. Ошон үчүн эмки жазда билим фестивалын И.Раззаков атындагы КТУнун базасында өткөрөлү деп атабыз. Ал жерде толуп жаткан адистиктер бар. Ата-энелерди ошол жакка жетелеп алып келиш керек. Наркы жылы медициналык окуу жайдын базасында өтөбүз. Ош шаарында деле ушундай нерсени жазаса болот. Билим фестивалын өткөрүүнүн жол-жобосун биз деле айтып беребиз.

Лицензия, ремонт, бала бакчаларды кайра кайтаруу жолдору
Суроо: Жеке бала бакча ачуу кыйын. Анткени лицензия алууда бир топ кыйынчылыктар бар. Маселен, Россияда лицензия алуунун жолун жөнөкөйлөштүрүп коюшту. Жеке бизнестин өнүгүшү үчүн бизде дагы лицензияны жөнөкөйлөтүп коюшса. Эң башкысы, Роза Исаковна, Сиздерге ыраазычылык билдиребиз. Анткени биз билбеген көп нерселерди окутуп, көзүбүздү ачып жатасыз. (Бахтияр Иманалиев, Бишкек шаары)
Роза Отунбаева: Жылуу сөзүңүзгө рахмат. Казакстанда лицензияны таптакыр алып салышкан.
Догдуркүл Кендирбаева: Бизде деле жөнөкөйлөштүрүлгөн. Болгону санитардык, өрт өчүрүү мекемелери бизге баш ийбейт.
Суроо: Арча-Бешик конушунда бир да бала бакча жок. “Айкөл” бала бакчасын гранттык каражатка ачкам. Шарт бар, жакшы ийгиликтерге жеткенбиз, бир гана суу чыгара элекпиз. Беш айдан кийин программа токтоп калган. Кантип улантса болот? (Чокеева Гульмира, Арча-Башик конушу)
Роза Отунбаева: Биз менен байланышыңыз. Кайсы региондон болбосун бала бакча ачам, кредит керек дегендер айткыла. Оюңарды өзгөртүп жатканыңар үчүн силерге таазим. Бул жерде оңой эмес аялзат отурасыздар. Ачык эле айтайын, проблеманы банк аркылуу чечкенге аракет кылалы.
Суроо: Айылдагы каралбай калган имаратты оңдоп-түздөп алып, бала бакча ачтык. Анын ремонтун ким аркылуу бүтүрсөк болот? (Нуржамал Туйганбаева, Токтогул району)
Догдуркүл Кендирбаева: Имараттарды оңдоо маселесин “Мерсико” уюму аркылуу чечсе болот. АРИС уюмуна да кайрылсаңар, жардам беришет. Эгер жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү болсо, алар деле бул маселени чече алат. Экинчи маселе, Кыргызстанда 100 инновациялык идеяны колдоо программасы бар, эгер ал жарыяланса, катышсаңыздар болот. Бирок анда дагы инфраструктурага аз жардам берилет, негизинен бул өнүгүүгө багытталган долбоор. Азыркы мезгилде чоң имарат күтүү, чоң тамак берүү, уктатуу бөлмөлөрүн кармоо мамлекетке кымбат турат. Эң биринчи, билим берүү саясатында, стратегияда башкы приоритет — балдардын өнүгүүсүн камсыз кылуу.
Роза Отунбаева: Мектептерде деле бир классты тапса болот. Азыркы заманда кайдагы типтүү бала бакчаны айтып жатасыңар? Баткендиктер эптүү эл болот экен. Бая күнү чайхана болгон жерин айылдыктар ремонттоп беришти. Үч айылык курсту ачтык, азыр иштеп жатат. Түштүктө миграция толкуну күч болгондуктан, мектепке аз бала барып, класстар бош калып калат экен.
Догдуркүл Кендирбаева: Көп мектепте кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачып алышкан. Биринчиден, жумуш орду болуп атат, экинчиден, анча-мынча ата-энеден каражат түшүп жатат.
Роза Отунбаева: Айылдарда дардайган клубдар аңырайып турат. Түркияда чоң банктардын алдында кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча куруп коюшат экен. Биз дагы ушул нукта ойлонушубуз керек.
Догдуркүл Кендирбаева: Эгерде балдарды уктатам, тамак берем десеңиз талап жогору болот. Үч сааттык кыска даярдоодо тамак берилбейт, уктатылбайт. Мамлекеттик бала бакчалар аз болгону менен, жакшы каржыланат. Ата-эненин дагы колдоосу бар. Эң чоң чыгым имаратттарга кетет.

Суроо: Менчиктештирилген бала бакчаларды кантип кайра кайтарса болот?
Догдуркүл Кендирбаева: Совет мезгилинде 2647 бала бакча бар болчу. Анын 1000 менчиктештирилип кеткен. Учурда 465 мурунку бала бакчанын имаратында ар кандай мекемелер олтурат. Эч нерсеге карабай, кайра кайрып берүү боюнча өкмөттүн токтому чыккан. Сот, прокуратура аркылуу мыйзам чегинде күчкө салып кайрып атабыз, экинчиден, сатылып кеткендер боюнча маселе өтө оор. Анткени, 2003-жылга чейинки чыккан мыйзамдын 47-беренесинде менчиктештирүүгө (приватташтырууга) жана башкага берүүгө болбойт деп көрсөтүлгөң. Бирок айрым бала бакчалар бул мыйзам чыга элек кезде сатылып кеткен, ошолор боюнча маселе татаалдашып жатат. Азыр атайын комиссия түзүлгөн, чогуу иштеп жатабыз.
Роза Отунбаева: КРнын Өкмөтүнүн Чүй областы боюнча толук ыйгарым өкүлү (губернатору) Кубан Кулматов област боюнча төрт бала бакчаны кайтарып алганын айтты. Ошого да кайрылсаңар болот.

Нуржамал Туйганбаева, Токтогул районундагы Кара-Тектир айылындагы “Адеми” бала бакчасынын жетекчиси:
— Н. Зайцевди улуу педагог, педагогика илиминин корифейи деп айтсак болот. Анын усулу менен балдарды окутуу жеңил. Бала кубиктерди карап олтуруп, анын көрүү сезими өркүндөйт жана 3-4 жолу көргөндө эле кошулган тамгаларды эстеп калат. Эң жеңилдиги алфавиттерди ыр түрүндө, мотивдер менен үйрөтсө болот экен. Инновациялык ыкма катары кабыл алып жатабыз. Буюрса, бала бакчаларга барып, ушул ыкманы ишке ашырабыз. Бул усулду кыргыз тилине которуп, анан тарбиялоо кыргыз тилинде жүргүзүлгөн бала бакчаларга таратса болот. Азыр биз интернетке кирип, керектүү материалдарды алганга аракет кылып атабыз. Н. Зайцевдин автордук материалы 13 миң сом турат экен. Аны алууга чамабыз чак.
Кубик, таблицаларды көрүп, балдардын эс тутуму калыптанат жана жакшырат. Окууга берип аткан эки миң сом автордун материалынын баасына караганда бул эч кандай деле кыйынчылыкты түспөйт. Анткени бул педагогдун усулун тээ алыскы айылдарга барып жайылтканы турабыз.
Айылга бала бакча абдан керек. Бул жагынан алганда экс-президент Роза эже эң сонун ишти баштап, бизге усулдук жагынан дүйнөлүк деңгээлдеги педагог- корифейлерди алып келип, бизди окутуп жатканына чоң ыраазычылык билдиребиз.
Асель Жакыпбекова, “Отунбаева демилгеси фондунун” кызматкери:
— Жарым жылдын ичинде балдарды окуганга, санаганга үйрөтүш керек. Н.Зайцевдин ыкмасы – балдарды көрүү жана угуу сезими аркылуу окутуу жана санатуу. Анткени үч жаштагы баланын эс тутуму абдан чоң. Алар көп нерсени сактап, эстеп калат. Маселен, кубиктеги ба, бо, бу, до, де ж.б.у.с. жазууларды 2-3 жолу көргөндө эле эстеп калат. Бул ыкма менен бала китепти шар окуп кетет. Баланын да, тарбиячынын да башы оорубайт. Бул усул 2-3-4-5- жаштагы балдар үчүн.
Ушул усулга окшош америкалык педагог Глен Домондуку да эс тутум аркылуу. Анын усулунда балага бир гана сөздү жазып көрсөтөт. Мисалы, коен деген сөздү балага бир көрсөтүп, бул коен деп айтат, анан сөздү алып коет. Ошентип 3-4 жолу кайталаганда бала эстеп калат, бирок коен эмне экенин билбейт. Сөздү гана эстеп калат. Ал эми Зайцевдики сөз кошуп окуп кеткенге ыңгайлуу. Зайцевдин математиканы окутуу усулу кичине Монтессоринин ыкмасынан алынган. Бул дүйнө жүзүнө белгилүү ыкма.
Жаңы жана эң кызыктуу – бул “Сонатал” ыкмасы. Бул усулдун автору, педиатр-дарыгер М. Лазарев. Ал илимий көз карашта мындай деп түшүндүрөт, боюнда бар аялдын ичиндеги эки айлык түйүндө угуу клеткалары болот, ал эми көрүү клеткалары төрөлгөндөн кийин гана пайда болот. Бала төрөлгөндө угуп төрөлөт. Көрсө, изилдөө көрсөтүптүр эки жумалык түйүндө канча бир миллиард нейрондор угуу клеткада калыптанат. Биздин Кыргызстанда илимий иштер каржыланбайт.
Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии