Ректор шайлоо: КҮӉГӨЙҮ ЖАНА ТЕСКЕЙИ

  • 27.11.2015
  • 0
Ректор шайлоо:  КҮӉГӨЙҮ ЖАНА ТЕСКЕЙИ

Республикада бир катар жогорку окуу жайлардын жетекчилигине шайлоо өтүп, айрымдарына жетекчилер дайындалды.  Өткөн аптада республикадагы төрт окуу жайдын жетекчисин премьер-министр бекитти. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын жетекчилигине шайлоодо биринчи орунду алган Канат Керезбеков дайындалса, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине шайлоодо үчүнчү орунду алган Мураталы Жаманбаев, Ош техникалык университетине мурунку ректор Абидов Абдыкадыр, Ысык-Көл мамлекеттик университетине мурунку ректор Абдылдаев Курманбек жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине мурунку  ректор Төлөбек Абдырахманов дайындалды. Ал эми Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректорун дайындоо күтүлүүдө. Ушул жылдын аягына чейин дагы төрт жогорку окуу жайда: Баткен мамлекеттик университетинде, Кыргыз улуттук агрардык университетинде, Кыргыз улуттук консерваторияда жана Мамлекеттик көркөм академияда жетекчилик орунга шайлоо өткөрүлөт.

Ректорлор кандай дайындалат

 Талапка ылайык, жогорку окуу жайдын ректоруна талапкерлерди алгач окуу жайдын эмгек жамааты шайлайт. Шайлоодон эӊ көп добуш алган үч талапкерди Билим  берүү жана илим министрлиги Өкмөт башчысына сунуштайт. Премьер-министр ошол үч талапкердин ичинен бирөөнү тандап алып, бекитет. Жогорку окуу жайларга жетекчи тандоонун бул жолунун уникалдуулугу — эмгек жамааттын дагы, Өкмөттүн дагы тандоо укугуна ээ болгондугунда. Себеби жетекчи, биринчиден, эмгек жамаат менен иштешет. Андыктан эмгек жамаат татыктуу жетекчини өзү тандап алышы керек. Экинчиден, окуу жай мамлекеттик болгондуктан Өкмөт тарабынан дагы көзөмөлдөнүп турууга тийиш. Бирок коомчулук ректорлорду шайлоо жана бекитүү процессин топтолгон тажрыйбалардын негизинде дагы өркүндөтүү зарылчылыгы келип чыгып жаткандыгын айтууда. Себеби окуу жайларда шайлоо өткөрүлгөнү менен эмгек жамааттын тандоосу эске алынбай калууда дешет адистер. Мисалы, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректорлугуна ат салышкан үч талапкердин  ичинен 247 добуш алып, биринчи орунга чыккан талапкер эмес, болгону 85 добуш алып үчүнчү орунда калган талапкердин дайындалып калышы коомчулуктун тынчын алууда.

— Негизи шайлоонун болгону жакшы. Бирок ошол Өкмөт бекиткен шайлоонун эрежесинин өзүндө айрым бир калпыстыктар кетип калганбы деген ойлор бар. Себеби, биринчиден, окуу жайдын ректору шайланат деп шайлоо өткөрүп койгонубуз менен акырында келип эмгек жамааттын пикири эске алынбай калууда.  Шайлоо болгон жерде атаандаштык болот. Бирок эмгек жамаат тандаган талапкер дайындалбай аз добуш топтогондор дайындалып калган учурлар болуп жатат.  Негизи Өкмөт  башчы аларды кайсы критерийдин негизинде карап чыгып, чечим кабыл алып жатат? Кептин баары мына ушул жерде жатат. Азыр Ак үйгө ким жакса ошону дайындап коет. Бирок түпкүлүгүндө андай болбошу керек. Убагында жобо Өкмөткө ылайыкталып бекитилип калган. Азыр кайсы ЖОЖго барбагын, баардыгы ушул маселени айтышат. Андыктан биз ириде ушул маселеге көӊүл буруп, тез арада Жобого тактоо киргизип алышыбыз керек. Жетекчини эмгек жамаат тандадыбы бүттү, ошол адамды Өкмөт бекитип бериши керек, — дейт Кыргыз улуттук билим берүү академиясынын президиумунун башкы окумуштуу катчысы Чолпонкул Арабаев.

Республикада жогорку окуу жайларга ректорду дайындоо практикасында мындай учурлар буга чейин эле болуп келген. Мисалы, Нарын мамлекеттик университетинин мурунку ректору Алмазбек Акматалиев дагы учурунда шайлоодон эӊ көп добуш алып, биринчи орунга чыкканы менен ал жетекчилик кызматка дайындалбай калган.

— Мен Нарын мамлекеттик университетинин жетекчилик кызматына болгон шайлоодо 1-орунду алгам, ал эми 2-3-орунду алган экөө биригип келип менден бир эле добуш ашык алышкан. Бирок ошого карабай эӊ аз добуш алган үчүнчү кишини дайындашкан. Бирок эч кимге себеби түшүндүрүлгөн эмес. Ушул жактан дагы бир маселе жаралып жатат. Ошондой шартта биринчи орунду алган кишинин шайлоочуларынын добушу кайда калды? Себеби эмгек жамааттын көпчүлүгү ал кишиге ишенимин арткан да. Эми бул маселе бара-бара өз калыбына келиши керек. Бирок 90% ашык добуш алган талапкер турса он добуш менен үчүнчү орунду алган адамды жетекчилик кызматка Өкмөт деле дайындабашы керек. Шайлоодо талапкерлер бирдей эле же аз айырмачылык менен добуш алып калса, анда Өкмөт ылайыктуусун дайындаса болот. Бирок 90% чейин же андан көп добуш алган талапкерди Өкмөт дароо эле дайындоого тийиш, — дейт А.Акматалиев.

Ректор шайланышы керекпи же дайындалышы керекпи?

 Ушундай маселелерден улам адистер шайлоо процессин жакшыртуунун бир канча сунуштарын айтышты. Алмазбек Акматалиев ректорлорду дайындоонун эки жолун бирдей эмес, экөөнүн бирөөнү гана тандап алууну сунуштайт. Анын айтымында, же ректорлорду биротоло Өкмөт дайындашы керек, же болбосо толугу менен шайлоого өткөрүү керек.

— Негизинен 2005-жылга чейин шайлоо болуп келген. Ал убакта шайлоодон ким жеӊсе, керек болсо бир добуш менен алдыга чыккан талапкер жеӊүүчү деп эсептелип, аны Өкмөт эмес, билим берүү жана илим министри дайындачу. Шайлоонун принциби мына ушунда. Бирок 2005-жылы бийлик алмашканда бул концепция өзгөрүп, шайлоо өткөргөн болбойт экен, бул жөн гана талаш-тартышты жаратат экен деп кайрадан дайындоого өтүштү. Ал кезде министрлик өзү чечип, Өкмөт башчысына сунуштачу, анан премьер-министр дайындачу. 2010-жылы жаӊы бийлик келгенде жобо кайрадан өзгөртүлүп, бирок демократиялык тенденция менен административдик тенденциянын күрөшү болуп, акырында шайлоо дагы боло берсин, дайындоо дагы кала берсин деген жобо бекип калган.  Демек, бул жакта бийликтин дагы көз карашы эсепке алынышы керек деген принцип жеӊип кеткен. Себеби окуу жай мамлекеттик болсо, бирок анын жетекчисин дайындоодо Өкмөттүн тиешеси жок болуп калса болбой калат дешкен. Бирок бул же шайлоо эмес, же дайындоо эмес болуп калды. Же болбосо шайлоонун жобосуна 50% көп добуш алган талапкер ректор болушу керек деген түзөтүү киргизүү зарыл. Болбосо шайлоонун мааниси деле жок болуп калууда. Ал жөн эле убаракерчиликти жаратып, бөлүнүп-жарылууга алып келип жатат. Жогорку окуу жайларына жетекчини дайындоодо Билим берүү жана илим министрлигинин көз карашын дагы эске алуу керек. Ректорду премьер-министр дайындабай, мүмкүн министр дайындашы керек. Себеби министр деле Өкмөттүн мүчөсү да. Болбосо министр ректорду жумуштан ала албаса же дайындай албаса кандай болот. Мүмкүн жетекчини министр дайындаса административдик мүмкүнчүлүктөрү көбөйөт беле, — дейт Алмазбек Акматалиев.

Ректорлордун иш мөөнөтүнө жана жаш курагына дагы чектөө киргизүү зарылдыгын айтышат адистер. Себеби айрым ректорлорго беш жыл гана иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатса, айрымдары жыйырма, жыйырма беш жылга чейин жетекчилик кызматын эч кимге бербей келишет.

— Айрым жетекчилер атасынан калган мурастай эле бир канча жылдан бери иш ордун бербей келет. Бул туура эмес. Негизи мыйзамда  эки мөөнөттөн ашык иштебейт деп жазылып турат. Анда эмне үчүн айрымдар үчүн ал мыйзам иштейт да, айрымдары үчүн иштебейт. Ошондуктан бул жагына дагы көӊүл бурушубуз керек, — дейт Ч.Арабаев.

Шайлоо процессиндеги кемчиликтер оӊдолууга тийиш

 Адистердин айтымында, ректорду шайлоонун жобосунда дагы бир катар кемчиликтер кетип калган. Андыктан буга чейин топтолгон тажрыйбанын негизинде шайлоонун жобосуна тактоолорду киргизүү керек.

— Окуу жайлардын ичиндеги техникум, лицейлердин профессордук-окутуучулук курамынын, техникалык кызматкерлердин, тактап айтканда, администрация кызматкерлеринин дагы шайлоого катышуу укугу такталбай калган. Ошондон улам ар кандай нааразылыктар чыгып жатат. Дагы бир маселе, жакында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетиндеги шайлоонун эки жолу өткөрүлүшү болууда. Анда үчүнчү орунду алган талапкер менен төртүнчү орунду алган талапкер бирдей добуш алып калгандыктан, кайра шайлоо өткөрүлдү. Бирок  бул туурабы же туура эмеспи? Бул жагы дагы так жазылбай калган. Ошондуктан   топтолгон тажрыйбанын негизинде жобого тактоолорду, толуктоолорду киргизип алуу керек. Азыр бизде ректорду шайлоо боюнча бир топ тажрыйба топтолуп калды, — дейт А.Акматалиев.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

  • Окурмандан бир сунуш 

ЖОЖдун жетекчисин шайлоонун түмөн-түйшүгү…

 ЖОЖдордун жетекчилери ншайлоо өнөктүгүн угуп да, көрүп-билип да жүрөбүз. Шайлоого ат салышкан талапкерлердин жарышында адамдын моралдык-психологиялык маанайына бүлүк салган, жумшак айтканда,  ыӊгайсыздыкты жараткан жагымсыз көрүнүштөр барган сайын күчөй баштайт. Тактап айтканда, талапкердин программа-платформасы, илимий-интеллектуалдык, руханий-маданий көрөӊгөсү, инсандык сапат-касиеттери, уюштуруучулук даремети, кудурети, буга чейин өзүн кандайча, кайсы жагынан көрсөтө алгандыгы ж.у.с. биякта калып эле, жик-жикке, районго, аймакка, чөлкөмгө бөлүнүүчүлүк, уруу-урук, жээк-жаат сүрүштүрмөй адаттары оожалып, була рар түркүн ушак-айыӊдар менен кошул-ташыл “көркүнө чыгып”, кыскасы, жарыш жамааттын бөлүнүүсү, ичинен ыдыроосу менен коштолуп олтурат.

Мындай жагымсыз көрүнүштөрдөн арылууга болобу деген мыйзамдуу собол туулат. Залалын тийгизген жогорудагыдай терс, “жасалмалуу” тоскоолдуктарды, албетте, биротоло жоюуга азырынча мүмкүн  болбосо да, белгилүү деӊгээлде алдыналууга, азайтууга, басаӊдатууга жана тандоо ишине түшүнүүчүлүк, аӊ сезимдүүлүк, жоопкерчилик менен мамиле кылуу чөйрөсүн түзүү аркылуужетишүүгө болот деп эсептейбиз. Андыктан биз төмөндөгүдөй механизмди сунуштайбыз:

1. ЖОЖдун окуу-түзүмдүк бөлүмдөрү (факультеттер, борборлор ж.у.с.) менен талапкерлердин жолугушуулары түзүлгөн графикке ылайык жүрөт.

2.Бөлүнүп берилген убакыт ичинде талапкерлер өз ара бир-биринин программа-платформасына карата пикирин, көз карашын, сындарын, баалоосун айтуусуна мүмкүнчүлүк берилет. Мында тигил же бул талапкер этиканын эреже-нормаларын урматтагандыгына, сындай билүүчүлүк дараметине, анын руханий-маданий көрөӊгөсүнө, нарктуулуктун, салттуулуктун үлгүлөрүн кандай кармангандыгына көӊүл бурулат.

3.Алып баруучу (модератор) тарабынан жолугушуунун катышуучуларына өзүлөрүн кызыктырган жана көйгөйлүү деп эсептеген суроолорун жазуу түрүндө даректөө зарылдыгы алдын ала эскертилет. Суроону оозеки берүүгө мүмкүнчүлүк берилген учурда атайын алдын ала уюштурулган, даярдалган, чагымчыл мүнөздөгү суроолор, жөнсүз асылуулар (мисалы, үй-бүлөсүнө, инсандык аброюна, кадыр-баркына шек келтирүү, атүгүл шылдыӊга алган, маскаралаган д.у.с.) осол көрүнүштөрдүн орун алуусу күтүлүүчү иш. Ошондуктан алып баруучу суроолордо камтылган жагымсыз жагдайларды алып таштап, суроонун мазмунун жумшак нукка келтирип, суроонун маанилүү, керектүү деп эсептелген бөлүгүн гана талапкерге оозеки узатып, анын жооп берүүсүн өтүнөт.

4. ЖОЖдун бүткүл профессордук-окутуучулар жамаатын (профессордон лаборант, катчы-референтке чейин) шайлоого эркин катышуу укугун камсыздоо зарыл. Ушул шартта гана татыктуу талапкерди тандоо калыс, объективдүү ишке ашат деген  ынанымдабыз.

5.Студенттер коомчулугу суроо-талаптарын жалпылаштырылган мүнөздө гана сунушташат. Ар бир окуу жылы ичинде жаӊы шайланган жетекчи окуу-түзүмдүк бөлүмдөрдүн студент жаштары менен алар койгон суроо-талаптардын кандайча, кантип ишке ашырылып жаткандыгы боюнча  кезектүү жолугушуу өткөрүп, жооп берип туруу жоопкерчилиги, милдети коюлат.

6.Жарышта утуп чыккан талапкер өкмөт тарабынан сөзсүз түрдө ректорлук кызматка дайындалуусу максатка ылайыктуу. Андан соӊ тиешелүү министрлик менен юридикалык келишим түзүлөт. Бул келишимге жаӊы шайланган жетекчинин программа-платформасы тиркелет. Эки тараптуу түзүлгөн келишимде жаӊы дайындалган ЖОЖдун жетекчисинин (ректордун) укуктары, милдеттери,  мыйзамды бузган учурларда кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу шарттары, каржылык айып төлөө, укуктук-жазалык жоопкерчиликке тартылуу жагдайлары, механизмдери каралуусу, эске алынуусу зарыл деп ойлойбуз.

 М. Колдошев, Ош шаары

Поделиться

Комментарии