“Пушкиндик окуунун” жаш лауреаттары
- 09.03.2014
- 0
Ысык-Ата районунун Рот-Фронт айылындагы Д.Мамашова атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучулары Катрин Класс жана Диана Исаева РФнын Санкт-Петербург шаарында өткөн өспүрүмдөрдүн “Тарых жана көркөм маданият” аттуу илимий конференциянын лауреаттары болуп келишти.
Конференция россиялык “Пушкин долбоору” маданий-агартуучу коомунун Санкт-Петербург мамлекеттик университети менен Санкт-Петербург шаардык чыгармачыл өспүрүмдөрүнүн сарайы менер биргеликте өткөрүлүп, ага Россиянын ар кайсы региондорунун, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн мектеп окуучулары чакырылган.
Ушундай эл аралык масштабдагы конкурска алгачкы жолу катышып келишкендиктерин айтышкан Катрин менен Диананын кубанычтарында чек жок.
Катрин Класс ал конференциядан 70 катышуучудан тандалып алынып, жеңүүчү деп табылган 15 окуучунун катарына илинди. Анын өзгөчө, башкалардан айырмаланган турдө жазылган, ачык сыры (откровение) жюрилерди гана эмес, угуучулардын да назарын бурду.
-Менин бул конкурса катышып калганыма себепчи биринчи Нуржамал Бакасовна, экинчи менин илимий жетекчим, биздин мектепте немец тарыхын окуткан Йохен Хельбек аттуу мугалимим болду. Менин атам немец улутунан, апам болсо орустун кызы. Йохен менин немец тилин үйрөнүүмө көп жардам берип келет. Сабактардын биринде “Пушкиндик окуу” долбооруна катышсамбы деген оюмду билдирсем, ал дароо мени колдоп кетти да, көптөгөн кеп-кеңештерин айтты. Ошол адамдын жардамы менен менин көз карашым тап-такыр өзгөргөндөй болду. Анткени анын: “Пушкиндин өмүр баяны, чыгармалары тууралуу сенин тизмектеп жазганыңдын эч кимге кереги жок, сен бул жерде Пушкиндин ырлары сен үчүн кандай жаңылык ачты, сенин жан дүйнөңө кандай таасир калтырды, ошол тууралуу жаз” деп айтканы, чынында эле мен үчүн чоң ачылыш болду. Анткени мен да башкалардай эле анын чыгармаларын талдаганга киришкен элем да. Анан ойлонуп отуруп, жан сырымды, менин турмушумдагы бардык көрүнүштөрдү жазып салдым. Ал жан сырымдын ачылышын ким кандай түшүнөт, балким башкалар мага боор оорусун деген ойдо жазгандыр деп ойлоп калышсачы деген сезимдер да болду. Бирок илимий жетекчим менин жазгандарымды жактырды да, эч нерсесин өзгөртпө, сеники сочинение эмес, ачылыш болсун деген пикирин билдирди.
Санкт-Петербургга баргандан кийин, мен сегизинчи болуп чыктым. Ал убакта кээ бир профессорлор үргүлөй башташкан болчу. Мен үнүмдү катуу чыгарып айта баштаганда, бир профессордун көз айнеги көзүнөн түшүп кете жаздады, — деп күлөт Катрин. Ал илимий рефератында Пушкиндин ырларын алгач 12 жашынан окуп баштагандыгын, бирок кызыгуусу, чыныгы кабыл алуусу ушул конференцияга даярданып жаткан кезде бышып жетилгендей болгондугун айтат. Илимий доклады супсак болуп калбашы үчүн апасы Иринанын кеңеши менен айылын кыдырып, жаштардан Пушкиндин ырларын ким окугандыгын жана аны кандай кабыл алаарын сурап чыккан. Андан тышкары атайын календарь түзүп, анын алдыңкы бетине Кыргызстандын гербин, кыргыз тоолорунун сүрөтүн тартып, артына болсо Пушкиндин чыгармаларын окуунун графигин түзүп чыккан. Катрин өзүнүн көптөгөн курдаштары китеп окуу азыр мода эмес деген көз карашта экендигине тынчсызданып, китеп окуган эч качан эскирбей тургандыгын айтат.
— Менин апам мени кичинекейимден бери эле китеп окууга, туура, маданияттуу сүйлөөгө үйрөтөт. Көчө жаргондорун кошуп сүйлөп калсам, кадимкидей капа болуп мени урушат. Көп учурда менин эркимден тышкары кыйнаганына мурда кыжырданып да кетчүмүн. Азыр ыраазычылыгымды гана айтам. Чындыгында бизге окшоп айыл жергесинде жашаган балдардын китеп окууга көп деле убактысы болбойт. Ата-энелерибизге чарба жагынан жардам беришибиз керек. Анын үстүндө биздин үйдө эркек бала жок, үч кызбыз. Бизге көп жүк жүктөлгөн. Ошого карабастан, апам бизди үзгүлтүксүз көзөмөлдөп жүрүп, көп нерсеге үйрөттү. Эгерде ал күчкө салып, эртели-кеч какшап турбаса, мен ушундай жеңишке жетише албайт болчумун, — дейт Катрин.
Конференциянын дагы бир лауреаты Исаева Диананын айтуусунда, бул долбоорго катышууга аларды Д.Мамашова атындагы орто мектептин орус тили жана адабияты мугалими Бусурманова Нуржамал Бакасовна шыктандырган.
— Адегенде бизге “Пушкиндик окуу” тууралуу Нуржамал Бакасовна айтып берди жана ушул темада илимий реферат жазуубузду сунуштады. Мен алгач өзүмө анча ишене бербедим. Бирок эжейимдин жардамы менен даярданып, рефератты салып жибердим. Катышууга чакыруу барагы келгенде сүйүнгөнүбүздү айтпагыла! 15 жашымда ушундай эл аралык конференцияга катышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө аябай сыймыктанам. Ал үчүн баардык демөөрчүлөрүбүздү, ата-энемди, биринчи кезекте албетте, окуткан мугалимим Нуржамал Бакасовнаны, мектептин директору Зайырбек Бексултановичти жана башка бизге жардам берген адамдардын баарына ыраазычылык билдирем. Ал жерден угуп-билгеним, көргөнүмдүн баардыгы мен үчүн чоң тажрыйба болду. Менин секциямда Япониядан, Англиядан жана Россиянын көптөгөн шаарларынан келген курбуларым менен таанышып, достошуп калдык. Алар менен азыр кат жазышып турабыз, — дейт Диана сыймыктануу менен.
Диана ал жакка илимий реферат гана жазбастан, Кыргызстан жөнүндө башка курбуларын кеңири тааныштыруу үчүн атайын кыргыз улуттук кийим тиктирип ала барып, чоң сахнада чыгып кыргыз бийин бийлеп берген. Залдагылардын баары колдоп, кол чабышканда, анын кубанычы да, сыймыктануу сезими да чексиз болгондугун айтат.
Ысык-Ата районундагы Д.Мамашова атындагы орто мектептин орус тили жана адабияты мугалими Нуржамал Бусурманованын мындай ийгилик жараткан дагы бир окуучусу бар. 6-класстын окуучусу Марат уулу Ырыскелди былтыр Бишкекте өткөн көркөм окуу боюнча республикалык конкурса биринчи орунду ээлеген.
-Ырыскелди жалаң гана адабияттан эмес, башка сабактардан да жалаң “беш” деген бааларга окуйт. Өзгөчө математика сабагын сүйүп окуйт. Былтыр аны улуу орус классиги Пушкиндин поэзиясына жана залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына арналган республикалык конкурска алып келсем, алдыңкы биринчи орунду беришти. Ал чынында эле ырларды жакшы окуйт. Башка балдарды да көргөндө биринчи орун жөнүндө ойлогон да эмеспиз. Бирок жюри мүчөлөрү Ырыскелдинин чеберчилигин жогору баалашты. Алар айрыкча элет мектебинде да ушундай аракеттер бар экендигине кубанышып, колдошту деп ойлойм. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Чүй облустук китепкананын директору Тамиля Каджиевага, Д.Мамашова атындагы орто мектептин директору Зайырбек Бексултановго мага жана окуучуларыма бардык жагынан колдоо көрсөткөндүктөрү үчүн терең ыраазычылыгымды билдиргим келет — дейт Нуржамал Бакасовна.
Ушул жылы республикалык деңгээлде өтө турган “Классика жива” конкурсуна катышууга жолдомо алган Ырыскелди эми чындап шыктанып даярданып жүргөн кези. Анткени анда жеңип чыкса, ал түз эле Москва шаарына бармакчы.
Айнагүл Кашыбаева,
“Кутбилим”
Комментарии