Ойлоп табуу жана патент таануу боюнча республикалык сырттан окуу мектеби

  • 18.10.2013
  • 0

Урматтуу мектеп жетекчилери жана 8-10-класстарда эмгектенген мугалимдер!

Сиздердин назарыӊыздарда «Алтын түйүн» Республикалык балдардын инженердик-техникалык академиясы (РБИТА) өткөрүп жаткан Ойлоп табуу жана патент таануу боюнча Республикалык сырттан окуу мектеби (РСМ). РСМнын максаты – Техникалык адистикке тикелей тиешеси болгон физика, химия, медицина менен бири-бири менен байланышкан ойлоп табуучулук өнөрү жана патент таануу менен окуп жаткандардын милдеттүү түрдө таанышуусу. Илимдин аталган бул тармактары ойлоп табуучулук жана патенттик документтер менен иштөөдө машыктырып, кайталангыс, жаӊы маселелерди чечүүдө түрдүү жолдорду издөөгө багыт берет.

РСМ эки этапта өткөрүлөт. Биринчиси – контролдук тапшырманы аткаруу, экинчиси – РБИТАда конкурстук жыйынтыктоочу тапшырмаларды берүү менен өткөрүлгөн сессия. Сессияга контролдук тапшырманы мыкты аткаргандар гана чакырылат. Контролдук тапшырмаларды аткаруу үчүн окуу-усулдук материалдар 2013-жылдын октябрь айында РБИТАнын web-сайтында жайгаштырылат. Аткарылган контролдук тапшырмалар менен катышуучунун анкетасын 2014-жылдын февраль айынын соӊуна чейин төмөнкү дарек боюнча жөнөтүү керек: инд. 720017, Бишкек шаары, Манас проспекти, №1, “Алтын түйүн” РБИТАсы, РСМ

Катышуучунун анкетасы

Фамилия 
Аты  
Атасынын аты 
Классы, мектеби 

 

Үй дареги

Индекси, областы, шаары 
Району, айылы 
Көчөсү, үй, батир 
Телефон, интернет 

 

Мектептин дареги

Индекси, областы, шаары 
Району, айылы 
Көчөсү, үй 
Директордун аты-жөнү, телефону 

 

 

Контролдук тапшырмаларды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 2014-жылдын март айында “Кутбилим” газетасында жана РБИТАнын  сайтында чакырылгандардын тизмеси жана сессияны өткөрүү убакыты жайгаштырылат. Сессиянын аякташы менен окуучуларга РСМны бүтүргөндүгү тууралуу тастыктама берилет.

 

Сиздердин окуучулардын билимдүү болушун каалайбыз!

Биздин дарек: 720017,  Бишкек шаары, Манас проспекти, №1, «Алтын түйүн» РБИТА

         Тел.: (0312) 31-58-47 Факс: (0312) 31-58-47   Web-site: rdita.kloop.kg

РСМ боюнча контролдук тапшырмалардын суроолору

 

№1 тема. Маалыматтык таанышуу

 

1. Ойлоп табуу деген эмне?

2. Ачылыш деген эмне?

3. Ойлоп табуучулуктагы талаптар кайсылар?

4. Ойлоп табуучулуктун формуласы деген эмне?

5. Ойлоп табуучулук кайсы документ менен тастыкталат?

6. Сыноо жана катачылык усулу (С жана КУ) деген эмне?

7. С жана КУнун негизги кемчиликтери кайсылар?

8. Ойлоп табуучулук маселелерин чечүү теориясы эмнелерди камтыйт?

9. “Акыл-эс чабуулу” усулун түшүндүргүлө.

10. Техникалык карама-каршылыкка (ТК) аныктама бергиле.

11. ТК өз ичине камтыган маселелерди чечүү жолдорун атагыла.

12. Ойлоп табуучулуктун маселелерине кыскача жана так пикир билдиргиле.

13. Төмөндө келтирилгендердин кайсынысы ачылыш, кайсынысы ойлоп табуу?

Бургулоочу станок, телонун серпилгичтиги, чоюндан жасалган болоттун көргөзмөсү, өсүмдүктөрдүн клеткалык түзүлүшү, сааттардын иштешин камсыздаган ички дөӊгөлөкчөлөрү, жана анын иштешинин өз узундугунан көз карандылыгы.

14.          Төмөндөгү мисалдардын кайсылары ойлоп табуучулукка кирет?

Айбанаттарды үйрөтүүнүн жаӊы усулу; бир нече отургучтуу велосипед; карандаш менен өчүргүчтү бириктирүү; электр энергиясынын чыгымын азайтуучу жаӊы эсептегич (счетчик).

 

№2 тема. Техникалык системалар.

 

Техникалык жана физикалык карама-каршылыктар

1. Техникалык система (ТС) тууралуу кыска, так оюӊду билдир.

2. ТСтеги жаӊы системалык өзгөчөлүк түшүнүгүн ачыктагыла.

3. Өз ара байланышкан элементтердин өзгөчө жыйындысы жөнүндө айтып бергиле.

4. ТСти ойлоп табуучулук деӊгээлде кайра өзгөртүүүчүн эмнелер керек?

5. «Системанын формуласы» түшүнүгүн ачыктагыла.

6. ТСтин принципиалдуу схемаларын сүрөттөгүлө. Каалаган ТСти тандап алып, аны баяндагыла.

7. Минималдуу ТС кантип түзүлөт жана кандай аталат?

8. Техникалык карама-каршылыкка (ТК) кыска, так оюӊарды билдиргиле.

9. Физикалык карама-каршылыкка (ФК) кыска, так оюӊарды билдиргиле.

10. «Болт-гайканын» тирөөчтүк биригишин минималдык ТС катары сүрөттөгүлө.

11. ХХ кылымдын башында аскер авиациясы акылга сыйбаган кырдаалга туш болгон – согуш убагында учактарды зооттоо (бронь) зарылчылыгы келип чыккан, ошол эле убакта ал учактын салмагын ашыруу, өлүү жүк болуп саналган. Мында ТК төмөнкүчө болот: Зооттолгон калкан экипаж менен учакты коргоо үчүн керек, ошол эле учурда, учактын ылдамдыгы менен айдоо ыкмаларын азайтып албоо үчүн салмагын көбөйтпөш керек. Авиаконструктор С.В. Ильюшин бул ТКны мыкты чечкен. Белгилүү согуштук учак ИЛ-2 Ильюшиндин идеясын ишке ашыруу менен, өз катарындагы учактардын ичинен эӊ мыкты согуш машинасына — “учуучу танкка”  айланган. Ильюшин бул ойлоп табуучулук маселесин кандайча чечкендигин табууга аракет жасагыла.

12. Архитектуралык маселелерди ойлоп табуучулук деӊгээлде чечүү. Фин архитектору Пиэтиле Кувейттеги өкмөт имаратынын долбоорун түзүп жатып, “ал жерде фин дүйнөсүн чагылдыргысы”  келген. Бирок, фин архитектурасындагы түз сызыктуу, так геомериялык фигуралар арабдын тегерек, ийри-буйру стили менен такыр дал келген эмес. Мындай кырдаалдан архитектор кантип чыккан?

 

№3 тема. Техниканын өнүгүү тенденциясы. Ойлоп табуучулуктун маселелерин чечүү усулдары

 

1. Үлгүлүү (идеальный) ТСке аныктама келтиргиле.

2. ТСтин кыймылынын принциптерин сүрөттөгүлө.

3.  “Кичинекей адамдардын” ыкмасы түшүнүгүн ачыктагыла.

4. Техниканын өнүгүшүнүн негизги тенденциясына так жана кыска оюӊарды билдиргиле.

5. ТСтин негизги пайдалуу кызматы түшүнүгүн ачыктагыла.

6. ТСтин өнүгүү процессин мүнөздөгүлө.

7. Үлгүлүү соӊку  жыйынтыгы тууралуу (ҮСЖ) так жана кыска оюӊарды билдиргиле.

8. Материянын заттык-талаа ресурстарга аныктама бергиле.

9. Ойлоп табуучулук маселелерин чечүү усулдарын санап, кыскача мүнөздөп бергиле.

10. Кеме крандары кургактагылардан бекем таянычы жоктугу менен айрымаланып, оор жүк көтөргөндө жүк менен кошо кулайт. Теӊ салмак системасы керек – крандын жаасы жылган сайын жүк кеменин теӊ салмактуулугун жоготот, бирок бир эле учурда крандагы жүктүн карама-каршы жагындагы салмак дагы өсүшү керек. Кран жаасы кайра артка кыймыл жасаган кезде, тескерисинче, артындагы салмак азайышы керек. Кыскасы, карама-каршы салмак бирде азайып, бирде көбөйүп турушу керек. Маселенин чечилиши СССРдин бир автордук күбөлүгүндө сунушталган – кемедеги крандын арткы жагына суу менен толтурулган  идиш жана ……. илинген. Бул ойлоп табуучулук маселеси сырткы чөйрөнү колдонуу менен (материянын заттык-талаа ресурстары) чечилген. Бул система кантип иштейт? Автордун күбөлүктөгү сунуштан жообун табууга аракет жасагыла.

11. 1919-жылы Москва авиатехникумунун студенттери дарскананын ичинде меш орнотушкан (жарандык согуштун убагында эле). Мешке жылыткыч аккумулятор катары суу толтурулган челекти (бак) коюшкан. Аккумулятор иштегени менен буу каптап баштаган. Буу сууктан да жаман экени белгилүү. Ошондо окутуучу Жуковский ……. сунуштайт.  Суунун үстүн эмне кылуу керек?

№4 тема. Патенттик укук түшүнүгү. Ойлоп табуучулукка документтерди тапшыруу

 

1. Патенттик укук түшүнүгүн ачыктагыла.

2. Ойлоп тапкычтыктын патенттөөгө жарамдуулугунун шарттарын келтиргиле.

3. Ойлоп табуучулуктун өнөр-жайда колдонулуусу жана ойлоп табуучулук деӊгээли түшүнүктөрүн ачыктоо.

4.  Пайдалуу модель түшүнүгүн ачыкта.

5. Корголуучу документ түшүнүгүн ачыкта.

6. Ойлоп табуучулукка тапшыруу, пайдалуу модель эмнени билдирет жана аларга кайсы документтер кирет.

7. Ойлоп табуучулукка жана пайдалуу модельге тапшыруучу документтердин мазмунуна мисал келтиргиле.

8. Тапшырылчу документтердин экспертизасын жүргүзүү тартибин сүрөттө.

9. Ойлоп табуучу патент алуу үчүн 2011-жылдын 15-ноябрында документ тапшырды. Ошол жылдын 5-декабрында башка ойлоп табуучу ошол эле мазмундагы ачылышты патенттөөгө документ тапшырды. Мындай учурда кимисине пайдалуу модель үчүн патент берилет? Жооптун кыскача негиздемесин бер.

Каражаттын жетишсиздигинен ойлоп табуучу өз ойлоп тапканын патенттей албай, бирок аны илимий журналга макала катары жарыялагысы келет. Эгер ойлоп табуучу “байып”, аны патенттөөнү чечсе, ал макала ойлоп табуучулукка өз таасирин тийгизе алабы? Жообун кыскача түшүндүргүлө.

Поделиться

Комментарии