ОШТУДА CТУДЕНТТИК СПАРТАКИАДА ӨТТҮ

  • 30.11.2021
  • 0

Ош технологиялык университетинде студенттердин XXII cпартакиадасы жыйынтыкталды.

Жыл сайын салтка айланган бул мелдешке университетте билим алып жаткан биринчи жана акыркы курстардын студенттери катышты. Келечекте окуу жайдын спорттук мелдештерде намысын коргоочу курама командага тандап алуу — бул спартакиаданын жыйынтыгы менен аныкталат. Мындан сырткары, студенттерди дени сак жашоо образын түзүүгө чакыруу, адамдар ортосундагы ынтымакты,  достукту, биримдикти чыңдоо жана студенттердин ар тараптан өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү болуп эсептелет. Мелдештин жүрүшүн ОшТУнун дене тарбиясы кафедрасынын жалпы жамааты жана “Намыс” спорт клубунун жетекчилиги көзөмөлгө алып, калыстык кылышты.

Жыйынтыгында 1-орунду технология жана жаратылышты пайдалануу факультети, экинчи орунду архитектура жана курулуш факультети ал эми үчүнчү орунду кибернетика жана маалыматтык технологиялар факультетинин студенттери камсыз кылышты. Окуу жайдын жетекчилиги тарабынан жеңүүчү командаларга Ардак грамоталар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле  келечекте окуу жайдын намысын спорттон коргой турган мыкты спортчу студенттерге спорттук формалар берилди.

Сыйлоо аземдин жүрүшүндө окуу жайдын таланттуу студенттери тарабынан концерттик программа коштолуп, майрамдык маанай тартууланды.

Поделиться

Комментарии