ОшМУнун “Ынтымак кербени” жыйынтыкталды
- 05.07.2013
- 0
Ош мамлекеттик университетинде окуу жайдын ректору К.Исаковдун идеясы боюнча ОшМУнун мыкты билим алган, таланттуу, алдыӊкы студенттеринен куралган топ кыргыз элин, жаштарын ынтымакка чакыруу, элибиздин ыйык жерлери менен таанышуу максатында уюштурулган “Ынтымак кербени” аяктады.
Ош шаарынын ыйык Сулайман-Тоосунан башталган сапар Жалал-Абад областында улантылып, андан соӊ Талас областында болуп, Манас атабыздын күмбөзүнө куран окушуп, “Манас ордо” комплекси менен таанышышты. Ушул эле иш-чаранын алкагында Бишкек шаарындагы “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде бейкүнөө шейит кеткен бабаларыбыздын, кыргыздын залкар уулу Чыӊгыз Айтматовдун жана Апрель окуясынын баатырларынын арбактарына арнап куран окушту. Мындай жергебиздин тарыхый, маанилүү жайларына болгон сапардан кийин ОшМУнун алдыӊкы жаштары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин бир катар депутаттары жана жооптуу кызматкерлери менен жолугушуп, жаштар кызыктырган суроолоруна жооп алышты.
Университеттин ректору Каныбек Исаков: “Кербенге кошулган жаштар өлкөбүздүн башка аймактарындагы ыйык жерлерди көрүп, Мекендин бүтүндүгүн, ыйыктыгын сезсин, бул сезимдерин башка достору менен бөлүшсүн, аймактардын жаштары бири-бири менен пикир алышып түшүнбөстүктөр жоюлсун, ынтымак чыӊдалсын деген ой менен сапарды уюштурдук. Мамлекетибиздин биримдикте өнүгүүсү үчүн биз мындай иш-чараларды ар кандай формада көп-көп уюштурушубуз керек”, — деди.
Ал эми “Ынтымак кербенинин” катышуучусу, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенти Зарипбек уулу Бекзат: “Биз бул “Ынтымак кербенинин” алкагында өлкөбүздүн тарыхый, ыйык жерлерин көрүп, таасирленип, жаштар менен таанышып, пикир алышып, достошуп кайттык. Албетте, бул биздин жашообузда өзгөчө бир мааниге ээ окуя болду десем жаӊылышпайм. Бул иш-чара бизде өзгөчө эргүү, билим алууга болгон стимулду жаратты”, — деген оюн билдирди.
Ош МСУга жаӊы ректор дайындалды
КР Премьер-министри Ж.Сатыбалдиевдин буйругунун негизинде Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич Кыргыз-Өзбек университетинин ректору болуп беш жылдык мөөнөткө дайындалды.
Аны дүйшөмбү күнү Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Ж.Жолдошев эмгек жамаатка тааныштырды. Ч.Райымбаев аталган окуу жай түптөлгөндөн бери эмгектенип, акыркы кезде каржы экономика факультетинде кафедра башчы болуп иштеп турган. Белгилей кетсек, ал университеттин ректорлук кызматына болгон шайлоодо 193 добуш менен алдыӊкы орунга чыккан. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.
“Манастын” студенттери Түркияга кетишти
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түркиянын Жайкы Мектеп программасына (Түркчө үйрөтүү) өткөн жана Түркия Республикасы Муниципалитеттер Ассоциясынан жайкы практикадан өтүү программасына бара турган студенттерин ректор Себахаттин Балжы кабыл алды.
Жолугушууда ректор студенттер менен таанышып, ар биринин колуна учак билеттерин тапшырды жана ийгилик каалады.
Эске салсак, Түркиянын Жайкы Мектеп программасы Боордош түрктөр башкармалыгы тарабынан өткөрүлүп келет. Студенттер Жайкы Мектеп программасында 1-июлдан 20-августка чейин (TОMER) түрк тили курсуна катышып, 21-24-августта Стамбул шаарынын тарыхый жана маданий жерлери менен таанышышат.
Чолпон Кийизбаева, «Кутбилим»
Комментарии