ӨНҮККӨН ӨЛКӨЛӨРДҮН ӨРНӨГҮН ӨЗДӨШТҮРӨЛҮ

  • 27.11.2017
  • 0

ӨНҮККӨН ӨЛКӨЛӨРДҮН ӨРНӨГҮН ӨЗДӨШТҮРӨЛҮ   

Энелер мектебинин жайылтуу ишине арналган семинардын жалпы жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун орун басары Чынара Осмоновна САТТАРОВА мазмундуу сөз сүйлөдү. Чогулган эл абдан кунт коё угуп, колдоп отурду. (Текст оңоюраак окулушу үчүн улам жаңырып турган кол чабууларды үч жылдызча (***), комуздун шаңдуу добушун же башка музыканы омега тамгасы (Ὼ) менен белгиледим).

 

Биз да финдердей өнүгө алабыз

 

— Саламатсыздарбы, урматтуу ушул жыйындын катышуучулары! Урматтуу энелер! Аталар да келиптир, сиздерге да салам айтам! Урматтуу мугалимдер!

Бүгүн абдан маанилүү маселе тууралуу сүйлөшүүгө чогулуп отурабыз. Ата-энелер, мектеп, өкмөт өкүлчүлүгү – баарыбыз биргеликте үч суроого жооп издешибиз керек. Биринчиси – азыр заманыбыз, коомубуз өтө тез өнүгүп-өзгөрүүдө; буга балдарыбыздын, жаштарыбыздын билим деңгээли шайкеш келеби? Экинчиси – балдарыбызга заман талабына ылайык тарбия берип жатабызбы? Үчүнчүсү – облусубуздун жаштары мыкты билим алып, эл аралык, дүйнөлүк мейкиндикке чыга алышы үчүн жол ача алабызбы? Ушул суроолорго жооп табуу үчүн бүгүнкү күндө эң өнүккөн өлкөлөрдүн тарыхый тажрыйбасын карап чыктык. Мисалга Финляндиянын өрнөгүн алалы. Мына бул колумдагы «Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы» деген китепте жакшы баяндалган.

Бул өлкө билим сапаты, деңгээли боюнча дүйнөдө эң алдыңкы сапта турат. Калкы биздей эле, кен байлыктары жок, жери бүт эле саздак өлкө бүгүн бүт дүйнөнү таң калтырып жатат. Алар ушул ийгиликке кандайча жеткен? Эмнеге таянган? Алар азыркы бийиктикке элдин маданияты менен билимин өнүктүрүү аркылуу өлкөнү гүлдөтөбүз деген бирдиктүү идеология менен жетишиптир. Бул китептен бир үзүндү окуп берейин: «Качан гана биздин улутубуз тегерегибиздеги ири мамлекеттерден маданият жагынан бийик болсо, ошондо коркуудан арылабыз», — деп жазыптыр финдердин ошол замандагы философу, акылманы, рухий лидери, мугалим Снелман. Бул өлкөнү бирде шведдер, бирде орустар басып алып, күнкор абалда жашаган, эли сабатсыз болгон. Бирок билим менен маданиятты өнүктүрүүгө узак жылдар бою ырааттуу кам көрүп, ошол туңгуюктан чыгууга жол табышкан. Ошентип, бүгүнкү күндө финдер европа элдеринин алдыңкы сабында турат.

Маданият деп алар эмнени түшүнөт? «Жогорку маданияттуу болуу – бул суусар тумак, арс ичик, модалуу туфли кийүү эмес. Келечектүү жаштар, силер улуттун мээсисиңер. Мен силерди жакшы кесиптин ээси болуп, чоң маяна алып, түнкү клубдарда жыргасын деп окутпадым. Мындай жолго баргандар интеллигент боло албайт. Интеллигентердин баары өзүнүн рухий дареметин толук ачып, элдин жан дүйнөсүн ойготуп, улуттун өнүгүшүнө кызмат кылышы керек. Бул алардын парзы. Айыл тургундарына, жумушчуларга, калктын жакыр катмарларына эң жакшы жашоо шарттарын үйрөтүңүздөр. Элге жашоонун маанисин, аны барктай, коргой билүү керектигин түшүндүрүңүздөр. Ар бир жарандын мындан дагы эркин, бакыбат жашай аларын түшүндүрүңүздөр. Калайыкка кандай иштеш керектигин үйрөтүңүздөр. Арзан жана жупуну, бирок жашоого ыңгайлуу үйлөрдү куруу жолдорун көрсөтүңүздөр. Өздөрүнүн жана жакындарынын ден соолугуна кам көрүп, чыңдоо жолдорун үйрөтүңүздөр. Бактылуу үй-бүлө куруу, балдарды мыкты тарбиялап өстүрүү зарыл жана мүмкүн экендигин түшүндүрүңүздөр. Бардык иштерди убагында, ырааттуу бүтүрүүгө үйрөтүңүздөр. Өздөрүнүн жана башка адамдардын укуктарын урматтоого үйрөтүңүздөр», — деп ураан чакырып, бүтүндөй элге жайылтышыптыр. Бул бир жагынан маданият, экинчи жагынан фин эли ар бир үй-бүлөдө бала төрөлгөндөн баштап аны тарбиялоодогу эненин ролун, атанын ролун абдан жогору баалагандыгынын шарапаты.

Дагы бир орчундуу жерин окуп берейин: «Ачуу болсо да бир чындыкты көңүлдө туталы – баланын ата-энеси эле эмес, чоң ата, чоң энеси, бир туугандары бар болсо да, эгер туура таалим албаса, ал тоголок жетимдей чоңоёт. Жашыруунун кереги жок – коомубузда ата-энелүү жетимдер көп. Биздин да балдарыбыз ошолордун катарында эмеспи деп ойлоп көрүңүздөр. Кээ бир үй-бүлөлөрдө балдарды жакшы кийиндирип, тамактандырышат, т.а. материалдык жактан толугу менен жетиштүү кам көрүшөт. Бирок, тилекке каршы, баланын рухий муктаждыктарына, шык-жөндөмүнө, билимине көңүл бурулбай калууда».

Азыркы күндө Финляндияда энелер мектеби энелер институтуна айланган. Дал ушул энелердин мыкты таалим алгандыгынын шарапаты менен азыр бул өлкө билим сапаты жагынан дүйнөдө биринчи орунга чыкты.

 

Маданият менен билим – гүлдөп өнүгүүнүн негизи

 

Эми Япониянын тажрыйбасы жөнүндө айта кетейин. Бул өлкөнүн тарыхында согуш көп болгон. Жери аз, кен байлыктары жок, калкы жыш – 127 млн. Жер титирөөлөр дайым болуп турат. Бирок япондор дүйнөнү үч нерсеси менен таң калтырат: маданияты, чыгарган товарларынын сапаты, адамдарынын узак жашоосу. Узак жашоо жагынан алар дүйнөдө биринчи орунда турат – 120га чыккандар көп. 100дөн ашкандар абдан көп – элүү миңдей деген маалымат бар. 127 миллион адам кантип ушундай бийик маданиятка жетишкен? Алар маданиятты да, билимди, тарбияны да үй-бүлөдөн баштап алат экен. Баланы бойго бүткөрөрдө алар: «Мен балама татыктуу тарбия бере аламбы? Баламдын бактылуу адам болуп өсүшүнө шарт түзө аламбы?» — деген суроону өздөрүнө берет экен. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин алардын лидери да «Сапатты жогорулатуунун үзгүлтүксүз тутуму (системасы)» деген идеологияны көтөргөн экен. Тутум – бардык тармактарга киргизилгендиги, үзгүлтүксүз – дайыма, ырааттуу жүргүзүлгөндүгү. Бул тутумду алар бүгүнкү күнгө чейин өркүндөтүп келет.

Бул тутум билим берүү тармагына да киргизилген. Мына мен сары түстүн сары деген бир эле түспөлүн билем, а он жаштагы япон баласы бул түстүн он эки башка түспөлүн билет экен. «Сони» компаниясынын негиздөөчүсү Масару Ибуканын «Үч жаштан кийин кеч» деген китеби бар, кыргыз тилине да которулган. Ал баланын бардык жөндөмдөрү 3 жашка чейин калыптанып бүтөрүн далилдеп жазыптыр. Мээнин клеткалары 3 жашка чейинки куракта абдан жакшы өнүгөт экен. А биз эмне кылып жатабыз? Балдарды төрөп коюп, чоң ата, чоң энелерге таштап, Россияга кетип жатабыз.

Япондор тууралуу дагы айта кетейин. Алардын маданияты өнүккөн сайын адамдардын өмүрү узарыптыр. Эмне үчүн япондор эң узак жашайт? Сыры эмнеде? Албетте, өмүрдүн узактыгына туура тамактануу, сергек жашоо, социалдык шарт-жагдай ж.б. ар кандай факторлор таасир этери белгилүү. Бирок окумуштуулар изилдесе, ошол эле балык, деңиз азыктары, күрүч ж.б.у.с. башка өлкөлөрдө деле бар экен. Социалдык абалы жагынан Америка деле мыкты. Көрсө, эң башкы фактор – бул жылуу-жумшак мамиле, күйүмдүүлүк, топуктуу пейил экен. Японияга туз-насип буюрган экен, барып, элин көрүп таң калдым: баары сылык-сыпаа, кишиге дайыма жайдары жылмайып карашат! «Япон жылмаюусу» деп бекеринен айтылбайт экен. 127 миллион калктын баары – чүрпөсүнөн тартып улгайган карыларына чейин – кантип ушундай маданиятка жеткен? Алар бул суроого минтип жооп беришет: «Биз тарыхта эң көп азап-тозокту көргөн элбиз. Эгер мен, япон, японду – японду! – аябасам, анда аны ким аяйт, ким ага күйөт?!.»

Мына маданият! «Мен, кыргыз, кыргызды…!» деген мамилеге өтүшүбүз керек. Мени сыйлап тосуп алган бир японго: «Силер да Кыргызстанга баргыла!» — дедим, биздеги адат боюнча. Анын чын ыкластан берген жообуна көңүл буруңуздар: «Мен жакын арада силер тарапка бара албайм. Бирок мени ушунчалык сыйлагың келсе, Кыргызстанда кезиктирген бир японго чай берип кой». Көрдүңүздөрбү, алар бири-бирине кандай күйөрүн?

Дагы бир мисал. КМШдан (Молдавиядан, Россиядан, Кыргызстандан ж.б.) барган биздин топ адатыбызча ар нерсеге алаксып жүрүп, бир жыйынга кечигип бардык. Мейманканадан чыгышыбызды күткөн биздин япон кураторубузду эми башчысы катуу жемелейт го деп ойлодук эле. Мен анын ордунда болсом, тилдемекмин. Бирок ал жетекчиси экөө ушунчалык сылык учурашып, ийиле саламдашты, беркиси жагдайды кыскача түшүндүрдү. Ошону менен сөз бүттү. Албетте, биз үчүн кураторубуз тийиштүү жазасын кийин алган болушу керек, бирок алардын кандай гана кырдаал болбосун сылыктыгынан жазбаган, эч бир оройлукка, кемсинтүүгө жол бербеген маданиятын карабайсыздарбы!

Кийин коштошор алдында жалпы жыйында: «Силер ушундай жалпы улуттук сылык маданиятка кантип жетишкенсиңер?» — деген суроого минтип жооп беришти: «Биздин мындай философиялык идеябыз бар: мен бүгүн аман-эсен ойгондумбу, кудай мага ушул күндү насип эттиби, демек, менин бүгүнкү парзым – кимдир бирөөгө кубаныч тартуулоо!»***Ὼ

 

Бизде кандай мүмкүнчүлүк бар?

 

Кудайга шүгүр, азыркы биз жашап жаткан заманыбыз абдан жакшы. Ачка калган үй-бүлө, кароосуз калган бала жок. Мектепте мугалимдер негизинен жетиштүү, окуу китептери да анча-мынча гана тартыш. Бирок биз эмне үчүн ооруйбуз? Эмне үчүн өмүрүбүз кыскарат? Эмне үчүн бири-бирибиздин көңүлүбүздү оорутабыз, кыжаалат кылабыз, бири-бирибизге күйбөйбүз?

Жогорудагы суроолорго иштиктүү жооп бериш үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билим жаатындагы координациялык кеңеш түзүү жөнүндө атайын буйрук чыгарды. Бул координациялык кеңештин биринчи отуруму сентябрь айында өттү. Анда мугалимдерге жардам бериш, мектептеги билим сапатын жакшыртуу максатында Гапыр Мадаминов агайдын көп жылдык бай тажрыйбасын бүтүндөй облуска жайылтуу жөнүндө чечим кабыл алдык. Жакында билим берүү жана илим министри Гүлмира КАРИМОВА менен жолуктум. Ал биз койгон маселени абдан жакшы түшүнүп, демилгени бардык жагынан колдоорун айтты. Мындай баа жеткис тажрыйбаны облус эмес, бүткүл республикага жайылтуу керек дейт.

Гапыр агай 25 жылдан бери төрт методиканы иштеп чыгып, өркүндөтүп келатат. Биринчиси – энелер мектеби. Бул сонун жаңылыкты автор өзү түшүндүрүп берет. Экинчиси – акыл эмгегинин маданияты сабагы. Үчүнчүсү – жаш мугалимдер мектеби. Төртүнчүсү – инсан таануу сабагы. Бири бирин толуктап турган ушул төрт методиканы тегиз жайылтуунун үстүндө иштеп жатабыз.

Гапыр агайдын гимназиясына балдар шаардагыдай конкурс менен тандалбайт. Арасында ажырашкан ата-энелердин, шарт-жагдайы оор үй-бүлөлөрдүн балдары, ата-энеси жоктор же Россияга кеткен мигранттардын балдары да бар. Мектеп жайгашкан жерди да айта кетейин. Кыргызстандын эң четки облусу Баткен, анын да эң четки району – Лейлек, андагы эң четки айыл – ушул Гапыр агайдын Жаштык айылы. Чакан айыл, мектеби да ошого жараша кичинекей. Аны 259 бала бүтүрүп чыккан, мунун ичинен 29у артыкчылык аттестатына ээ болгон, 239у (94 %!) жогорку окуу жайлардын бюджеттик бөлүмдөрүндө окуп жатат***Ὼ. Алардын ичинен азыркы күндө Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында алтымышы окуп жатат***Ὼ. Дагы 49 бүтүрүүчү АКШ, Япония, Германия, Кытай, Россиядагы эл аралык, чет өлкөлүк жогорку окуу жайларга өткөн***Ὼ. 19 бүтүрүүчүнүн 18и ЖРТда 185тен жогору упай топтоду***Ὼ. Ошол айылда балдар арасында бир дагы кылмышка аралашкан, тартип бузган бир дагы өспүрүм, улан же кыз жок. 1-сентябрда бул айылга барып, окуу жылынын ачылышына катышып, энелер мектебинин бүтүрүүчүлөрү менен да жолугуп келдим. Алардын жалындуу сөздөрүн, алкышын уксаңыздар, жөнөкөй, карапайым айылдык аялдардын дүйнөгө көз карашы кандай кенен, жарык экендигин көрсөңүздөр, таң калар элеңиздер – энелер мектеби энелер университети болуп өсүптүр!***Ὼ

ӨНҮККӨН ӨЛКӨЛӨРДҮН ӨРНӨГҮН ӨЗДӨШТҮРӨЛҮ

  • Дилгир энелер

 

«Менин уулум (кызым) өз күчү менен окууга өтүп, өз күчү менен окуп жатат! Менин үй-бүлөмдөгү финансылык абал бир нече миллион сомго жогорулады!» — дешет алар***Ὼ.

 

Балдарыбызга дүйнөлүк деңгээлде таалим берели

 

Гапыр агайдын ийгилигин башка аймактардагы мугалимдер да билет экен. Ары жагы Ысык-Көл, Нарын, Талас, бери жагы Чоң-Алай, Ноокатка чакырып жатышат. Агайды Казакстанга, Назарбаев университетине да чакырып, ал жерде 32 мамлекеттен келген окумуштууларды Гапыр Мадаминов өз тажрыйбасы менен таң калтырып, Оксфорд, Гарварддан келген профессорлорду кол чаптырган. Агайдын эмгектерин англис тилине которуш керек дешкен алар***Ὼ.

Мына, биздин арабызда деле өзүбүздүн фин кыргызыбыз бар экен***Ὼ. Көктөн издегенибиз жерден табылды, ушул агайыбыздын тажрыйбасын облустагы 235 мектептип баарына жайылталы деп чечтик. Баткен районунда ушундай жолугушуу өткөргөн элек, аркы жумада Кадамжайда өткөрдүк, каникулдан кийин Кызыл-Кыяга барабыз. Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын билим берүү бөлүмдөрүнүн буйругу менен 2-3 жылдан бери бул багытта жакшы иш жүргүзүлүп келет.

Балдардын билим алуусунда мектептин, мугалимдердин ролу чоң. Бирок аларга силердин жардамыңыздар, колдооңуздар керек, урматтуу ата-энелер! Биздин окуучуларыбызды балапанга салыштырсак, анын бир канатын мугалимдер жетилтет. Оң колуңуздарды көтөрүңүздөр! Баарыңыздар! Мугалимдерге терең таазим кылам. Бирок куш бир канаты менен уча алабы?

Эми эки колуңуздарды көтөрүңүздөр! Балапандын экинчи канатын энелер мектеби жетилтет! Балапандар жетилип, кош канатын күүлөсө, бийик уча алат, алыска бара алат!***Ὼ

Мен бул китепти алып, мектепке барганда дубалдарга илинген сонун таблицаларды, тезис тизмелерин ж.б. көргөндө таң калганымды өзүмдүн практикама байланыштырып айтып берейин. Урматтуу энелер! Кадырман аталар! Азыркы ийгиликтериме жетиш үчүн мен түркүн семинарларга, тренингдерге катышканмын. Алардын көпчүлүгүнө акысыз катышуу мүмкүн эмес. Аларга көп акчамды жумшадым. Практикалык психолог Саидмурат Давлатов мындай деген: «Инвестицияны дайыма биринчи өзүңдөн башта! Бирок аны көкүрөктөн ылдыйга эмес, өйдөгө жумша!» Мен бул инсан өнүктүрүү боюнча адистин семинарларына катыштым. Мисалы, Москва шаарында БИЗНЕС ФОРВАРД компаниянын дүйнөгө таанымал бизнес-тренер Владимир Кусакиндин «Жетекчинин күч-кубатын арттыргыч» («Усилитель мощности руководителя») деген тренингине алты миң доллар төлөп катыштым. Мен Гапыр агайдын китебин көргөндө, алты миң долларыма ичим ооруду***. Анткени ал семинарда үйрөнгөнүмдүн баары ушул китепте бар экен. Ошондуктан мен балдарга: «Силерге бул баа жеткис байлык бекер берилип жатат! Муну жакшы өздөштүрсөңөр, турмушка толугу менен даяр болуп чыгасыңар! — дейм***Ὼ. — Эгер мен силердей болуп 16-17 жашымда ушуну бекер үйрөнсөм кандай сонун болор эле!»

Албетте, азыркы жетишкендиктериме ыраазымын, Кудай жолумду ачты. Бирок канча акчам кетти! (күлкү). Насыяларымды толук төлөп бүтө элекмин! (күлкү, ***).

Г. Мадаминов:

— Чынара Осмоновна, сиздин инсан катары, ишмер, ишкер, жетекчи катары өсүшкө жумшаган инвестицияларыңыз, Кудай буюрса, миллиондогон эсе артып кайтат – жеке өзүңүзгө эле эмес, элиңизге пайдасы тиет. Буга баарыбыз тилектешпиз. (***).

Ч. Саттарова:

— Эгер биз азыр Баткенде энелер мектебин талаптагыдай иштете алсак, чоң өзгөрүүлөр болот. Экинчи баскычта Япониянын сапатты жогорулатуу боюнча үзгүлтүксүз системасын кошо баштайбыз. Мектептерде мугалимдердин кандай сабак берип жаткандыгын анкеталоо ж.б. жолдор менен текшерип турабыз.

 

ӨНҮККӨН ӨЛКӨЛӨРДҮН ӨРНӨГҮН ӨЗДӨШТҮРӨЛҮ

  • Мыкты эне Ташкожоева Авазкан менен

 

Сыпайылык – сый-урматка өбөлгө

 

Мен агайдын бир окуясын айтып берейин. Айылда кечкисин баратса, жол боюнда кичине кызып алган эркектер турган экен: «Э, агай! Бери келиң!» — деп чакырыптыр алар. Эми мастар аялдарын окутканымды эстеп, мени сабайбы деп корктум, анан акырын басып бардым дейт.

— Агай, дагы окутуң аялдарды, токтотпоң! – дептир алардын бири (күлкү, ***)

— Неге?

— Үйдө абал өзгөрдү! Көчөдөн келсек, аялдарыбыз балдарыбызга: «Атаңдын колуна суу куй! Төргө төшөк салгыла, атаңар келди!» — деп турат.*** Баягы жаңжалдар жок. Аялдарыбыз башкача болуп калды! Окутуң, агай! (күлкү, ***)

Г. Мадаминов:

— Бул окуянын каарманы кичине көп ичип койчу экен. «Баланын нерв системасына үй-бүлөдөгү моралдык климаттын таасири» деген теманы өтүп, анан үйгө мындай тапшырма бердим эле: «Бүгүн барганда үй-бүлөңөрдө ушундай жумшак, жагымдуу маанай түзгүлө. Күйөөңөр менен жакшы сүйлөшүп, балдарыңырды өөп-жыттап, жайдары болгула дедим эле. Көп ичкен бир эркекке аялы мурдагыдай бакырбай (бакырса дагы эле уруп-сабамак да ал эргул), аны урушпай, алдына төшөк салып, жакшы тосуп алыптыр.

— Эй, неге күндөгүдөй бакырбайсың?

— Эми ичсеңиз биз үчүн ичкендирсиз да, эч нерсе эмес, — дептир. Ошого катуу сүйүнүп, майлагандагысы экен. (күлкү). «Бирок сиз капа болбоң, бул арак менен коштошкондогу ичиши», — дешет достору. «Мени адамдай сыйлагандыгың үчүн шул күндөн баштап аракты таштайм», — деп сөз бериптир аялына. Кийин чын эле ичпей калды, азыр момундай (бармагын көрсөтүп) жашап жатышат! (күлкү, ***Ὼ). (Гапыр Мадаминовдун жыйында айткан башка сөздөрүн гезиттин келерки санынан окуйсуздар).

Ч. Саттарова:

— Окумуштуулардын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, эгерде элдин маданиятын жок дегенде бир пайыз көтөрсөк, медицинанын сапаты 15 пайызга, билим берүү сапаты 25-30 пайызга жогорулайт экен***Ὼ. Урматтуу элим! Маданият деген эмне? Бул – өз ара мамиле, тазалык, тартип, адеп-ахлак, ыйман! Мунун баары, албетте, үй-бүлөдөн башталат***Ὼ.

(жыйын соңунда Чынара Саттарова балдары чоң ийгиликтерге жетишкен бир катар энелерге «Мыкты эне», «Билимдүү эне», «Активдүү эне», «Мээримдүү эне», «Чыгармачыл эне» наамдарын тапшырды***Ὼ, баласын көтөрө келген энелерге Гапыр Мадаминовдун «Ата-энелер, сиздер үчүн китебин» тартуулады***Ὼ)

Дагы бир ирет маданият тууралуу

 Жыйын аяктап калгандыгы белгилүү болгондо, эл бирден-экиден туруп залдан чыга баштады. Ошондо Ч. Саттарова мындай деди:

— Маданият тууралуу ушул азыркы жосунга бир мисал. Биз самолёт конуп-коно электе топурап, түрткүлөшө жол талашабыз. Бизде өткөн доордо дайым эле тартыштык болуп, жетпей калбайын деп чубалжыган кезекке шашылыш тура калып, түрткүлөшмөй адат болуп калган. Чет өлкөлүктөр самолёт конуп, токтоп, сапар байсалдуу болгондугу тууралуу салтанаттуу жарыя айтылмайынча ордунан козголбойт. Жүргүнчүлөр жапырт кол чаап, ыраазылыгын билдирип, адегенде четкилери, анан ортоңку катардагылары эң аягында төрдөгүлөрү кезеги менен туруп, эшикке жөнөйт. Мына маданият!

Урматтуу энелер! Гапыр агай убактысын бөлүп, эки күн бою бизге иштеп бериш үчүн келип отурат. Анын өзүнө кереги жок, бизге, сиздерге керек бул жолугушуу! Тажрыйбаңызды облуска, ар бир мектепке жеткирели, жайылталы деп өтүнүп чакырып келдик. Анан биз тура электе эле сиздер тура жөнөп жатканыңыздар кандай? Бизде дайым ушундай – Саламат Садыкова ырдап бүтө электе концертке келгендер тура жөнөйт, спектаклдер аяктай электе да ушундай.

(сыртка жөнөгөндөр ордуна кайра отуруп, Гимн ырдалганга чейин тынч отурушту)

Өткөндө бир жолугушууда бир эненин айтканы мени кубандырды: «Мен төрт балам бар, үчөөн тарбиялаштан кечигип калдым деп өкүнөм. Кичүү кызымды төрөлгөнгө чейин эле энелер мектебинен алган билимиме таянып тарбиялай баштаганмын. Азыр атасы Россиядан телефон чалса, башка балдарга окшоп шоколад же кийим-кече апкел дебейт, китеп апкел деп турат***Ὼ. Эми Гапыр агайдын китебин сатып алып, биздин көчөдөгү энелердин баарын чакырам да, бекер таратам!» — дейт***Ὼ.

Урматтуу ата-энелер! Балдарыбыз мыкты билим алып, чет өлкөлөргө барсын, дүйнө көрсүн. Жаштар дүйнөнү кенен тааныса, өнүккөн элдердин мыкты өрнөгүн апкелип, өзүбүздүн элге кызмат кылат. Алар жашоого сергек акыл менен карайт. Алар евроремонт, кымбат баалуу кийим же машине дебейт. Японияда биздин тоок кепелердей тар бөлмөлөрдө жашагандарды көрдүм. Бирок алар буга эч кейибейт, эч кимиси өзүн башкалардан кем санабайт. Анткени биринчи орунга маданиятты, билимди, рухий байлыкты коёт. Биз да алардан калышпай чыныгы маданиятка ээ болобуз деп ишенем.

Баарыңыздарга ден соолук тилейм, баарыбыздын балдарыбыз үмүтүбүздү актасын, элге кызмат кылсын!***Ὼ

«Акыл эмгегинин маданияты» жана «Ата-энелер, сиздер үчүн» китептерин сатып алууну каалагандар бул телефондорго чалса болот: 0773549 438; 0773946 023; 0771 323130).

 

 

Жолдош ТУРДУБАЕВ, Бишкек – Баткен – Самаркандек – Исфана – Баул – Жаштык – Сүлүктү – Баткен – Бишкек.

Поделиться

Комментарии