ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДАГЫ МЕКТЕП
- 12.07.2013
- 0
Мектептептеги билим берүүнүн сапаты мектеп жетекчисинин башкаруучулук жөндөмдүүлүгүнө, билимине байланыштуу болот. Алсак Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы №68 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында башкаруу иши эӊ жакшы жолго коюлган. Мектеп жетекчиси Омурова Канымжан Жусупбековна көп жылдан бери бул мектепти жетектеп келүүдө. Мектепте 90 мугалим эмгектенет. 1445 окуучу окуйт. Мектеп 1999–жылдан баштап гимназиялык статуска ээ болгон.
Жетекчи башкаруунун милдеттерин: пландаштырууну, уюштурууну, мотивацияны, көзөмөлдү туура жүргүзөт. Башкаруу процессининдеги ишмердиктин максаттары жана милдеттери дайыма аныкталып, пландаштырылат. Башкаруу ишинде демократиялык стилди колдонот. Мотивациялоонун ар кандай жолдорун билет. Мектепте жагымдуу психологиялык абал түзүлгөн. Канымжан эжей каржы, экономика, укук иштерин жакшы түшүнөт. Калыс, адилеттүү болуп жамааттын көӊүлүн көтөрүп иштетет. Мугалимдерге жөлөк болуп, аларды коргой алат, түшүнөт, муктаждыктарын угат. Башкарууда чыгармачылык менен иштеп жаткан мугалимдерди көрө билет, жаӊы башталып жаткан иштерди колдойт. Жогорудагы милдеттердин кандай ишке ашып жаткандыгын билүүүчүн сөзсүз түрдө мектепте көзөмөлдүн ар кандай түрлөрү жүргүзүлүп турат.
Билимин өркүндөтүү курсуна келген мектеп жетекчилерине башкаруу иши боюнча өзүнүн көп жылдык иш-тажрыйбасынан бөлүшүп келүүдө.
Усулдук бөлмөдө мугалимдер үчүн керектүү техникалык каражаттар, материалдар, адабияттар бар. Педагогдор «Билим берүүнүн максатындагы, мазмунундагы жаӊылануу — окуучулардын билимин, шыгын, жөндөмүн, өркүндөтүүнүн негизи!» деген усулдук теманын үстүндө иштешет. Окутуунун жаӊы технологияларын мугалимдерге үйрөтүү боюнча окуулар болуп турат. Ошондуктан бул мектепте билим берүүнүн сапаты жогору. Жетекчи мугалимдердин иштөөсүүчүн бардык шарттарды түзүп берген. Класс бөлмөлөрү азыркы талапка жооп бере тургандай жабдылган.
Канымжан Жусупбековна эл аралык уюмдар менен дагы биргеликте иштешет. Швециялык долбоор боюнча «Бекем тиштер» программасы иштейт. «Тиштерди тазалоо» бөлмөсү бул долбоордун жардамы менен жабдылган. Тиштин гигиенасы боюнча сабактар өтүлүп турат. Ага–Хан фонду каржылаган устат-шакирт программасы иштейт. Конфуций институту менен биргеликте долбоор ачылган, анда балдар кытай тилин үйрөнүшөт. «Технология» сабагы боюнча бөлмөнү Германиялык эл аралык технологиялык долбоору жабдып берген. «Кулинария» кабинетин өздөрү азыркы талапка ылайык жабдып алышкан. Англис тили сабагы Оксфорд программасы менен өтүлөт. Бул программа аркылуу сабакка керектүү англис тилиндеги китептерди, дептерлерди жана дисктерди, интерактивдүү такталарды алышкан. Мектептин материалдык-техникалык базасы эӊ жакшы жабдылган. Сабактар дагы жогорку деӊгээлде өтүлүп турат. Долбоордук сабактар өтүлүп окуучуларды изденүүчүлүккө, чыгармачылыкка үйрөтүшөт. Мультимедиалык технологияны колдонуу менен сабактар өтүлөт.
Жетекчи кадрларды туура тандайт жана ишти туура бөлүштүрөт. Канымжан Жусупбековнанын менеджерлик билгичтиги, адамдар менен иштей билүүсү, нравалык жактан туруктуулугу, интеллектуалдык деӊгээлинин бийиктиги ага кадыр-барк алып келди.
Комментарии