Мугалимди мыкаачылыкка эмне жеткирди?

  • 21.02.2015
  • 0
Мугалимди мыкаачылыкка эмне жеткирди?

Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушунун 34 жаштагы тургуну, кесиби боюнча мугалим келиндин эки баласын бычактап өлтүргөндүгү тууралуу маалымат буга дейре бөбөктөргө ырайымсыз жасалган мамилелелерге кандай жаза көрүү керектигин кызуу талкууга алган коомчулукту ого бетер дүрбөлөңгө салды.

Апасынын колунан ажал табышты

Боор этинен жаралган чырактай эки баласын өз колу менен жайлап, эне сүтү оозунан кете элек наристелерин жарык дүйнөдөн көзү ачык узаткан келиндин каргашалуу окуясы 15-февралда Бишкектеги Арча-Бешик конушунда болду. 34 жаштагы келин төрт жашар кызы Нурайымды жана үч жаштагы уулу Чыңгызды уктатуу максатында уктатуучу дары берүүнү көздөгөн. Улуу кызы дары ичкен соң дароо уйкуга кеткен, ал эми үч жашар уулу дары ичкиси келбей чыргоолой бергендиктен, келин ашкана бычагы менен баласын төшкө сайган да, ал аз келгенсип, уктап жаткан кызына бычак урган. Бул окуя келиндин күйөөсү жумушка кеткен учурда болгон. Эсине келген келин эмне кылганын көрөөр замат дароо эжесине телефон чалып, окуяны айтып берген. Ал өз кезегинде милицияга кабарлаган. Келиндин абалын адистер адекваттуу эмес же болбосо акыл-эси ордунда эмес деп баалашууда.

Милиция кызматкерлери келин тергөөнүн жүрүшүндө күнөөсүн толук мойнуна алгандыгын билдиришти. Ушул эле маалымат булагынан маалым болгондой, бул үй-бүлө 2013-жылдын жайында Бишкекке көчүп келишип, жогоруда аталган Арча-Бешик конушунда батирде турушкан. 2009-жылы турмушка чыккан келин жолдошу менен буга дейре Кант шаарында жашап, англис тилинен сабак берип иштеп келген. Күйөөсү базарда жүк ташуучу машина айдайт.
Бишкек шаардык ИИБнын маалымат катчысы Олжобай Казабаев мына буларды айтты.

— Милиция кызматкерлери Арча-Бешик конушундагы Ойсул-Ата көчөсүндөгү чакан үйгө келишкенде, күч колдонуу белгилери менен мертинген үч жаштагы М.Чыңгыз жана төрт жашар М.Нурайымдын жансыз денелерин көрүшкөн. Бөлмөдөн канга боелгон ашкана бычагы табылган. Балдардын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, КРнын Кылмыш Кодексинин 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Балдарынын өлүмүнө шектүү делип, 1981-жылы туулган ысык-көлдүк И.А. кармалган. Келин күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Тергөөнүн жүрүшүндө анын борбор шаардагы №44 мектепте англис тилинен сабак берип жүргөнү маалым болду. Келиндин өзүнүн айтымында, ал төрт жашар кызы Нурайымга уктатуучу дары берет. Андан кийин үч жаштагы Чыңгызга дары берейин десе, ыйлап туруп алат. Ошондо ал ашканадагы бычак менен балдарын төшкө сайып өлтүрөт.

Учурда “эки баласын бычактап өлтүрдү” деп шектелген аялга кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камалды. Ал тергөөчүлөргө көрсөтмө берип жатып, буга чейин эки ирет Республикалык психикалык саламаттык борборунда дарыланганын жана балдарын өлтүрүү жөнүндө ой менен көптөн бери эле жашап келаткандыгын, ал тургай, мындан мурда өзүнө да кол салганын айтып берген, — деп билдирди маалымат катчы.

Психикалык жактан оорулуу адамдын мектепте кантип иштеп жүргөнүнө коомчулуктун башы маң. Билим берүү министрлигинин маалымат катчысы Амантур Акматов бул мугалимдин кандайча ишке киргени териштирилип, күнөөлүүлөр жазасын алаарын айтты.

— Эң алгач Бишкектеги №49 мектепте, андан кийин №64 мектеп-гимназияда, өткөн жылдын октябрынан тарта Бишкектеги №44 мектепте англис тилинен сабак берчү экен. Мектеп директору ал келин мектептеги үлгүлүү мугалимдердин бири болчу, эмне себептен мындай ишке барганына таң калып жатабыз деп айтып жатат, — деди ал.

Илдеттүү коомдун курмандыктары

Белгилүү коомдук ишмер Ишенгүл Болжурова бул кайгылуу окуяны билим берүү тармагына эле эмес, бүтүндөй коомчулукка кагылган коңгуроо катары кабыл алышыбыз керек еп эсептейт.

-Ал аял мугалим болбогон күндө да, эненин өз боор этинен жаралган наристелерин өз колу менен өлтүрүшүнүн өзү эле эбегейсиз чоң трагедия. Ал эми анын билим берүү мекемесинде иштеп жүргөнү, мурда бир эмес эки жолу психдиспансерге жатып чыкканы тууралуу билбегендери жоопкерчиликсиз, кайдигер мамилебизден кабар берет. Эми ушул окуядан кийин билим берүү мекемелеринде иштеген адистердин психикалык-неврологиялык адекваттуулугун текшерүү иштерин өтө этият жүргүзүү зарыл. Себеби мындай текшерүүлөр мугалимдерге, окуучуларга ыңгайсыздык жаратпашы керек. Учурдагы мугалимдердин тартыштыгына карабай, аларды жумушка алып жатканда кылдат текшерүүдөн өткөрүүгө зор маани беришибиз керек деп ойлойм.

Билим берүү мекемелеринде билим деңгээли жогору, ден соолугу жагынан болобу, жүрүм-турум жагынан болобу, бул тармакта татыктуу кадрлардын иштешине жеке эле Билим берүү министрлиги эмес, Саламаттыкты сактоо, Социалдык өнүгүү министрликтери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийликтери ж.б. да кызыкдар болуп, социалдык өнөктөштүктө биргеликте иш жүргүзүүлөрү талап кылынууда. Балдарга, айрыкча кичинекей бөбөктөргө жасалган ырайымсыз мамилелер бүтүндөй Кыргызстандын аброюна шек келтирип жатканы ар бир атуулду түйшөлтүп, бул моралдык оор илдеттин курмандыгы болуп жаткан кичинекейлерибиздин тагдырларына эч кимибиз кайдигер болбошубуз керек деп эсептейм.

Жан дүйнөсү жабыркагандардын дарты жаз айларында күчөйт

Психолог адистер күз жана жаз мезгилдеринде психикалык жактан жабыркагандардын оорусу козголорун, андыктан мындай адамдарга көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын айтышат. Мындай оору менен жабыркагандар биринчи кезекте дарыгерлердин катуу көзөмөлүндө жана жакын адамдардын карамагында болушу керек. Ал эми алардын коомдук жайларда болушуна же болбосо иштөөсүнө чектөө коюуга мыйзам жол бербейт.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун психология илимдеринин доценти, психолог Бермет Наралиева психикалык оорусу жок аялдардын деле төрөттөн кийин эмоциялык чыңалуусу күчөп, жакындарынын колдоосуна, керек болсо, дарыгерге кайрылып, тиешелүү дарылоо процедураларын өтүүсүнө муктаж болоорун айтат.

— Бул аялды баланын түйшүгүн көтөрүүгө ички психологиялык даярдыгы жок, жаш куракта деп айтууга мүмкүн эмес. Ал 30дан ашкан кезинде, кирер акыл кирип, чыгар акыл чыккан куракта балалуу болуп жатат. Арийне, келин психикалык оорудан жабыр тартып мурунтан психдиспансерде дарыгерлердин каттоосунда турган дешүүдө. Демек, аялдын психикалык ооруусуна кошул-ташыл анын эмоционалдык чыңалуусу балдары боюнда бар мезгилде жана төрөттөн кийин тереңдеп кеткен деп болжолдоого болот. Андай учурда жакын туугандары, тегерегиндегилер кам көрүшү керек эле.

Келин өзү эле психикалык оору экен. Ал балким оорусун жашыруу максатында бир жерде туруктуу жашабай, айлана-чөйрөсүндөгүлөр менен да узакка мамиле түзгөндөн качып жүргөн болушу да мүмкүн.

Бул аялдын “бир үн мени балдарыңды өлтүр деп буйруду” – дегени, ал аялдын психикалык чыңалган кыйын абалы чегинен ашып, суициддин эң акыркы, үчүнчү этабында турганынан кабар берет.

Депрессия өтө тереңдеп, адам өз өмүрүн кыйганга чейин үч этапты басып өтөт. Биринчи этапта “өлөм” же “өлтүрүп салам” деген сыяктуу коркуткан сөздөрү болушу мүмкүн. Экинчи этабында башка бирөөлөрдүн үнүн угуп же көзүнө бирөөлөр көрүнүшү ыктымал. Алар ар кандай өлүмгө баруунун жолдорун айтышы мүмкүн. Үчүнчү этапта өлүмдү ишке ашыруу үчүн колуна курал, аркан же бычак сыяктуу буюмдарды тандап алышат. Бул учурда аны өлүм жолунан кайтарып калуу өтө кыйынга турат.

Ал эми эч кандай психикалык ооруусу жок жана дарыгерлердин каттоосунда турбаган эненин өз баласын өлтүрүүгө барышын медицина аялдын организминдеги гармондордун өзгөрүшүнө байланыштырат. Гармондордун өзгөрүшү аялдын маанайын туруксуз абалга жеткирет. Алар көбүнчө өзүнчө буулугуп, ыйлаак болуп кетишет. Бул катуу коңгуроо. Жакындары мындай абалга кабылган айымдарга сөзсүз көңүл буруп, аны курчап турган туңгуюктан алып чыгуу далалатын көрүүлөр зарыл. Аялдагы психикалык травманы жараткан эмоционалдык чыңалуусу көпчүлүк убакта ошол адамдын аффектик мотивациясы менен байланыштуу болот. Мындай абал ошол аялдын айлана-чөйрөсүндө болуп жаткан окуяларды, ситуацияны адекваттуу кабыл алуусуна тоскоолдук кылат. Аялзатындагы эмоционалдык чыңалууну пайда кылуучу факторлор – баланы никесиз төрөгөнү, каалоосу жок боюнда болгону, зордуктоонун негизинде боюнда болушу, атасынын үйдөн кетип калышы, экономикалык жардылык, социалдык ыңгайсыз шартта жетишпеген турмушта жашоосу сыяктуу ж.б. көптөгөн себептер болушу мүмкүн. Мунун баары чогулуп олтуруп аялды депрессия абалына алып келет. Депрессиянын өтө тереңдеп кетиши ал адамды ар кандай кылмыштуулукка өзүн-өзү өлтүрүү — суицидге алып келет.

Дүйнөлүк практикада балдарын өлтүргөн аялдардын көпчүлүгү эч жерде иштебей, бала менен үйдө олтурган аялдарда, төрөттөн кийинки депрессия деп аталчу периоддо кезигет.

Дүйнөдө ар бир беш мүнөттө бир наристе зомбулуктан көз жумат

ЮНИСЕФ уюмунун 2014-жылдын ноябрь айында жарыяланган расмий билдирүүсүндө дүйнөдө ар беш мүнөт сайын зордук-зомбулуктан бир наристе жарык дүйнө менен кош айтышары жазылган.

Былтыр апрель айында Лондондо энеси үч майып баласын өлтүрүп салган. Аял адегенде ооруканага жабырлануучу катары жеткирилген, а бирок тез эле анын өз балдарын өлтүргөндүгү тастыкталган. Инвестициялык банкта иштеген 43 жаштагы аял менен күйөөсүнүн төрт баласы – үч эм эркек жана бир кызы болгон. Догдурлар акыл эси өз ордунда деп табышкан ал аял полиция кызматкерлерине оорукчан балдарын кароодон тажагандыгын билдирген.

Россияда 2013-жылы бир жарым миң бала жакын адамдарынын каарына калып, жабыркагандыгы тууралуу расмий маалымат бар. Анын ичинен беш жүзгө жакын бала ата-энелеринен көргөн кордуктун натыйжасында жарык дүйнө менен коштошкон.

Читада 31 жаштагы эне 11 жашар баласын үбөлүк менен сабап, анын өлүп калганын көргөндө, баласынын денесин майдалап кескилеп жертөлөгө таштагандыгы тууралуу адамдын жүрөк үшүн алган окуя былтыр мартта болгон. Мындай ишке барган себебин ал баласы компьютерин бузуп салып, интернетке чыга албай калгандыгы үчүн ачууланып жазаладым деп түшүндүргөн.

Казакстанда 2013-жылы 734 ата-эне бала тарбиялоодо өз жоопкерчилигин аткарбаганы үчүн ата-энелик укугунан ажыратылса, балдарына карата зордук-зомбулук көрсөткөндүгү үчүн 34 адамга кылмыш иши козголгон. Алардын бири 2011-жылы 25-апрелде Алма-Ата шаарында катталган. 36 жаштагы аял өзүнүн алты жана 11 жаштагы эки баласын атып өлтүрүп, аягында өзүн-өзү атып өлгөн. Жакынарына жазып таштаган катында үй-бүлөдөгү чыр-чатактан көңүлү калганын жана эмоционалдык абалга туруштук бере албай калганын жазган

Бишкектеги №3 балдардын клиникалык ооруканасынан алынган маалымат боюнча 2014-жылы катуу запкы жеген 52 бала ооруканага келип түшкөн. Анын ичинен жетөө сексуалдык зомбулукка кабылгандыгы аныкталган.
Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулук, алардын өмүрүнө кол салуу соңку бир же жарым жылда эле өсүп кетти деп айтууга болбойт. Мындай жүрөк өйүгөн окуялар буга дейре деле болуп келген. Соңку кезде интернеттин жардамы менен көптөгөн фактылар ачыкталып, коомчулукка коңгуроо кагып, кыргыз бийлигин чукул чара колдонууга чакырып жаткандай.

Былтыр сентябрь айында Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка шаарында энеси өзүнүн үч жана алты жаштагы эки баласын өлтүрүп салгандыгы тууралуу чуулгандуу окуя окурмандардын эсинде болсо керек. 28 жаштагы Ольга Твердохлебованы айлана-чөйрөсүндөгүлөр балдарын жакшы көргөн үлгүлүү эне катары билишкен. Эки жогорку билими бар Ольганын жолдошу Сергей экөөнүн чакан бизнеси, мал чарбасы болгон. Жубайларды коңшулары телегейи тегиз, меймандос үй-бүлө катары билишчү.

Эки баланын энеси кичүү баласына каралашып, башка жумушун таштап бала бакчага тарбиячы болуп да орношуп иштеген учуру болгон. Бирок кийинчирээк анын мүнөзү өзгөрүлүп, дайыма бир нерсеси жоголгон кишидей кабатырланып жүргөнүн айтышат. Ошол себептүү тынчтандыруучу дарыларды ичип жүргөн… Окуяга күбө болгон чоң энесинин айтымында, Ольга компьютер ойноп отурган улуу баласын муунтуп өлтүрүп, сөөгүн керебеттин алдына катып койгон да, экинчи кичүү баласын ваннадагы сууга тумчуктуруп өлтүргөн.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кутбилим”

Поделиться

Комментарии