МУГАЛИМДЕРГЕ КОМПЬЮТЕРДИК ОКУУЛАР ӨТҮЛҮҮДӨ

  • 25.03.2020
  • 0

Кочкор районунда 2018-жылдан бери Нурдинов Кубанычбек жана Чолпонбек уулу Бектур өзүлөрүнүн демилгелери менен ЖЧК «УБУНТУ» компьютердик борборун ачып элге кызмат көрсөтүшүүдө. Замандын талабына ылайык учурда Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин мугалимдерине компьютердик сабаттуулуктарды жоюу боюнча курс өтүшүүдө.

МУГАЛИМДЕРГЕ КОМПЬЮТЕРДИК ОКУУЛАР ӨТҮЛҮҮДӨ

МУГАЛИМДЕРГЕ КОМПЬЮТЕРДИК ОКУУЛАР ӨТҮЛҮҮДӨ

Компьютердик кызмат көрсөтүүдө компьютерлерди оңдоо (программаларды киргизүү), интернет чубалгыларын кошуу, тармакташтыруу, картридж заправкалоо жана оңдоо, реферат, визитка, календарь, сүрөт жана башка баракчаларды чыгаруу, ксерокопиялоо, сканерлөө, электрондук дарегине жеткирүү, документтик сүрөттөрдү чыгаруу кызматтарын көргөзүп келишүүдө.

2020-жылдан баштап райондогу билим берүү тармактары менен тыгыз кызматташуу менен мектептерге барып жеринен мугалимдердин компьютердик сабаттуулугун жоюу максатында компьютерде иштөөнү үйрөтүшүүдө. Бул мезгилге чейин мекеменин кызматкерлери компьютерге кызыккан адамдарды окутуп, билими тууралуу сертификаттарды берип келишкен. Замандын талабына ылайык учурда Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин мугалимдерине компьютердик сабаттуулуктарды жоюу боюнча курс өтүшүүдө. Мугалимдердин компьютердик сабаттуулуктарын жоюу үчүн жеринен окутуп үйрөтүүгө мектептер жазылып биргелешип иш алып барышууда. Мектеп мугалимдери үчүн бул курсту жеринен окуп үйрөнүү эң натыйжалуу экендигин баалашып, Нурдинов Кубанычбек менен Чолпонбек уулу Бектурга ыраазычылыктарын билдиришүүдө.

Дайырбек Айдарбеков, Кочкор району

Поделиться

Комментарии