«МУГАЛИМДЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ — БИЛИМ САПАТЫН КӨТӨРҮҮНҮН НЕГИЗГИ ФАКТОРУ БОЛУУДА»

  • 20.01.2017
  • 0

foto-dyusheevoy-n-k

Назира ДЮШЕЕВА, Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору менен маек.

— Назира Кубанычбековна,  сөздү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо  институтунун кайрадан түзүлүшү жөнүндө баштасак?

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо  институту КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясын кайрадан түзүүнүн натыйжасында Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу борборун КББдан бөлүп чыгуудан пайда болгон. Окурмандарга так болуш үчүн буйруктун расмий чечимин да көрсөтө кетсем ашыктык кылбас. Себеби бул жаңы мекеме эмеспи. КРнын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы №133 токтому, КР Билим берүү жана илим министринин 2016-жылдын 16-февралындагы №193/1 буйругу менен ачылып, иштеп баштаганбыз. Институт  Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы тарабынан катталган жана 2016-жылдын 8-ноябрындагы каттоо күбөлүгү бар. Демек,  бул юридикалык жактан укуктук-нормативдик базабыз аныкталды деген сөз.

— Түзүлүшү түшүнүктүү болду. Эми институттун негизги максаттарына кайсылар кирет?

— Институттун негизги максаттары төмөнкүлөр: педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу; КРнын мыйзамдарына ылайык орто жана жогорку кесиптик билим берүү базасында педагогика багытындагы кызматкерлерин тиешелүү билим берүү программалары аркылуу кайра даярдоо; билим берүү уюмдарынын башкаруу персоналын жана педагогикалык кызматкерлерин аттестациялоо процесстерине катышуу; мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө жана КРнын тил саясатын жакшыртууга көмөктөшүү. Мына ушулар боюнча тынымсыз иш алып барып жатабыз.

— Акыркы убакта педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу системасын реформалоо зарылдыгы тууралуу көп сөз болууда?

— Чынында эле бүгүнкү күндө квалификацияны жогорулатуу системасын реформалоо актуалдуу жана негизги маселелердин бири болууда. Себеби бул маселе билим берүүнүн сапатын жогорулатууга таасир тийгизүүчү негизги факторлордун бири. Ошол эле убакта реформалоо процесси Кыргызстандын билим берүү системасынын акыркы жылдары жаңы этапка өтүшү менен шартталган. Жаңы этап төмөндөгү өзгөрүүлөр менен мүнөздөлөт: компетенттүүлүк ык-амалдарына негизделген мамлекеттик билим берүү стандарттарынын мазмунун кайра кароо жана жаңыртуу; окуучуларда предметтик жана негизги компетенцияларды өнүктүрүү жана калыптандыруу; билим берүүнү уюштуруу формаларын жакшыртуу; окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун прогрессивдүүрөөк түрлөрүн ишке ашыруу; билим берүүнүн сапатын башкаруу системаларын киргизүү жана башка.  Бир сөз менен айтканда «билим берүүнү өмүр бою өркүндөтүү» принцибин ишке ашырууга  багытталган жаңы мазмун, жаңы ык-амалдар, жаңы укук, жаңы мамилелер, жаңы педагогикалык менталитет сунушталат. Дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялануу, болуп жаткан өзгөрүүлөргө педагогдордун заманбап адаптациялануусун талап кылууда. Анын жүрүшүндө өзүнчө билим алуу процесстери жетишсиз болууда. Ошол себептен педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу ишинде  жүрүп жаткан реформаларды мугалимдердин терең түшүнүүсү зарыл. Институт заманбап жаңы билим берүү максаттарын жана маселелерин ишке ашыруу үчүн керек болгон жаңы компетенциялар боюнча иштөөдө. Максатыбыз  педагогикалык кызматкерлердин  керектөөлөрүн канааттандыруу, жаңы стандарттарды, программаларды жетиштүү деңгээлде пайдалана билүү жолдорун терең үйрөтүү.

— Булардын негизинде эмнелер өзгөрөт?

— Мугалимдердин билимин өркүндөтүү маселеси эски ыкма менен эле жүргүзүлүп келгендиктен, жаңы түзүлгөн институт бул маселени терең изилдеп чыгып, бүгүнкү күндүн талабына ылайыкташкан программаларыбызды, иш-пландарыбызды түзүп чыктык. Ансыз биз артта калабыз. Мында эл аралык тажрыйбаларды да эске алдык. Күнүгө күргүштөп өзгөрүп турган заманда мугалимдин билими эскирип кетпеши керек. Мугалим замандан алдыга озуп кетпесе да тең тайлаш жүрүшү ажеп. Ушул максатта институт өзүнүн ишмердигин, максат-милдеттерин, компетенциясын аныктады. Алар төмөнкүлөр десем болот. Түшүнүктүү болуш үчүн бирден санап берейин:

  • квалификацияны жогорулатуу программаларынын мазмуну мамлекеттик жана социалдык тапшырыкты эске алуу менен жаңыртуу жолу аркылуу өзгөртүлөт;
  • квалификацияны жогорулатуу программаларынын реестри түзүлөт жана ал программалар экспертизадан өтүп, республикалык жана аймактык маалымат банкына (депозитарий) киргизилет. Бул аларды ишке ашырууга бүт өлкө боюнча бирдей ык-амалдардын колдонулуусун камсыз кылат;
  • квалификацияны жогорулатуу модели жакшыртылат, башкача айтканда, түзүм жагынан ал бир нече модулдан турат (инварианттуу жана вариативдүү), модулдук ык-амалга негизделген; моделди өзгөртүүнүн өзгөчөлүгүнүн бири вариативдик бөлүктү ишке ашырууга эл аралык жана атамекендик провайдерлердин тартылышы, ал эми педагогдордун алардын ичинен каалаганын тандоо мүмкүнчүлүгүн алуусу жана ал аркылуу атаандаштык чөйрөсүнүн пайда болуусу;
  • окуу модулдарынын жыйындысы түрүндөгү модулдук-топтоо квалификацияны жогорулатуу системасын киргизүү талкууланууда. Окуу модулдарын ырааттуу өздөштүрүү педагогикалык кызматкерлердин билимин жаңылоого жана алардын көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүндүк түзөт; бул система педагогикалык кызматкерге билим берүү программаларын жана аларды өздөштүрүү формаларын (катышып окуу, жумушту таштап окуу, жумушту таштабай окуу, дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен) өз алдынча тандоону камтыган жеке окуу планын түзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу принцибине негизделет; бир сөз менен айтканда, ар бир окуу модулу өз алдынча квалификацияны жогорулатуу курстары катары саналат жана аны ийгиликтүү өздөштүргөндөн кийин педагогикалык кызматкердин  квалификациясынын жогорулашы тууралуу күбөлүк берилет;
  • бүт республикалык квалификацияны жогорулатуу боюнча автоматизацияланган маалымат базасын киргизүү, электрондук окуу-методикалык камсыздоо, MOODLE билим берүүнү башкаруу системасын киргизүү ж.б. кирет.

— Аймактык Билим берүү институттарынын жана аймактык Квалификацияны жогорулатуу борборлорунун ролу кандай болуп калат? Алардын да деңгээли, жоопкерчилиги жогорулайбы?

— Билим берүү институттарынын жана методикалык борборлордун  сапаттуу квалификацияны жогорулатууну камсыздоодогу ролу жана жоопкерчилиги күчөйт.  Бул билим берүү мекемелери райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн алдында уюштурулган методикалык кабинеттери менен чогуу квалификацияны жогорулатуу функциясын ишке ашыруу жана камсыздоо жаатында түзүлгөн институттун алдындагы билим берүү мекемелеринин тармактык кластерине кирет. Квалификацияны жогорулатууну уюштуруунун “Каскаддык модели” деп аталган практика бар. Аны киргизүү угуучулардын санын көбөйтөт. “Каскаддык моделди” ишке ашырууда республикадагы инновациялык мектептердин потенциалын колдонуу пландаштырылууда. Мүмкүн тажрыйба алмашуу аянтчалар катарында да колдонула баштайт.

— Эми сиздин пикириңизде, заманбап мугалим кандай болуусу керек?

— Мугалим, биринчиден, окутуу кызматтарын алуучулардын, башкача айтканда, окуучулардын муктаждыктарын сапаттык жаңы деңгээлде канааттандырган жаңы заманбап формациядагы мугалим болууга умтулуусу керек. Албетте, мугалимдин ар кандай профессиограммалары бар: классикалык да, заманбап да, атамекендик да, чет өлкөлүк да. Алардын баарын сүрөттөөнүн кажети жок. Алар баарына белгилүү. Мамлекеттик жана социалдык ориентирлерди, көрсөтмөлөрдү терең анализдөөнүн жана түшүнүүнүн жыйынтыгында ар бир педагогикалык кызматкер өзү өз кесиптик өнүгүүсүнүн траекториясын курушу керек. Ага жетишсиз болгон бардык педагогикалык процесске керектүү,  маанилүү делген компетенттүүлүк топторун өнүктүрүүсү жана жакшыртуусу керек. Андай болбогон учурда педагогикалык кызматкер керектүү компетенциялары жок болуп, өз окуучуларына билим берүүдө мамлекеттик жана билим берүү стандарттарында чагылдырылган предметтик жана негизги компетенцияларды түзө албайт. Ушунун негизинде билим берүүнүн сапаты төмөндөп, жыйынтык начарлап баштайт. Ошондуктан мугалим дайыма чыгармачылык менен иштеп, деңгээлин күн сайын системалуу түрдө көтөрүп туруусу шарт. Мугалим кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү курсунан өткөн соң өзүн таштап койбой, алган билимин, жаңы милдеттерин практика жүзүндө ишке ашырып башташы керек. Бул багыттын аткарылышын мектеп жетекчилери да көзөмөлдөп, ачык сабагына кирип, мугалим эмнени үйрөнүп келди, жаңы усулдук ыкмалар бар бекен деп кызыгып турушу да максатка ылайык келер эле. Билим сапатын көтөрүү аракети бир-эки айлык курс менен токтоп калбай, мектеп ишинде ар күнү тынымсыз жүрүп турушу керек.

— Азыркы мугалим эмнеден аксап жатат деп ойлойсуз?

— Аксаган жактары көп эле. Мисалы, азыркы мугалим заманбап билим берүүнүн технологияларын учурунда илип алып, ишке ашыргандан, заманбап билимди өз деңгээлинде тез өздөштүргөндөн аксап калууда. Бир топ мугалимдер Интернетти колдонгонду өздөштүрө элек. Компьютерде терип иштеп, анын көптөгөн мүмкүнчүлүктөрүн өз сабагында пайдаланганды, интерактивдүү доска менен сабак өткөндү эми үйрөнүп жатышат. Негизи окуучусу эчак өздөштүрүп алган технологияны мугалим али үйрөнө элек болуп жатпайбы. Кандай болгон күндө да мугалим замандын алдында жүрүшү керек. Ага биз өзүбүз да күнөөлүү экендигибизди моюнга алышыбыз парз. Бул багытта аткара турган иштерибиз көп.

Аңгемелешкен Майрамбек Токторов, “Кутбилим”

 

Поделиться

Комментарии