МУГАЛИМДЕР КОНСПЕКТ ЖАЗАБЫ?

  • 15.04.2020
  • 0

Республика боюнча бардык билим берүү тармактары дистанттык формада окуп жатышкандыгы белгилүү. Дистанттык окууга даярдыгы жок мектептер учурда кандай ийгиликтерге жетишип, кандай көйгөйлөргө дуушар болуп жаткандыктары жөнүндө шаардык, облустук, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен Билим берүү министри Каныбек Исаков онлайн түрүндө жыйын өткөрүп байланышкан. Мына ушундай байланышты 14-апрелде Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Өзүбеков Уланбек райондогу мектеп жетекчилери, окуу бөлүмүнүн башчылары жана соцпедагогдордун катышуусунда онлайн (ZOOM) түрүндө конференция өткөрдү.

Конференциянын жүрүшүндө дистанттык окутуунун жүрүшү, кээ бир жаралган көйгөйлөр, сабактардын өтүлүшү, кайтарым байланыш түзүү жөнүндө сөз болду. Мектеп тарабынан мугалимдер конспект жазышабы, ОРТга жазылуу жүрүп жатабы, техкызматкерлердин иштөө графиктери кандай болот, расписаниеде жок сабактарга кошумча тапшырма берсек болобу? — деген сыяктуу берилген суроолорго райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Өзүбеков Уланбек жана бөлүмдүн адистери Ибраева Венера, Асаналиева Астра жооп беришти.

Д.Айдарбеков, Кочкор району

Поделиться

Комментарии