«МЕНИН КОШ КАНАТЫМ – МУГАЛИМДЕР ЖАНА ОКУУЧУЛАР ЖАМААТЫМ»

  • 22.01.2016
  • 0

Саадагүл Кожомкулова, Чүй облусунун Сокулук районундагы М.Жангазиев атындагы №4  орто мектебинин директору, КРнын Билим берүүсүнүн отличниги

Окутуу, тарбиялоо жараянынын кыймылдаткыч күчү – мугалим. Ал өз кесибинин кадыр-баркын, аброюн, адамдагы асыл баалуулуктарды, руханий улуу дөөлөттөрдү окуучуларынын аӊ-сезимине жеткирүү, жан-дүйнөсүнө сиӊирүү аркылуу бийиктикке көтөрүп, туусун желбиретип келет.

Ооба, чыныгы чыгармачыл мугалим «Канткенде адам улуу адам болот?..» деген философиялык ой-туюмдарга оролушуп, жөнөкөйлүүлүгү, ийкемдүүлүгү менен жүрөктөн орун таап, түбөлүктүү кесиптин түндүгүн көтөрүп турат.

Дал ушундай өзөктүү идеяларды ишмердүүлүгүнө уялатышкан Сокулуктагы М. Жангазиев атындагы №4 окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн пилоттук орто мектебинин педагогикалык жамааты билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө, тарбиялоонун турмуш менен байланыштуулугуна бөтөнчө басым жасашат.

Анда окуучулардын төмөндөгүдөй интеллектуалдык сапаттары калыптанат:

— Окуучунун компетенттүүлүгү (өз алдынча чечим чыгара билүүчүлүгү);

— Өз алдынчалуулугу, өзүн-өзү таануучулугу;

— Демилгелүүлүгү (жаӊы идеяны жаратат же жасалып, аткарылып жаткан жумуштардан четте калбайт);

— Ой жүгүртүүнүн ыкчамдыгы, объективдүүлүгү;

— Чыгармачылдыгы, таланттуулугу ж.б.

Мындай сапаттарды калыптоодо ийкемдүү механизмдер иштелип чыгып, иштиктүү иш-аракеттер жүргүзүлөт.

 Тарбиядагы белес – профилактикалык кеӊеш

Райондун борборунда жайгашкан мектепте айыл жергесине караганда тарбия берүү тармагы бир топ татаалдашат. Анткени коомчулуктагы оӊ жана терс көрүнүштөрдү окуучулар өз көздөрү менен көрүп, аӊ-сезиминде кабылдап турат эмеспи. Ошондон уламбы, же коомдун күрөө тамырын тартып, акыйкаттын актыгын жана тактыгын, терс жагдайдын көйгөйлүүлүгүн балдардын баё сезимдерине түнөтүүдө чыгармачыл мектеп жамааты профилактикалык кеӊешти байма-бай өткөрүп турушат.

Маселен, кышкы каникул мезгилинде башталгыч класстарда өткөрүлгөн «Атам, апам жана мен…» спорттук таймашты, «Бирге окуйбуз», «Балдарга китеп окуйлу» долбоорлорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерди айтууга болот. Мындай иш-чаралар ата-энелердин катышуусунда өткөрүлүп, талкууга алынып, омоктуу ой-пикирлер коомчулукта калыптанат.

О.э. мектептен жана класстан тышкаркы иштерде системалуу түрдө ата-энелер чакырылат. Ар кандай иш-чаранын соӊунда окуучулар эссе, дилбаян жазышып, аларга сынактар жарыяланат. Мындан сырткары тартип бузган жана окууда жетишпеген окуучулар да профилактикалык кеӊеште каралып, тийиштүү тыянактар чыгарылат.

 Долбоорлор дем берет

Жанаша жайгашкан эки кабаттуу орто мектепте 42 мугалим эмгектенсе, анын 16сы КР Билим берүүсүнүн отличниги. Анда окутуу кабинеттик системада жүргүзүлүп, 758 окуучуга билим жана тарбия беришет. Өткөн жана үстүбүздөгү окуу жылдарында АРИС, МЕРСиКО долбоорлору менен иштешип, мектептин чатыры алмаштырылган. Пластик терезелер коюлуп, ашкана, спорт, актовый залдар капиталдык ремонттон өткөрүлгөн.

Ар бир класс-кааналар талаптагыдай жасалгаланган. Сокулук айыл өкмөтү интерактивдүү доска менен камсыздаган. Ал эми китеп менен камсыз болуу 78 пайызды түзөт. Кадрлар менен толук камсыз болгон. Өзгөчөлүгү – ар бир мугалим өз адистиги менен гана эмгектенет.

Кыскасы, изденүүдөн  ийгилик жараткан мугалимдер Тарых жана маданият жылында ийгиликтерди жаратуунун үстүндө багыт алышууда.

Туура. Мектептин сыймыгы болушкан: окуу бөлүмүнүн башчысы Бейшекеева Ырыскүл, тарбиялык иштердин уюштуруучусу Омуралиева Кенже, чыгармачыл мугалимдер: Орозалиева Алтын, Айдаралиева Гүланда, Беркутова Нургүл, Акматова Майрам, Исакова Назира, Турсунмухамедова Зина жана Момункулов Абды  улууларга урмат, кичүүлөргө ызаат көрсөтүшүп, бүткүл өмүрүн, жүрөгүн жаш муундарга арнашат.

— Билим берүүгө бүткүл аракетин жумшаган мугалимдерим, сүйүктүү окуучуларым мектептин коломтосунун отун алоолонтуп, түтүнүн булатып, түндүгүн көтөрүп турат. Көӊүлүмдүн, жүрөгүмдүн борборунда – мугалимдерге шарт түзүп берүү, социалдык абалын жакшыртуу болсо, окуучуларымдын бекем билим, татыктуу тарбия алуусуна басым жасайм. Менин кош канатым – мугалимдер жана окуучулар жамаатым, — дейт, сыймыктануу менен мектеп директору, КРнын Билим берүүсүнүн отличниги Саадагүл Оторкуловна.

Ибраим Чотов,

«КБ»нын штаттан тышкаркы кабарчысы    

Поделиться

Комментарии