“МЕН ЖЕҢИШТИ ТАРТАМ!”

  • 10.04.2020
  • 0

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору “Мен Жеңишти тартам!” аттуу балдардын сүрөттөрү боюнча онлайн-сынак жарыялайт. Онлайн-сынак “Сейтек” борборунун студия, секция, чыгармачылык коллективдерине катышкан окуучулардын арасында, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын алкагында өтөт.

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата тартылган сүрөттөр, төмөнкү сунушталган темаларды камтышы мүмкүн:

  • Мен унуткан жокмун, Мен сыймыктанам!”;

  • Жеңиш күнүңөр менен!”;

  • Улуу Ата Мекендик согуштун аскерлери (солдаттары)”;

  • Улуу Жеңиштин жүзү”;

  • Бардыгы фронт, бардыгы Жеңиш үчүн!”;

  • 1941-1945-жж. аскердик техника”;

  • Улуу Жеңиштин символдору”;

  • «Ленинград блокадасынын эпизоддору…»;

  • Сыйлыктар”.

Максаты жана милдети:

  • Өсүп келе жаткан муунга эстетикалык тарбияны калыптандыруу;

  • Балдардын чыгармачылык жана эстетикалык жөндөмдөрүн өстүрүү;

  • Сынак, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жана тирүү калгандардын баатырдыгына, эрдиктирине таазим кылуу;

  • Улуу Жеңиш, КМШ өлкөлөрүндө гана эмес, бардык адамзатына тагдырлаш экендигине, тарыхый маанилүүлүгүнө туура түшүнүк берип тарбиялоо;

  • Улуу Ата Мекендик согуштун” тарыхый баалуулугун билүүгө тарбиялоо;

  • Бизге тынчтык тартуулаган баатырлардын жана башка согушка катышкандардын элестерин түбөлүккө сактоо.

Катышуучулар:

  • Сынакка “Сейтек” борборунун төмөнкү жаштагы окуучулар катышышат: 5 жаштан 7 жашка чейин, 7 жаштан 12 жашка чейин, 12 жаштан жогору.

Сынакка катышуучулардын иштерине талаптар:

  • Сүрөттөр: акварель, гуашь жана башка техникаларда аткарылышы керек;

  • Сүрөттөр А4 формасында, сүрөттүн аталышы, сүрөттүн авторунун аты-жөнү, жашы, коллективдин аталышы, телефону болушу керек;

  • Калыстар мүчөлөрү, сүрөттүн мазмуну, темасы жана композициясы менен төп келишин, өзгөчөлүгүн, өтө чеберчиликте, эстетикалык, так аткарылышын карайт.

Сынактын чечими:

  • Балдардын сүрөттөрүн сынакка берүү мөөнөтү 2020-ж. 25-апрелине чейин;

  • Сүрөттөр nadejda.cmc@gmail.com электрондук почтага, жана вотсап номерлерине 0555769672, 0551727269, андан кийин алар иштелип чыккандан кийин Фейсбукка, “Сейтек” борборунун сайтына жайгаштырылат;

  • Сынактан ар бир жаш курактан 1-, 2-, 3-орун алгандар дипломдор менен, айырмаланган окуучулар кызыктыруучу байгелер менен сыйланышат. Сынактын мөөнөтү өткөндөн кийин, сүрөттөр цифровизацияланып, “Сейтек” борборунун сайтына жайгаштырылып, сынактын мөөнөтү аяктагандан кийин, уюштуруучулар сүрөттөрдүн оригиналын алып келүүсүн сурашы мүмкүн, андан кийин Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунда көргөзмө уюштурулат.

Поделиться

Комментарии