Мектеп директорунун иш багытынын бири – бюджеттен сырткаркы кирешени көбөйтүү

  • 24.03.2014
  • 0

    Жалпы коомчулуктагы  мектеп көйгөйүнө арналган орчундуу маселелердин бири бул — каржы маселеси. Мамлекеттеги өткөөл мезгилдеги туруктуу көрүнүш бул — билим берүү, анын ичинде , жалпы орто билим берүү тармагынын толук кандуу каржыланбашы. Бул багытта каржылоону оптималдаштыруу жана натыйжалуу пайдалануу багытында  өкмөт менен министрликтин окуучунун жан башына карата каржылоо, каржылоо булагынын  агартуу органдарына өткөрүп берүү сыяктуу чаралары, кошумча каржылоо булактарын табууга негиз болуп берүүчү укуктук-нормативдик базаларын түзүү боюнча аракеттерин айтпасак болбойт. Ошондой болсо дагы, айрым эксперттердин эсептөөлөрү боюнча  элеттик мектептерди бюджеттен каржылоо толук керектөөлөрдүн 40тан 70 пайызга  чейин жетүүдө. Ошондуктан мектеп директорлорунун иш багытынын орчундууларынын бири – мектептин бюджеттен сырткаркы кирешелерин  (доходун) көбөйтүү эсептелет. Бүгүнкү күндө биздин мамлекеттеги орто билим берүү мекемелериндеги кошумча каржы булактарын: мектептин бюджеттен сырткаркы каражаттары, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана долбоордук ишмердүүлүк түзөт.

       Бюджеттен сырткаркы каражаттарды тартуу боюнча укуктук-нормативдик негиздери

КР билим берүү жөнүндөгү Мыйзамына, КР билим жана илим министрлиги менен каржы министрлигинин биргелешкен буйругуна ылайык  (1999)  мектептер эки каржылык булакка ээ: мамлекеттик бюджеттен каржылоо жана бюджеттен сырткаркы каражаттар. Өз кезегинде бюджеттен сырткаркы каржылоо эки бөлүктөн турат: бюджеттен сырткаркы атайын каражаттар жана бюджеттен сырткаркы түрдүү (прочие) каражаттар. Бюджеттен сырткаркы атайын каражаттар мектептин киреше алып келүүчү ишмердүүлүктөрү — кызмат көргөзүү, имаратты ижарага берүү, акы төлөп окутуу ж.б. аркылуу түшмөкчү. Ал эми бюджеттен сырткаркы түрдүү каражаттар физикалык жана юридикалык жактардын ыктыярдуу жана максаттуу которуулары, акылары (взностору) аркылуу чогулат. Мезгилинде чогултулуп жүргөн окуучулардын ата-энелеринин керектөө взностору дагы бюджеттен сырткаркы түрдүү каражаттарга кирүүчү.

 Бюджеттен сырткаркы каражаттарды тартуу боюнча укуктук-нормативдик негиздери КР билим берүү жөнүндөгү мыйзамынын 43-47- беренелеринде аныкталган. Ал беренелерге ылайык:

Билим берүүнү каржылоонун кошумча булактары болуп төмөнкүлөр саналат:

— уюмдаштыруучу катары жеке жана юридикалык жактардын, чет мамлекеттердин жана жарандардын каражаттары;

— билим берүү уюмдарынын менчик каражаттары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган консультативдик, илим изилдөөчүлүк, басма, өндүрүштүк  жана киреше киргизүүчү башка иштерден, ошондой эле бюджеттен тышкаркы билим берүү ишинин негизги жана кошумча билим берүү программаларынын бардык түрлөрүнөн, анын ичинде мамлекеттик билим берүү стандарттары койгон талаптардын чегинде келип түшкөн валюта каражаттары;

— депозиттик салымдардан түшкөн кирешелери;

— жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кошкон каражаттары, башка жеке жана юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк жактардын ыктыярдуу соопчулуктары жана максаттуу төгүмдөрү;

—  насыялар (кредиттер).

Кошумча булактарды тартуу мамлекеттик бюджеттен каржылоонун ченемдерин же абсолюттук өлчөмдөрүн азайтууга алып келбейт.

Билим берүү уюмдары бюджеттик жана бюджеттик эмес каражаттардын чегинде окуп жаткандарды жана педагогдорду социалдык жактан колдоо боюнча чараларды өз алдынча иштеп чыгат жана ишке ашырат.

Билим берүү уюмдары өндүрүштүк,  анын ичинде бюджеттен тышкаркы билим берүү ишинен киреше алууга укуктуу, ал уставда каралган иштерди аткарууга багытталат.

Мамлекеттик билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасын мамлекеттик эмес (менчик) уюмдарга ижарага өткөрүп берүүдөн түшкөн киреше бюджетке алынып коюлбайт жана мамлекеттик билим берүү уюмдарынын уставдык максаттары үчүн пайдаланылат.

Билим берүү уюмдарына билим берүү уюмдарынын жүргүзгөн ишинин натыйжасы болуп эсептелген ага жеке жана юридикалык жактардын интеллектуалдык жана чыгармачылык эмгектин продуктысына белек түрүндө, соопчулук иретинде берген акча каражаттарына, мүлкүнө жана менчиктин башка объектилерине, ошондой эле жекече жүргүзгөн ишинен түшкөн кирешеге жана ошол кирешеге сатылып алынган мүлккө менчиктөө укугу таандык.

Бюджеттик эмес каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлк билим берүү уюмунун өз алдынча тескөөсүнө келип түшөт жана өзүнчө баланста эсепке алынат.

Билим берүү жөнүндөгү мыйзамда аныкталган бул макамдар КР өкмөтүнүн  “Атайын каражаттар …”, “КР билим берүү министрлиги”, “Жалпы билим берүүчү мекеме …” жөнүндөгү жана башка токтомдор, КР билим жана илим министрлиги иштеп чыккан атайын жоболор аркылуу чечмеленип берилет.

 

Бюджеттен сырткаркы каражаттарды тартуу шарттары болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

— Мектеп кошумча каражаттарды тартуу аракетин жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү укуктук-нормативдик базанын болуусу;

— билим берүү кызматынын рыногунун болуусу;

— окуучулардын ата-энелеринин, коомчулуктун билим берүү кызматына муктаждыгы жана төлөө мүмкүнчүлүгүнүн болуусу;

— мектептин акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнүн болуусу;

— мектеп жетекчилеринин кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү укуктук-нормативдик базаны жана маркетингдин негиздерин билүүсү;

— мектептин акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү, анын максаттары жана натыйжасы боюнча жарнаманын болуусу;

— мектепте кошумча каражатты тартуу аракетин жүргүзүүнү уюштуруучу жана көзөмөлдөөөчү түзүмдүн болуусу;

— бухгалтердик эсептин жана каржыны тескөөнүн тактыгы;

— кошумча каражатты максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу;

— кошумча каражатты табуу жана пайдалануу бардык этабында ачыктыктын, айкындыктын болуусу.

 Бюджеттен сырткаркы каражаттарды тартуу иштериндеги негизги максаттар :

— Мектептеги окуу-тарбиялык процессти колдоо, окуу-усулдук жана башка каражаттар менен камсыздоо, окуу-материалдык базаны чыңдоо максатында бюджеттен тышкары кошумча каржылык каражаттарды табуу;

педагогдордун жана административдик-чарбалык кызматкерлердин эмгек шартын жакшыртуу жана сыйлоо;

— мектеп жетекчилигинин, мугалимдердин, ата-энелердин жана окуучулардын рыноктук ой-жүгүртүүсүн, билимин жана билгичтигин калыптандыруу;

— жергиликтүү коомчулук муктаж болгон билим берүү жаатындагы рынокту өнүктүрүү;

— билим берүү тармагындагы бардык жүк мамлекеттин мойнунда делип келинген эски психологиядан арылуу менен, чет мамлекеттердин окуу-рыноктук мамилелерине аралаша баштоо башаты.

 Үч негизги критерий

 Бюджеттен сырткаркы каражаттарды тартууда жана пайдаланууда :

  • Бюджеттен сырткаркы каражаттарды түптөө процесси эффективдүү (натыйжалуу)  болуу керек;
  • бюджет рационалдуу пайдаланылышы керек;
  • бюджеттен сырткаркы каражаттарды түптөө процесси мектепке дагы, коомчулукка дагы пайдалуу болуусу керек.

           Шаардык менен айылдык мектептердин айырмасы

     Бюджеттен сырткаркы каражаттарды тартууда шаардык мектеп менен айылдык мектептин ортосунда айырмачылык чоң. Шаарга караганда айылда киреше алып келүүчү ишмердүүлүк менен шугулдануу мүмкүнчүлүгү бир топ эле төмөн. Бул эми мектептердин мүмкүнчүлүгүнөн жана элдин рыноктук ой-жүгүртүүсүнүн деңгээлинен көз каранды. Ошондой болсо дагы жалпы сунуштарды берсе болот. Ирээти менен айтканда, мектеп жамаатынан,  же окуучулардын ата-энелеринин ичинен бул ишти алып барууга жөндөмү, каалоосу жана шарты бар адамды тандап алуу.  Жалпы мектеп жамаатында кайсы багытта иш алып баруу мүмкүнчүлүгү барын талдап чыгуу. Ар бир багыт боюнча жооптуу адамдарды бекитүү. Мектептин Уставына бюджеттен сырткаркы каражаттарды тартуу боюнча ишмердүүлүктү киргизүү. Казыналыктын руксаты менен банкта атайын каражаттар үчүн атайын эсеп счетун ачуу. Ар бир жооптуу адамдын максаттарын жана милдеттерин иштеп чыгуу. Мезгил мезгили менен иштин жүрүшүн мониторинг кылып туруу менен, мектептик чогулуш-кеңешмелерде талкуулап туруу.

             Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзам

2012–жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамы да билим берүү тутумуна кошумча каражат алып келүүгө шарт түзүүчү укуктук негиз болуп эсептелет.  Ал мыйзамга ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ( мындан ары — МЖӨ) – мамлекеттик өнөк тарабынан объекттерди долбоорлоого, каржылоого, курууга, калыбына келтирүүгө реконструкциялоого жеке өнөктү тартуу маселелери боюнча, ошондой эле бар жана кайра түзүлгөн, анын ичинде инфратүзүмдүк (инфраструктуралык) объекттерди башкаруу боюнча мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн узак мөөнөттүү (50 жылга чейин) өз ара аракеттенүүсү.

      МЖӨ долбоору – бар же кайрадан түзүлгөн мамлекеттик, муниципалдык же жеке менчикте турган социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы мүлк  же мүлктүк комплекс- инфратүзүмдүк объекттерди долбоорлоого,  курууга,  калыбына келтирүүгө, реконструкциялоого, башкарууга карата мамлекеттик өнөктүн жеке өнөктү тартуусу боюнча МЖӨ жөнүндө макулдашуу менен жөнгө салынган өз ара мамилелердин комплекси. Бул жерде жеке өнөк – Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча катталган жеке ишкер, юридикалык жак, чет өлкөлүк мамлекеттин мыйзамдары боюнча катталган юридикалык жак же мындай юридикалык жактардын бирикмеси.

          Мыйзамдын 3-беренесинде айтылгандай,  МЖӨ билим берүү, тарбиялоо, маданият, спорт жана социалдык тейлөө тутумундагы инфратүзүмдүк объекттерге жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөргө карата колдонулат. Азыркы мезгилде бул мыйзамдын негизинде Кыргызстандын билим берүү тармагында жасалган орчундуу иштер жокко эсе. Себеби, биринчиден,  мыйзамдын кабыл алынганы жакында эле болду (кыргыздын ыкшоолугун эске алганда), экинчиден,  мыйзам инфратүзүмдүк объекттерге багытталып, кеңири колдонулуучу кызмат көрсөтүү, анын ичинде билим берүү,  жаатында иштелген эмес. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн кеңири маанисинде бул идеянын (биргелешкен аракеттенүү)  айрым элементтери, же механизмдери Камкорчулук кеңештеринин, коммерциялык эмес коомдук бирикмелер түрүндө, кызматташуу боюнча  (атуулдук-укуктук милдеттер киришүүсүз )  келишимди түзүү, биргелешкен кошумчалар менен кирүү аркылуу  жөнөкөй жолдошчулук (товарищество), мамлекеттик билим берүү уюмдарындагы эксперттик кеңештердин, жумушчу топтордун  ишмердүүлүгү, аутсорсинг ж.б. түрдөгү  иш-аракеттер менен кире баштады. Камкорчулук кеңештеринин толук кандуу иштеши менен ар түрдүү кызыкдар тараптардын-мамлекеттин, муниципалитеттердин, демөөрчүлөрдүн, бизнесмендердин, жалпы эле коомчулуктун өкүлдөрүнүн билим берүү уюмун башкарууга аралашуусу менен, кошумча каражаттарды алып келүү боюнча мүмкүндүгү кеңейет. Коммерциялык эмес коомдук  бирикмелер-фонддор, коомдук уюмдар, мекемелер коомчулук, өзгөчө бизнес түзүмдөр аркылуу түзүлүп, каржы булактарын кеңейтүү боюнча алгылыктуу иштерге өбөлгө болмокчу. Бизде болсо, өзгөчө,  Бишкектин айрым мектептеринде Камкорчулук кеңештери, мектепти колдоо боюнча коомдук уюмдар түзүлүп, окуучулардын ата-энесинин взностору аркылуу гана иштеп, мектеп директорунун колбаласына айланып калгандыгы кездешет.  Мектеп менен экинчи тараптар (бизнес түзүм, жеке жак, мамлекеттик уюм) кызматташуу боюнча  келишимди түзүү  аркылуу тараптардын материалдык жана адамдык ресурстарын, билим берүү багытындагы айрым орчундуу маселелерди чечүүгө бириктирүүгө жана рационалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Билим берүү мекемелериндеги эксперттик кеңештердин, жумушчу топтордун ишмердүүлүгү негизинен билим берүү тармагындагы орчундуу маселелерди талкуулоо, баа берүү аркылуу  коомчулуктун, мамлекеттик органдардын көңүлүн бурдурууга, жана ал аркылуу көйгөйлөрдү чечүү ыкмасын ачып берет. Аутсорсинг,  мекеменин жалпы ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында анын айрым иш багыттарын бөлөк уюмдарга келишимдин негизинде берүү. Шаардын мектептериндеги коопсуздукту камсыз кылуу максатында жасалып жаткан иштер буга бир мисал.  Бул мыйзамды билим берүү тармагына ылайыктап турмушка ашыруу боюнча толуктоолор, аны ишке ашыруу боюнча жоболор иштелип чыгылса, бара-бара билим берүү тутумунун кошумча каржы булактарынын өзөгү түзүлмөкчү.  

(уландысы кийинки санда)

Чолпонбек Тиленбаев

Поделиться

Комментарии