МАЙМЫЛ ЖЫЛЫНДА ИЙГИЛИК ЖЫЛООЛОГОНДОР

  • 10.01.2017
  • 0

Москвадагы эстен кеткис 10 күн

Кыргыздын чыгаан илимпоз уулу, окумуштуу-физиолог, профессор, УИАнын академиги Санжарбек Данияровдун фонду беш жылдан бери айылдык башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн “Биринчи мугалим” сынагын өткөрүп келет. Фонддун уюштуруучусу, академиктин кызы Асель Даниярова жеңүүчү мугалимдерди Москвага 10 күнгө саякатка коштоп барып, РФ борборундагы театр-музейлерди кыдыртып, элет мугалимдеринин дүйнө таанымын арттырып,  эс-көөнүнөн кеткис көз ирмемдерди тартуулайт.

“Биринчи мугалим” сынагынын быйылкы сыйлыгына Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата мектебинин башталгыч классынын мугалими Айгүл Жолчубаева татыктуу болгон. Айгүл бир эмес, эки башталгыч класста сабак берген тажрыйбалуу мугалим. Ал андан тышкары, башка мугалимдер менен тажрыйба алмашуу программасында тренер катары да белгилүү. Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрынан 14-октябрга чейин Фонддун сыйлыгынын алкагында Москва шаарына маданий-маалымат арттыруучу саякатка барып келген Айгүл Жолчубаева ушул жыл ал үчүн өзгөчө таасирлүү окуяларга бай болгонун белгиледи.

  • Мен Санжарбек Данияровдун фондунун баш сыйлыгына — Москва шаарына 10 күндүк саякатка баруу бактысына ээ болгонумду, ал жерден эстен чыккыс таасирлерге кабылганымды кесиптештерим менен бөлүшкүм келет. Анткени азыркы күндө бизге окшогон карапайым элеттик мугалимдердин маданий деңгээлинин өсүшүнө кайдыгер карабаган адамдар бар экенин даңазалап, айтууну милдетим деп билем. Чынымды айтсам, сынакка катышканым менен жеңүүчү болорума көзүм жеткен эмес. Ал тургай, жеңүүчү катары Москвага барасың дешкенде да ишене албай турдум.

Москвага барып ал жактагы кооз-кооз жайларды көргөндө, кубанычым көөдөнүмө батпай аябай толкундандым. Москва мага чоң музейдей сезилди. “Миң уккуча бир көргөн артык” дегендей, китептен окуп, кинодон көргөн бир башка, өз көзүң менен көргөн тап-такыр бөлөк болот тура. Биз Третьяков галереясын, Пушкин атындагы музейди, Москва Кремлинин музейин, Новодевичий монастырь сыяктуу тарыхый жайларды кыдырдык. Кечинде болсо театрларга, концерттерге бардык. Алсак, Станиславский жана Немирович-Данченко атындагы музыкалык театрга, Кичи театрга, Моссовет атындагы театрга бардык. Андан тышкары Вернадский проспектисиндеги циркке кирдик жана да катерде сейилдеп, Москваны суу үстүндө кыдырдык.

Мен үчүн эң оңтойлуусу – бул Асель Санжарбековна мени күнү-түнү коштоп, жанымда жүргөнү болду. Ал бардык тарыхый жайлардын, чыгармалардын, эстеликтердин, ал тургай, сүрөт-картиналардын жаралган таржымалынан өйдө айтып берип жатты. Өзүмдүн пикиримди, сезимдеримди бөлүшүүгө эң жакшы кырдаал түзүлүп, көптөгөн баалуу маалыматтарды алдым. Асель Санжарбековна – жогорку интеллектуалдуу, уникалдуу адам. Башкасын айтпаганда эле бизге окшогон айылдык мугалимдер жана жаш окумуштуу дарыгерлер үчүн атайын сынак уюштуруп, алардын кесиптик чеберчилигинин өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошуп, маданий байлыгын арттырып келет. Мындай сыйлыктар бизди дагы-дагы ийгиликтерге умтултуп, чыгармачылык менен иштөөгө дем-күч берет.

Ушундай керемет күндөрдү тартуулагандыгы үчүн Асель Данияровага терең ыраазычылык билдирем. Ал жетектеген Фонддун ийгилиги арта берсин!

 

КМЮАнын алдындагы юридикалык колледжинин окутуучусу Адил Аделгенов:

“Маймыл жылында үйлүү да, кыздуу да болдум”

Өтүп бараткан маймыл жылында фортуна жылмайган адамдардын бири – КМЮАнын юридикалык колледжинин окутуучусу Адил Абельденов болду. Ал келинчеги Асель Султанбек кызы экөө КР Өкмөтүнүн Арзан турак-жай программасынын алкагында ипотека жолу менен ак өргөлүү болушуп, кубанычтары кучак жеткис болуп турган чактары. Адилдин айтымында, жыл башында өзү иштеген жеринен алгач маалымат алышып, тиешелүү документтерди топтоп өткөрүп коюшкан. Анын арызы канааттандырылганы тууралуу кабарды үй-бүлөсү менен Ысык-Көлдө эс алып жүргөн жеринде укту.

—          Август айынын баш чагында жайкы эмгек өргүүмдү алып, үй-бүлөм менен көл жээгинде эс алып жүргөн элек. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кызматкерлери телефон чалышып, менин документтеримди кабыл алышканын, эми мындан ары сүйлөшүүлөрдү банктар менен жүргүзүшүм керектигин айтышты. Келинчегим экөөбүз кубанганыбыздан эс алууну да эстен чыгарып, үй издей баштадык. Айткандай эле банктарды изилдей баштадык. Акыры Айыл банкына токтолуп, ал жердин талабы боюнча кайра дагы документтерди топтодук. Август айы үй издөө менен алектендик. Мында бир аз кыйынчылыктар жаралды, анткени эл банк аркылуу иш жүргүзүүгө али көнүшө элек экен.

Келинчегимдин боюнда бар эле, ошол учурда ай-күнүнө жетип калгандыктан, негизги түйшүк мага жүктөлдү десем да болот. Аракетибиз текке кетпей, Тунгуч кичи районунан өзүбүздүн көңүлүбүзгө төп келген бир бөлмөлүү батирди таап, үй ээлери менен макулдашканча дагы убакыт өттү. Банктын шарты боюнча алгач 10 пайызын төктүк. Буга ата-энебиз жардам беришти. Биз жаңы алган үйүбүзгө көчүп кирген күн 31-август – Эгемендик күнүнө туш келип, биздин үй-бүлөбүз үчүн өзгөчө символикалуу болуп калды. Ал эми 7-сентябрда келинчегим аман-эсен көз жарып, уулум Алибек Аделина аттуу карындаштуу болду.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен Мамлекеттик ипотекалык компаниянын, Айыл банктын кызматкерлерине жана жаш адистерге ушундай мүмкүнчүлүк түзүп, бизге жардам бергендердин баарына өзүмдүн, үй-бүлөмдүн атынан терең ыраазычылык билдирип кетким келет. Банк төлөмдөрү алгач 12 пайыз эле, азыр 10 пайызга түштү, бул да болсо бизге жеңилдик. Жаңырган жылда башка да  кесиптештерим биздей ак өргөлүү болушуп, каалаган ой-тилектери орундалышына тилектештигимди билдирем!

 

Элеттик мугалим Кеңешбек Шоруков:

“Москвага барып, эки чоң салтанаттын күбөсү болдум”

Алыскы Ак-Суу районунун Жылдыз айылындагы орто мектептин мугалими, КР Билим берүүсүнүн отличниги, КМШ Билим берүүсүнүн отличниги, КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген мугалим Шоруков Кеңешбек Сагынбаевич үчүн өтүп бараткан жыл эсте каларлык окуяларга бай болду. Ал октябрь айында Москва шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн мугалимдеринин IV съездине делегат болуп барып келди.

—          Москвада өткөн КМШ өлкөлөрүнүн мугалимдеринин IV съездине делегат болгонум мен үчүн күтүүсүз чоң жаңылык болду. Бизди аябай жакшы тосуп алышты, уюштуруу иштери да жогорку деңгээлде болуптур. Орусиянын борборунда төрт күн болуп, көптөгөн кызыктуу маалыматтарды топтодук. Съездге тогуз мамлекеттен делегаттар келишиптир. Кесиптештерим менен баарлашуу учурунда окуу методикасындагы жаңылыктар, жаңы ыкмалар тууралуу кызыктуу пикир алмашуулар болду. Ар бир мамлекет өздөрүнүн окуу китептерин, пособиелерди, түрдүү окуу куралдарын алып келишип, китеп көргөзмөсүн уюштурушту. Предметтер боюнча өз ара консультациялык жардамдарды алдык. Мага айрыкча, Армениядан келген математик Мкртчяндын математика сабагы боюнча китептери кызыктуу болду.

Андан тышкары, кесиптештерим менен шаарга экскурсияга чыгып, тарыхый жайларды кыдырдык. Бул да биз үчүн өзүнчө баалуу жан азык болуп калды.

Иш программанын алкагында №2409 комплекстүү мектепке бардык. Алардын адегенде бала бакча, анан орто билим берүүчү мектеп, андан соң жогорку окуу жайындагы билим берүү программасы комплекстүү, максаттуу жолго коюлганы мага өзгөчө жакты. Мектеп окуучуларына жогорку окуу жайларынын окутуучу-профессорлору келип билим беришет экен. Ошондой эле мектептерде олимпиадалык резервдик даярдыктарга олуттуу көңүл бурулганы да биздин кызыгуубузду жаратты. Бул албетте балдардын ден соолугун чыңдап, спорт менен достоштурат.

Биз барган кезде дагы бир жагымдуу окуяга туш келдик. Кремлдин чоң залында “Жылдын мыкты мугалими” сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, зор салтанат менен белгиленди. 30 жашка чейинки жаш адистер катышкан ал сынактын жеңүүчүлөрүн кадимки Кремлдин чоң залында тосушуп, сый-урмат көрсөтүшкөнүнөн эле алардын билим берүүгө, мугалимдерге мамилеси айкын көрүндү. Куттуктагандардын арасында Мамлекеттик Дума депутаттары да болушту. Россиялык кесиптештерибизге көрүлгөн камкордуктарды, колдоолорду көрүп алар үчүн кубандык.

Съездге барган КМШ өлкөлөрүнүн мугалимдеринин баарын “КМШ Билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси менен сыйлашты. Ал сыйлыгым ак жолтой болуп, өз мекениме келгенде “КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген мугалим” наамын алдым. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кесиптештеримди, жалпы эле элимди жаңы жыл майрамы менен куттуктайм. Баардыгына бакубат, бейпил турмуш каалайм!

Айнагүл Кашыбаева, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии