«МАНАСТЫ» БУРМАЛООДОН САКТАЙБЫЗ

  • 12.07.2013
  • 0

«Байыркы кыргыз рухунун туу чоку­су» деп залкар жазуучу Чыӊгыз Айтма­тов өзү таасын баа берген улуу «Манас» эпосунун өзөктүү мазмунун, идеяларын бурмалаган «жайсаӊчылар» пайда бол­гондугу, бул орчундуу маселе боюнча тегерек сол талкуулар, конференция­лар өткөрүлгөндүгү белгилүү. Мындай опурталдуу тенденцияга кайдигер карап тура албаган окумуштуулардын, коом­дук ишмерлердин, публицисттердин ар кайсы басылмаларга жарыяланган тереӊ мазмундуу макалалары жакында «Улуу «Манас» жана анын бурмалоочу­лары» деген жыйнак болуп чыкты. Аны түзгөндөрдүн бири белгилүү адабиятчы Садык Алахан бизге буларды айтып берди:

— Бул ишке Китеп палатасынын жетек­чиси Койчуман Момункулов менен «Турар» басмасынын деректири Тилек Муратали­ев зор колдоо көрсөтүштү. Ар бир басма табагы өзүнчө, анан жалпы дагы бышык­тап тигилген. Мукабасы катуу, кагазы да сапаттуу. Ал эми мазмуну ЖОЖдордун окутуучулары, мугалимдер, студенттер, жалпы эле окурман журтуна абдан кызык­туу, керектүү илимий, усулдук, фактылык маалыматтарга бай. Ошондуктан кошумча окуу куралы катары пайдаланууга Билим берүү жана илим министрлиги сунуш кы­лат деп ойлойм. Хронологиялык тартипте жайгаштырылган макалалар Кыргыз Ре­спубликасынын «Манас» эпосу жөнүндөгү мыйзамы, анан ушул орчундуу маселе бо­юнча Президентке, Жогорку Кеӊешке жана Өкмөткө интеллигенция өкүлдөрүнүн, оку­муштуулардын эки ирет жасалган расмий кайрылуусунун тексттери менен башталат. Күздө жүзачарын өткөрөбүз.

— Албетте, ушундай сонун китеп­тин басылып чыкканы жакшы окуя. Бирок элге кеӊири жеткирүүүчүн келе­чекте электрондук вариантын да та­ратуу же Интернетке коюу керектир? Мисалы, «Манас» боюнча атайын сайт ачып, эпоско тиешеси бар тексттер­дин баарын жайгаштырса, түркүн су­роолорго адистер жооп берип, тал­куулар жүргүзүлүп турса болбойбу?

— Күзүндө жүзачарын өткөргөндө бул китепти сатыкка коюп, керегине жараша балким кошумча нускасын чыгарып, жый­ынтыгында каржылык комиссия тийиштүү отчет берген соӊ, «Турар» басмасы жана башка сүрөөнчүлөр менен макулдашып, сиз айткандай электрондук вариантын элге жеткирүүгө киришебиз деп ойлойм. Бул абдан жакшы идея. «Манас» эпосун сак­тап жайылтуу максатында иш жүргүзгөн коомдун сайтын ачуу керек.

Ж.ТУРДУБАЕВ.

Поделиться

Комментарии